Залкар урпак

САЯКБАЙ КАРАЛАЕВДИН УУЛ- КЫЗДАРЫ
"Назар" гезити мындан ары ушундай рубрика алдында окурмандарыбызга элибиздин залкар инсандарынын урпактары, уул- кыз, небере-чөбөрөлөрү тууралуу материалдарды жарыялап турмакчы. Алгач биз "20- кылымдын Гомери" деп аталган залкар манасчы Саякбай Каралаевдин уул- кыздары тууралуу айтып берүүнү чечтик.


Биз жыйнаган маалыматтарга караганда залкар манасчы Саякбай Каралаев бугунун арыкмырза уруусуна, сары калпак уругуна кирет. Сары калпак атанын үч уулу болгон экен: Шомпор-Орус-Сарытон. Шомпордон Мойнок-Тилен-Сафай. Тиленден Жекшен Ашуубаев, Сафайдан -Карала-Саякбай. Саякбай Каралаев ак-өлөңдүкпү же мамандыкпы деп талаш болуп келет. Чынында Саякбай Каралаев өзү Ак- Өлөңдө туулгам деп жазат. Бирок ата -бабасы Маман жергесинен болуп, кийин Ак- Суунун Маман айылына көчүп кетишкен экен. Саяктардын жеринде төрөлдү деп атын Саякбай койгон дешет.
Саякбай Каралаевдин урпактары, уул- кыздары азыр барбы деп издештирип жүрүп, анын "кенже сары кызы" Гүлсүн эжеге жолуктук. "Журналист болгум келчү. Бирок атам мени №28 орус мектепке берип коюптур, кыргыздын көп акын- жазуучулары менен кошуна жашаганыбыз менен орусча жазгандарды ал убакта университеттин журналистика бөлүмүнө алышчу эмес. Сыргак, Чубак байкемдер №5 мектепти бүткөн. Сыргак абам журналист болуп "Кыргызстан маданияты" гезитинде иштеп жүрдү" деп айтты.
Саякбай Каралаевдин эки баласы, төрт кызы болгон. Уулдарынын аттарын Сыргак, Чубак деп "Манастын" каармандарынан, кызы Рапикандын чын аты Рабига- Каныкейдин өз атынан коюлган. Сыргак менен Чубак ооруп калгандан кийин калган кыздарынын атын Каликан, Гүлсүн деп катардагы аттардан эле ыйгарган.
"Кенже сарым" деп көкүрөк күчүгү Гүлсүндү бөтөнчө жакшы көргөн. "Ушул кызым доктур болуп, бизди дарылайт" деп медициналык институттан окутуп, дарыгерлик кесипке ээ кылган. Каликан "эл мугалими" деген ардактуу наамга ээ болгон, көпчүлүктүн назарында турган инсан болгон.
Чубактан тукум жок, Сыргактан бир уул, бир кыз бар. Кыздарынан да небере-чөбөрөлөр бар.
Ата- энесин, бир туугандарын эскергенде Гүлсүн эженин көзүнөн жаш куюлуп кетет. "Атадан алтоо болсоң да, ар жалгыздык башта бар" дегендей, Гүлсүн эженин ага- эжелеринен азыр 76 жаштагы эжеси гана калды, калгандарынын көзү өтүп кетти. Агалары болбогондон кийин даңкка жараша жүктү көтөрүп жүрүү да оңой эмес. Үч-төрт жылдай болгонбу, айтылуу инсандарды юбилейлик медаль менен сыйлашыптыр, анын арасында манасчы Саякбай Каралаевге да бар экен. Ал убактагы президенттик администрация кызматкерлерине барса, ал кишинин уул- кыздары калган жок деп медалды сейфке катып коюшканда, анда бир көзүнө жаш тегеренген. Саякбай Каралаевдин эстелиги да 7-8 жылдан кийин Чынгыз Айтматов кийлигишип атып, коюлган. Каражатты көбүнчө Рабига эжесинин үй-бүлөсү чыгарган.
Азыр Бишкек шаарындагы Набережная көчөсү Саякбай Каралаевдин ысымын алып жүрөт. Аны кызы Гүлсүн чуркап жүрүп койдурган. Ал көчө мурункусундай эле Набережная деп жазылган боюнча турат. Атын өздөрү өзгөртүп жазыш керек беле деп Гүлсүн эже билбей турат. Залкар манасчыга мамиле ушундай болсо, башкаларга кандай болот?
Саякбай Каралаевдин уулдары Чубак менен Сыргак тууралуу көпчүлүк учурда сөз болбойт. "Атага тең уул, атадан артык уул" болуу ар кимдин эле колунан келе бербесе керек. Уулдарынын бири Чубак кандайдыр бир чатакка катышып, кесилип кеткен экен. Аны камактан алып калуу Болот Мамбетовдун да колунан келген эмес окшойт. Кылмышы жеңил эмес болгон көрүнөт.
Манасчынын портретин бир жыл бою тарткан Сүймөнкул Чокморовду Саякбай Каралаев бөтөнчө жакшы көргөн. Байдылда Сарногоев да "мени эле бала кылып алыңызчы, сары акын Каралаев болуп алайын деп" тамашага чалып көп айтчу экен. Саякбай Каралаев балдарына катуу сүйлөбөгөн киши болуптур. Айылдан туугандары келгенде гана уулдарынын тентеги болсо, "тыйып койгулачы" деп алардан өтүнчү деп калышат. Үйүнүн жанында жайгашкан жетимдер үйүндөгү балдарды да көп аячу экен.
"Залкар манасчынын урпактарынан да манасчы чыга тургандары барбы?" деп сурасак, Гүлсүн эже абаларыман манасчылар чыкпады. Манасчылык өнөр укумдан- тукумга берилбейт окшойт" дегендей ойдо экен. Бир гана- залкар манасчынын чөбөрөсү Болотбекте "чымындар" бар экени, баскан- турганы, мүнөзү чоң атасыныкына окшош экени байкалат.
Бирок Гүлсүн эже билбеген дагы бир факты бар. Түздөн- түз уулдарынан манасчы чыкпаганы менен, азыркы жаш манасчылардын көч башында турган Таланталы Бакчиев Саякбай Каралаевдин аталаш урпактарынан болот. Ак-Өлөңдө да аталаш туугандары болсо керек, мектептин алдына залкар манасчынын эстелигин коюу демилгесин көтөрүп жүрөт.
Саякбай Каралаев кадимкидей эле көп кабаттуу квартирада жашап өткөн экен. Муктар Ауэзов аны жакшы шарт менен Казакстанга кетүүгө чакырган, бирок ал макул болгон эмес. Өз элинде, өз жеринде калууну артык көргөн. Өкмөт залкар манасчыга Балыкчыдан көп кабаттуу квартира бөлүп берген. Бирок ага жашаган эмес, уулу Сыргак жашаган. Мамандыктар Саякбай Каралаевге "үй салып беребиз, келип айылга жаша" дегенде, убагында манасчы келген эмес, кийин акыркы сапарга узатууда айрымдар катуу ызаланып, бизге келбеди деп тажияга келбей коюшкан. Саякбай Каралаевдин шаардагы квартирасында азыр Сыргактын уулу, небереси жашайт.

Айгүл БАКЕЕВА




БИР МАКАЛДЫН ФИЛОСОФИЯСЫ
"Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт"
Бир Айдаганым - "Мерседес"…деп эстрада ырчылары өтө берилип, шарактап ырдашканын укканда: "Оп, бали!" деп кол чаап, кошулуп бийлеп калабыз. Эми, жакшы сөзгө сүйүнүп, кол чапканыбыз жакшы дечи, а бирок… Ошол эле Ош жолунда канчалаган көңүл иренжитерлик, жүрөк оорурлук көрүнүштөр болуп жатканын эмне, көрбөй-билбей жүрүптүрбүзбү?!
"Ош-Бишкек жолунун Бекечал - Күрп-Сай участокторунда тили буруу бульдозерист ак мээлей кийип алып эки кыргызды бульдозерине май куйдуруп, айнектерин аарчытып иштетип жатканын көрүп, чынын айтсам, ардандым, ыза болуп ыйлагым келди" деп жазат журналист Жолдошбек Алиев.
Кесиптешибиздин жаны ачыган нерсе бир эле жолу эмес - күн сайын, ай сайын, керек болсо эчен жылдап болуп келе жаткан көрүнүш да. Бишкек- Ош жолунда бир эле жумушту бирге аткарган кыргыз жана түрк жигиттеринин айлык маяналары ар башка экендиктерин уктуңуз беле? Кыргыз жигиттеринин акылары башкалардан 3-4 эсеге аз бааланат! А эмне үчүн?
Өз жеринде өзгөлөрдү өнчөлөп жүрүп канчалаган өмүрлөр өтүп кетти. Аларданкийинки биз деле ошентип отурабыз. "Орусту түшүңдө көрсөң - ишиң оңолот" деп тим эле көзгө сүртүүгө дары кылып ыйык-пир тутуп келгенибиз жалганбы?Болуптур, тоталитардык заманда 70 жыл Компартиянын жетегинде кызыл желек көтөрүп жүрдүк дейли. Анан, бөлөк элдин бөтөгөсү бөлүнөт экен, өз чамгарагыбыз көтөрүлгөнүнө деле оголе көп жылдар өтүп, жакында эле өлө майрамдадык го. Ага деле болбойбуз, келген конокту төргө өткөрүп, а өзүбүз кол куушуруп босогодо турганыбыз - турган. Башка улуттагылардын бирөөсү кыргызча: "Ассалом алейкум" же "рахмат" деп койса эле төбөбүз көккө жете сүйүнүп: "тигил кыргызча сүйлөбөдүбү эй!" деп алакан чаап күлүп жиберебиз. А бирок, ошол биз кучак жая тоскон коногубуз биздин элибизге, жерибизге, тилибизге кыргыздай күйө алабы, ошону ойлобойбуз.
Ошол эле Совет доорунда Ташкенге каттагандар:"Дүкөндөргө кирип орусча бир нерсе сурасаң жооп бербейт, андан көрө кыргызча айтсаң оңдуу жооп аласың"дешчү. Демек, ар бир элдин өзүнөн болот окшобойбу, кимдер менен кандай мамилелешип, кандай алакада болушу. Мына ошого жараша элдин даражасы, орду белгиленет тура.
"Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт" деген макалдын философиясы дал ушундай жерде ачылат. Мына сага, боорго тартсаң - кучакташып туруп эле акырын бөйрөгүңө ныкып өзөртө койгон боордоштор! Болбосо, элден - эл, адамдан - адам кемби? Керек болсо, кыргызымдын тарыхы тээ кылымдардын түпкүрүнө кеткен улуу журттан. Ушу азыр эле же улуту жок, же уңгусу жок Америка сыяктууларга "Улуу держава" деп баш урунуп өзүбүздөн өзүбүз телинип эле жатабыз. Же алар Бизди теңсинсечи..
"Экономикабыз артта, итке минген кедейбиз" дегенибиз менен, биз эч качан улуу журтун урпагы экенибизди унутпасак. Болгону, жетим козудай ар кимге телине бербей, өз рухубузду, духубузду сактап, кыргыздын кылымдап жашап келген улуу философиясына таянсак…

Нурбүбү БӨДӨШОВА