Көчө маек

КЫРГЫЗ ТИЛИНИН АЗЫРКЫ АБАЛЫ СИЗДИ КАНААТТАНДЫРАБЫ?
И.Чудинов: "Ташбоо Рахманбердиевич! Киргизча урон алвай гойдм. Бажалыста, больше меня кынаба, ладна?"

Т. Жумагулов: "Максимге шыбырап койбойсузбу, Конституциядан "мамлекеттик тил билсин" деген жерин алып таштасын. Өзү да өкмөт башчы болуп калышы мүмкүн эмеспи?"

Бакыт КЕРИМБАЕВ,
айдоочу:
- Чындыгында азыр кыргыз тилинин абалы оор. Тилдин өнүгүшүнө биринчи иретте мамлекет жетекчилери кызыкдар болушу зарыл. Андай кызыкчылык аларда жоктой көрүнөт. Мына, саясат деп отуруп, кыргыздын патриот тың чыкмалары бийликтен шыпырылып жатат. Алардын ордун бөтөн улуттун өкүлдөрү басууда. Мен негизи көп улуттуулукту колдойм, ага каршылыгым жок. Бирок, алар канчалык илимдүү-билимдүү болушканы менен кыргыз тилинин өнүгүшүнө эч качан кыргыздардын өздөрүндөй кызыкдар болушпайт. Мына, Өкмөттө, Жогорку Кеңеште болобу- жыйындар ар дайым орус тилинде өтөт. Мунун себеби эмнеде? Себеби, мамлекетибиздин жетекчилиги кыргыз тилинин өнүгүшүнө кайдыгер мамиледе. Мен өзүм Казакстанга көп каттайм. Ошон үчүн алыс узабай эле Казакстандын мисалын келтирейин. Казакстандагы жалпы калктын 40 гана титулдук казак улутун түзөт. Бизде болсо кыргыздар 60 түзөт. Эми ошол Казакстандагы казак тилине болгон аяр мамилени байкап отуруп ичиң күйөт. Аларда казактар бири-бири менен бир гана казак тилинде сүйлөшөт. Орусча сүйлөсөң, бирин-бири тыйып коет. Анткени, мамлекет элге казакча сүйлөгүлө деп таңуулабаса да, тилдин өнүгүүсүнө карата пропагандалоо иштерин тынымсыз жүргүзүп келет. Алар теледен көрсөтүлчү бардык чет элдик кино тасмаларды казакчага которушуп, элге тартуулашат. Аны менен бирге элдин аң- сезими калыптана баштайт. Экинчи мисал, президенти Нурсултан Назарбаевдин акылмандуулугун карабайсыңарбы. Ал мындан он жыл мурун Астана орусташып кетпесин деп борборду ал жерге көчүрүп барганын. Бизде да бул маселе түштүктө курч. Мен таластык болгонум менен борбор калааны Ош шаарына көчүрүп барууну туура көрөм. Анткени, ал жерде көбү өзбектешип, тилибизди жоготуп, мамлекеттин коопсуздугуна кедерги тийгизчү жагдайлар көп. Борборду көчүрүшпөсө да, бардык күч органдарын ошол жерге жайгаштырып, мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуунун үстүндө иштеши зарыл. Ал эми өлкөнүн коопсуздугу биринчи иретте тилге көз каранды экенин унутпасак. Буга мисал арбын эле эмеспи. Мурдагы жылдарда албандыктар Сербиядан Косованы бөлүп алгандыгы эле биз үчүн коңгуроо болушу керек.

Асан МАМЫТОВ,
айдоочу:
- Жок, канааттандырбайт. Анткени, азыркы күндө кыргыз тилинин абалы өтө оор. Бул маселеге жеткиликтүү көңүл бурулбай келет. Бир кезде, президенттин алдындагы тил комиссиясы түзүлгөндүгүн угуп, эми тилге жакшы көңүл бурулат турбайбы деп, жаш балача сүйүнгөм. Эми ал комиссия иш жүзүндө ишке жараксыз экендигин убакыт көрсөтүп жатпайбы. Шаарда канча деген имараттардын сыртында, жарнама илингичтерде бөтөн тилдеги сөздөрдү кезиктиресиң. Эмне себептен жанына кыргызча котормосун жазышпайт, которсо дагы капкайдагы сөздөрдү улашып, туура эмес которуп коюшат. Ал жарнамаларды окуп отуруп, жаш муундарыбыздын аң- сезими калыптанат эмеспи. Эгерде тил комиссиясы жакшы иштегенде, бул катачылыктарга бөгөт коюлмак. Негизи- Кыргызстанда жашап жаткандан кийин кыргыз тили эч качан бөтөн тилдин көмүскөсүндө калбашы керек. Азыр бизде андай эмес. "Балык башынан сасыйт" дегендей, жогорудагыларыбыз кыргыз тилинин өнүгүүсүнө кайдыгер мамиле жасашса, анда карапайым элдин колунан эмне келет? Мына, өкмөт башчы Чудинов "кыргыз тилин үйрөнөм" деп убада берип, бир профессорду жалдады эле,анысынан майнап чыктыбы? Кана убадасынын аткарылгандыгы. Жыйындарды орус тилинде алып барат. Анан анын кол астындагылары ага кыргыз тилинде кайрылмак беле? Кайрылса да укмаксанга салып коет эмеспи.

Кубатбек ТАБЫЛДИЕВ,
куруучу:
- Тилекке каршы, кыргыз тилинин абалына мен канааттанбай келем. Негизи- биздин өлкөдөгү кыргыз тил маселесин экиге бөлүп карасак болот. Бири- айыл жергесиндеги тил маселеси, экинчиси- шаарлардагы тил маселеси. Айылдарда чынында кыргыз тилинин көйгөйү орчундуу эмес. Шаарларда болсо өтө орчундуу. Мына, тээтиги имараттын сыртында бир гана орус тилинде "вулканизация" жана "сто" деп жазылып турбайбы. Эмнеге жанына кыргызча "желимдөө", "унаа тейлөө кызматы" деп кошуп коюшпайт. Тескерисинче, орусчасы кошулса кошулсун, кошулбаса кошулбай калышы керек эмес беле. Мамлекет эмнеге буларга чара көрбөйт? Чара көргөнгө толук укуктуу да. Анткени, жер Кыргызстандыкы болгондон кийин биздин мыйзамдарга баш ийип иш жүргүзүшүн талап кылышы керек эмеспи. Эгерде бул тейлөө кызматынын кожоюну кыргыз болуп чыкса, таң калбайм. Себеби, мамлекет тарабынан кыргыз тилинин өнүгүшүнө карата үгүт иштери такыр жүргүзүлбөй жатпайбы.

Бек ДЫЙКАНОВ,
кызматкер:
- Кыргыз тилине байланышкан чечилбей келген маселелер абдан көп. Кээде көчөдө кыргыз менен кыргыз орусча сүйлөшүп баратканын көрүп зээниң кейийт. Мейли, орус тилине деле каршы эмесмин, сүйлөшсүн, тилдерди үйрөнүшсүн, бирок ошол эле маалда өз эне тилин унутпашы зарыл. Эне тилин сыйлабаган адам өзү сыйга татыйбы?. Керек болсо азыркы маалда кыргыздар кимдир бирөөнүн көзүнчө өзүнүн эне-тилинде сүйлөгөндөн уялышат. Бул ачуу чындык. Эгерде бул жагдайды бийлик тез арада колго алып, тилдин өнүгүшүнө кам көрбөсө, кыргыз тилинин келечеги кыйын болуп калабы деп чоочулайм.

Майрам
ТУРДУЕВА,
жеке ишкер:
- Менин оюмча кыргыз тили жакшы эле өнүгүп жатат. Азыркы күндө кыргыз тилиндеги теле берүүлөр көбөйүп, гезит басылмаларынын басымдуу бөлүгү кыргыз тилинде басылып жатат. Албетте, мындай жагдайлар тилибиздин өнүгүшүнө салымын кошпой койбойт.

Турумкан ОСМОНКАНОВА,
ардагер:
- Биздин өлкө эгемендик алгандан бери кыргыз тилинин абалы жаман эмес. Бирок, мындан да жемиштүү жетишкендиктерге жетишсек болот эле. Мисалы, өзбек, тажик, казак туугандарыбыз эгемендикти биз менен бирге эле алышпады беле. Анткени менен алардагы улуттук тилге болгон аяр мамиленин натыйжасында бир топ жетишкендиктерге ээ болушту. Мен өзбек менен өзбек, казак менен казак бири-бири менен башка тилде сүйлөп жаткандарын көрө элекмин. Тажиктер болсо андан ары кетишти. Кайсыл бир жылдары алардын президенти Эмомали Рахмон өз ысымдарын илгерки ата-бабаларынан калган ысымдарга алмаштырып, улуттун кызыкчылыгын биринчи катарга койгон. Эми эли анны Рахмонов дебей эле Рахмон деп атап калышпадыбы. Бизде да ушундай улуттун кызыкчылыгын биринчи орунга койо турган адам болсо, мындан да жакшы болоор эле деген ойдомун.

Даирбек БЕКТУРГАНОВ,
ардагер:
- Мен кыргыз тилинин азыркы күндөгү абалын байкап отуруп, ичим күйүп келет. Биз Кыргызстанда жашап отуруп, өзүбүздүн ата-бабаларыбыздан калган тилибизди унутуп, барктабай келебиз. Улут деген биринчи тили менен улут болот эмеспи. Негизинен тилдин өнүгүшүнө мамлекеттин салымы зор болушу керек. Азырынча мамлекет тил боюнча кандай саясат жүргүзүп жаткандыгы белгисиз. Мына, Президент баш болуп, депутаттар төш болуп жыйындарда орусча сүйлөшөт. Анан ушул дагы тилге болгон мамлекеттик саясатпы? Ой, кыргызча сүйлөшсө бирдемелери кемип калабы? Керектүү жерден орусча которгон котормочулар деле бар эмеспи. Айыл-чекелерине барганда эле кыргызча сүйлөп калышат. Эмне, айыл менен шаар эки башка малекетпи же алардын ар бирине ар кандай саясат жүргүзүлөбү? Эгерде жетекчилерибиз кыргыз тилин өнүктүрөбүз дешсе, анда алар биринчи ирет өздөрүнөн башташы керек. Тилекке каршы, мындай жүрүш менен көч бара-бара оңолбойт го. Ачыгын айтсам, кыргыз тилине күйүп-бышкан бир жетекчи жок. Жанагы президенттин алдындагы тил комиссиясы эмне иш кылып жатканын билбейм. Президенттик шайлоодо эле талапкерлердин мамлекеттик тилди билгендиги тууралуу сынак өткөрүп коет экен. Акаев убагында бул эреже кандай пайда болгонун билебиз да. Эгерде тилге чыныгы күйүп-бышкан комиссия болсо, анда президенттен, өкмөттөн, мамлекеттик ишканалардан кыргыз тилин билүүсүн, телеберүүлөрдө мамлекеттик тилде гана сүйлөөсүн талап кылбайбы! Себеби, телеберүүлөр аркылуу алардын жүрүм-турумдарына баа беребиз да. Бул дагы тилдин өнүгүшүнө салымдуу үгүт болмок. Ал эми кабинеттеринде кайсы тилде сүйлөшсүн, өзүлөрү билишсин. Ошондой эле башка улуттагы мамлекеттик кызматкерлерди кыргыз тилин үйрөнүүсүн талап кылышыбыз керек, үйрөнгүлөрү келишпесе, "эшик ачык" деш керек. Башка иш издешсин. Бул дагы кыргыз тилине болгон мамлекеттик саясат болуусу абзел.

Даярдаган
Данияр ӨСӨРОВ