Ата Мекен коркунучта!

БӨТӨНЗОРДУК КЫРГЫЗ СОМУНАН БАШТАЛАТ
Кыргыз мамлекетинде акча күрөшүнүн экинчи этабы башталды десек болчудай. Кыргыздарды ээлеп алган орус акча ээлери бүгүнкү күндө өздөрүнүн пландарын ырааттуу жүргүзүп жаткан учур. Эми ушул экинчи этаптын олуттуу жактарын элге түшүндүрөлү. Бул үчүн биздин улуттук валюта болуп эсептелген СОМдун тагдыры, анын биздин келечекке тийгизген таасири жөнүндө жазууга туура келет. Албетте, мындай маселе окурмандарды зериктирип жибериши мүмкүн. Бирок эгерде биз өлкөбүздүн, Ата-Журтубуздун тагдырына кайдыгер карабасак, анда мына ушундай олуттуу маселелерди түшүнгөнгө аракет кылууга тийишпиз. Ансыз биздин патриоттуулугубуздан бир тыйынчалык да пайда болбойт.
Учурда Борбордук Азияда жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында орус жана кытай акча ээлери абдан олуттуу күчтөр болуп эсептелет. Аталган аймакта киргизилүүчү бирдиктүү валюта үчүн болгон күрөш ушул эки күчтүн ортосунда жүрүүдө. Кытайлык акча ээлери Түркмөнстанга сүрүлүп, Каспийдин түштүк тарабындагы алакандай аймакта гана таасирин сактап калгандыгын буга чейин жазып кеткен элем. Эми бүгүнкү күндөгү күрөштүн жүрүшү кандай?
Орустар бирдиктүү валютаны киргизүү үчүн жан үрөп, ошол бирдиктүү валютанын негизи болуп берүүчү экономикалык системаны түзүп баштаган учурда кытайлыктар орустарга каршы "ат менен жүрүш жасашты". Кытайлар Американын тышкы карыздарын кечебиз деп жарыя кылышты. Алар акыркы айларда эле 27 млрд доллар суммасындагы Американын карыздарын башка өлкөлөргө сатып жиберишти, андан кийин Американын Кытайга болгон карыздарынын эсебинен кытайлыктар Американын ипотека системасына 2 млрд доллар салым кылууга өтүп, чет элдик компанияларды сатып ала башташты. Ушул жерден жөнөкөй сөз менен түшүндүрө кетели: кытайлык акча ээлери орустарга уттуруп коюшту. Ошондуктан, алар биздин региондо киргизилүүчү бирдиктүү валюта үчүн күрөштү токтотуп, доллардагы үлүштү сатып алышты. Муну мисал менен түшүндүрөлү. Мисалы, биздин өлкө акча басып чыгарат дейли. Биз болгону 100 сом гана басып чыгара алабыз. 100 сомдон ашып кетсе акча көп болуп, товар аз болуп, акчанын куну кетип, инфляция өсөт. Бирок бизге 200 сом абдан зарыл болуп жатат дейли. Ошондо биз 100 сом басып чыгарып, дагы үстүнө 100 сомдун баасындагы карыз кагазын "келечекте 100 сом беребиз" деп чыгарабыз. Ошол карыз кагазын экинчи өлкөгө сатабыз. Ал өлкө карыз кагазды биздин сом менен эсептегенде 100 сомго сатып алат. Ошондо биз 200 сом акча таптык. Өзүбүздүн муктаждыгыбызды чечтик. Кийин 100 сом чыгарып, экинчи өлкөгө төлөп бердик да, карызыбызды жаап койдук. Эми ошол биздин 100 сомдук карыз кагазыбызды бир өлкө эмес, беш өлкө бөлүшүп сатып алса эмне болот? Ошондо биз ар бир өлкөгө 20 сомдон карыз болобуз. Биздин өлкө ушул карыздарын тындыргандын ордуна, дагы кошумча 100 сомго муктаж болду дейли. Дагы 100 сомго карыз кагазын чыгарып сатабыз деп жарыя кылабыз. Бирок беш өлкөгө биз 20 сомдон карызбыз. Алар мурдагы карыздарды тындырмайын биздин карыз кагазыбызды сатып алышпайт. Ошондо ошол беш өлкөнүн бир өлкөсү акылдуулук кылып 20 сомдук карызды кечет да, биздин жаңы чыгарган 100 сомдук карыз кагазыбызды толугу менен сатып алат. Демек, биздин өлкө келечекте чыгаруучу 200 сомдун 100 сомун (50 процентин) ушул өлкө контролдоп калат. Өзүнүн муктаждыгына жараша кааласа 50 сомун алат, кааласа 10 сомун алат, кааласа бардык сумманы толугу менен алат. Кытайлар да ушундай жолго түштү. Алар эми келечекте чыгарылуучу доллардын зор үлүшүнө ээ болушту (болжол менен 70 процентине). Бул биздин өлкөгө кандай таасирин тийгизет? Абдан олуттуу таасир берет.
Эң негизгиси, сом чыгарыш үчүн биз сомду Американын доллары менен камсыздашыбыз керек (бизде 100 сом чыгарыш үчүн 100 сом наркындагы Америка доллары болууга тийиш). Биз сатып алган доллардын болжол менен 70 процентин кытайлыктар контролдойт, демек биздин сомдун да наркынын болжол менен 70 проценти кытайлыктардын колунда. Жөнөкөйлөтүп айтканда, биздин сомду кытайлар каалаган жагына жетелей алат. Калганы айтпаса да түшүнүктүү. Шайлообек агай жазган бөтөнзордуктун түбү ушунда жатат.
Ал эми орустарчы? Аларда мындай коркунуч жок. Себеби, Россия америкалык доллардын үлүшүнө ээ болгон өлкөлөрдүн катарына кирип, жетинчи орунда турат. Андыктан алардын кызыкчылыгы таптакыр башка багытта. Орус акча ээлери региондо боло турган бирдиктүү валютаны өзүнө өткөрүп алуунун үстүндө иштеп жатышат. Бул валюта россиялык рубль менен камсыздала турган болду окшойт. Демек, орустар да, кытайлар да өз алдынча жеңишке жетишти десе болот. Бир гана биздин өлкө, же биз сыяктуу өлкөлөр ара жолдо калдык.
Жогоруда жазып кеткен абал биздин саясий системага да олуттуу таасирин тийгизе баштады. Бүгүнкү күндө биздин Президентибиз, Премьер-министрибиз, өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү Ысык-Көлдө эс алуудан келишти. Бекеринен жабыла Көл боюнда эс алды дейсизби? Келечекте боло турган кадрдык өзгөрүүлөрдүн планын бышыктап жаткан кез азыр, кыргызча айтканда портфелдер бөлүштүрүлүүдө. Эми түзүлгөн жагдайга карата суррогаттык өкмөттүн түзүмү аныкталууда. Бул өкмөттөн кытайлык акча ээлери да үлүш ала турган болду. Бекеринен кытайлык коргоо министрлигинин өкүлдөрү Ысык-Көлгө шашылыш келип, өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп кетишкен жок. Бир гана нерсе абдан катуу ойго салат. Кытайлык акча ээлери кыргыз өкмөтүнөн кандай үлүш алат? Күч түзүмдөрү жактан алып жүрбөсүн? Себеп дегенде, кытайлыктар Кыргызстандын экономикасында өздөрүнүн кызыкчылыктарын башка финансылык багыттар боюнча коргой алышат, андыктан ашыкча чыгым болуп кереги жок. Эмне үчүн алар чек ара кызматынын төрагасы менен жолугушту? Жерлерди сатып алуу деген балээ маселенин үстүндө иштеп жатышпасын кытайлыктар? Аксай жана Арпа маселесине арналган макалада кыргыз тараптан чек ара кызматынын төрагасы кол койгон келишим жокко чыгарылбай, жөн гана элден жашырылып коюлганын жазган элек. Балким ошол келишим уланып жүрбөсүн? Кыргыз өкмөтүнүн курамындагы күч түзүмүнөн кытайлыктардын үлүш алуусунун бир сыры ушунда жатса керек. Андай эле болсо, кытайлык акча ээлери кыргыз парламентинен да үлүш алууга умтулат. Анан парламенттин комитетинин добушу аркылуу жерлерди сатуу ийгиликтүү ишке ашуусу мүмкүн.
Мындай болушу мүмкүнбү? Албетте. Каркыраны да ушинтип алдырбадыкпы. Казактар алгач биздин финансылык чөйрөдө олуттуу орундарга ээ болушту, андан соң өкмөттөн олуттуу үлүштөрдү алышты, андан кийин парламенттен үлүш алышты, андан кийин маселе ийгиликтүү чечилди. Менин дагы бир коркконум: жер маселеси чечилип калып жүрбөсүн, туугандар?! Саткан тарап дагы, сатып алган тарап дагы мындай жаман кабарды элге кантип угузуштун жолун издеп жатышпасын?
Мына окурман, Ата Журтубуздун бирине бири байланышкан маселелери. Биз сомдун азыркы абалынын бир гана жагын жаздык. Калганын жазсак түшүнгөн кыргыз уулу жанынан түңүлөт. Ичиңди эңшергени, ушундай абалда мамлекеттик бийликке каяша кылаар олуттуу күч жок болуп жаткандыгында. Азыр кимге ишенебиз? Кимдин этегин кармайбыз? Ушундай учурда аргасыздан тарыхка кайрылат экенсиң. Франция 1958-жылы саясий жана экономикалык кризиске белчесинен батып, улуттун тагдыры абдан оор абалда калганда, бийликке Шарль де Голль келген. Ал учурда Франциянын экономикасын америкалыктар бекем ээлеп, Франциянын толук кожоюну болуп калышкан. Шарль де Голль акырындап ырааттуу экономикалык саясат жүргүзүп жатып, акыры балээнин баары француздардын акчасы болгон франктын абалында экенин түшүнөт. Көрсө, ошол кезде алардын акчасы да биздин сомдун азыркы таз кейпин кийип калган экен. 1965-жылы Шарль де Голль улуттук акчасын доллардык камсыздоодон бошотуп, алтын стандартына өтүп, эл аралык эсептешүүлөрдө долларды колдонуудан баш тартат. Мына ошол учурдан баштап француздар америкалыктарды өзүнүн финансылык аймагынан сүрүп чыгарып, алар менен тең-тайлаш саясат жүргүзө баштайт. Мунун менен эмнени айтмакчымын? Биз эгерде өзүбүздүн Ата-Журтубузда толук кожоюн болгубуз келсе бир гана нерсени түшүнүүбүз керек -- сомдун тышкы акчага көз каранды болушун токтотууга тийишпиз. Ошондо гана бөтөнзордукту токтотууга эң жакшы тирек табабыз.
Кален СУБАНОВ,
публицист