Ата Мекен коркунучта!

"ЖЕРҮЙДҮ" НАЗАРБАЕВ САТКАНБЫ?
(Уландысы. Башы өткөн санда)

"ЖЕРҮЙ" жана "МАТРЕШКА"

"Жерүй" кенин иштеткен австриялык компаниянын негизги өнөктөшү болуп казактардын "Visor Holding" деген компаниясы эсептелет. Казактар кайдан пайда боло калды? Эми ушул жерден бир аз артка кылчаялы, окурман. 2004-жылдын орто ченинен баштап биздин коңшу өлкөлөрдүн күч түзүмдөрүн тейлеген олуттуу чөйрөдө А.Акаевдин бийликте көпкө олтурбастыгы жөнүндө белгилүү боло баштайт. Бекеринен А.Акаевдин кызы Бермет Акаева ошол мезгилди сүрөттөгөндө, "тегерегибизде боштук пайда болгондой сезим жаралды" деп айтпаган чыгаар. Айтор, маселе бир гана нерсеге келип такалат: ким бийликти колуна алат? Мына ушул жерден казактардын акча ээлери абдан чоң оюнду башташат. Бул оюндун күңгөй- тескейи жөнүндө кийин жазарбыз, азыр негизги гана нерсени айта кетели: революционерлерге казактардан олуттуу акча түшөт. Натыйжасы белгилүү. Кыргыздын жаңы бийлиги казак "боордоштор" алдында карыз болуп калат. Бирок казынада акча жок. Эки тарап тең кен байлыктарды гана олуттуу баа катары караганга аргасыз болот. Бул маселени тез арада чечүү зарыл эле. Ошондо олуттуу чөйрө "канчалык чуу болсо ошончолук жакшы" деген принципти карманат да саясий оюнду баштайт. Буга Өмүрбек Текебаев (өзү үчүн күтүүсүз жерден) тартылат. Атактуу "матрешка" чуусу чыгат. Бул чууда бекеринен казактардын күч түзүмдөрүнүн кулагы көрүнгөн жок. Мындан казактар менен биздин бийлик эмнени утмак? Биринчиден, бул жөн гана саясий чуу. Элдин көңүлүн алагды кылуунун кадамы. Экинчиден, парламенттин ишин башка багытка буруу, үчүнчүдөн, тиешелүү парламенттик комитет саясий чуу аяктаганча, "Жерүй" жана башка кендер боюнча негизги документти караганга жетишмек. Бирок андай болбой калды. Оюнга "Оксус Голд" аралашты. Бул компания өзүнүн адамдары аркылуу парламенттик аралаш-тартыштын убагында "Глобал Голд" жана Б.Березовскийдин Кыргызстанга келип кеткен сапары жөнүндө маалыматты эч кандай регламентке киргизбей туруп таратып жибергенге үлгүрдү. Маселе абдан курчуп чыкты. Буга каршы жооп кылып өзүн "кара пиардын" чебери эсептеген, убагында Ходорковский, Гусинский деген миллиардерлер каржылаган гезиттерди жетектеген Антон Носик аттуу адам "Оксус Голдду" шылуун компания деп каралап, мунун башында Миттал Лакшми деген миллиардер адам турат деп өз сайтында жарыялап жиберет. Антон Носик Б.Березовскийдин жакын кишилеринин бири болуп эсептелет. Ал Trans Germany LC деген компаниянын түзүүчүсү. Эми мына ушул Trans Germany LC аттуу компаниядан "Кыргызалтын" "Оксус Голд" ишин токтотконго байланыштуу акчасын албай калган таластык жумушчулардын айлыгын төлөп берүү үчүн кредит алган. Мындай күрөштүн жыйынтыгында казактар артында Б.Березовский турган күчтөр менен биригип, "Жерүйдү" сатып алганга олуттуу салым кошушту. "Оксус Голд" жеңилип калды. Бирок анын кенди иштетүү үчүн короткон 56 млн доллар акчасын казактык акча мыкчегерлери Асаубаевдердин үй-бүлөсү башкарган "Казахалтын" 80 млн доллар өлчөмүндө төлөп бермей болот. Жыйынтыгы эмне болуп аяктаганы белгисиз. Бул алардын өз иши дечи. Эми негиздүү суроо туулат. Эмне үчүн казактар Б.Березовскийге кыргыздын "Жерүй" кенин алып бергенге абдан умтулушту?

НАЗАРБАЕВ КИМГЕ КАРЫЗ?

Бул суроонун түбү тээ 90-жылдардын аягына барып такалат. Ошол кезде Н.Назарбаевдин үй-бүлөсү Б.Березовский менен бизнестик мамиле түзгөнгө жетишет. Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева Б.Березовский менен бирдикте казак рекламаларын ОРТ-1 каналына жайгаштыруу боюнча ишкана уюштурган. Бул ишкананын таза кирешеси адистердин болжолдуу эсептөөсү боюнча жылына 30 млн долларды түзгөн. Ошол эле учурда Б.Березовский Назарбаевдин президенттик шайлоосун акча жагынан камсыздаган. Ал тургай, өзүнө баш ийген маалымат каражаттарында Назарбаев жөнүндө оң жактуу гана маалыматтарды бердирип, казак президентинин кадыр-баркын көтөргөнгө үлкөн салым кошкон. Ошол эле тушта Назарбаевдин атаандашы, экс-премьер Кожагелдинди каралаган өнөктүктү жүргүзгөн. Ал тургай, Назарбаевдин имиджмейкери (кыргызча айтканда, кадыр-баркын көтөрүү үчүн иштеген кишиси) Б.Березовскийдин басма сөз катчысы Владимир Руга деген адам болгон. Мындан тышкары Б.Березовский Назарбаевге өтө жакын Тимур Кулибаев менен бирдикте түндүк Каспийден өндүрүлгөн нефтини сатуунун альтернативдүү жолдорун иштеп чыккан. Тимур Кулибаев ири нефти олигархы, бир кезде "Казтрансойл" компаниясынын башчысы болгон.
Бирок акыры Березовский менен Назарбаевдин ортосунда чатак чыгат. Маселе Дарига Назарбаеванын жолдошу Рахат Алиевден башталат. Ал "ОРТ-Казахстан" долбоорундагы кирешелерди бөлүштүрүүдө Березовскийге таандык акча үлүшүн бербей коет. Анысы аз келгенсип, Казакстандагы коммуникациялык долбоорлорду иштетүүдө Березовскийди акча айдыңынан сүрүп чыгарып салат. Катуу чыр "Алтел" компаниясы боюнча жүрөт. Айтор, Б.Березовский менен болгон чыр-чатактан кийин Назарбаев Березовскийге карыз болду деп эсептелинет, бирок карыздын өлчөмү аныкталбаган бойдон калат. Эмнеге Назарбаев Березовскийден кутулууга шашылды? Себеби, ошол учурларда Березовский башында турган ири акча ээлерине каршы топтор бийликке Путинди алып келгенге үлгүрүшөт. Демек, Березовский мурдагыдай олуттуу маселелерди чече албай калат. Муну Назарбаевдин үй- бүлөсү илгиртпей түшүнөт. Калганы техниканын иши эмеспи. Ал эми Березовский Назарбаевге каршы жүрүш кылат. Америкалык бизнесмен Биндерманн Назарбаевдин чет элдеги акча эсептерин жаптырам деп жарыялайт. Көрсө, казак өкмөтү бул кишиге 15 млн доллар карыз экен. Назарбаев АКШга сапар жасап, бул маселени чечкенге жетишет. Бирок Березовскийдин карызы чечилбеген маселе бойдон кала берет. Березовскийдин дагы бир кишиси Фабьен Боссар Парижде Назарбаевдин оппозиционерлерин чогултуп, жолугушуу уюштуруп берет. Мына ушундай өз ара талаш- тартыштын артында олуттуу суммадагы карыз акчанын тагдыры турат.

НАЗАРБАЕВДИН "КЫРГЫЗ ЖҮРҮШҮ" ЖАНА "ТАЛДЫ-БУЛАК СОЛ ЖЭЭКТИН" "ЖЕРҮЙ" МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ТАГДЫРЫ

Акыры 2005-жылы Кыргызстанда бийлик алмашып, кыргыз мамлекетинин саясий системасы туруктуу абалга келбей турганда, Назарбаев Березовскийге болгон карызын тындырганга аракет кылат. Эмнеге Назарбаев менен Березовский кайрадан жакындаша баштаган? Себеби, Казакстандын акча мыкчегерлеринин кызыкчылыктары Россияга же КМШга байланбай, Европалык ири банктарга байланып калат. Европалыктар казактарга карыз акча бере башташат. Бул акчалардын агымын бир тартипке келтирүү үчүн Березовскийге окшогон байланышы күчтүү адамдар аба менен суудай керек эле. Бул жерде абдан бир олуттуу нерсе бар эле: Березовскийге каршы турган казактардын ички күчтөрүн жеңип чыгуу зарыл болчу. Албетте, мындай каршы күчтөрдүн ана башчысы Рахат Алиев (Дарига Назарбаеванын жолдошу) кийинчерээк Европага качканга аргасыз болду. Бир сөз менен айтканда, казактардын саясий айдыңындагы жаңы күчтөр Березовскийге болгон Назарбаевдин карызын тындыруу үчүн коңшу кыргыздарды пайдаланууга жетишет. Кыргыздын "Жерүй" кени жаңы кыргыз бийлигинин казак акча ээлерине болгон карызынын ордуна чегерилет, ал эми казак акча ээлери болсо ал кенди Березовскийге Назарбаевдин карызын тындырып, өткөрүп беришет. Бүттү, кыргыз жерин казактар сатып тынышат. Кыргыз бийлигинин "Жерүйдү" чуу кылып, чаң- тополоң менен саткан ишинин артында мына ушундай олуттуу окуялар жатат, окурман.
Биз болгону окуянын нугун гана жөнөкөй сөз менен жаздык. Ички чырмалышкан түйүндөрдү атайылап жазбадык.
Казактардын колуна "Жерүй" гана кеткенби? Жок. "Талды-Булак сол жээк" алтын кени да казак акча мыкчегерлерине берилген. Казактар "Кыргызалтын" менен биргелешип "Алтынкен" аттуу жоопкерчилиги чектелген коомду түзүшкөн. Баарынан кызыгы, ушул -"Алтынкен" коому 2006-жылдын 5-апрелинде түзүлө калып эле, андан көп өтпөй "Талды-Булак сол жээк" алтын кенине ээ болуп калганы абдан таң калыштуу. Дагы бир ойго сала турган нерсе, "Жерүй" компаниясында да, "Алтынкен" компаниясында да "Кыргызалтын" (демек, биздин мамлекет) болгону 40 процент үлүшкө гана ээ. Бул эмне, кокустукпу? Олуттуу иштерде кокустук болбойт дечи. Демек, казактар кыргыздын бир ири кенин бөтөн жактарга сатып, ал эми экинчи ири кендин ээси болуп алышты. Кендин гана ээси болуштубу? Дагы бир абдан ойго сала турган нерсе: "Алтынкен" коому кыргыздын сууларын куюп сатканды да өздөрүнө өткөрүп алган. 2121-ВЕ лицензиясы аркылуу алар Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак участогундагы № 922 таза суу чыгуучу скважинаны ээлеп алган, бул скважинадан суткасына 1640 м3 таза суу чыгат, буга кошумча ушул эле коом 2259-ВЕ лицензиясы аркылуу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чымбулак участогунун № 1 булагын ээлеп алган, бул булактан суткасына 80 м3 таза суу чыгат. Абдан кирешелүү бул жааттагы лицензияларда "Алтынкендин" директору М.Э.Шабанбаев деп жүрөт дагы, ал эми алтын иштетүүгө берилген лицензияда "Алтынкендин" директору Е.А.Муканов деп жүрөт. Мындай баш аламандыкта кимди күнөөлүү деп кармайбыз? Белгисиз. Бул эки кендин чуусу ушуну менен бүттүбү? Жок. Дагы ызы-чуу баштала турган болуп калды. Себеби 2009-жылдын 2-майында И.Чудинов "Жерүй" жана "Талды-Булак сол жээк" алтын кендерин иштеткен компанияларга ишти тездетүүнү талап кылып эскертүү берип, "антпесеңер лицензияңарды алабыз" деп коркутумуш этти. И.Чудинов кыргыздын кызыкчылыгын көздөп олтурат дейсизби, ал орус мыкчегерлеринин сөзүн айтып олтурат, билген кишиге "бул кендерди орус акча ээлери алышы керек" дегенди билдирет. Себеби, азыркы учурда орус жана кытай акча ээлери биздин өлкөдө орчундуу багытта иштеп жатышат. Эми бул узак сөз. Ага кийин кайрылалы.
Бир сөз менен айтканда, бүгүнкү күндө кыргыздын багы ачылбаган кендери саясий оюндардын, шылуундуктун курмандыгы болууда. Бул эмнени билдирет? Бул кыргыз өз мамлекетинде бийликке ээ эмес экендигин, бийлиги маңкурт болгон элдин сыймыгы учуп, көрүнгөндүн жеми болоорун билдирет. Ызалыктан маңкурт бийликти ашата сөгүп, ички сезимиңди жазып, бугуңду чыгарып алайын дейсиң, бирок басма сөз мыйзамы андайга жол бербейт эмеспи.

Кален СУБАНОВ,
публицист