Мурик эмес, Муратсың сен

БӨКӨНБАЕВ - "БАКАНБАЙ", ТОКТОГУЛУҢ - "ТАКТАГУЛБУ", КЫРГЫЗЫМ
Эгемендүү Кыргыз Республикасы 23-сентябрь күнү өзүнүн "мамлекеттик" тилинин кабыл алынгандыгынын жыйырма жылдыгын белгилөө алдында турат. Белгилейт дегенибизде тим эле өлкөбүздүн булуң-бурчунда шаан-шөөкөт менен тосот дегенибизде экенин карапайым калк жакшы билет чыгар. Себеби башынан эки он жылдыкты өткөрүп жаткан эне тилибиз буга чейин кыйраткан күндү деле көрө элек.


Биринчи президентибиз Аскар Акаевдин доорунда мамлекетти кыргыз тили менен иши жок бала-чакасы, тууган-туушкандары башкарып, элдин тагдырын казак туугандарыбыздын колдоруна салып берди. Казак дегеним Акаевдердин династиясынын соңку доорунда өлкөдөгү бардык кирешелүү тармактарды эрке күйөө баласы Адиль Тойгонбаев жана анын шериктери колго алып албадыбы. Ал эми казагыңан кыргыз тилине күйүп-бышкан неме чыгат беле. Иши кылып Акаевдин заманы бир гана мамлекеттин экономикасын тизелетпестен, кыргыз улутунун, аны менен бирге эне тилибизди карандай жерге тизелетип кетпедиби. Мына ошол кездерде эле мамлекет өзүнүн тилин сактап, аны андан ары өркүндөтүп кеткенге бир муштумдай жардамын көрсөткөн жок. Анын ордуна өлкөбүздө кыргыздардан "киргиздер" жарала баштаган заман баш бакты. Бөкөнбаев, Токтогул, Орозбеков көчөлөрүн Баканбаева, Тактагулка, Орозбечка деген муундардын мутациялоо процесстери астанабызды каккылап кирип келди. Албетте, мунун бардыгы ошол кездердеги мамлекеттин тилге болгон шалакылык мамилесинен келип чыккандыгын эч ким талаша албайт. "Кыргыз тилим" деп күйгөн бир жан, интеллигенциянын арасынан чыкпады. Анын ордуна орус тилине расмий статус беришип, анысы деле араң жан кыргыз тилин акырына "добивай" кылган мыйзамды кабыл алышты. Анткени, бийликтин ана башында улуту чыныгы кыргыз, патриот, жүрөгү мекеним деп соккон бир баатыр көрүнбөдү...
2005-жылдагы белгилүү окуялардан кийин андай баатыр, болгондо да аты жөн эмес "Курманбек баатыр" горизонтто пайда болду. Элибиз мына "накта баатыр, чыныгы улутка, өлкөнүн келечегине күйүп-бышкан, баатыр келди" деди. Бирок, тилекке каршы, ал үмүттүн алыска узабай тургандыгынан эч ким шек албады. Бакиевдин башкаруу убактысында негедир өлкөдө улут аралык келишпестиктер мурункудан катуу күч алды. "Быссымылда" дегенде эле Чүйдүн Искра айылында дунгандар менен кыргыздар тил табыша албай чоң жаңжаал пайда кылышты. Ал окуя басаңдагандан кийин кайсыл бир аскер бөлүкчөдө эки кыргыз жоокер дунган улутундагы адамдарга сатылып, чарбачылыгында кул болуп жүргөндүгү тууралуу коомчулукка маалым болду. Ошондон уламбы айтор, кийин Бакиевдин улутун "дунган экен" деп да жүрүштү. Чындыгында, карапайым элди да түшүнсө болот. Себеби, өз өлкөңдө эле башыңды жерге сунуп, бөтөндөрдүн көзүн карап жүрө берген туура ишпи? "Улут болсоң-тилиң менен улутсуң" деген сөз бекеринен айтылган эместир. Эгерде биз өзүбүз өз мекенибизде титулдук улут болуп, башка улуттун тилдерин каныбызга сиңдирип алсак, бөтөн тилде бири-бирибиз менен баарлашып, катташсак анда биз кандай улутпуз. Мамлекет эмнеге кыргыз тилин башка улуттардын арасына жайылтуудан чоочуркайт, эмнеге мамлекеттик тил башка улуттардын тилинин көлөкөсүндө калат дейсиң. Бул суроого жооп издөө кыйынчылыкты туудурбайт. Анткени, бизде кыргыз тилине күйгөн адам жок, жагалданманын артынан маңкуртчулукка, кулчулукка кетип баратканыбызды эч ким моюнга алгысы келбейт. Алгысы келсе да "ситуация не позволяет". Себеби, антпесе, өлкөгө келген инвестициялар ордуна туруп калат. Инвестиция менен болсо бийлик жан багат. Мына жакында Кытайдан автобустар келгенин билебиз. Жагалданманын аркасына учкашып атып, автобустардын оң капталына түшүрүлгөн кытай иероглифтери өчүрүлбөй жүрөт, анысы аз келгенсип сол капталында Кытайдын кайсыл бир провинциясында жашап жүргөнсүп, Кытайдын туусу илинип жүрөт. Бул эмне деген шумдук? Россия, Казакстан, АКШ ж.б өлкөлөргө жагалданганыбыз бүтүп эми кытайга жагалданганыбыз калдыбы. Өлкөгө келген чет-элдик туристтерден уялып бүттүк! Ал эми шаардын көчөлөрүндө иретсиз жарнамалык илинмелерде орустардын жарнамаларын көрүп алып, өзүңдү Россиянын Екатеринбургунда жүргөндөй сезесиң. Жанына кыйраткансып кыргызча котормолорун берип коюшат экен. Айылдан келген, нукура кыргыз аксакалдарыбыз, байбичелерибиз окуп алып, төбө чачтары тик турушкан убакыттар кездешет. Эптеп-которсо да мейли экен. Кээ биринде котрмосу жок эле орусча жазып коюп жатышпайбы. Андай жагдайларга эмне үчүн президенттин алдындагы тил комиссиясы көңүл буруп, чара көрбөйт. Негизинен бул комиссия эмнеге түзүлгөнүн да билбейсиң. Эптеп эле "тилибиз" деп коюп, бир иш чараны уюштура коюшуп, аягына чыкпай жетекчиси качып тым болот. Жакында тилге байланышкан журналисттер арасында семинар болгону эске түштү. Чынын айтсам бул комиссиянын иштей турган иши көп. Тилге байланышкан канча деген теңсиздиктер тиричилик турмушунда орун алууда. Ага көңүл кош карашууда. Анткени, үстүнөн "иште" деген адам жок. Парламентибиздин кейпи тиги болсо, премьерибиз кыргызчага келгенде "дудуктун" ролун ойносо, президентибиз айылдагы жыйналыштан сырткары жыйналыштарда орус тилинин майын чыгарса, кайсыл тилибиз өнүкмөк эле?
Мына биздин жакынкы эле кошуна колоңдорубуздагы эне-тилдеринин абалдарын көрүп отуруп бир ичиң ачышат, бирде суктанасың. Алар башка, бөтөн тилде сүйлөгөндөн тартынышат. Анткени, улутка, тилге болгон мамиле ушунчалык жогорку деңгээлге коюлган. Ар-намысты бийик тутунгандыктары суктантат, ичти ачыштырат. Жанагы бизге келген автобустарда "кытай элинен кыргыз элине белек" деген жазуу менен бирге кытай туусун эстеп алып бир капаланып, бир суроо туулат. Өткөн жылдары Кыргыздын Каркырасы менен төрт пансионат казак тарапка белекке берилгенден кийин казактар "кыргыз элинен казак элине берген белеги" деп Каркыранын боюна жазылды бекен? деп. Албетте, бул казактардын түшүнө кирбеген жорук, мындай жоруктар биздин өлкөдө гана мүмкүн. Ошол себептен өз тилибизди сүймөйүнчө, өз улутубузду өзүбүз көтөрмөйүнчө эч кимди жыргатпайбыз дагы, өзүбүз да жыргалчылык көрбөйбүз. Тилибизди сүйүү, улуткөй болуубуз бул уят эмес, бул намыс!

Данияр ӨСӨРОВ