Кулагыңарга күмүш сырга

МЕН КИМДИ "ТАЛКАЛАП" ЖАТАМ?
Өзүңдү бүтүндөй кыргыздын акылманы сезген күндө да кайра-кайра эле бир маселеге кайрыла бериш, менимче, бериси болгондо, азырынча сен чыгарган гезитти окуп, сага деген азыноолок ишенимин жогото элек бае окурманды сыйлабай, "менин айткандарымдын баарысы 100 пайызга туура. "Калгандары сҮйлөбөй эле койсун"- деген чопорлуктун чоорун тартып турган жосун экенин билип турам. Анан калса, айлана - чөйрөгө болгон жеке мамилемди, айрым оппоненттериме" түз же кыйшык көз карашымды, жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон сый дейбизби, атаандаштык дейбизби, ичтардык дейбизби мамилемдин оош-кыйыш, күңгөй-тескей кырларын кыйынсынып эле өзүмдүн гезитиме улам-улам жаза бериш аброй алып келбесин алданемедей эле түшүнүп турам.
Кандай болгон күндө да "кулак укса, курсак кайнайт" деген пендечиликтен жогору көтөрүлүүгө даяр эмес окшойм. Мындай алсыздыгымды "Учур" гезитинин 27-августтагы №32-саны менен "Айат-пресс" гезитинин 03.09.09-жылдагы №31-санын окуп сездим.
"Учурдун" 3-бетинде "Айат-прессти" Б. Жээнбеков сотко берди" деген темада чакан маалымат жарыяланыптыр. Анын журналисттери "Айат -пресстеги" кичинекей маалымат анын кадыр-баркына шек келтирген имиш. Аброюн 3 миллион сомго баалаптыр. Б. Жээнбеков "Эл сөзү" гезитин дагы сотко берген эле, алардан 5 миллион сом талап кылып. Бабыр мырза бул жоругу менен бардык гезиттерди талкалайын деп атканыбы? Болбосо гезит башына сот иши түшкөн кандай экенин өзү деле жакшы билет го" - деп бүшүркөшүптүр.
Ушундан улам, жалпыга маалымдоо каражаттары болобу, жеке адамдар болобу, же юридикалык жактар болобу, бир маселенин башын ачып алуучу учур келгендигин айтып койгум келди.
Ириде, мага оппонент болгусу келгендердин оң кулагына да, сол кулагына да күмүш сырга: мен сотко "Эл сөзү" менен "Айат- пресс" гезиттерин гана эмес "Пресс кg" гезитин да, жеке адамдардан Рыскелди Момбеков менен Сагынбек Момбековду да бергем. Себеби, алар менин ар-намысыма, аброюма, адамдык жана кесиптик беделиме доо кетиришти, моралдык жактан зыян келтирген маалыматтарды билип туруп таркатышты деп эсептейм.
"Учур" гезити "Айат-пресстеги" кичинекей маалымат анын кадыр-баркына шек келтирген" деп келип, анан ичиркенбей туруп эле "имиш" дегенди кошо койбодубу. Себеби түшүнүктүү, кокуc мен редакцияны сот залына сүйрөсөм "уккан кулакта жазык жок. Биз өзүбүздүн божомолубузду айттык" - дегенине жакшы. Ушинтип жоопкерчиликтен кутулабыз" дешет. Пендебиз да. Бирок, ошол эле "учурчулар" "Айат-пресс" гезити уят-сыйытты жыйыштырып коюп, бети табактай бирөөсүнүн айдагына алданып, 2009-жылдын 11-июнундагы №23-санына чыккан "кичинекей маалыматты" өздөрүн менин ордума коюп окуп чыгышса болмок, атаганат.
"Америкада "Атамекен" партиясынын атын сатып жүргөн Равшан Жээнбековдун атасы Бабырбек Жээнбеков "Ачык саясат" гезити менен Кыргызстанда оппозициянын атын сатып оокат кылып жҮрөт деген каңшаар тарады. Тараганда да аталган гезиттин болгон документтерин катып алып, кесиптештеринен качып жүргөндүгүн угуп, биз да маалыматты тактоо үчүн орун басары Рыскелди Момбековго телефон чалсак, ал жигит да белгисиз себептер менен кызматынан бошоп кеткени белгилүү болду".
Эгерде, "учурчулар" үчүн мына ушундай маалымат бирөө-жарымдын кадыр-баркына шек келтирүүсү күмөн болсо ("имиш"), алардын кабылдоо, сезүү, туюу мүмкүнчүлүктөрү жалаң муздак, ок өтпөс бетондон куюлган окшойт дегенден башканы айтуу мүмкүн эместей.
"Учурчулар" жогорудагы өздөрүнүн "кичинекей маалыматын" чүргөп жатып, "айатчылардан" бир ооз сураган бекен "Урматтуу кесиптештер! "Ачык саясаттын" башкы редактору катары силер Бабырбек Жээнбековду жек көрүшүңөр мүмкүн. А бирок, бул жерде фашисттерди жек көргөндөй абалда анын уулу Равшан Жээнбековду жек көрүүңөрдүн себеби эмнеде? -деп.
Кайдан? "Учурчулар" антип суроону ойлоп да коюшкан эмес. Себеби, бул учурда аларга чындык эмес, бир нерселерди "учуруу" , ага окурмандардын көңүлүн буруу керек болгон. Ошондуктан, алар "Бабыр мырза бул жоругу менен бардык гезиттерди талкалайын деп атканыбы? Болбосо гезит башына сот иши түшкөн кандай экенин өзү деле жакшы билет го" -деп бүшүркөшүп, кайра мени "сөзгө сөлтүк, кепке кемтик" кылгылары келип отурушпайбы.
Мен чындан эле "гезит башына сот иши түшкөн кандай" оор экенин, айрыкча сенин гезитиңдин "башкесери" өлкө президентинин урук-жуураты болуп, сенин миң чындыгың бир тыржык сөзүнүн тараза ташын баса албай туруусу алардын канчалык азап-тозок экендигин аябай жакшы билем.
Мына ошолорду билип, жон теримден өткөрүп туруп мен бекеринен "Эл сөзү", "Айат- пресс", "Пресс кg" гезиттерин, Рыскелди, Сагынбек Момбековдорду сотко бергеним жок.
Ошол эле убакта, мен "бул жоругум менен бардык гезиттерди талкалайм" деген ойдон алысмын. Тескерисинче, түшүнгөн адамга, мен кыргыз журналистикасын бульвардык деңгээлден көтөрүп, ушак-айыңдан алыстатып, накта чындыкты, накта фактыны суу кошпой жаза турган бийиктиктен көрүүнү эңсеп отурам. Ошон үчүн мен "Айат-прессти" сотко берип, оозуна келген сөздү оттой бербесин деген максатта жоопкерчиликке чакыргам.
Эгерде мага гезит эле болсо сотко берүү керек болсо, "Учур" гезитин 27-августтагы саны үчүн жоопко тартуу мен үчүн кыйындыкка деле турмак эмес. Анын 3-бетиндеги "кичинекей маалыматы" менен 8-бетиндеги "саясий ырчы" Сагынбек Момбеков менен "Гезитимди жапса, элден 1 сомдон чогултам" деген темадагы ындыны өчкөн маеги эле гезитти сот жообуна тартууга эң сонун юридикалык негиз болуп бермек.
Мен "Учур" гезитин "өлгөнгө көмгөн" кылгым келген жок. Бирок, ошол маеги, андагы айткан сөздөрү үчүн "саясий ырчы" Сагынбек Момбековду мурдагы ишине кошумча доо арыз менен Бишкектин Ленин райондук сотуна бердим. Анткени, буга чейин эле С. Момбековго тиешелүү "Эл сөзү" гезитинин бетинен Р. Момбеков деген "аяш уулум" мага "азуусун аябай көргөзгөн" болчу. Анан эле жоопкерчилик тартуунун учуру улам жакындаган сайын "арстандар" мышыкка айланып алардын "элчилери" артымдан калбай этектей бергенден улам алардын айткандарына муюп, адамга жаманчылык каалабаган жаным элдешүүгө эпке келип да калган элем.
Кудайдан болуп, мага берген убадасын Сагынбек Момбеков өзү бузуп "мени карап ыйлап, ары карап ырдап" отурбайбы, "Учурдун" бетинен. Ушинтип, сенин алдыңа келип бирди айтып, арыдан атасы менен баласын кошоктоп шыбап отурган адамдар менен кандай кечирим жөнүндө сөз болуусу мүмкүн?
Айтайын деген сөзүмдү чала моңол айттым окшойт деп сөзүмө чекит коюп отурсам, дагы бир пикирлеш иним келиптир "Биринин артынан бирине"тийишпей эле койбойсузбу. Элге жаман көрүнүп каласыз го" -деген аргументин артынып алып.
Арга жок күлөт экенсиң да.
Айрыкча, "Айат-пресстин" жазгандарын окуп алып. Көрсө булар "жалаң кыздар жамааты" тура. Кудай акы, билбептирмин. Ушул сөздөрү үчүн эле эртең соттон доо арызымды артка алууну чечтим. Бирок, Жылдыз айым туура түшүнсүн, корккондугумдан эмес, алардын кыз атын сыйлаганымдан.
Жылдыздын сөзүнө аралжы, биринчиден, мен журналистикага аралашкан убакта, атам закон болбосо да, 1965-70-жылдар болчу. Ошол жылдардагы "Ленинчил жашты" эле карап койсоң, ким кандайча "бышкандыгын" көрөсүң.
Экинчиден, мындан ары гезитиңер кимдин ырын "ырдаарын" билбейбиз ("Жаныш Бакиев сатып алган" - деп өзүнүн эле кыздары айтып жүрөт деп уктум), бирок менин болобу, уулумдун болобу, дарегине негизсиз сөздөр айтылса, бири-бирибизге таарыныч болбойт го деп ойлойм.
Ушундан улам ары барып, бери келип жатып гезиттер, оппонентерим ортобузда бүгүнкү күндүн бир оор проблемасы калкып чыкты. Сени менен чогуу эле жүргөн адамдар пастык кылып, сызга отургузуп кетиши ыктымал.
Сени өзүңдүн эле кесиптештериң айда -а шыбап, элге мокочо кылып көө сыйпап көрсөтүшү мүмкүн.
Сен эмне, аларды ичиңе жутуп коюп, сыртыңдан сыр бербей зымпыйып жүрө беришиң керекпи?
Көрсө, керек экен. Сага жакса да, жакпаса да керек экен. Кээде сенин аброюңдан да жогору турган кыз балага кечиримдүүлүк, кеңпейилдик деген түшүнүктүн алдында чөгөлөөгө мажбур экенсиң.
Бирок, бул деген сенин төбөңдөн шорголото жугунду куюп, колуңдагы ырыскыңды тартып алууга аракет кылган эркектаналарга жасалчуу иш эмес.
Андай адамдар менен сүйлөшүүнүн, кечиришүүнүн эң түзүк жолу-соттун чечимин төш чөнтөгүңө салып коюу экен. Мындай учурларда ким гана болбосун гезитке бир нерсе жазаардын же бирөөлөргө бир нерсе айтаардын алдында ошол сөздөрү чындыкка шайкеш келеби, эгер келбей калса ал сөздөр багышталган адамдын жан-дүйнөсүнө бүлүк салып, кадыр-баркына шек-шоорат келтирбейби деген ойду бапестебей койбойт. Биз сөздүн баркы менен сөздүн кунун мына ошондо гана түшүнүп, ошондо гана аларга баа бере алабыз.
Бабырбек
ЖЭЭНБЕКОВ