Салам сага, жылдыз гений

"АШЫКМЫН МЕН ТУРМУШКА"
Ушул жылдын 9- сентябрында Кыргыз эл акыны, Алыкул сыйлыгынын лауреаты, кыргыз поэзиясынын "мурутчан ефрейтору", "жаңы байпак кийсе да, " булочка жеп келатса да" ошого кубанган, шайыр акын Рамис РЫСКУЛОВ 75 жашка толду.


"Токтогул, Барпы, Корголдун
Ырдашынан төрөлгөн,
Кылымдардын Пушкиндей
Курдашынан төрөлгөн" ,-деп
акын Рамис Рыскулов жазды, Күндү, жаштыкты, жашоону сүйгөн акын. "Жаңы байпак кийсе да сүйүнүп, "булочка жеп келатса да кубанууну, көктө күнгө ынанууну" көргөн акын, жылдыздуу Ренессанс күбөсү.
16 жашында жазган анын "Эки энем" аттуу ырын мектепте нечен муун ырдап келатат.
Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев "Рамис Рыскулов кыргыз адабиятында биринчи болуп эркин ыр формасында изденүү менен кыргыз поэзиясын жаңы ыргак, уйкаштык формалар, жаңыча саптар менен байытып, эркин ыр формаларынын, ак ырдын тамыр алышына орчундуу түрткү болду" деп жазган.
Сынчы Калык Ибраимов " Космостук элирген бийи менен бүткүл ааламдык ыргакты пайда кылып турган индус мифологиясындагы кудуреттүү кудай- Шиванын фигурасы- бул не деген фантастикалык баатыр образ" деп "Космостук манифест" поэмасы" тууралуу айтканы бар.
Бишкектин узун- кыска көчөлөрүнөн бүгүн акын Рамис агабызды жаңы ырлары, котормолору, өзүнө окшош табышмактуу сүрөттөрү менен кошо кезиктирүүгө болот.
Юбилярга кабарчыбыз бир нече суроолор менен кайрылды.
- Рамис ага, ырларыңызда Күндү өзгөчө даңазалап келатканыңыз белгилүү...
- Адамдын тагдыры анын атына жараша болот, менин атым Ра- күн кудайы, мис- миссия, демек мен Күндү ырдоом керек.
- Ырды качантан бери жазып келатасыз?
- Беш жашымда үйгө Аалы Токомбаев келген, ошондо ыр жазууга убада бергем. Алгачкы ырымды тогуз жашымда жаздым. Ал "Карагат" деген ыр болучу. Тогуз жашымда атамдан, жети жашымда апамдан айрылгам.
- Бул турмушта кимге милдеттүүсүз?
- Ата- энем, чоң эне- чоң атамдан башка мен Муса Жангазиевге милдеттүүмүн. Батинкеси жок Бишкекте жүргөнүмдө батинке таап берип, үйүнө жаткырып, өзү иштеген "Кыргызстан пионери" гезитине 16 жашымда иштетип койгон. Осмонкулдун, Түгөлбайдын колунда жүрүп калдым.
- Жакын досторуңуз кимдер?
- Токтогул Жайлоев, Артык Алмазбеков, Тургунбай Эргешовдор болгон.
- Бала кезде кантип кыялданчу элеңиз?
- Казанцев аттуу киши голифе шым кийгенин көрүп мага да Рыскул байкем ( атам) голифе шым алып берсе дечүмүн. Атам согушка кетип, кайтпай калды.
- Азыр эмне менен алексиз?
- Ассоль Молдокматованын атасы Абдыкалый Молдакматовдун "Ысык-Көл" деген ырын Белла Ахмадулина орусчага которгон экен, ошол ырды таап алдым.
"Озеро синее, а берег зеленый
А чайки белые,
Как первый снег.
И несется их крик здешний и залетный
Похожий на плач и на смех..."
"Жаңы кыргыз" поэмасын жазып жатам. Сүрөт тартам. ... Парижге барып келсем дейм... Тогуз жыл француз тилин үйрөнгөм.
- Шакирттериңиз кимдер?
- Алик Акималиев, Карбалас Бакиров өзүнчө тың өсүп келаткан окуучуларымдан.
- Көп псевдоними бар чыгармачыл адам катары Ысмайыл Кадыровдун "Кыргызстандын Гиннес китебине киргизилген экенсиз?
- Жүздөн ашуун псевдонимим бар, Рамис туу, Асман ас... Мен сөзгө ишенем. Адам сүйлөй алса, сөз тандай алса. Сөздөн жаңылган адам турбайт. Акындар сөз таптайт, акындар- философтор...
- Космос менен байланышыңыз үзүлгөн жокпу?
- Айтылуу Рерихтер космостун сырын ачкысы келген. Мен космос менен кулагым аркылуу сүйлөшөм. Төрт жылдан бери мени чиркейлер да чакпай кетип калууда. Бу дүйнөдө жаратылыш, жандыктар- баары сүйлөйт, сүйлөшө билген кишиге.
- 75 жылдыгыңыз качан белгиленгени жатат?
- Өкмөттүк комиссия түзүлгөн, күздө,жакынкы айда...
Деген бойдон жазды жакшы көргөн акын күздү карай кетти.
Маектешкен
Айгүл БАКЕЕВА
Акындын "Рамис" аттуу жыйнагынан ар кыл жылдары жазылган ырларынан окурмандарга тартуулап коелу.

"КҮЛКҮ ЧАЧАМ"
ырлар жыйнагынан

КҮНДҮ ТОСУП ЧЫККЫЛА
Эй, адамдар, ар күн таңда,
Күндү тосуп чыккыла!
Шимиргиле күн нурларын
Денеңерге,
Сиңиргиле көздөргө.
Ар күн таңда,
Ар күн таңда
Күн жолунда баскыла.
Күн менен бир иш баштап,
Күндөй ишти жасагыла!
Күндөй араан сүргүлө!
Күнүң тийгиз адамдык
Адамдарга!

СҮЙӨМҮН ПУШКИН СҮЙГӨНДӨЙ"
Күйөмүн Байрон күйгөндөй,
Сүйөмүн Пушкин сүйгөндөй.
Тагдырын бүтүн дүйнөнүн
Башыма болом үйгөндөй.

Энтигип жашап жүрөмүн,
Ат болуп туйлайт жүрөгүм,
Алдыңа тартып койсом дейм,
Жашоонун жашыл мүрөгүн.

ЛАБИРИНТ
Лабиринт- шаар,
Көчө толо адамдар.
Тааныштарым кайда житкен.
Кээ жолуккан такыр калат жолукпай.
Түшүп башка трамвайга
Адашкандан адашам.
Барып калам барбайм деген жагыма.
Көрбөйм деген адамдарды
Көрө баштайм.
Тунук витрина ичинде
Турушат
Сулуу манекендер
Жер асты жол, асман жол,
Ошондо да кетким келбейт
Лабиринттен,
Кызыгына улам анын берилем.
Кезем- кезем Лабиринт шаар ичинде
Кезем, кезем!

О, ДҮЙНӨ
Чындыктын чытырмандуу чыйырлары,
Чынынан чыйрыктырып ойго салды.
О дүйнө кайда минип баратасың,
Токунуп токтоо билбес толкундарды.

Кете бер кечүү терең, күндөр терең,
Адашат акыл-ой да жетпей ченем.
Ааламды батырууга демденесиң,
О, жүрөк, баатырсың эмне деген.

О, дүйнө чегин таппай тентиреген.
О, көлдөр, сыр бербестен мелтиреген.
О, дүйнө, түпкүрүнө шыкааласам,
Тирөөч жок ай-жылдызда же тиреген.


"ЖАЗ"
ырлар жыйнагынан

СҮРӨТ
Катып койгун азыр сага керексиз,
Бул сүрөтүм жүрсүн сенде себепсиз.
Ушул кездер түштөй кайып болгондо
Эскерерсиң анда кандай элек биз.

Колуң тийсе кезегинде карарсың
Мени эмес, өткөн күнүң самарсың.
Ай. Жашчылык айтып бүткүс баяның
Кайда калдың, аттиң ай деп жанарсың.

"ЫР ЧЫНЫ"
ырлар жыйнагынан

ТУРМУШ СЕНИ АЛДАБАС
Тур, уйкудан көзүңдү ач!
Турмуш менен алга бас!
Туш- тараптан жүр-жүр деп
Турмуш сени алдабас.

Алаксытып арсыз сөзү,
Абайлабай айтат сөздү.
Турмуш сени жаңылтса да
Туюк жолду ачат өзү.
Ачат жаңы ааламдарды,
Жасайт жаңы адамдарды.
Учкаштырып ышкырылат
Адамдарды, замандарды.

Сен өзүңдөн кайра-кайра
Ачтың жаңы күчтүн кенин.
Ал күчтөрдүн нукурасын
Жер энеден тапкын, келгин.

ТАЛАНТТЫН ТҮШҮ
Пушкиндин тармал чачтары
Башыма келип конгондой,
Сүрөтүн сулуу периште
Маңдайга асып койгондой.
Таланттын таттуу түшүндө
Магдырап жаттым ойгонбой.

Башынан кайта жаралып,
Барабан какты балалык.
Кызарып күнгө баратты,
Алыстан ак там агарып.
Күн нуру көзөп ал тамды
Баратты нары таралып.

Ойгонуп карайт дүйнөнү,
Өмүрдүн тепкен жүрөгү.
Балапан куш да пырылдап
Белгилүү канат күүлөрү.
Ырлардын көчү келатат
Жолдоштор, кулак түрөлү!
Ошол таңда ырыстын
Уясында түнөпмүн.
Кызыл- жашыл ырлардын
Саясында түнөпмүн.
Кылымды бойго түнөттүм,
Кылдарын терип жүрөктүн!