aӨзгөчө окуя

ЭНЕЛЕР ЭМНЕДЕН КАЙТЫШ БОЛДУ?
Ушул жылдын акыркы бир жарым айында Бишкек шаарындагы бир ооруканада төрөттөн төрт эне каза болгон кайгылуу окуя катталды.


Каза болгон Салтанаттын жолдошу Ишенбек:
"ВРАЧТАРДАН ШЕКТЕНИП АТАМ"
- Салтанаттын төрөй турган мөөнөтү 17-август болучу. Ооруканага такыр баргысы келбей турду, ошол күнү барууга араң ынандырганбыз. Катталган дарек боюнча №1 төрөтканага карачу, ал убакта ал оорукана ремонтко жабылып, №4 ооруканага ( Перинаталдык борбор-авт.) жолдомо жазып беришти. Свердлов районундагы, "Дордой" тараптагы поликлиникада учетто болучу, медициналык картасын алып, ал төрөтканага жиберилген. Эч жери деле ооруганын айтчу эмес, врачтардын да антип айтканын уккан эмесмин.
Ал күнү кечинде бир медсестранын чөнтөк телефону аркылуу телефон чалып калды. Анан мен бардым. Доктурлар эч кандай дары деле жазганын айткан жок, болгону тамак- аш алып барып бердим. "Памперс алып кел" деп кагаз жазып берген. Жаткан жеринде "реанимация" деген жазуу бар экен. Абалын сурасам "эч жерим ооруган жок" деди. Төрөтү оорураактар ошол жерде жатат дешти. Реанимация десе, мен абдан катуу ооругандар жатат го деп ойлопмун. Оорунун шегин билсем, мен врачтарга кайрылып абалын сурамакмын да. "Бирдеме керек болсо чалаарсың" деп кеткем. Эртеси жумуштан кийин барайын деп тургам. Кечки саат бештерде иним менен бажам келип, "Салтанат оор экен" деп ооруканага алып барышты. Барганда кабар угузушту.
Мен врач болбогондон кийин кандай болгонун билбейм. Врач сооротуучу, успокоительный дары сайганбыз, жүрөгүнөн кармап эле кетип калды дейт. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын берише элек. Ал чыккандан кийин жана иликтөөдөн кийин толук белгилүү болоор. Азыр мен врачтардан эле шектенип атам, анткени 36 жаштагы, экинчи төрөттөгү, мурда эч оорусу байкалбаган келин төрөгөнгө чейин эле бир заматта көз жумуп кетеби? Салтанат базарда, суук жерде иштечү эмес, үйдө эле олтурчу. Бизге каза болгондон 9 сааттан кийин кабарлашыптыр. Эмнеге анчалык кеч кабарлашты? Бизге айтпай туруп, вскрытие кылышыптыр. Эмнеге андай кылышат? Ушул сыяктуу көп суроолорубуз жоопсуз калууда. Уулум экөөбүз ушунтип жетимсиреп олтуруп калдык.

Перинаталдык борбордун башкы врачы Эсен ИСАКОВ:
"ОКУЯНЫ КӨБҮРТҮП ЖАТКАНДАР БОЛУУДА"
- Эгер бизден кемчилик, катачылык кетсе, проблема чечилбесе, биз аларды моюнга алабыз. Сиздердин гезит аркылуу кайтыш болгондордун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ар бир пациент үчүн адам катары жүрөгүбүз сыздайт, алардын бири врач, ооруканада узакка, үч ай жаткан, адам катары да бизге жакын болуп калган эле. Бул окуялар терең талданып иликтөөгө алынаар.
Ал пациенттердин карталарын көрсөтүп, дарттары тууралуу айта албайм. Иликтөөнүн жыйынтыгынан кийин угаарсыздар. Бир гана айтаарым- калыстык үчүн айта кетейин. Перинаталдык борбор деп аталган бул оорукананын өзгөчөлүгү- бизге патологиясы, олуттуу дарты бар аялдар кайрылат, төрөткө чейин жана төрөттөн кийинки оорулууларды кабыл алабыз. Кайтыш болгондордун арасында врачтар саламаттыгына байланыштуу төрөткө уруксат бербеген учурлар, эң оор дартка кабылгандар бар. Ушул сыяктуу окуянын биринде да пациенттердин дартынын таржымалы тууралуу айтылабы? Айтылбайт. Бүгүнкү энелердин ден соолугу ойдогудай эмес. Бизге кайрылган аялдардын 75 пайызынын дарты бар. Аялдар бүгүн суук базарларда олтурат, оор жүктөрдү артынып жүрөт. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүнө караганда саламаттык сактоо тармагынын калктын саламаттыгына тийгизген таасири- 10-15 пайыздан ашпайт. Калктын саламаттыгына негизинен социалдык- экономикалык, экологиялык себептер да таасирин тийгизүүдө.
Биздин оорукана медициналык ири мекемелердин бири, мындай борбор Ошто, анан Бишкекте гана бар. Жылына бизде 20 миңдей пациент, 8000 төрөт кабыл алынат. Ушул жылдын 8 айында эле 6000 төрөт кабыл алынды. 2006-жылы бул оорукана 4900 төрөт, 11-12 миң пациент кабыл алган болучу.
Кайгылуу окуя болгон ушул жылдын июль- август айлары бизге оор айлардан болду, Бишкек шаарындагы көпчүлүк төрөтканалар ремонтко жабылып, бизде пациенттердин агымы өзгөчө көп келди. Эки айда эле 1830 төрөт кабыл алдык. Борбордогу бир ооруканадагы бул көрсөткүч бүтүндөй бир областтык төрөтканалар тейлеген көрсөткүчкө барабар келет. Биз бардык региондордон келген пациенттерди алардын жашаган жериндеги штампына карабастан кабыл ала беребиз. Областтык ооруканалардан да кесиптештерибиз жөнөткөн оорулууларды кабыл алабыз. Иштин көлөмүнө да карап салыштырсак болоор эле. Айрымдар биздеги көрсөткүчтөрдү көбүртүп көрсөтүп, жар салып жатышат, ал эми ошол эле кезде бизден аз пациенттерди тейлеген шаардагы башка ооруканалардагы андан жогорку көрсөткүчтөр көмүскөдө калууда.
Бизде кадрлардын чоң потенциалы бар. Кийинки адис жаштардын билим алуусу мурдагыга караганда солгундап кеткени байкалат. Алыскы чет өлкөлөргө болбосо да россиялык клиникаларга тажрыйба алмашууга жиберүү зарыл. Кадрларды даярдоого, кайра даярдоого көңүл буруу керек. Биздеги 120 врачтын экөө Россиядан билимин өркүндөтүп келди, бирок бул чоң жамаатка аздык кылат. Азыркы көрсөткүч боюнча 500 грамм болуп төрөлгөн, ара төрөлгөн балдарды катарга кошуш керек. 500 грамм төрөлгөндөр боюнча тажрыйба жок, 800 грамм төрөлгөндөрдү пипетка менен тамак берип багып -өстүрүп жатабыз. 2007-жылы мындай 5 баланы катарга коштук. Ара төрөлгөндөргө эң аяр мамиле керек, эгер цивилизациялуу өлкөлөрдөгү көрсөткүчкө жетиш үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр керек экенин айтсак, ал биз үчүн кол жеткистей болуп көрүнөт. Бирок ушул мүмкүнчүлүк менен ымыркай балдардын өлүмү бизде республикалык көрсөткүчтөн төмөн эмес экенин кошумчалай кетейин
Техникалык жабдуулар бизде салыштырмалуу жакшы жабдылганы менен, жетпегени да арбын. Алсак, 18 реанимациялык орунга жасалма вентиляция боюнча 4 гана аппарат бар. Ошентсе да биздин техникалык жабдуубуз башка ооруканаларга караганда алда канча дурус.
Бүгүнкү күнү аз айлык акы менен чоң иштерди жасаган врачтар караланган жагынан гана эмес, биздин борбордон бактылуу болгон жылына 8 миңдеген эненин кубанычтары да көмүскөдө калбаса деп айтаар элем.
Окуянын негизги себептери иликтөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болоор.
Айгүл БАКЕЕВА




Турмушуң - эшек араба,
Туулдуң - калдың балээге?
АЛГАН ЖАРЫМА КАТ

Жакында эле үйлөндүм, мен 31 жашта биринчи жолу үй- бүлө курушум. "Жашоо өзүнөн - өзү эле кете берет" деп ойлочумун, көрсө жашоо такыр башкача болот экен. "Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?" дегенди эми түшүнө баштадым. Сүйүшүп жүргөндө өбүшүү менен кучакташуудан башка эч нерсе болбойт турбайбы, балээнин баары жашай баштаганда чыгат экен.
Келинчегим түштүктүн кызы. Сүйлөшүп жүргөндө акылдуу, түшүнүктүү, ыймандуу, тарбиялуудай эле көрүнгөн, бирок жашай келгенде такыр башкача болуп жатат. Мен келинчегим менен талаша берип чарчай турган болдум, ошондуктан ичимдеги бурганакты коомчулукка коеюн деп чечтим. Ушул катты гезит аркылуу келинчегиме жолдоп жатам. Келинчегимди канчалык жакшы көргөнүм менен, айлам жок, биздин мамилени көпчүлүктүн ортосуна салдым, себеби баары бир акыры бир күнү бул түйүн чечилиши керек да. Мүмкүн тажрыйбалуу энелер, аталар өздөрүнүн туура ойлорун айтышаар, мүмкүн келинчегим түшүнөөр. Меникиндей көйгөйлөр турмушта чекесинен эле чыгат, ошондуктан бул кат бардык жаңы үйлөнгөн жубайларга пайдалуу болот го деп ойлойм. Мен гезит окурмандарды бизге сот болуп берүүгө чакырам, менин көйгөйүмдү чечип бериңиздерчи! Мен үй- бүлөмдүн урашын каалабайм.
Сүйгөнүм! Көп жылдар бою эч кимди жактырбай жүрүп, көптөрдүн арасынан сени таап, сени сүйүп, сага үйлөндүм. Кыялымда " экөөбүз биригип, жакшынакай, татынакай үй-бүлө куруп, бактылуу болобуз, биргелешип жакшынакай балдарды тарбиялап, элден кем эмес бактылуу үй- бүлө курабыз"-деп ойлодум. Бирок, сен сүйлөшүп жүргөндөгүдөй акылдуу, түшүнгөн жар болбодуң! Сен өзүңдүн ата-энеңдикинде кылып жүргөн, көнгөн адаттарыңды койбодуң. Сен, жаңы, башка үйгө келгениңди сезбедиң. Сен менин айткандарыма көнбөй, өз билгениң менен жашап жатасың. Сага эмне, "тигиндей бол, мындай жүр" деп жеңелериң тарбия берип, акыл-кеңештерин айткан жок беле? Сен андайларды уккан эмес болсоң керек же уксаң дагы турмушка чыкканда керек болот деп көңүлүңө түйбөптүрсүң, болбосо ар нерсени сага үйрөтө бермек эмесмин. Мен сага көп нерселер жөнүндө эскертүү жасасам, сен таарынып, тырчыйып каласың, бирок күнөө менде эмес, күнөө сени тарбиялагандарда. Сени үй - бүлөлүк жашоого үйрөтүшпөптүр.
Сүйгөнүм, эгер сен мени сыйласаң, мени менен түбөлүктүү жашайм десең, анда мен жана менин карыган ата- энем айткан шартыбызга көнүүгө тийишсиң. Биздин талаптарыбызды кордук катары көрсөң, анда илгеркидей жалгыз жашай бер. Албетте, мен сени менен жашагым келет, бирок мен өзүмдү жана ата - энемди кор кылып, келечекте кыздар - балдарым да туура эмес тарбия алып калбас үчүн, сени менен мындай шарттарда жашай албайм. Эгерде, мен койгон талаптарды туура эмес деп билсең, энеңе барып баарын айтып бер. Эгер энең сеники туура десе, анда энең менен жашай бер, кайтпай эле кой, бирок эгерде энең меникин туура деп тапса жана сен макул болсоң, анда кайра кел да, менин айтканым менен болуп, жөн жаша. Мен сени менен күн сайын урушкандан жадап баратам, күн сайын жүрөгүм сууп баратат. Сен келгенден бери үйдөн тынччылык кетти. Мен ырахаттанып жашайм дедим эле, бирок ырахаттын ордуна түгөнбөгөн чыр-чатак келди. Сага күйөөгө моюн сунуп, аны жана анын ата - энесин сыйлап жашоо керек экенин үйрөтүшпөптүр. Сен эжелериңдин, энеңдин үйрөткөн жосундары менен жашагың келеби? Жок, урматтуум, мен алардын айткандары менен жашабайм, мен өзүмдүн оюм жана энемдин айткандары боюнча жашайм. Мен аялынын тилине кирген эркектерден эмесмин, менин эркектик намысым бар, менин туугандарым бар, мен өз салтым менен болом. Сенин элди ээрчип дүйнө кууп, байлыктын артынан кууп, кооз үй, кооз машине алам дегениңе кошула албайм. Мен көптөр катары жөнөкөй эле турмушта жашайм, элден озуп, заңгыраган эки-үч кабат там салып, кооз, кымбат машине алып, мактаныч үчүн жашабайм. Мен башкалардын эмне дейт экен дегени үчүн жашабайм, алар эмне десе ошол десин, антип айткандай алар мага эки кабат үй салып ал деп акча берген эмес, ошондуктан алар менин жашоом жөнүндө сөз кылууга акылары да жок.
Сен мени "үйүң мындай экен, тигиндей экен" - деп жүрөгүмдү эзе бербе, тагдыр мага ушул үйдү буюрган экен, мунусуна да шүгүр. Эгер мени кедей десең, эмне үчүн миллионерге тийип албадың? Же мен сенин жолуңду тосуп келдимби? Мен башкалардан кем эмес эле эркекмин, менден кедейирээк жашагандарды көрбөйсүңбү? Сен айылдагы ата-энеңдин үйү менен менин үйүмдү салыштырба. Мен бул үйдү сатсам, сенин ата - энеңдикиндей төрт же беш үй келет.
Сен өзүңдүн туугандарыңа мени "кедей" деп айтыпсың, мен буга аябай капа болдум. Мен бир убакта аябай бай болгом, бирок жаштык-мастык менен байлыктын баркын билбей, баарын жок кылгам, ошол байлык мага эч бир жакшылык алып келген эмес. Мен бай эместигиме такыр капа эмесмин, бирок мени өзүңдүн туугандарыңа жамандаганың мага катуу тийди, себеби эртең алар менен жолукканда мен кандай абалда болом? Сен менин сырларымды жашырууга тийиш болчусуң, себеби экөөбүз эрди - катынбыз. Эгерде, сен менин кемчиликтеримдин бардыгын аларга жеткире берсең, мен да, сен да туугандарыңа сыйыбыз жок болуп калат. "Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы" дейт. Сен мен айткан каталарыңды экинчи кайталабас кылып жоюшуң керек. Ар бир күйөө, ар бир кайнене келинди өздөрүнүн шартына көндүргөнчө, анын кулк - мүнөзүнө көп оңдоолорду киргизет. Сен жаңы келген келин катары айтылган нерселерди жакшылап түшүнүп, мээңе бекем түйүп,кайра кайталабашың керек. Эгерде, мурдагы заман болгондо, алда качан эле мен сени энеңдин үйүнө жөнөтмөкмүн, бирок азыркы энелер кыздарын тарбиялаганды такыр билбейт, ошондуктан өзүм тарбиялап көрөйүн деп чечтим. Бир жагынан сени аяйм, анткени сени ушундай тарбиялап коюшкан. Акылдуу болсоң менин катымды туура түшүнөсүң, а эгер түшүнбөсөң, анда сен эч качан оңолбойсуң. Анда, менин сүйүктүүм, экөөбүздүн жолубуз эки башка болот. Сен ойлобо, башка эркектер башкача болот экен деп, эркектердин баары эле мендей. А аялдары кандай болсо да унчукпаган эркектер, алар эркек эмес, алар шоркелдейлер, алар акыр аягы кор болуп жүрүп өтөт, андай эркектерге тийген аялдар да кор болот, алар чыныгы эркекти билбей өтүшөт. Менин катымды түшүнсөң түшүнөөрсүң, түшүнбөсөң менден ажырап, дагы башка бирөөнүн башын чиритээрсиң. Ачык жазганым үчүн кечир.
Атымды туура жазбасам да, бул кат кимден экенин сен эң сонун түшүнөсүң. Бирок, сен өзүңдү оңдой алар бекенсиң?
Ильяс