Улуттун уңгусу эмнеде?

Советбек БАЙГАЗИЕВ
Көчмөндөр цивилизациясы
Жакында окумуштуу-публицист С.О.Байгазиевдин "Цивилизация жана Ата-журт тагдыры" аттуу публицистикалык бир томдугу жарык көрдү. Аталган китеп Кыргызстан жазуучулар союзунда окумуштуулардын, сынчылардын, жазуучулардын, журналист-публицисттердин жана студенттердин катышуусунда талкууланып, жогорку баага арзып отурат.
Кыргыз окурмандарын кайдыгер калтырбай, адеп-ахлак маселелерин намыстын бийиктигинен чечмелеген окумуштуу- публицисттин бул ой-толгоолору "Назардын" окурмандары үчүн да кызыктуу болуп, жан дүйнөсүнө жем таштаарынан шек санабайбыз.
"Улуттук коломтобузда кылымдарды карыткан, илгертен түптөнгөн рух казынабыз, ыймандык гүлазыгыбыз, кыртышыбызда уюп жаткан көрөңгөбүз бар экен. Мындай болгон соң эмне кылышыбыз керек? - деп автор бардыгыбызга суроо таштап отурат.
Окуп көрүп, оюңду айт, окурман!


(Уландысы. Башталышы
газетанын өткөн санында)

Кыргыз эли мына ушундай кайталангыс руханий, адеп-ыймандык жана материалдык маданиятын өзүнүн миңдеген жылдык узак тарыхында дүйнөнүн ой-чуңкурун көрүп, Азиянын бороон-чапкындуу мейкиндеринде, жашоо үчүн каарман күрөштүн жолдорунда азап-тозокту, ысык-суукту, ачуу-таттууну баштан кечирген татаал жана эң бай өмүр тажрыйбасынан жууруп жараткан. Дагы бир жолу айталы, тарыхый тажрыйбасына таянып, миң жылдап иштеп чыгып, туу катары карманып, өзөгүндө сары майдай сактап, медер туткан жогорудагыдай ыйык дөөлөттөрү, идеялары болгону үчүн кыргыз калкы тарыхтын бурганактуу булуң-буйткаларында жоголуп кетпей, тагдырдын катаал сыноолоруна туруштук берип, элдигин сактап, 20-кылымга жеткен. Өзөгүндө пир туткан, бекем карманган ыйык идея-туулары, кыртышка терең орноткон рух түркүктөрү болбогон элдин өзүнчө жумуру-журт болуп жашай албастыгын жана андай элдин кыйын-кезеңдерде ич жагынан өзүнөн өзү ыдырап бүлүнүп, бириндеп, чабылып-чачылып, азып-тозуп жок болорун карт тарых нечен жолу далилдеген.
Ушул жерден айтарыбыз, кыргыздын тарыхына, маданиятына баа берүүдө жанагы айтылуу марксисттик-большевиктик окуунун коомдук-экономикалык формация жөнүндөгү методологиясына караганда, бүгүнкү күндөгү маданияттардын көп түрдүүлүгү, же болбосо өнүгүүнүн маданий-тарыхый типтери (культурно-исторический тип) туурасындагы методологияны колдонуу ылайыктуу болор эле деген ойдобуз. Бул культурологиялык методология боюнча дүйнөлүк тарых өз алдынча өнүккөн, өзүнүн кайталангыс жүзү бар түркүн маданияттардын же цивилизациялардын жашашы менен мүнөздөлөт. Эгер ушул ыңгайдан карай турган болсок, анда кыргыз эли 5 миң жылдык тарыхында башкаларга өрнөк боло турган өзүнүн руханий-гуманисттик, нагыз адамдык жүзү бар маданиятын, цивилизациясын жараткан. Кыргыз-түрк цивилизациясы деген түшүнүктү дүйнөлүк маданий айлампага киргизүү керек. Кыргыздын гумандуу рух цивилизациясынын буга чейин татыктуу баасын албай келиши бардыгына европоцентристтик жана артта калган азиялык коомдук-экономикалык формация жөнүндөгү белгилүү методологиянын кесепетинен улам болуп келди деп айткым келет. Биз европоцентристтик позициядан кетишибиз керек.
Дагы бир жолу айталы, коомдук өнүгүүнүн сапаттык көрсөткүчү техникалык жетишкендиктер менен эмес, инсандын жан дүйнө маданиятынын жана адеп-ахлак сапаттарынын өскөн даражасы менен мүнөздөлөт. Бул жагынан биздин кыргыз жамаатынын адептик-ыймандык деңгээли көпкө үлгү болорлук даражада кыйла бийиктикте тургандыгы айкын болуп отурат го.
Эми акырында корутундуларга келели. Мына көрдүк, улуттук коломтобузда кылымдарды карыткан, илгертен түптөнгөн рух казынабыз, ыймандык гүлазыгыбыз, кыртышыбызда уюп жаткан көрөңгөбүз бар экен. Мындай болгон соң эмне кылышыбыз керек?
Биринчи иретте, мамлекетибиздин улуттук негиздерин чыңашыбыз керек. Жаш муундарыбызды, жарандарыбызды улуттук коломтобуздагы жогорудагыдай элдик салттарыбыздын, Рух кенчтерибиздин, адептик-ыймандык даанышмандыгыбыздын, уюткулуу нарк-насилибиздин нугунда калыптандыра турган тарбия-таалимдин концепциясын түзүп, анын негизинде мамлекеттик тарбия программасын кабыл алып, аны ырааттуу ишке ашыруунун натыйжалуу усул-жолдорун иштеп чыгышыбыз зарыл.
Бир сөз менен айтканда, өзүбүздүн улуттук казына-көрөңгөбүздү ыкчам түрдө кыймылга келтирип, руханий-атуулдук-азаматтык наркыбыздын нугунда кайра жаралышыбыз керек. Рыноктун жапайы селине биз өзүбүздүн улуттук эркибизди каршы коюп, улуттук салт-наркыбызды сактап, коргоп, асырап багып, аны аң сезимдүү түрдө үгүттөп, жайылтууга тийишпис. Өз улуттук коломтосуна, кыртышына таянбаган ар кандай өнүгүү туюкка барып кептелерин тарых тажрыйбасы көрсөтүп келет. Эгерде улуттук маданиятыбыздын түркүгү бекем орнотула турган болсо, анда калкыбыз ар кандай чоочун маданий баскынчылыктын, сырткы терс таасирлердин бийлигине алдырбай, дүйнөлүк глобалдашуунун оп тартып жутуп коюучу өкүм күчүнө туруштук берип, улут катары өз жүзүн сактап, жалпы адамзат көчүнө татыктуу кошула алмак.
Дагы бир бир жолу айталы, коомду коом катары сактай турган нерсе бул - адеп-ахлак. Кылымдарды карытып, илгертен келе жаткан түптүү заң-эрежелер, адеп-ахлак мыйзамдары адамдар тарабынан сакталбай бузула турган болсо, улуу акындарыбыз Калыгул менен Арстанбек айтып, эскерткендей: урматы кетип, уул уул болбой калганда, уяты кетип, ата ата болбой калганда, сөөлөтү кетип, кемпир кемпир болбой калганда, кымбаты кетип, кыз кыз болбой калганда, салт салт болбой калганда, Ата Журтубуздан кут кетип, талаабыз такыр болуп, тообуз токол болуп "акыр заманга" туш болоорубузду унутпайлы.
(Аягы)





  Тарыхтын темгил барактары

Тилекмат чечендин теги кайсы?
(Каяша)
"Назар" гезитинин №13 санында санжыра иликтөөчү Кайнарбек Бийлибаевдин "Тилекматтын түпкү насили ким болгон?"- деген ат менен жарык көргөн макаласы, мени дагы кайдыгер калтырбай, ушул кол жазманы жазууга түрткү берди. Мен санжыра иликтөөчүлөрдү, дегеле санжырага кызыккан ар бир инсанды, өздөрүнөн башка адамдар дагы, алар билгенди билет деп ойлоп, элге так маалымат берүүгө чакырар элем.
Убагында "Заман" гезитиндеги (март 1996-ж.) "Тилекмат элчи" деген аталыштагы макаланы мен да окуп, авторун жакшыга жанашкысы келген киши деп койдум эле.
Кыргыздын "Кызый - кызый, ..." деген макалындай талаш күчөп, Тилекмат акени "адигине тукуму" дегенден өтүп, саруу кылып алганына агабыз Тилекматтын баркы көтөрүлүп, Манас талашка түшкөндөй болуп, ири алды кубансам да, ата бабабыздан бери айтылып келе жаткан далилдерге токтолуу керек болду.
Макаланын автору 1854-жылы Ормон согуш баштаганда, Тилекматты Таластык Ажыбекке элчиликке бардырып, аны аябай кубандырыптыр. Ормон 1849-жылы өлгөнү жалпы кыргызга белгилүү эмеспи. Өлгөн киши согушмак беле, жазганыңды талдап туруп, кудайды карап, тарыхка таянып санжыра изилдесең болмок экен, Кайнарбек иним.
Сары баргы Алымбек 1795-1800-жыддары Кашкарды бийлеген деп, Маматемин Эркебаевдин "Заман" гезитине, Фарида Аксыбекованын "Ысык-Көл кабарлары" гезитине жазгандарына таянып, "Тилекматтын атасы Жылкыайдар сарыбаргы болгон"-деген божомол чындык сыяктанат"-деп жазат автор.
Жылкыайдар карып калган кезинде, болжол менен 1834-жылдары Кокон хандыгына Муратаалынын ордуна Тилекмат жөнөтүлүп, "Жылкыайдар уулу Тилекмат бугу элинин ханы"-деген наам алып, чен тон кийип келгенин жана "бул тон кулга жарашпайт",- деп тонду Муратаалы алып алганын билбеген илимпоздорду карт тарых кечирбес. Же илимпоздор жашаган мезгилдерине карабай жазса эле, жалпы кыргыз билген тарых калпка чыгып калабы?
Силердин жазганыңар боюнча Жылкыайдар 1800-жылдары Алымбектен туулса, кайсыл мезгилде Тилекмат Кокон хандыгына, Кытай губернаторуна барган болот? Тилекмат туула элегинде элчиликке барган болуп калбайбы? Кокон хандыгына элчиликке Ормон өлө электе барганы жалпы кыргызга маалым эмеспи. Бейиши болгон арбактарды козголобой, чериктин кулунун жөн жайына эле койгулачы бай болгурлар.
Жылкыайдар черик Кожомкул деген бай, кары кишинин токолунан туулган бала экендиги 1990-жылга чейин бирдей эле айтылып келбеди беле.
Күнүлөштөргө, күнү катындын балдарына кара саноо, байбичелердин токолдорго кылган кордугу тарыхта көп кездешет. Мисалга Абыке, Көбөштү алалы. Же, Ибрагим пайгамбардын Сара деген биринчи аялы токолу Ажарды күйөөсүнө ээ кылбай, Ысмайыл пайгамбарды төрөөрдө суусу жок Арафат тоосуна алдырып барып таштаганы жетиштүү далил болот деп ойлойм (14-сүрөө, 37-аят).
Пайгамбардын катарында Кожомкул ким болоорун изилдөөчүм өзүң акыл калчап көр. Сара сыяктуу эле Кожомкулдун байбичеси Боорсок бийдин байбичесине чыгдан бересе болгонунан пайдаланып, токолдон баласы менен кутулганы ушуга чейин эл арасында бирдей айтылып келгендиги жалган эмес да. Санжыраны так маалыматтарга таянып жазбасак, кийинки муундардын алдында күнөөлүү болоорубуз анык иш эмеспи.
Чыгдандын ордуна кеткен деген сөзгө арданымыш болгон, Алтымышбай уулу Мукамедий айткан деп, 1994-жылкы "Санжыра санаты" деген китепчесинде (63-73-бет) Кален, Рашид агаларыбыз черик эмес, сарыбаргы Алымбек деген бийдин баласы экенбиз деп каңкуулашты. Ошол учурда Кален агага "Тилекмат атаңыздын "Ата конушун арам сийдик уул бузат",- деген сөзү бар эмеспи, сиз сөз баккан адам катары калпка кошулбай черик бойдон эле калыңыз" деп кат жазган жерим бар.
Чыныбай Көлдө бийликке келгенде Боронбайдын Өмүрзагы: "Чий ордуна келген черик кул көлгө бийлик жүргүзсө, мен Ат-Башыдагы черикке барып бийлик кылам",- деп малынан ажырап, көлгө жөө-жалаңдап кайра кеткенин ким калпка чыгарат?
Меникин калп дегендер Ат-Башыга келип Өмүрзак кыштоо, Кылыч кыштоо, Кылычтын кыры, (Кылыч Өмүрзак менен Ат-Башыга келген Бугу элинин байынын аты), Өмүрзактын малы кырылган Сөөк деген жерлерди өз көзүңөр менен көрүп келгиле демекчимин.
Өмүрзакка Чыныбай Ат-Башыны жердесин деп көлдөн жер бербей койгондо, Чоң Карач жер сурап бергенин жалган деп айтчулар барбы? "Өмүрзак малсыз калып, эчки талпакка отуруп калган"-деген сөз эл арасында кеңири айтылып келген. Өмүрзактын малын жутка алдырган Көбөн жайчыны дагы черик эмес, сарыбаргы же саруу болгон демекчисиңерби? Жогорудагы аталыштагы жерлер Кара-Кулжада, Таласта жайгашканбы?
Кайнарбек Бийлибаев, "Ажыбек баатырдын өлүмү жана ашы"-деген Үсөйүн ажынын санжырасындагы, Атамбекти черик эли элчиликке жиберип жатышып: "Тилекмат баатыр деген бар. Зили черик, узун кара киши. Аны менен сүйлөшүп, бир чачпараны ага бергин"-деген жерин макаласына жазып, ал эми ошол эле санжырада Тилекмат баатырдын: "Балам, тил алсаң барба, баарыбыз бир черикпиз. Арбак бар, бөөдө өлүп каласың",-деп айткан жерин жазбаганына жол болсун?
Оболбек Аблаковдун "Акылман элчи Тилекмат аке" деген китебинде жазганына айтарым - кыргыздын досту барктаарын, ат койгондо белгилеп туруп, кайра досунун баласын сепке кошуп бергенин жазганыңа "баракелде" дебегенде эмне дейсиң? Боорсок бий наркты билбеген түркөй болгон демекчисиңерби? Эч убакта эл башчылары дос менен кызга кара санаган эмес. Боорсок бий дагы нарк-насилдүү адам болгон.
Жогорудагы макаланы окуп атып Тилекматтын өзүнүн урпагы Бараканов Таалай деген жигитке жолугуп калдым. Таалай Баракандын Мукашынын небереси экендигин, менин айткандарымдын бардыгын Мукаштын карындашы айтып бергендигин айтуу менен өзүндө аталарынан калган кол жазмалар бар экендигин айтып, сиздин айткандарыңыз мен уккандарга окшош, макаладагылар туура эмес деди. Таалай Баракановго 11.08.2009-жылы жолугуп сүйлөштүм.
Саламым менен Ат- Башыдан агаң
Азис Мамбетмусаев.
25.08.2009-жыл.