Президент системаны өзгөртөм дейби, ыя?

Президент К.Бакиевдин Жогорку
Кеңештин сессиясында сүйлөгөн сөзү.
Урматтуу депутаттар!
Мен өлкөнүн жаңы шайланган Президенти катары сиздерге биринчи жолу кайрылып жатам. Биздин кызматташтык мындан ары да жемиштүү жана иштиктүү болот деп ишенем. Ошондуктан, парламентти таркатуу жөнүндөгү ар кандай имиштер орунсуз экендигин ачык айтып коёюн. Жогорку Кеңешти таратуу эч кимдин оюнда жок. Буга эч кандай зарылчылык да жок, бул сөздөр - негизсиз ушактар.
Урматтуу депутаттар! Азиз мекендештер!
Шайлоонун таймаштары артта калды. Эми иштей турган кез - Президенттин Жаңылануу багытында белгиленген убадалар менен максаттарды ишке ашыруунун мезгили келди.
Дал ошондуктан мен экинчи мөөнөткө бардым. Кыргызстанды нагыз көз карандысыз, жашоонун бийик сапатын камсыз кылган ийгиликтүү өлкөгө айландыруу үчүн зарыл болгон реформаларды өткөрүүгө бекем ниеттенип турганымды белгилегим келет. Реформалар бирөөлөрдүн үлгү-мисалдарын туурап, кайталоо катары кабыл алынса, алар эч нерсеге арзыбайт. Бирок, биздин жеке көйгөйлөрдү чечүү үчүн реформалар бизге бүгүн өтө зарыл болуп турат. Мындай көйгөйлөр бизде толтура, тек гана аларды туура аныктап, анан аларды жоюунун жолдорун табуу керек.
Биринчи көйгөй - коомдук пикирде улуттук жана мамлекеттик идеологиянын жоктугу. Биз, ар башка социалдык жана этникалык топтордун өкүлдөрү бул өлкөдө, бул жерде кантип жана эмне үчүн жашап жатканыбызды айкын түшүнүүбүз зарыл.
Бүгүн бул маселеде ачыктык жок. Бийлик менен оппозиция демократия, адам укуктары, рынок экономикасы, салттарды сактоо, күчтүү мамлекет, улуттук мүдөөлөр жана башкалар тууралу көп эле айтып келатышат. Бирок булардын баарын мамлекеттик бир бүтүн организмге бириктирүү өтө эле татаал. Батыштын шаблондорун жана бөтөн үлгүлөрдү сокурлук менен көчүрүүдөн да эч пайда жок.
Менин бекем ишенимимде, биз өз мурасыбызга, ресурстарыбызга жана келечекти өзүбүз кандай көрөрүбүзгө жараша алга карай кадам шилтөөгө тийишпиз. Ушул түшүнүк болбосо, коомдо биргелешкен кыймыл-аракеттин жана туруктуу өнүгүүнүн болушу мүмкүн эмес. Өлкөнүн саясый жана башкаруу системасын акыл калчап куруу да мүмкүн эмес.
Биз бекер жеринен "республика" деп аталбасак керек. Бул деген "жалпы иш" дегенди, башкача айтканда, жалпы максаттарды ишке ашыруу үчүн адамдардын баш кошуусу дегенди билдирет эмеспи.
Эгер биз глобалдык дүйнөдө ийгиликтүү, бардыгынын коопсуздугун, турмуштагы жетишкендик үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү, байгер жашоо сапатын камсыз кыла алган ынтымак-ырашкердүү коом түзүүнү "жалпы иш" дей турган болсок, анда биз бул максаттарга ылайык башкаруу системасын түзүүгө тийишпиз.
Өлкөнүн учурдагы шарттары, саясый жана экономикалык кырдаал ошол эле салттуу жана директивалуу жол-жоболор менен катар демократиялык жол-жоболорду колдонуу түрүн жана ченемин аныктай алат.
Көйгөйдү чечүүдө жаңы нерсе менен эски салттардын акылга сыярлык теңсалмагына таянуу керек. Бул өз мурасыбыздын ресурсун, зарыл тажрыйбаны жана технологиялык жетишкендиктерди пайдаланууга өбөлгө түзөт.
Акылга сыярлык теңсалмак принциби ченемсиз жана тынымсыз ичип-жемейчиликтин арты жаманчылыкка алып барарын акыры сезген бүгүнкү посткризистик дүйнөдө өтө актуалдуу болуп калды. Бул идеологиялык принцип кыргыздардын салтында, табият менен коюндашып жашаганга, жана ченемдеп керектөөгө негизделген дүйнөсүндө терең тамыр жайган. Маселе кырдаалды сабырдуу калчап, иштин чоо-жайын так аныктоого барып такалып жатат.
Бизде болсо бүгүн, тилекке каршы, бийлик структуралары тарабынан орун алган көйгөйлөр көбүнесе жашырылат. Экинчи жагынан, көпчүлүк оппозициянын жана бейөкмөт уюмдардын олуттуу сын айтканы токтобой жатат. Ал сын өзү Батыш коомдору тарабынан башка саясый жана социалдык жагдайлар үчүн иштелип чыккан абстрактуу түшүнүктөргө таянганы да белгилүү.
Республика деген түшүнүк жана акылга сыярлык теңсалмак принцибине негизделген идеология ошол ар башка кызыкчылыктагы топтордун чечим кабыл алуу процессине тартылышын жана бизнестин, жарандык коомдун өлкөнү башкарууга катышуусун билдирет. Башкаруу системасын реформалоонун башкы милдети дал ушул проблеманы чечүү болуп саналат.
Башкача айтканда, биздин өлкөнү акыл-эс менен жаңылоонун каражаттарынын, максаттарынын жана баалуулуктарынын зарыл теңсалмагын камсыз кылган механизмди түзүү керек.
Экинчи проблема - Советтер Союзунун кулашынын кесепеттеринин биздин аң-сезимде жана мамлекеттик түзүлүшүбүздө алигиче жоюлбай калып калганы.
СССРдин өнүгүү программасын ишке ашырган башкаруу системасы кулады, а бирок Кыргызстандын өзгөчө шарттарына жараша башкаруу системасы түзүлбөгөн бойдон калган.
Бул көйгөйдү баары эле терең биле бербейт. Натыйжада башкаруу системасы эски көз караш менен, эски иш ыкмасын колдонгон бойдон кала берди. Чечим кабыл алуунун жол-жоболору жана мамлекеттик кызмат көрсөтүү ыкмалары толугу менен чалдыбары эбак чыгып бүткөн эски башкаруу системасына таандык. Анда ар бир жаран чиновниктин көзүн карап, ага өз милдеттерин аткарганы үчүн салык төлөп келген.
Ушундан улам өзүбүздүн фундаменталдык изилдөөлөрдөн тарта кабыл алынган чечимдерди көзөмөлгө ала турган башкаруунун комплексин түзүү зарылдыгы келип чыгат. Бул башкаруу системасын реформалоонун экинчи милдети.
Үчүнчү көйгөй - биздин экономиканы жана маданиятты азыркы глобалдык дүйнөгө интеграциялоо боюнча натыйжалуу механизмдин жоктугу.
Советтик система жабык болуп, бул өңдүү милдеттер чет-жакадагы республикалардын алдына коюлган да эмес. Ошондуктан, мындай иш үчүн Кыргызстанда тийиштүү салт да, кадрлар да болгон эмес. Азыр мына биз сырткы көйгөлөр менен өтө кыйналып күрөшүп жатабыз.
Бул маселени заманга жараша чечүү үчүн иштөөчү механизмди түзүү зарыл. Ал изилдөөлөр менен натыйжалуу чалгындоо иштерин, кала берсе соода жаатындагы, инвестициялык саясатты ишке ашырганга, өлкө коопсуздугун камсыз кылганга жөндөмү бар, тил табышып сүйлөшө алган топторду камтыш керек.
Азыркы Кыргызстандын негизги көйгөлөрүнүн төртүнчүсү - биздин коомду жана мамлекетти куруучу кадрларды даярдоо системасынын жоктугу. Колдогу билим берүү системасы диплом берүү менен алек. Кадр саясаты жаш жана зиректүүлөрдү жылдырууга ылайыкташкан эмес, чиновниктердин ишин жана алардын кызмат боюнча көтөрүлүшүн баалоочу так эрежелер жок.
Бышып жетилген реформаларды ишке ашырып, алардын аткарылышын камсыз кыла турган кадрларды даярдоого карата коомдук жана мамлекеттик заказды калыптандыруу зарыл.
Мамлекеттик машинанын начардыгы, коррупция жана ресурстарды максатсыз сарптоо жогорудагы көйгөйлөрдүн чечилбегендигинен келип чыккан. Ошолорду жоюу үчүн өлкөнүн башкаруу системасын жаңылоонун биринчи этабы өткө-рүлмөкчү.
Урматтуу депутаттар!
Биздин коомду кайра жаңылоо үчүн өлкөнүн жетекчилиги менен катар эле сиздерден да саясый эрк жана акылмандык талап кылынат. Бул реформалар бир нече бөлүктөн турат, алар төмөнкүлөр:
o Биринчиси - өлкөнүн башкаруу системасын реформалоо. Бул Президенттин институтун, өкмөттүн структураларын жана функцияларын, укук коргоо жана сот органдарын кайра түзүүнү, жаңы аскер доктринасын түзүүнү ичине камтыйт.
o Экинчиси - экономиканы реформалоо. Бул бюджетти камдоонун жана анын мазмунун тактоонун, ишкердикке жана бизнеске шарт түзүүнүн, коомдук байлыктарды үзүрлүү пайдалануунун жол-жоболорун камтыйт.
o Үчүнчүсү - маданиятты жана адамдын кудурет-күчүн кайра өндүрүү системасын реформалоо. Ал маданий саясаттын, билимдин жана социалдык коргоонун маселелерин камтыйт.
Эми реформаларды жүргүзүүнүн стратегиясы тууралуу. Постсоветтик өлкөлөрдүн эгемендигинин алгачкы жылдары батыш үлгүсүнө таянуу менен экономикалык жана укуктук кайра түзүүлөрдүн эсебинен тез арада реформаларды ишке ашырабыз деген жалган көз караш өкүм сүргөн. Орусиялык радикалдар сунуш кылган "500 күн" дегенди эстейличи, ушунча убакыт ичинде алар зор өлкөнү жаңылайбыз деп ойлошкон эле. Тез арада реформалоо аракети ошондо ишке ашпай калган.
Башкаруу системасын өзгөртпөй туруп, кадрларды алмаштыруудан майнап чыккан эмес, чыкмак да эмес. Экономикалык жана укуктук реформалардын алдында коомдук макулдашуунун идеологиялык негиздерин жана мамлекеттик башкаруу машинасын кайра түзүү зарыл экендигине эми гана көзүбүз жетип отурат.
Бирок бул түшүнүк да көпчүлүк постсоветтик өлкөлөрдө чыныгы кайра түзүүлөргө бура алган жылышка алып келген жок. Мунун да түшүндүрмөсү бар. Мындай кайра түзүүлөр таасири күчтүү финансылык, саясый, социалдык топтордун мүдөөлөрүнө төп келе бербейт окшобойбу.
Реформалар бизде да айыгышкан каршылыкка туш келерин мен жакшы түшүнөм. Айрым топтор көнгөн адатына жана мүдөөсүнө жараша реформалар идеясын бюрократтык айлампага салбайт деп да айтуу кыйын.
Бирок убакыт жагынан алганда кайра түзүүлөрдү өткөрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү өтө эле тар. Бул менин президенттик экинчи мөөнөтүмдүн биринчи жарым жылы. Андан тышкары, мүмкүнчүлүктөр чеги кризиске да жараша болот. Дал кризистик кырдаалда нукура өзгөрүүлөр үчүн өбөлгөлөр пайда болот.
Ошондуктан, эчтемеге карабастан туруп, биз:
o реформаларды ырааттуу жана үзгүлтүксүз, чечимдерди жана кадрларды даярдоо ченемине жараша өткөрүүгө;
o реформалоо процессине аны аткаруучуларды тартууга тийишпиз.
Реформалардын биринчи этабында биз башка багыттар боюнча айрым өзгөртүүлөр менен коштолгон башкаруу системасынын реформасына басым жасамакчыбыз.
Эми Кыргызстандагы бийлик жана башкаруу системасын реформалоо боюнча конкреттүү милдеттер жөнүндө. Мен "бийлик" жана "башкаруу" деген эки сөздү атайылап жанаша койдум. Не дегенде алар синонимдер эмес, алардын идеологиясы ар башка.
Эгер биз башкаруу бийликте топтолгон деп айтсак, демек, анда бийликке таандык эместин бардыгы өлкөнү башкарууга катыша албайт. Демек, коомду бийлик гана тескейт. Мен мындай моделге каршымын.
Мен шайлоо кампаниясы маалында өлкөнү башкарууда бийлик менен коомдун диалогу жана шериктештигинин зарылдыгы жөнүндө көп жолу айткам жана буга ишенем. Ал эми коомдун катышуусу кандай болорун, анын жол-жоболорун жана механизмдерин, ошондой эле бийликтин компетенциясы менен жоопкерчилигин так ажыратуу деген башка кеп. Бул, менимче, реформалардын биринчи даражадагы милдети.
Кыргызстандагы мамлекеттик бийликтин туу чокусу болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Институту эсептелет. Жеке Президент эмес, дал Институттун өзү. Ошондуктан, бийликти жана башкарууну реформалоо жолунда биринчи кадам Президенттин Институтунун реформасы болуп саналат.
Бул жерде эмне иш жасалууга тийиш?
Биринчиден: мамлекеттик бийликтин жогорку деңгээлинде чечимдерди кабыл алууга коомчулуктун чыныгы жана кеңири катышуусун камсыз кылуу. Президенттин Институтунун структурасында улуттун интеллектуалдык жана маданий кудурети топтолууга тийиш.
Мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алууда Президент ар кандай кызыкчылыктары бар топтордун, ар башка маданий жана кесиптик жамааттардын, өлкөнүн беделдүү адамдарынын ой-пикирлерине таянууга тийиш.
Коомчулук менен диалог түзүү иштери шайлоо кампаниясы учурунда эле башталганын сиздер жакшы билесиздер. Ооба, ал учурда биздин оппоненттер аны шайлоо алдындагы баш айлантма технология деп аташкан. Анда да айткам, азыр да айтайын: бул мен үчүн шайлоо технологиясы эмес. Бул коом менен бийликтин шериктештигине негизделген азыркы дүйнөдөгү бирден бир башкаруу системасы болуп саналат.
Президенттин Институтунун алкагында эки жаңы структура - Жогорку курултай жана Президенттик кеңешме түзүлмөкчү. Кыргызстандын Жогорку курултайы - бул Президенттин алдындагы кеңешүүчү орган болуп, ага өлкөбүздүн аймактык, конфессиялык жана этно-маданий жамааттары кирмекчи.
Президенттик кеңешме ар кандай кызыкчылыктагы топтордун - жаштардын, бизнестин, жалданма эмгектин, агрардык жана өнөржай комплексинин жана башкалардын тынымсыз диалогунун жана өз ара теңсалмагынын аянтчасы болуп калат.
Коом менен бийликтин өз ара макулдашкан сунуштарын иштеп чыгуу Президенттик кеңешменин экинчи маанилүү милдети болуп калмакчы.
Коомчулуктун каалоо-тилектерин угуп коюу бир кеп, эми ошол каалоо-тилектер өкмөт жана бийликтин башка борбордук органдары, ошондой эле мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү башкаруу тарабынан аткарыларын билүү керек.
Кабыл алынган чечимдерди координациялоо жана алардын кесепеттерин баалоо - Президенттик кеңештин үчүнчү милдети. Президенттин бардык мамлекеттик чечимдери ушул эки структуранын пикирин эске алуу менен кабыл алынат.
Дагы бир маселе. Президенттин администрациясынын ишмердигине байланыштуу коомдогу сын пикирлер мага жакшы белгилүү. Кептин баары администрация көбүнчө өкмөттүн функциясын кайталап, Президент менен башкаруунун башка структураларынын арасында сөз жок ортомчу болуп калганында. Эми мындай болууга тийиш эмес. Бул - кечээки заман.
Ошондуктан, администрация азыркы турушунда өзгөрүлөт. Анын иши сапатына жараша аныкталат. Мында администрациянын кайталанма жумуштары өкмөттүн аппаратына өткөрүлүп, анын мүмкүнчүлүктөрү күчөтүлмөкчү. Өз кезегенде өкмөттүн жаңы аппараты министрликтердин функцияларын кайталоону жоюуга өбөлгө түзмөкчү.
Реформаларды жүргүзүү процессинде Мамлекеттик кызмат боюнча агенттик өзгөчө мааниге ээ болот. Дал ошол орган чиновниктерди даярдоого, кайра даярдоого жана тандоого жооп берип, бирдиктүү кадрдык борбордун милдетин аткарууга, өкмөт менен бирдикте алардын ишинин жаңы стандарттарын иштеп чыгууга жана киргизүүгө тийиш.
Иштелип чыккан бардык регламенттерди жана документ айлантуунун жол-жоболорун сактоонун да реформалар үчүн мааниси чоң. Биз кайсы бир маселелерди чечүү үчүн алардын чиновниктер тарабынан бузулушуна мындан ары жол бербөөгө тийишпиз.
Өзүмдөн баштайын. Мындан ары макулдашуу жол-жобосунан өтпөгөн бир да документке кол койбоймун. Министрлер, губернаторлор, депутаттар жана башка чиновниктер регламентте кабыл алынган жол-жоболордон өтпөгөн тигил же бул документке Президенттин колун койдуруу максатында мага кире берген практикага мындан ары такыр жол берилбейт.
Реформа негизги эки бөлүктөн турарын түшүнүү керек. Биринчиси - баарынын көзүнө көрүнгөн тез өзгөрүүлөр. Экинчиси болсо чечимдерди кабыл алуу жана аткаруу, калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессинде чиновниктердин ишиндеги көзгө көрүнбөгөн өзгөрүүлөр. Ушул көзгө көрүнбөгөн өзгөрүүгө жетишүү көп убакытты жана түйшүктү талап кылат. Биз бул ишти баштадык жана, буюрса, жакында үзүрүн көрөбүз.
Урматтуу депутаттар!
Президенттин Жаңылануу багытын талкуулоо учурунда өлкөбүздүн өнүгүшү, бул багытты кантип ишке ашыруу тууралуу көп сөз болду. Тигил же бул чөйрөнүн кынтыксыз иштешин камсыз кылуучу органдар ага жарабай турган болсо, андайлар өлкөнү өнүктүрүүгө тартылбаш керек деп сөз кылдык. Анда ким өнүктүрөт деген суроо туулат.
Бийликти жана башкарууну реформалоо алкагында биз өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган институттардын бүтүндөй комплексин түзүп жатабыз. Бул комплекске төмөнкүлөр кирет:
o Кыргызстандын өнүгүү Институту. Анын милдети - өнүгүүнү интеллектуалдык жактан камсыз кылуу.
Башкача айтканда, аталган институт фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөрдү жүргүзөт, улуттук стратегияны, долбоорлорду жана программаларды иштеп чыгат, алардын ишке ашышына көз салат, ар кайсы багыттар боюнча улуттук саясаттын натыйжалуулугун баалайт ж.б.у.с.
o Кыргызстанды өнүктүрүү фонду. Анын милдети - улуттук масштабдагы коммерциялык долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу.
o Бул комплекске өнүгүүнүн, инвестициялар жана инновациялар Улуттук агенттиги кирет. Анын милдети - инвестициялык жана ишкер чөйрөнү жакшыртуу, колдо бар ресурстарды натыйжалуу пайдалануу жана кошумча ресурстарды тартуу, жеке-мамлекеттик шериктештикти өнүктүрүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу.
o Бул комплекске Улуттук долбоорлор да кирет. Алар билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо сыяктуу өтө татаал жана социалдык жактан өтө сезимтал чөйрөлөрдү реформалоо боюнча концептуалдуу негиздерди даярдайт.
Президенттин Институтунун алкагында, анын ишин идеологиялык камсыз кылуу функциясын аткаруу менен, өнүктүрүү институттарынын ишмердигин Президенттин Катчылыгы координациялайт.
Андан тышкары, Президенттин Катчылыгы Президенттин коомчулук алдындагы ишмердиги үчүн жооп берет, Президенттин Институтунун коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылат.
Функциялар так бөлүштүрүлсө, бардык өнүктүрүү структуралары бирдиктүү механизм катары иштөөгө тийиш. Мен компетенциялардын кагылышына жол бербейм. Ар кими өз ишин жасайт, ал эми өнүгүүнү чогуу камсыз кылмакчы.
Өлкөнү өнүктүрүү аталган структуралардын ичинде калбоого тийиш экенин кошумчалай кетейин. Өнүктүрүү - бул бүт коомдун милдети эмеспи. Ошондуктан, бул милдет окуу, илим, ишкер жана коомдук уюмдарды кеңири тартуу аркылуу чечилет.
Өнүктүрүү чөйрөсү менен мамлекеттик машинанын кынтыксыз иш-аракетинин ортосундагы акылга сыярлык теңсалмакты сактоо Президенттин ишмердигиндеги башкы милдеттердин бири. Кийинки жылдан тарта өнүктүрүү бюджети ишке кирет. Анын түзүлүшү да, коротулушу да коомчулуктун жандуу катышуусу жана көзөмөлү астында болот. Буга байланыштуу, урматтуу депутаттар, бюджетти кабыл алууга азырынча ашыкпай тургула деп өтүнөт элем. Бюджетти дагы бышыктап иштөө жана тактоо зарыл.
Урматтуу депутаттар!
Биринчи этаптагы реформалар комплексине өкмөттү реформалоо да кирет. Майда-чүйдөсүн айтпай туруп, мен башкысына көңүлүңүздөрдү бургум келет. Өкмөт башка коомдук структуралар натыйжалуу аткара турган иштерден акырындык менен бошонууга тийиш. Биринчи кезекте бизнеске таандык функциялардан.
Бүгүн өкмөт пландык-директивалык системага таандык көптөгөн чарбалык функцияларды аткаруу менен алек. Өкмөт айыл чарбасын, курулушту тескейт, өндүрүштүк долбоорлорду ишке ашырат, ушул сыяктуу башка иштер менен алектенет.
Ошол эле кезде, бизнеске, маданий жана коомдук өнүгүүгө шарт түзүү азыркы өкмөттүн негизги иши болууга тийиш. Бул ойду үч сыйра кайталаймын: өлкөнүн күч-кудуретин арттыруу үчүн жагымдуу шаттарды түзүү азыр өкмөттүн башкы милдети болуп саналат.
Экономикалык ишмердик жана бизнес бийлик тараптан ашыкча көзөмөлдөн жана кысымдан бошонууга тийиш. Экономикалык ишмердикти көзөмөлдөгөн мамлекеттик органдарды азайтуу, ишкерлерди текшерүүлөрдүн санын кыскартуу зарыл.
Укук коргоо органдарынын реформасы экономикалык кылмыштарды иликтөөдө ар башка органдардын кайталанма функцияларын жоюуну белгилейт.
Борбордук бийлик органдары калкка сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө тийиш. Мындай мамиле улуттук байлыктарды бөлүштүрүүдөн пайда таап көнгөндөрдүн катуу каршылыгына туш келерин түшүнөм. Мен буга даярмын жана андай каршылыктарды сындырарыбызды эскерте кетейин.
Шайлоо маалында, ага чейин эле коррупция менен күрөшүү тууралуу көп сөз жүрдү. Улуттук коопсуздукка чындап коркунуч туудуруп жаткан бул көрүнүштүн масштабдары жөнүндө мен Президент катары жакшы кабардармын. Жазалоочу чараларды четке какпай туруп, мен чиновниктердин кызматынан кыянат пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүн жоюуну коррупция менен күрөштүн башкы багыты катары санаймын. Өкмөттү чарбалык функциялардан бошотуу алгачкы кадам болууга тийиш. Эгер чиновник акча бөлүштүрбөсө, анда ага пара берүүнүн мааниси кетет эмеспи.
Чарбалык жана башка функцияларды коомдук структураларга берүү керек болсо - аларга беребиз. Албетте, ишке зыянын тийгизбей турганын эсептеп туруп, анан беребиз. Албетте, дароо эмес, ал структуралар бул кызматтарды мойнуна алууга даяр болгонуна жараша, акырындык менен берилет.
Коомдук ресурстарды натыйжалуу пайдалануу биринчи милдеттерден болуп саналат. Профсоюздар федерациясын алалы. Анын балансында зор менчик бар, ал өзүнө жараша пайда алып келбестен, бара-бара деградация болуп жатат. Мындай мисалдар ондоп саналат.
Ошол эле администрация алдындагы Иш башкаруунун балансында "Ысык-Көл" мейманканасы бар, ал өзүн өзү бага алган чарбалык субъект, ага каражат коротуштун кереги жок. Демек, аны өткөрүп бериш керек. Ошондой эле Ысык-Көлдөгү "Аврора" мейманканасына да бир топ каражат коротуунун эмне кереги бар?
Бирок биз дагы маанилүү эки нерсени ишке ашырбасак, анда бийликти жана башкарууну реформалоо боюнча жакшы ниетибизден майнап чыкпайт. Мен коопсуздук жана акыйкаттык тууралу айтып жатамын. Аскер реформасын, сот жана укук коргоо системаларынын реформасын тездетүү зарыл.
Укуктук жактан алганда дагы бир маанилүү жагдай бар. Конституцияда бекитилген айрым жогорку мамлекеттик бийлик институттары өзүнүн натыйжасыздыгын көрсөттү. Аларда татыксыз адамдар кызматты ээлеп отургандан эмес. Орган бар болсо да, бирок чыныгы коомдук зарыл функциялары жок экенин турмуш тастыктады. Мен мамлекеттик катчынын Институту жөнүндө айтып жатам. Бул Институт жоюлат. Ошондой эле Президенттин туруктуу кеңешчилеринин институту да жоюлмакчы. Жаңы системада бир эле мамлекеттик кеңешчи жетиштүү болот.
Урматтуу депутаттар!
Реформаларды өткөрүү үчүн Жогорку Кеңештин компетенциясына ылайык Конституцияга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Өзгөртүүлөр боюнча сунуштар жакын арада сиздердин карооңуздарга берилет.
Андан тышкары, реформалар айрым мыйзамдарды, мисалы, аскер кызматын же билим берүүнү жөнгө салган мыйзамдарды өзгөртүүнү талап кылат. Алар да жакында сиздердин карооңуздарга коюлат.
Сот жана укук коргоо системаларынын реформаларынын концепциялары да даярдалды, алар да жакынкы күндөрү талкууланган соң Жогорку Кеңешке берилет.
Урматтуу депутаттар!
16 жыл илгери эл ичинде "легендарлуу" деген атка конгон Жогорку Кеңеш Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тагдырын аныктоочу бир топ чечимдерди кабыл алган.
Бүгүн болсо, өлкөнү жаңылоого багытталган реформаларды алга сүрөөгө активдүү катышып, сиздер да тарыхты жаратып жатасыздар.
Кыргыз Республикасынын алга карай секирик жасоосу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түзүлүп турат, андан пайдаланбасак кечиримсиз болор эле.
Өлкө үчүн чукул бурулуш болгон ушул мезгилде Жогорку Кеңеш өзүнүн тарыхый озуйпасын аткарып берет деген ишенимдемин.