Түгөй

Отуз жылды багындырган үй-бүлө
Жазуучу, публицист Абдиламит Матисаков жубайы Жаңыл Абдылдабекова менен. Баш кошкондоруна 27 жыл болду. Бир уулдун ата-энеси.

- Жаңыл эже, алгачкы таанышуу эстен кетпесе керек?
- Албетте, эсимде. Жаңы жыл тосуп, группалаш кыздар менен жатакананын алдында жаап жаткан ак карга суктанып турганбыз. Ары жактан эле төрт-беш жигит бизге кар ыргытып, тааныша кетти. Алардын арасында байкеңер бар экен, ал 1976-жыл болчу.
- Кайсыл окуу жайды бүттүңүз?
- КМУнун орус тил жана адабият факультетин бүтүргөм. Биз журналисттер менен № 5 жатаканада коңшу жашап калбадыкпы. Бул да буйруктан го…
- Жолдошуңуздун сизге кандай сапаты жакты эле?
- Ал кезди эстесең, бир бейишке барабар мезгил окшойт. Кайсыл бирин айтасың… Киного барчубуз. Романтик болчу. Студент кезинен эле газета-журналдарга көп каттачу. Толгон-токой темаларды жазам деп тынчу эмес. Далай макала, аңгемелерин окутчу. Өжөрлүгү жакчу. Менин көз айнегим салынган кутучаны чөнтөгүнө салып, дайыма унутуп кетчү. Биз жаткан бөлмөнүн каалгасын тыкылдатып кайра келчү. Ишенсең, ошол, унутчаак адаты да мага жакчу.
- "Эркектер алганча, алгандан кийин башкача" дегендей, азыр ошол мүнөзү өзгөрсө керек?
- Кыял-мүнөзү мага баягы, жаш кездердегидей эле сезилет. Эч кимдин көңүлүн ооруткусу келбейт. Туугандарыбыз: "Ашыкча эле боорукер" деп калышат.
- Жолдошуңуз канча деген жакшы кызматтарда иштеп, китеп жазып кыргыз коомчулугуна таанылды. Үй-бүлөдө орду кандай?
- Канча жыл газетада иштеди, Кыргыз телерадиосуна да эки жыл жетекчилик кылды. Төрт-беш китеп жазды. Кыргыз коомчулугуна өзгөчө тагдыр катары таанылды. Айтпадымбы, байкеңер иште болобу, үйдө болобу, илбериңки, айткан сөзүн эки кылбайт. Өзгөчө тапшырылган ишке кадалып, андан майнап чыгармайын өзүнө канааттанбайт. Азыр дагы Баласагын атындагы Улуттук университетте болочок журналисттерге сабак берет. Лекциясынын маани-маңызына өзгөчө жоопкер мамиле жасайт.
- Чыгарма жазганда бөлмөсүнүн каалгасын ичинен бекитип, күндөп-түндөп отурмай адаты барбы?
- Андайы жок. Байкеңер жазгысы келсе иш үстөлүндө деле, ашканада деле, телевизордун маңдайында деле жаза берет. Бирок, бир жазбайт, миң жазат… Кайра-кайра көчүрүп, оңдоп, канча ак барактар айып болот. Кээде бир кыйлага чейин жалкоолугу да кармайт.
- Абдиламит мырзанын өкүнгөн учурлары болобу?
- Жаш өйдөлөгөн сайын адам айлана-чөйрөгө кылдатыраак болуп, көңүл чиркин назик тартып, таарыныч сезими мурдагыдан жукара берет турбайбы. Бирөө-жарым менен жаздым учураша албай калса, жаңылыш сүйлөп алса өкүнүп калат. Анан гезит чыгаруу өнөрүнүн бийиктебей бастап, баркы мурдагыдай болбой бараткандыгы, ал өнөрдө өзүнүн мүмкүнчүлүгүн дагы толук жумшай албай калганына да өкүнгөн учурлары болот.
- Өзүңүз эмнеге өкүнөсүз?
- Жаңы келин болгондо кайненеме ысык чай сунуп, сый көрсөтө албагыныма өкүнгөнүм бар.
Байкеңдин "Тандыр" аңгемесин окуганда кайненемди көргөндөй болуп, тагдырына ыйлагамын…
- Жаш өйдөлөгөн сайын, тамакты да ылгап калат эмеспи. Тамакка "чыры" жокпу?
- Алдына келген тамакты "ал экен, бул экен" дегенин ушуга чейин уга элекмин. Тамак ылгабайт.
- Конокко барганды жакшы көрөсүздөрбү же конок тоскондубу?
- Конокко баруу, конок күтүү кыргыз баласы үчүн чоң сыноолордун бири го. Конокто болгондон көрө, конок күткөндү көбүрөөк каалайбыз, чын айтам. Бир жумалап, план түзүп, сценарийин жазып дегендей.
- Жолдошуңуздун кийим-кечесин сиз тандап бересизби?
- Тандоо жагынан Абдиламитке жетпейм. Ал бүгүнкү модага жараша кийингиси келет. Андыктан, өз кийимин өзү тандайт. Мен болсо, байкеңерге көрсөтүп, анын пикирине таянганды туура көрөм.
- Кимиңердин кыял-мүнөзүңөр уулуңарда көбүрөөк?
- Медердин чечкин-дүүлүгү, көшөкөрдүгү жагынан атасына окшош. Уяңдыгы да бар.
Жаңыл эже менен маектешкен соң, Абдиламит Мурзаевичтин ишине барып, баарлашып калдым.
- Абдиламит Мурзаевич, түштүк тарапта кичинесинен эле кудалап коет го. Кудалаганга туш болдуңузбу же..?
- 70-жылдары мындай болчу, таанышып эле эртеси бөктөрө ала качуу деген жок болчу. Ата-эненин, элдин көз карашын, назарын бийик кармачубуз. Ал кезде келинге, досторго, турмушка мамиле таптакыр башка болчу. Бүгүнкү күн менен салыштырып болбойт. Эмне деген жакшы заманда жашаптырбыз деп ойлойм. Менин апам маданияты күчтүү, алпейим адам болчу. Ооруп турса дагы "келин алып кел" деп шаштырган эмес. Атүгүл, бир дагы жолу "кайсы кызга көңүлүң бар?" деп сурабаптыр. Багына туш келгенин көрсүн дегенби, айтор, эркиндик берип койгон… Апам түшкө чейин тамак жасап, түштөн кийин тандыр жанында күйпөлөктөп жүрчү.
Менин бир арманым - апам келинине жоолук сала албай калганы. Келинин сүрөтүн гана көргөн. Студент кезде Жаңылдын сүрөтүн алып барып бергем. Аны төш чөнтөгүнө салып, "менин келечектеги келиним ушул" деп кошуна-колоңдорго мактаныптыр. Апама эжеңдин сүрөтүн көрсөтүп калганым - бул жашоомдогу көз ачыктыгым болгон экен…
Эжеңер апамды көрбөсө дагы мен аркылуу мүнөзүн, жүрүм-турумун билип калды. Барган сайын апама окшоп баратат. Апамдын кармаган буюмдарын ыйык кармап, улантып кетти. Атам 86 жашында бу дүйнөдөн өттү. Келинин жакшы көрчү. Анткени, үйгө келин келгенде, баары жанданып, үйгө кут киргендей болгон. Каттабагандар каттап, катып калган буюмдар кыймылдап дегендей… Салт-санааны бат эле өздөштүрүп кетти. Камыр-жумур болуп кетүү адамдын өзүнөн экен. Нарын шаарында чоңоюп, өссө дагы билгичтик менен үзүлгөндү улап, башынан жоолугу түшкөн жок. Биз жакта аял, эркек өзүнчө отурушат, аны да туура түшүнөт. Кыскасы, ишбилгилиги, дилбилгиги менен бат эле элдин оозуна алынып, эжең лидер келиндерден болду.
- Ал кезде "Ошко турмушка чыгат экен" десе, чет өлкөгө кызын берип жаткандай, ата-эненин жүрөгү түшчү эмес беле? Кайындарыңыз каршы чыгышса керек?
- Туура айтасың. Ал кезде, чынында эле түндүктөн Ошко турмушка чыгуу жанданып келаткан. Жеңеңер эрдик жасаган экен деп калам. (Күлүп) "Сиз каяктыксыз?" деген собол келсе, "оштукмун" дейт. Кайнатамды көрбөй калдым. Ооруп жатканда "оштук жигит менен сүйлөшүп жүрүптүр" деген сөз жетиптир. "Мейли, ушул кызымдын жолун тоспойлу, анын оюна коелучу" деп батасын берип кетиптир. Жолдун алыстыгына карабай, менин атам дагы эки-үч жолу Нарынга барган. Комузду жакшы черткен, дастанчы, төкмө, ырчы болчу. Комуз чертип, ырдап берип кудаларын таң калтырган.
- Салт боюнча сизге "сиз" деп кайрылса керек?
- Жок, сен эле дейт.
- "Түштүктүн жигиттери ашканага жакын" дешет. Сизчи?
- Мактангандай болбоюн, тамактын бардык түрүн жасайм. Андан уялбайм. Эжеңдин мени жактырып калганынын бир себеби ушундан болуш керек. Жаңы үйлөнгөндө, көрүнгөн жерде квартиралап көп жүрдүк. Жеңеңер мага караганда жумуштан кеч келет. Ал келгенче тамак жасап, даярдап коем. Алгач аябай таң калып жүрдү. Жеңеңер ашкана сырларын менден үйрөндү окшойт.
- Эркектер аялзатын акыл же камчы менен тарбиялайт экен. Сиз камчыладыңызбы же акыл айттыңызбы?
- Аял көп ыйласа, үйдөн кут качат. Андыктан, аларга дайыма аяр, назик мамиле жасоо керек.
- Эже сизди "романтик" деди. Майрамдарда гүл көтөрүп барып, көңүлүн ачсаңыз керек?
- Чынын айтсам, гүл көтөрүү өөн учурайт, кызыктай боло берем. Бойдок кезде гүл берчүмүн. Киного барчубуз, паркта басчубуз. "Сүйөм" деген сөздү да айтчу эмесмин. Бул сөздү көп айтпаш керек. Майрамдарда жеңеңердин чекесинен өөп же саамайын сылап коем. Көңүлүмө туура келген белек-бечкекти берип жүрөм.
- Бири-бириңиздерди кызганасыздарбы?
- Кызгануу дегенди бир сөз менен айтса да болот, бир нече сөз менен айтса да болот. Ишенич бар жерде кызганыч болбойт. Бири-бирибизди жакшы билгендиктен, кызгануу дегенди билген жокпуз.
Албетте, чыгармачылык чөйрөдөгү адамдын артынан сөз ээрчийт экен. Биздин үй-бүлөнүн фундаменти бекем куюлган. Мен ушуга ыраазымын. Эми ыймандуу келинге туш болсок экен деген изги тилек менен жашап жатабыз. Кудай таалам бизди ошол күнгө жеткизсе экен!
- Жаңыл эжеге арнаган чыгармаңыз качан жазылат?
- Ушул нерсени ойлой элекмин, чын…
- "Эгерде кайра жаралып, кайра жашасам" деген сөз бар го…
- Бул жашоомду алмаштырбас элем!

Маектешкен
Назира СААЛИЕВА