Кайчы пикир

Нурлан МОТУЕВ:
"Рамазан айында аялды мактоо - макүрөө"
Гезитибиздин жаштарга арналган салттуу темасын улантып, өткөн саныбызда жаш саясатчы Урмат Акунов менен болгон баарлашуубуздун соңу Нурлан Мотуевдин дарегине айтылган сын-пикир менен аяктаган эле. Эртеси Нурлан мырза окуган жеринен түз эле редакцияга келип, көпчүлүк билген оргу-баргы мүнөзүнө салып ачуу сөздөрүн айтып нааразыланган. Аз өтпөй " ачуулук менен айтып жибердим" деген сөздөрү үчүн кечирим сурап, "пландаштырылбаган жолугушуубузга" себеп болгон сын-пикирдин артынан ачылып бир жакшы маек куруп берди.


- Бир кезде кыргыз кыздарына болушуп, кытайларды сабап жүргөн Нурлан мырза "кыргыз кыздарын сөккөндү да билет экен" деген күдүк ой калтырдыңыз да?
- Эми кечирим сурабадымбы... Урмат Акуновдун артынан сени да сөгүп алдым. Ачууга алдырдым, кечирип кой. Ыйык Рамазан айынын жакшы жери амбицияны ооздуктап, кечиримдүүлүккө үндөйт. Орозо учурунда таарынышкандар, урушуп, мушташып, чабышып жүргөндөр жарашып, эрегишкендер элдешиши керек. Бирок, тилекке каршы, орозо учурунда мени шыбап калган учурлар кездешип жатат. Ошол мени сындаган адам, фактыга таянып сүйлөсө мейли дейт элем. Силердин өткөн саныңарга Урмат Акунов атайын келип интервью бериптир. "Жумгалдыктар Мотуевди колдобойт" деп бүт жумгалдыктардын атынан чечип коюптур. Эмне, ал элден опрос кылыптырбы? Жөндөн-жөн жалаа жапкандын дагы чеги болуш керек. Өзүм туулуп-өскөн Кызыл-Жылдыз айылымда, райондук депутаттардын чечими менен, чоң атам Моту Баатырдын аты узундугу 5 километр келген көчөгө коюлду. Неберелери Нурлан, Нурдиндин эмгектери да эске алынса керек... Андан тышкары, жайы бою мечит салдырып, айылымдын батасын алдым. Эч нерседен кабары жок, Жумгалдан 400 км алыс жашаган Урмат инимдин мага асылып калганы туура эмес. Жаштар рубрикасын ачып, аларды чыгарып жүрөсүңөр. Бул идеяңарды кубаттайм. Дайыма калтырбай окуйм. Анан Урматка окшоп жалган сүйлөгөн жаштар эртең эле сатып кетет. Өзүмдүн башымдан өткөн Кара-Кече окуясын айтып берейин. Ошондо мени сатып кеткендер да жаштар болгон. Баары эмес, албетте, кээ бирөөсү. Совет доорун көрүп калган адамдар, 35-50 жаштагылар, чынчыл, калыс, ак ниет, намыскөй болушат экен. Заман адамды өзгөртөт тура. Капитализмди аркалаган доор келип, адамдар акчага кызыгып, сатып кетип жатышат. Мисалы,"Кел-кел" кыймылынын башчысы Алишер Мамасалиев, революцияга эмгеги сиңбеген Максат Кунакунов капталдан чыга калып, парламентте олтурат. Мына - "Ак жолчулар". Аллахтын кулу эмес, напсийдин кулу болуп жүрүшөт. Ошондуктан жаштарды диндин негизинде тарбиялаш керек. Силерге чыгып жаткан жаштардын бири дагы дин жөнүндө сөз кылган жок. "Президент жаман, бийлик жаман" деп эле жатышат. Анда далилдеп беришпейби. Бакиев жаштарды колдоп жатат.
- Сиз Бакиевдин артыкчылыгын айтып жатасыз. Эми кемчиликсиз адам болбойт да?
- Кемчилигин айтсам, кичине жоошураак, ак көңүл, ишенчээк. Азике, Топчукеге окшогон адамдарды көчөдө калтырбай, бооруна тартыш керек болчу. Кадр жагынан аксап жатат. Эсимде, 2005-жылы 24-мартта, революция болоор күнү Жеңишбек Назаралиевдин медициналык борборунун тушунда Бакиев тобундагылар чогулуп, кылкылдаган миңдеген кишилер митингге даярданып жатышкан. Ар кайсы облустун лидерлери, ар кайсы түстөгү ленталарды баштарына байланып, бири-бирибизге парад көрсөткөнүбүздү эстеп күлкүм келет. Ошондо Равшан Жээнбеков жашыл чүпүрөк байланып, миңдеген таластыктарды баштап параддан өткөн. Аянтка да биринчилерден болуп кирген. Революцияга салымы абдан чоң болчу. Таласта дагы көтөрүлгөн элдин башында турбады беле. Анан ушул эмгектерин эске алып, бийлик Равшанды куугунтуктаганды токтотуп, мекенибизге алып келип, кызматка тургузуп, эл үчүн иштетсе жакшы болмок. Андан тышкары, көчөдө кыйкырып жүргөндөрдү бооруна тартып, Эшимкановдой кылып иштетсе болмок. "Кыйкырган башка, иштеген башка турбайбы" деп, өзү деле мойнуна алып жатпайбы.
- Сиз дайыма адамдарды сындап келесиз. А өзүңүзгө келгенде сынды көтөрө албайт окшойсуз?
- Мен кыйынмын дегенден алысмын. Жүйөөлүү сын болсо мойнума алам. Урмат калп айтып жатпайбы. Мына бетме-бет маектешүүгө чакырсак, келбей койду. Айткандары калп үчүн келбей койду да. Телефон номеримди таштадым эле, жадагалса чалган жок. Бул эркектикке жатпайт. Мен деле жаш болгом. Башымдан көп нерсе өттү. Азыр диндин тарбиясындамын. Динде: "Амирге баш ийбеген жерде береке болбойт" деп айтылган. Ал эми биздин өлкөнүн амири - президент. Жаманбы-жакшыбы, падышага сөз тийгизбеш керек экен. Бирок, падыша адилеттүү болсо...
- Динге кеч кайрылдыңыз окшойт?
- Ооба. 2002-жылы биринчи жолу намазга жыгылдым. Мен дагы бир кезде арак ичип, тамеки тартып, кыздарды шынаарлап басчумун. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, анын баары артта калып, беш маал намазга жыгылып, орозо кармайм. Алты жыл болду.
- Шариат боюнча орозо учурунда таарынышкандар жарашат. Шариатты аткарып жатасызбы?
- Ушул нерсени аткара албай койдук. Мисалы, азыр Турсунбек Акун, Турсунбай Бакир менен таарынышып жүрөм. Динди тутунган саясатчыларды эле айтып жатам. Ошол эле учурда саясатта кырды-бычак болуп жүрүшкөндөр абдан көп. Текебаев, Атамбаев менен кекенишип жүрөм. Мүмкүн, алар мени душман санап жүрүшкөндүр. Балким, динди түшүнбөстүр. Ал эми динди түшүнөт деген Т.Акун, Т. Бакир уулу менен эмдигиче бири-бирибизди кечирише албай жүрөбүз. Ар бирибизде "мен" деген гордыня бар.
- Сиз кичүүсүз да, андыктан биринчи кадам жасабайсызбы?
- Антейин десем, абдан нааразы кылып коюшкан. Кара-Кечени мамлекетке алып берип жатсам, Т.Акун келип Жолдошбаевге болушуп, жумгалдыктарга каршы чыгып, чымын-куюн болуп, бизге каршы иштеди. Жетим -Тоодо темир кени табылды, кытайлар кирип алыптыр. Эгер алар мыйзамдуу болсо чыкпайт. Эми өзү чебеленип кытайларды чыгара албай жүрөт. Бул дагы болсо Аллахтын жазасы. 4-5 күн мурда бешим намаздан Т.Акунга мечиттен жолугуп калдым. "Жаман катын эр коруйт, жаман эркек жер коруйт" десем эле, ызаланып калды. "А эмнеге антип жатасың?"- дейт. "Кара-Кечеде жумгалдыктарга каршы чуркаганыңды унуттуңбу? Мына, эми өзүң кытайларды чыгара албай жатасың"- деп ачык эле табаладым. Сөзгө сынып, кыпкызыл болуп, ары басып кетти.
Ал эми Бакир уулу болсо былтыр: "Нуке, мени омбудсмендик кызматтан түшүргөнү жатышат, жардам бер. Омбудсменге кандидатураңды кой. Акундун добушун жыра тарталы" деди. Жыра тарттык. Кийин, "Менин сизге жардам бергенимден эффект болдубу?" деп сурадым. Бакир уулу ыймандуу болсо, бул сөздү танбастыр. "Еще как эффект болду. Просто мени СДПК сатып кетти. Сөзүнө турбай коюшту" деп айтты. Ал, ал болду, кара жерге кирсин. Кийин "Мусулмандар союзу" уюмун түздүк. "Көмүрдүн королу" деп сени кыргыз эли жакшы көрөт, өзгөчө түштүк эли. Кыргызстанды кыдырып келбейлиби" деп калды. Ушул жерден дагы Урмат Акуновго айта кетейин, түштүк эли жакшы көргөн мени. Анан эмне, жумгалдыктар менден уялып калабы?
Кыдырууну Таластан баштадык. Бизди жакшы тосуп алышты. Андан кийин, Түштүктү түрө кыдырып келдик. Ал жактан дагы эл жакшы кабыл алды.
Ошентип, Бакир уулу радикал мени менен биригип, чечкиндүү кадамдарга барып, "кызмат бер" деп бийликти коколоп жатты. Кышындагысы эсиңердеби? Милиция менен мушташып кете жаздаганда мен ортого түшүп, арачалап калгам. Милицияны бетке муштап жибергенде, Малайзияга элчи болуп кетет беле?
Анан дагы жөн кетпей, мени бир тыйынча көрбөй, "Мусулмандар союзу" уюмун татыктуу кишиге өткөрүп бериш керек" деп сөз чыгарып жатпайбы. Бул сунушуна эч ким кол көтөргөн жок. Бул деген уюм да. "Сен антсең, мен минте турайын" деп өзүмдүн таламдаштарымды "Мусулмандар союзу" уюмунан алып чыгып, "Чыныгы Мусулмандар союзун" түздүм. Жаштар дейин десем, эр ортону элүүгө келип калган Турсубек Акун менен Турсунбай Бакир уулунун кылган жорук-жосундары тигил. Дагы ажыбыз дешет. Кимге ишенээрди дагы билбей калат экенсиң.
- "Президенттик шайлоодо менин пайызым көп болуш керек болчу" дебедиңиз беле? Аны далилдей аласызбы?
- Мен эми жыйынтыгында "22 миң добуш алды" болуп эсептелбедимби. Мынча добушту Кочкор, Жумгал эле бермек, керек болсо түштүктөн колдогондор көп болчу. Көлдүктөр экиге бөлүнүптүр. "Саяк уруусу Мотуевди, бугулар болсо Атамбаевди колдойбуз" деп. Бакиев 76 пайыз алса дагы, мен Атамбаев менен Сариевдин ортосунда болушум керек болчу. Саясат кылыштыбы билбейм, БШКдан жасап коюшту.
- Кудайдын улуу күнүндө Бакиевдин чындап эле 76 пайыз алганын айта аласызбы?
- Ишенем деп айтам. Себеби, Курманбек Салиевичтин рекламасы күчтүү болду, пиар-технологдору жакшы иштегенин азыр саясий серепчилер моюндарына алып отурушпайбы. Атамбаевдин кемчилиги мас болуп, эл алдына чыкканын теледен кайра-кайра көрсөтүп туруп алышты. Ошондон улам, анын бир топ рейтинги түштү. Берки кандидаттарды болсо көрдүңөр. Теле-дебаттан сүйлөбөй, мылжыңдап же өтө эле олуттуу түр көрсөтүп отуруп алышты. "Дебат" деп айткандан кийин, расмий мыйзамдуу түрдө шайлоо программасына киргизген соң, талапкер деген ошого даяр болуш керек болчу да. Идеясын, программасын, элдин жашоосун жакшыртыштын жолдорун кызыл чеке болуп талашып, калың эл алдында, ошол идеяларын коргоп калыш керек болчу. А булар болсо, тескерисинче, сүйлөбөй отуруп алышты. Бакылдап мен эле сүйлөп аттым окшойт. Булар бир нерсе эле болсо кыргызчылыкка шылтап чыгышат. Анда балакетин алганы дебат деп АКШны туурап чыгыштыбы? Кандидаттардын бардыгыбыздын кебетебиз ошол болсо, Бакиев 90 пайыз алса деле, эл ишенмек. Анын үстүнө күчтүү саясатчы болуп эсептелген Бакиев мыкты жүрүштөрдү жасап койду. Биринчиден, Американын базасын кууп чыгаарда, Барак Обама жалдырап кат жазып жиберди. Ички саясатта айлыкты, пенсияны көбөйтүп салды. Анан эл колдойт да. А биз бери жакта эле калып калдык. Аны моюнга алыш керек да.
- "Оппозицияны дагы, бийликти дагы колдобойм" деген сөзүңүз бар. Ортодо жүрө берээриңизге көзүңүз жетеби?
- Мен дин жолунда жүргөн адаммын. Ошондуктан, кимиси динге көбүрөөк ыктаса, ошону колдойм. Карап көрсөк, диний кадамдарды жасап жаткан Курманбек Салиевич болуп жатат. Дайыма Муфтийди кабыл алат. Мечиттерге көптөгөн сумма бөлүп берди. Ыймандуу, кыймыл-аракети менен шариятка шайкеш келип турат. Бир гана, Американын базасын чыгара албай калганына ичим чыкпай калды. "Бир туугандары аралашып жатат" деп атышат. Кана, кимиси аралашып жатыптыр? Жаныш Бакиевдин "Правопорядок" деген кайрымдуулук фонду бар. Ал фонддун элге жардамы эле тийип жатат. Жаман жагын көрбөптүрмүн. Көралбастыктын дагы чеги болуш керек да.
- Саясатчылар кызматка барарда эле Бакиевди мактап калышчу эле. Сиз дагы кызматка барайын деп калсаңыз керек?
- Жок ай. Антип соодалашып көргөн эмесмин. Ак, караны ажырата билгем адаммын. Сөз диний шариаттан улам чыгып жатат. Шариат боюнча ой-пикиримди айттым.
- Капысынан кызмат сунушталып калса, барасызбы?
- Берген нерсеге кесирлик кылбаш керек. Дин өзү ага жол бербейт. Кызмат берсе иштейм, андан качпайм.
- Ар бир адам кызмат жагынан дагы өзүнүн деңгээлин билиш керек, туурабы? Сиз өзүңүздү кайсы кызматтан көрө аласыз?
- Эми менин деңгээлим любой жумушка жарайт. Ошондуктан, президенттикке ат салышканга чейин бардым да. Кайсы жумушту берсе, майын чыгара иштейм.
- "Парламент тарайт" деген имиш болуп жатат? Ага оюңуз?
- Так жообум жок, бирок, болжол менен айтып көрөйүн. Парламент таркайт го. Бул бир байкуш парламент болду. Шайланып келишкенден бери баштары сындан арылбады. Бир чети ойлоп кетем, ушундай атактан көрө тарап кеткени жакшыбы деп. Ошол эле учурда "мен лидермин" деп көчөдө жүргөн оппозиция саясатчылары парламентке келип отурганы жакшыбы деп да ойлойсуң...
- Эми сизди саясий суроолор менен чарчатып жибердим окшойт. Эми балалык кезиңизге сереп салсак. 1-сентябрь - сиз үчүн кандай күн?
- (Балалыгын эстеп кетти окшойт, каткырып алды). 1-сентябрга 15 күн калганда, жүрөгүм дүкүлдөп, дегдеп, кайра-кайра жасанып, аябай күтчүмүн. Мектептин, партанын, китеп, тетраддын жытын сагынып калат эмессиңби. 1- сентябрь ал кезде чон майрам болчу. Азыр эстесем, алтын балалыктын күндөрү экен.
- Артыкчылыгыңыз, кемчили-гиңиз?
- Артыкчылыгымды эл айтсын. Кемчилигим болсо, бат ачууланып, бат жазылам.
- Жылыңыз тоок жылына туура келет экен. Адам мүнөзү туулган жылына жараша болот дегенге ишенесизби?
- Кээде ишенем. Себеби, революция короз жылы болду. Өзүм короз жылы туулгандыктан, саясатчылар менен корозчо чукчуңдашып кетем.
- Биздин гезитке "Өзүмө ылайык жар таппай жүрөм" депсиз. Үйлөндү деп эле угуп жатабыз... Сизге кандай сапаттагы айымдар жагат?
- Өзүмө ылайык жар таптым. Менден 17 жаш кичүү. Ал дагы намазга жыгылат. "Сиз менен гезитке, радио-телеге чыксам" деген тилеги бар. Балким, силердин "Түгөй" аттуу рубрикаңарга чыгып калабызбы. Азырынча, аялым жөнүндө ушундай учкай маалымат бере турайынчы. Анткени, Рамазан айында аялын мактоо макүрөө нерсе...
Назира СААЛИЕВА