(Уландысы.
Башы 1-бетте)
Баарынан күйдүргөнү-"Президенттин Институтунун алкагында, анын ишин идеологиялык жактан камсыз кылуу функциясын аткаруу менен, өнүктүрүү институттарынын ишмердигин Президенттин Катчылыгы координациялайт. Андан тышкары, Президенттин Катчылыгы Президенттин коомчулук алдындагы ишмердиги үчүн жооп берет, Президенттин Институтунун коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат"-деп баса белгиленип кетти.
Бир сөз менен айтканда кыргыз мамлекетиндеги бөтөн улуттардын бийлиги мыйзамдаштырылды! Жашай бер, эми "өз өлкөңдө", кыргызым. Сен эми улуттун да катарына кирбей калдың. Мени, сени, бизди кыргызча жарым ооз сөз билбеген, улуттук ар-намысыбызды, сыймыгыбызды тебелеген бөтөндөр жана атанын атын саткан маңкурттар малча айдап башкарат. Малеванаяга, Масауловго, Елисеевге, Лисовскийге, Чудиновго окшогондор кыргызга жакшылык кылабы?
Ушул кезге чейин улам-улам жазып жаттым, Кыргызстанда финансылык чөйрөнү башка улуттар (негизгисин орустар) ээлегенин. Мына, эми алар өз бийлигин мыйзамдуу түргө өткөрүп алышты десек болот. Анткени, биздин парламент (атаңа наалат парламентти эмне деп аташты да билбей турам) бул өзгөрүүлөрдү колдоп берет. Эмне дейли, Манасты күтүп жашайлы. Бирок, күтүп жашай берсек шорубуз катат го!
Жакынкы арада улуттук маселе КМШ алкагында аябай курчуйт. Себеби, КМШ өлкөлөрүнүн айрымдары Американын, айрымдары Россиянын, кээ бирлери ири корпорациялардын басымы алдында калып, алар бөтөн улуттагы "баскынчылар" менен күрөшүүнүн ички жолдорун абдан катуу издешүүдө. Тажикстанда тажик тили боюнча маселенин дүрт этип от алышы буга далил. Россиялык акча мыкчегерлери ошондуктан биздеги идеология тармагына жооп бере турган мамлекеттик катчы кызматын жойдуруп, анын милдетин Катчылыкка алып беришти. Эми бөтөн улуттун бир ооз кыргызча билбеген өкүлдөрү биздин улуттук идеологияны иштеп чыгат имиш! Деги эле ушундай нерселер тарыхта болду беле?
Эми ыйды токтотуп, акыл жыйнап, иш кылсак. Азыр чечкиндүү кадамдарга баруу үчүн бизде бирдиктүү күч жок. Азганактай күч менен катуу кадамдарга бара албайсың. Алгач "Кыргыздар, бириккиле!" деген ураандын алдында иштейли. Элдик күчтөрдү бириктирели. Ал үчүн элди бириктире турган олуттуу нерсе керек. Менин сунушум: "Мен кыргызмын" деген чакырыктын алдында жарымы жашыл, жарымы кызыл түстөгү, узуну 10 см, эни 5 см келген тасма (лента) жасайлы да аны сол жак төшүбүзгө тагалы. Ушул тасма Ата-Журтубуздун тагдырына, тарыхына жана келечегине болгон биздин жарандык позициябызды, кыргыз улутунун кызыкчылыгы бар экенин, бул кызыкчылык мамлекеттик кызыкчылыктын өзөгүн түзөөрүн билдирип турсун. Мекенчил улан-кыздарды мына ушул тасманын жардамы менен бириктирели. Элди митингге, пикетке чык же жолугушууга, чогулушка, жыйынга кел деп кыйнабайбыз, ар бир уул-кыз өз ишинде иштеп олтуруп эле тагынышсын. Бул бизди бирдиктүү идеяга бириктиргенге, улуттук аң-сезимди өстүрүүгө жардам берет. Ушул төшбелги менен өзүбүздүн кыргыз экенибизди далилдеп, ал аркылуу тынчтык жолу менен нааразычылык билдирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Бул нааразычылык билдирүүнүн эң маданияттуу, эң орундуу жолу Азыр кыргыздардын 80 пайызы интернетти колдонбойт. Андыктан, интернеттен чакырык таштай албайбыз. Телевизорго же радиого чыгыш өтө кыйын. Ошондуктан, ушул гана жол калды. Мүмкүн, жаш баланын оюну деп бирөөлөр күлөөр, бирөөлөр кайдыгер караар, бирок, канткен күндө да элди бириктирүүнү баштоонун жөнөкөй, арзан жана натыйжалуу жолу ушул. Бийлик бул тасманы тагынба деп айта албайт. Мына ушундай жөнөкөй жол менен көптөгөн олуттуу тарыхый окуялар башталган. Азыркы түзүлгөн кырдаалга каршы күрөшүүнүн алгачкы кадамы катары "Мен кыргызмын!" төш белгисин сунуш кылам.
Кален СУБАНОВ,
публицист




 "Кыргыздар маңкурт" - дешеби?

Кыргызстан - биринчи иретте кыргыздыкы.
Кален Субановдун мына ушул чакан макаласын гезит бетине даярдап жатып, ыраматылык атактуу акыныбыз Байдылда Сарногоевдин төмөндөгү ыр саптары көкүрөгүмдөн добулбас уруп кетпей койду:

Улутун кимдер сүйбөгөн,
"Улутчул" дешеер билбеген.
Кызыл эт кезден бапестеп,
Кыялым, көккө күүлөгөн.
"Кыргыз!"-деп ырдап тирүүмдө
"Кыргыз"-деп өтөм дүйнөдөн.

Макала-чакырыкты гезитке басаар алдында ары тегеренип да, бери тегеренип да ой тегеретип, бул кадамыбыздын мыйзам чегинде жасалып жатканына жүз бир жолу ишенип, анан барып гана жоопкерчиликти моюнга алдым.
Кыргыз улуту өз жеринде туруп өгөй баланын кейпин кийгенги жалганбы бүгүн?
Мамлекеттик тилибизди чанып, расмий тилибиз деп орус тилине телинип отурганыбыз калппы? Бизден башка кайсы мамлекетте мамлекеттик иш чаралар, иш кагаздары расмий тилде жүргүзүлөт?
Бизден башка кайсы мамлекетте жарандарынын жарымына жакыны өзбек тилинде сүйлөшүп, өзбек тилинде окуу, тарбия иштери жүргүзүлүп, радио менен телевидениеси жалаң коңшу өзбек мамлекетинин идеологиясын даңаза кылууда?
Эмне үчүн башка улуттардын алдында "биз мекендеп турган жер - кыргыздардын жери. Кыргыз мамлекетинде биринчи иретте кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгы турууга тийиш"-деп ачык айталбайбыз?
Сен Россияга, Казакстанга же Өзбекстанга барып, жадагалса Кыргыз районун түзө албайсың. Андай райондор бир кезде Өзбекстанда болгондугун, бүгүнкү күнү алардын жашоочуларынын бардыгы "өзбектер" экендигин биз унутсак да, тарых унуттурбас.
Кален Субанов туура баамдагандай кыргыз мамлекетинин горизонтунда Оксана Малеваная, Сергей Масаулов, Алексей Елисеев, Дамир Лисовский сыяктуу "мамлекеттик ишмерлер" пайда болгондон тартып биздин саясий-мамлекеттик сөз куржунубуздан кыргыз улуту деген сөз четке ыргытылып, бардык улуттарды бир короого айдап кирүү доору башталды. Жашырбай айтсак, кыргыздарды улут катары жокко чыгарып, Америка өлкөсүндөгү Америка улутун пайда кылуу саясаты бүгүн бизде өзгөчө активдүүлүк менен жүрүүдө.
Мындан 30 жылча мурдагы СССР империясынын тушунда орус шовинисттери тарабынан да улуттук өзгөчөлүктөрдү жоюу аракети колго алынып, паспорттордо "СССР жараны" деген белги коюла баштаган. Кудайдан болуп ал "башталыш" өз убагында токтотулган.
Президент Бакиевдин түздөн-түз колдоосу астында О.Малеваная, С.Масауловдор кыргыз улутун кайсы улуттар менен бириктирүүгө, келечектеги турмуш сахнасына кайсы улутту алып чыгууга жан аябай аракет кылышууда? "Президенттин түздөн-түз колдоосу астында"-дегенимдин да жүйөөсү бар. Башкасын айтпайын, К.Бакиевдин 2008-жылдын октябрындагы улутка кайрылуусун эстеп койсок эле жетиштүү болоор деп ойлойм.
Жогорудагы сөздөрдөн улам бүгүнкү бийлик ээлеринин, жалпы эле кыргыз журтчулугунун алдында кабыргасынан коюлуучу дагы бир суроонун ыңгайы келип турат.
Биз, кыргыздар, өз өлкөбүздү өзүбүз башкарып, өз элибизди өзүбүз жолго салып, багып кетүүгө чама-чаркыбыз жетеби? Биздин көкүрөгүбүздө улуттук дух, намыс, ар, аруу сезим сыяктуу көрөңгөлүү түшүнүктөрдүн уюткусу дебейли, учкуну, тамызгысы калганбы? Ошолорду биз тутантып, жандыра алабызбы?
Ушул ой-толгоолор менен алектенип жатып, бир кезде "пролетариаттын улуу жазуучусу" атанган Максим Горькийдин "Бороон кабарчысы жөнүндө ырындагы" Данкону эстедим. Айлана-тегеректи караңгылык каптап, карайлаган калың журт эмне кылаарын, кайда кадам шилтээрин билбей дабдаарып турганда көкүрөгүн жарып жиберип, жүрөгүн сууруп алып, көөдөй караңгылыкты качырып, жүрөгүнүн жарыгы менен элди алдыга баштап жөнөгөн экен.
Биздин арабыздан Данколор табылаар бекен?
Бүгүнчө Календин акылы оңго дейм, жаман оюмда. Узундугу 10 см, туурасы 5 см келген картондон, пластмассадан жасалган төш белгинин жарымысын кызыл түскө, жарымысын жашыл түскө боеп, ортосуна "Мен кыргызмын!" деп жаздырып, көкүрөгүңө тагынып жүрүү өзгөчө түйшүктү деле талап кылбаса керек. Оорчулук келтирбеген төш белгини кечкисин үйгө келгенде гана алып койбосок, көчөдө, иште, театрда, кафеде тагынып жүрүү менен биз бүткүл өлкөнүн масштабында өткөрүлүп жаткан, Кыргызстан менен кыргыздарды башка улуттардын башкаруусуна каршылык көрсөтүү боюнча биринчи улуттук долбоордун катышуучусу экендигибизди, бул биздин улуттук кызыкчылыгыбызды коргоодон улам келип чыккан турмуштук муктаждык экендигин түшүнгүсү келбеген бийлик ээлерине көрсөткөн жарандык каршылыгыбыз менен эскертүүбүз болоорун билдире алабыз.
10-сентябрдан тартып бул иш-чара Кыргызстандын бүткүл аймагында башталат да, 10-октябрга чейин улантылат. Улут тагдырына көңүлкош эмес мекендештерибиздин - мектеп окуучуларынан өбөктөгөн карыларыбызга чейин биздин демилгени колдоого аларына ишенебиз.
Бабырбек
ЖЭЭНБЕКОВ
"Назар" гезитинин
башкы редактору