Өзүбүз жарыбадык же тилибиз

"Тилдүү - сүйлөп, тилсиз - үнсүз карашты"
Улуттук тилибиз "мамлекеттик" деген статусу менен жыйырманчы жылын жашап жатат. Ал статуска эгемендикке чейин эле - 1989-жылы жеткен. "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам менен дагы камсыздаганбыз. Ортодо айлар-жылдар агыптыр, ушуга чейин эмне жасалып, эмнеге жетишкенибизди түзүк эстей албай койдум. Жадымда турганы - 23-сентябрь жакындап калганда кандайдыр бир иш-чара уюштурулуп, "Ырдайлы кыргыз ырларын" деп, мамлекетибиздин көп тилдүү жарандары кыргызча обон созуп калганы болду. Дагы бир эстегеним - тил комиссиясы бир учурда сынак жарыялап гимн жаздырган. Анан айыл аралап "Тил кербенине" чыгышкан. Анда да кыргыз тили айылда эмес, ушул борбордо, жогорку-төмөнкү кызмат тепкичтеринде отурган адамдардын баарлашуусунда "жармач" болуп жатканы айтылып чыккан. Бул жолу деле дагы бир иш-чара болгондой элес калтырды. Балким, мындай семинар-жыйынды бир датага байлабай, жыл ичи көп өткөрүшүбүз зарылдыр. Эмнеси болсо да, 11-сентябрда, президенттин алдындагы тил комиссиясы "тилге күйгөндөр" деп жазмакерлер арасынан тандашкан экен, сыйлыктарын беришти. Ачыгын айтканда, кыргыз тилин гүлдөтүп-бүрдөтүп жаткандай сыйлыктын баарын "Кыргыз Туусу", "Эркин Тоо" гезиттери, "ЭлТР", КТР каналдары эле алышты. Эгемендик алгандан бери кыргызча сайрап чыгып келаткан "Азаттык" менен "Би-Би-Си" радиолору жана башка эркин гезиттердин ишмердигинин бааланбай калышын азыркы саясий кырдаалга жараша болсо керек деп түшүндүк. Албетте, сыйлык алсак деп суусап турган жерибиз жок, эл бааласа, ошол жетиштүү. Болгону, тилге чындан күйгөн Шайлообек Дүйшеев айткандай, "көзгө көрүнгөн зор ишти унчукпай жараткандарды да белгилеп койгонго кагаз деле, темир деле жетмек". Маселен, кыргыз шрифтерин иштеп чыгып, кыргыз интернет-сайтын ачкан Жаныбек Жанызак кылымга калаар зор ишти жасады да.
Кыскасы, беш миң нуска менен чыгарып, атайын жумушчу топтун жарым жылдык эмгеги менен 20 миң сөз кошулуп жаңырган Х.Карасаевдин орфографиялык сөздүгүнөн бирден колго карматышты да узатышты. Баса, сабаттуу жазып жатканыбыз же сабатсыз жазып жатканыбыз билинбей баш ооруткан, убагында окумуштуу-илимпоздорду ачакей пикирде калтырган орфографиялык эрежелер эски нугуна келгени айтылды.

ТИЛ КОМИССИЯСЫ "САБАК" ӨТТҮ

11-сентябрда ММК өкүлдөрүн тарых музейине чакырган мамлекеттик тил комиссиянын башчысы Ташбоо Рахманбердиевич биз менен ийри отуруп, түз кеңеше турган кез келгенин айтып сөз баштады. Аталган комиссия август соңундагы чечими менен Кыргызстандын аймагында тил боюнча үч айлык (сентябрдан декабрга чейин) иш-чараны баштаптыр. Анын маңызы - көрсөтүлгөн убакыт ичинде тилибизди даңазалап, кадыр-баркын көтөрүп, жандандыруу үчүн каралган 30 иш чарада экен. Анын бири - ушул жолугушуу. Жазуу иштерибизде кетирип жаткан стилистикалык жана стилистикалык эмес каталарыбыз айтылды. Жеке стиль деп орфографиялык эрежелердин бузулушуна жол берип, кокустан аралашып кеткен диалектилик, говордук өзгөчөлүктөрдөн редакторлор кайсы жерден экени билинип калып жатыптыр. Эми аларга чекит коюшубуз керек. "Кыргыз тилинин жазуу эрежелеринен" четтеп кетсек, тиешелүү жерге кайрылып, чара көрөбүз дешти. Көрсө, биз кыргыз окурмандарынын, көрөрмандарынын, угармандарынын табитин туура эмес тарбиялап жатыптырбыз. Кокус ката сөз айтылып кетсе, "телевизордон айтпадыбы, гезиттер жазбадыбы" деп, күнөөнү бизге оодарышы турган иш дешти...

"КЕЧ БЕШИМДЕГИ КӨЛӨКӨ"

Кыргыз журтчулугун байытылган сөздүк менен камсыз кылып жатканы зор иш экени талашсыз, ошентсе да, ушул жерден Пифагордун сөзүн эстедим , "кеч бешимдеги көлөкөңдү көрүп, өзүңдү алп экенмин деп ойлобо" деген. Буга чейинки баш айлантма жазуу эрежелерине көнүп калган жаныбыз, эскисине кайра көнгөнчө канча убара болорубузду эске алып коюшса болмок. Анан, аркы-беркини түшүнүп калган окурмандарыбызга караганда, Шайлообек Дүйшеев айткандай, мектеп жашындагы балдарыбыздын тил казынасы жарыбай жатканын эмне кылабыз? Окуу китептерин барактап көрөлүчү, маселен, "Адеп" китебин, бир бетинен эле жүздөгөн ката көзгө урунат. Жаныбек Жанызак туура айтат, "мыйзамга кийридик, чара көрөбүз деп коркутпагыла" деп. Мелис Абакиров агайыбыз айткандай, кыргыз тилинин жазуу эрежелерине Апас Жумагулов (биз үчүн да ачылыш болду, улуту башкыр дегени), Николай Танаев, Игорь Чудинов биздин тилге жөндөп күйбөгөн адамдардын колу коюлуп жатат. Бул кишилерден алдыңкы экөөсү эл эсинде жакшы пикир калтырбастан кызматтан кетишти. Азыркы өкмөт башчысы Чудиновду профессор эжебиз Үмүт Култаева кыргыз тилин бир жылдан бери үйрөтүп жатат, ачылып бир кыргызча сүйлөп бердиби? Ташбоо Рахманбердиевич канчалык үйрөнгөнүн бизден жакшы билет. Ага караганда, эми Шайлообек акындын айткандарына шилтем жасай берелик, Япониядан келген эки кыз бир жыл ичинде кыргыз тилинде сүйлөмөк түгүл, түш жоруган деңгээлге жетип, күү чертип үйрөнгөн комузду "Сакура гүлү" деген ансамбль түзөбүз" деп көтөрө кетишиптир Японияга. Бул "кыргыз башканы сүйлөтүп койду" деген ашыра мактанычтын мисалы эмес, ошол кыздардын биздин тилге, маданиятка болгон мамилеси көрүнүп жатат. Ошондуктан, урматтуу тил комиссиясы, Антон Чехов бир учурда айтыптыр, "Эки түшүнүктү чаташтырып жатабыз: маселени чечүүнү жана маселени туура коюуну" деп. Биз да ошондой болуп жатабыз. Шакебиз айтпадыбы, алгач кошоматчылыктан арылыш керек. Биз дагы сиздерди угуп жатып сөз кылдык эле, "тил комиссиясы эмне үчүн президентке караштуу болушу керек, элдик болуп өзүнчө иш кылбайбы" деп. А болбосо, Шакебиз айткандай, улуу инсандардын сөздөрүн биринчи, кийинки ажобуз ("Жолду баскан арбытат" Конфуций) өздөрүнө ыйгарып "уурдабайт" эле. Эгерде тилге дагы деле коомдук зарылчылыктан эмес, утурумдук иш чара катары мамиле кылсак, Таластын шок тургундары "а" тамгасын өчүрүп, тууралап койгондой, "Мен таз... болсом, сен таз... болсоң, коом таз... болот".
Сөз соңун мектептен таанып билгенден жакшы көргөн акыным Расул Гамзатовдун өз тили авар тилин даңктаган ыр саптары менен бүтүрдүм. Биздин акындарда андай мисал аз бекен деп шашылбаңыздар. Учурга туура келип калды. "Биздин жерден мен момундай кеп уккам, / Сөздөн бүткөн ушул дүйнө деп уккам./ Неден турат ал сөз өзү?/ Анттанбы?/ Келмеденби, же турабы буйруктан/ … Келмеби, антпы, айткылачы шол сөздү/ Не кылса да сактап калсын дүйнөнү".





Кыргыз жатаканасынан жаңырган үн

"Мен силердин мыйзамыңарды урдум"

Сырттан бийлик кылган "көмүскө кожоюн" икаясы Кыргызстанда жаңылык деле эмес. Бекеринен "Жамандын үйүн коногу бийлейт" деп айтпасак керек. "Башкага бийлик бергенге ким күнөөлүү, адамбы же заманбы" деп жооп издегенибизди кантели. Өйдөдө отургандардын чама-чаркын билип туруп айыпка жыгабыз, "ушулар эле күнөөлүү" деп. Алардын айткандары эмне? "Жить стало лучше, жить стало веселее!" деп бир убакта Иосиф Сталин айткан сөз менен үндөшкөн жоопту угасың. А бирок, бул да болсо, баягы эле кайдыгерлигибиз, чабалдыгыбыз, сабатсыздыгыбыз. Ушундай көөдөн эзген кепке ушул өткөн ишемби күнү болгон көрүнүш түрткү болду дебейм. Кыргызды басынткан окуяларды айтып түгөтө да албайсың. Ошентсе да...



Сөз башынан болсун десек, жаш укук коргоочу Гүлшайыр Абдырасулова ошол күнү телефон чалып калды. "Токтогул-Исанов көчөсүндө "Бакай" банкынын маңдайында нааразы болгон адамдар турат" деп. Алгач түшүнгөнүбүз - салган акчаларын алалбагандар болсо керек дедик. Айтылган дарек жаныбызда эле экен, бардык. Көрсө, чогулган адамдар, өздөрү сексенбиз дешти, түрктөрдүн курулушунда иштеп, маянасын убагында алалбай, башка маселелердин дагы башын ачып алалы деп отурушуптур. Жагдайды түшүндүрүп, бизге чейин иш бергендер менен диалог болгон экен, ошондон кеп кылышты. Бизди күйгүзгөнү - иш берген "кожоюндардын" "акчаңарды алар менен иштен бошойсуңар, башкаларды алабыз" деп айткандары болду. Адам келип-кеткенинен кылдары да кыйшайбаса, Кыргызстанды иш издегени четтен табылган кара күчтүн мекени көрүшөрү ушул жооптон эле билинип турат. Сексен адам жыргал турмуштан жадаганынан жалданып иштеп, маянасын алалбай жүргөн жок да. Салмурза Үсөнбеков дегени сөз кылгандай, аларды муктаждык түртүп жатат. "Баарыбыз эле үй бүлөнү багайын деп акчасы аз, жумушу оор болсо да иштеп жүрөбүз. Биздин нааразы болгонубуз - айлыкты өз убагында бербей коюшту. Күз келип, аба ырайы суук тартып калды. Мындай учурда ылай менен иштеш кыйын эле. "5 күн, 7 күн, 10 күн" деп эле жылдыргандары токтобой койду.. Аты-жөндөрүн айтпай эле ар кимиси чыгып: "Бүгүн саат экиде айлыгыңар болот. Ага чейин иштей бергиле" дейт. "Биринчи акчаны колго тийгизгиле, эртеңден баштап иштейбиз" десек, " Анда акчаңарды алгандан кийин иштен бошойсуңар. Биз башка балдарды алабыз" дешпедиби. Бизди көчөдө жүргөн адам көрүп жатышпайбы?", - деди каңырыгы түтөп. Келишим түзгөн-түзбөгөндөрүн сурасак, түзүшбөптүр. - Келишим түзүлбөгөнү менен, медициналык текшерүүдөн өтүп, арыз жазылып, ишке алган буйрук чыккан. Эмгек китепчесин алып келишибизди да айтышкан. Ар бирибиздики ар кай жакта болгондуктан алып келе албай жатканбыз, - дешет. Бир себепке такап, буйрук менен чыгарып коюшса эмне кылышат эле. Айлыктарын сурасак, "бизге караганда түрктөр көп алат" деп умсунушат. Толугураак жооп кылган Бердибек Чалыровдун түшүндүргөнү боюнча айлык ар кандай төлөнөт. - Бул фирманын ээси - түрктөр. Түрк улутундагы жумушчулар саатына 5 доллардан алышат, а биз 1 доллардан 3 долларга чейин. Ушундай деп башында айтылган, бирок үч долларга эч кимдики чыга элек. Бир, бир жарым доллардан эсептелип жатат. Кылган ишибизде айырмачылык деле жок, түрктөр биз кылганды эле жасашат. 10- 12 миңге чейин айлык алабыз, аны да толук эмес, бөлүп-бөлүп беришет. Толук алган күндө деле мындай айлык айдан айга жетпейт. Себеби, квартираң эле - 6-7 миң. Үйбүлө деген бар, бир балага эле канча акча кетет?! Формасы эле - 700 сом. Беш баласы окугандардын чыгымы 3 миңден ашып жатпайбы. Окуу куралдарын дагы алып бериш керек, - деп, мыйзам жазгычтарга башка улут өкүлдөрүнүн ишмердиги теске алына тургандай мыйзам жазышса деп сураныч кылды. Ага эмне дейбиз, "акжолчулар" менен коммунисттер ээлик кылган Жогорку Кеңеш учурда "ак карга" социал-демократчыларды бир жаңсыл кылуу менен түйшүктөнүп жатса, буга чейинки мыйзамдары бир ууч адамдын кызыкчылыгына багытталгандыктан, бул суранычка жарытылуу мыйзам менен деле жооп беришпестир.
Маселени улантсак, кокустан ошол туштан өтүп баратып көрүп, иш бергендерге чейин кирип талашып-тартышып чыккан Гүлшайырдан тышкары "топтошуп калыпсыңар" деп тартип сакчыларыбыз келишкенин уктук. "Биз пикетке чыккан жокпуз, айлыгыбызды талап кылып жатабыз" дешсе, акылдуулук кылып тийишишпептир. Бирок, анча келишти, "эмнеге акчасын бербей жатасыңар?" деп бир ооз сурап кирип коюшса болмок экен деп калдык. Эмнеси болсо да, түрктөрдүн эмне деп жооп айтканын кийин Гүлшайырдан угуп, ал кызыбыз капа болгондой, биз дагы кимге нааразы болорубузду билбей калдык.
Гүлшайыр АБДЫРАСУЛОВА:
"Сексен жигит кыздарга болуша алган жок..."
- Укук коргоочу болгондон кийин көчөдө топтошуп турганын көрүп кыя өтүп кете албадым. Карасам, алардын арасында тааныш балдар жүрөт. Иштин чоо-жайын сурасам, "Сунтарь-Бишкек" фирмасында курулушта иштеп, айлыктары кечиккендиктен төлөп берүүнү талап кылып жатышыптыр. Кубаныч дегени "Квартираныкын бүгүн бербесем, чыгарып салат. Балдарым менен кайда барам?" деп баласын көтөрүп жүрүптүр. Анан сиздерге, "Азаттык" радиосуна чалып, чакырдым. "Азаттыктан" келген журналист менен фирмага барсак, анын башкы директорунун орун басары чыгып, аты-жөнүн да атабастан: "Силер кимсиңер? Эмнеге бирөөнүн ишине кийлигишесиңер?" - деп атырылып бир тийди. "Бирибиз укук коргоочу, бирибиз журналистпиз. Бул балдардын укугу тебеленип жатат. Мыйзам боюнча айлыкты өз убагында беришиңер керек. Кээ бири квартирада жашайт, башкасынын балдары кийим-кечеси жок мектепке барбай жатат", -десем, "Мен силердин мыйзамыңарды урдум, уктуңбу!" деп кыйкырат. Ачуум келди. "Сен Кыргызстанда жашап, оокат кылып жатканыңды унутпашың керек. Биздин мыйзамга баш ийишиң керек" деп, бир топко кайым айтыштык. Менин ызаланганым - биз, кыздар, 80 кыргыз жигитинин укугун коргоп жатсак, бирөөсү дагы: "Эй, эмне биздин кыздарга үнүңдү көтөрүп жатасың?" дегенге жараган жок. Өзүбүздүн жамандыгыбыздан өз жерибизде укугубуз тепселип жатат да. Бул бир. Экинчиден, "Эфест" фирмасынан акчаларын алалбай калгандан кийин, "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" дейт эмеспизби, башка жерге барганда келишим түзүп алышпайбы. Биздин карапайым жарандар элементардык укуктарын билбей жатышат. Кечинде телефон чалышты: "Эже, ырахмат. Кечки бештен жетиге чейин акчабызды алдык. Мындан ары дагы иштей турган болдук. Сиз прессаны чакырбасаңыз, айлыгыбызды жакында ала алмак эмес окшойбуз"деп. Баса, Акыйкатчыга да чалгам, ал жактан Кравцова келип, "жакын арада фирмаларды кыдырып, айлык акысын алалбай канча адамдын укугу тебеленип жатканын текшерип чыгабыз" деди. Билбейм, айтылды, эми аткарылса экен...
Биз дагы ошол ойдобуз. Бийлик тарап, жарандык коомдордун, жаштардын иш-аракетин кысмакка албай, биргелешип иш алып барып, коом пайдасына кызмат кылышса жакшы болмок. Антпесе, алар эстен чыгарган адам укуктарын "көмүскө кожоюндар" ушинтип уруп-ойнобой иш жүргүзө берери бышык.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы