Экономист эмне дейт?

Экономика илимдеринин доктору Айылчы САРЫБАЕВ:
"Баалардын өсүшү экономикалык мыйзамга көз каранды"

Кыргызстан экономикасында чынында белгисиздик көбүрөөк байкалат. Эмне өсүш, эмне кемчилик болуп жатканы боюнча маалыматтар да ар кыл. "Өсүп атабыз" дейт бул тармакка жооптуу тарап. "Кайдагы өсүш, бардыгы эле жел көрсөткүчтөр" дейт экинчи тарап. Мындайда экономиканы билген калыс адис гана жардамга келет. Айылчы Сарыбаев агайыбызга бир топ суроолор менен кайрылдык эле, бирок экономикабыздын чыныгы абалы тууралуу сурообуз ачык бойдон калды.


- Россиядан алган 300 миллион доллар келгенине 4 айдан ашып кетти. Азыркы экономикабыздын тагдырын чечкиндүү оңоого ал жетиштүү болбосо керек?
- "Россиядан 300 миллион доллар келди" деп уктум. Бирок, кандай максатка алынганын толук билбейт экем. Мамлекеттер арасында мындай карыз алуу кадыресе көрүнүш болуп калбадыбы. Алынган акча кайда жумшалды, кандай максатта алынды, кеп ушунда. Ири суммадагы акча кайда кеткенинин отчету ачыкка чыкмайынча, алдын ала сөз кылуу туура эмес.
- Жакында эле Кыргызстанда экономикалык өсүш 0,3% болгону кабарланды. Кээ бир экономисттердин айтымында, бул көрсөткүч орто көрсөткүч болуп эсептелет экен. Буга сиздин пикириңиз кандай?
- Быйыл айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү жакшы болду, өзгөчө Көлдө, Чүйдө. Бул жагын эске алганда, бул көрсөткүчтөн дагы жогору көрсөткүчтү бериши мүмкүн.
Бизде негизинен 18 жыл мурун башталган реформалар өнөр жайын жок кылып, талкалап, бирок ири завод, фабрикалардын ордунда өтө көп чакан, орто ишканалар пайда болгон. Колхоз, совхоздун ордуна азыр 300 миңден ашык майда дыйкан чарбалары бар. Алар оокат кылуунун, киреше табуунун амалын ойлоп, кыймылдап атышат. Рыноктук экономиканын негизги принциптери - эркин экономикалык ишкерлик. Кийинки мезгилде Кыргызстандын айыл чарба продукцияларын казакстандыктар пайдаланып жатат. Карагандадан Астанага чейин арзан алынып барып, кымбат баада сатылууда. Мисалы, эт продукциябызды эле алалы.
- Былтыр кант заводу иштебей калып, дыйкандар кызылчасын мал үчүн деп 90 тыйындан сатууга аргасыз болушту эле. Кант кызылчасынын быйылкы абалы кандай?
- Биздин республикадагы азык-түлүк жаатындагы эң чоң проблемалардын бири - кант кызылчасына байланыштуу. Кыргызстан кант кызылчасын көп өстүрүп, өзүбүздү - өзүбүз шекер менен жабдып келген республика элек. Экономикалык реформа деп кант заводун жоюп жиберип, башка өлкөдөн сатып алууга аргасыз болуп калдык. Эми ошо башка өлкөлөрдөн сатылып келип жаткан кант, кумшекерлерди ээлеп тургандар - монополисттер. Алар Кыргызстандын ички рыногун бербейт. Кытайдан келген кумшекердин баасы Кыргызстандан чыккан кумшекерден алда канча арзан. Андыктан, кант заводу токтоп, кызылча айдаган дыйкандар түшүмүн сата албай турушат. Бизде монополияга каршы күрөшүү агенттиги бар. Ал Кыргызстанда атаандаштык кыймылын күчөтүш керек эле. Бирок, анте албай жатат.
- "Монополияга каршы күрөшүү агенттиги базар баасын жөнгө сала албайт" деп айтканыңыз бар. Баалардын өсүшү кимден көз каранды?
- Баалардын өсүшү экономикалык мыйзамга көз каранды. Базардагы суроо-талапты канааттандыра турган товарлардын көлөмүнө жараша болот. Качан гана республика ички айыл чарба продукциялары болобу, башка продукцияларбы, дүйнөлүк деңгээлде сапаттуу чыгарып, арзандатса, элибиз кытай кумшекерин эмес, Кыргызстандыкын алышмак. Монополчулар ошого шарт, атаандаштык түзүп бериши керек. Монополдошкон ири ишканаларга салык салып, алардын ишин катуу көзөмөлгө алыш керек. Бизде, тескерисинче, "көзөмөлдөп жатабыз" деп коюп эле, баанын кымбаттаганына көз жумуп коюунда. Акыркы эле жөнөкөй мисал. Жайында, мончолордун баасы эки эсе өсүп кетти. "Эмненин негизинде өстү? Монополияга каршы күрөшүү агенттиги ошол баага эмнеге уруксат берди?" деген суроо туулат. Баалардын кескин өсүшү башка жерлерде да болуп жатат. Ошонун бардыгын көзөмөлдөө - экономикалык саясатты жүргүзүүгө жардам берип жаткан - монополияга каршы күрөшүү агенттигинин түздөн түз милдети. Дүйнөлүк практикада да "агенттик" деген бар. Бирок, аларда өтө катуу мамиле кылышат. Алар ар бир өскөн баага өтө чоң өлчөмдө "сверх прибыль" деп коет, өтө чоң салык салат дагы, бааны төмөндөтүүгө мажбурлайт. Ушул механизм бизде иштебей жатат.
- Бензин кымбаттады. Сезондук эле көрүнүшпү же башка себептери барбы?
- Бензин дагы сырттан келет да. Россия монополисттери кандай баада жөнөтсө, так ошондой баада сатылат. Ошого жараша бизде баа өйдө-төмөн болууда. Экинчиден, күйүүчү майды ташып келген монополисттер каалаган баасын кое берет. Чоң өлчөмдө салык салып койсо, арзандатмак…
- Өмүрбек Бабанов "буудай баасы 10 сом болот" деди. Дыйкандарга пайда алып келеби же зыянбы?
- Бабановдун буудай баасын алдын ала айтканы элге жакшылык кылам деген пикири болсо керек. Баалар "Бабанов айтты" деп өзгөрбөстөн туруп калбайт. Канча сом болорун рынок өзү чечет. "Таяктын эки учу бар" дегендей, кымбат саткан дыйкандарга жакшы, а бирок, шаардагы жарды-жалчыга жаман.
- Матрезерв канча буудай жыйнап алышы керек? Азык-түлүк запасын жеткиликтүү деңгээлде жыйнай алабы?
- Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп киргенбиз. Базарда дүйнөлүк продукция толтура. Биздин эл аны сатып алганга мүмкүнчүлүгү барбы, жокпу деген суроо дайым көтөрүлөт. Дүйнө жүзүнүн ар тарабынан сатып алыш үчүн өлкө дагы ошондой деңгээлде болушу керек. Бул жагы дагы экономикалык саясат. Муну киреше саясаты деп коет.
- Курманбек Бакиевдин "Келечекке жол" аттуу китебин окудуңузбу? "Дүйнөлүк кризиске карабай Кыргызстан экономикасы өсүп атат" деп жазылыптыр. Дүйнөлүк кризис Кыргызстанга терс таасирин тийгизген жокпу?
- Курманбек Салиевичтин жазган китебин окуган жокмун. Ал эми дүйнөлүк кризистин Кыргызстанга түздөн түз тиешеси болгон жок. Бирок, кайсы бир жерлерде таасирин тийгизип кетти. Биздин экономика негизги дүйнөлүк экономикага кирген эмес. Финансы секторубуз жаңыдан гана өсүп-өнүгүп келатат. Ага карабай биздин республика ишканалардын эсебинен өз алдынча жашап келе жатат.
- Экономикалык рецессияны же көтөрүлүүнү Америка экономикасынын саламаттыгы менен байланыштырууга оюңуз?
- Американы салыштыруудан алыспыз. Европада дагы, Америкадада дагы жылыш бар. Кытайда фондулук биржалардын акырындап өсүшү байкалууда. Албетте, экономикалык кризис чет өлкөлөргө кыйла эле терс таасирин тийгизди. Ал эми биздин өлкөгө катуу болбосо дагы, кыйыр түрдө таасири болду. Мисалы, "Кудайберген" базарында четтен келген машиналардын баасы кымбат, сатылбай турат. "Япониядан келген оң рулдуу машина азайып кетти" деп айтылып жатат. Демек, жөнөтпөй жатышат. Бул экономикалык кризистин бир белгиси.

Маектешкен
Назира
СААЛИЕВА





  Президентибизчи?

"Үмүттүн шооласы" же Бакиевдин жаңы
Доктринасы
"Эртеңкибизди ажобуз так билет турбайбы" деп калдык Курманбек Бакиевдин "Келечекке жол" деген китебинен үзүндүлөрдү окуп алып. "Мен Кыргызстандын келечеги кандай болорун билем. Ага кантип жетүү да мага белгилүү... Менин андай ынануума өткөн жылдарда жасалган иштер күбө боло алат" дейт ал. Кандай иштер экенин биринчиден..., бешинчиден... деп санап отуруп, бир катар жүйөлөрдү келтирет. Айтканына ишенсек, "кризис келерки жазда накта сезилет" - деген жалган сөз.
"Биринчиден, өлкө көп жылдар бою батып жаткан экономикалык төмөндөө менен стагнациядан чыгып кетти". Дүйнөлүк аты бар экономист деп эл аралык валюта корунун аткаруучу-директору Д.Стросс-Кандын "өтө баалуу" баасын мисалга тартып: "Эми биз дүйнөнү айланып кол сунуп жүрбөйбүз, биздин туруктуу жана шайкеш аракетибизди көрүшүп өздөрү эле каржылык жардамдарды сунуштап жатышат".
2009-2011-жылдары жашообуз жакшыруу жолунда болот. Себеби, өлкө өнүгүшү планында коюлган "каржылык-экономикалык милдеттерди чечүү" сөзсүз аткарылат (!). Элдин башын ооруткан социалдык көйгөйлөр азайып, жумушсуздук кыскарып, тапканың менен өзүңдү, үйбүлөңдү толук кандуу камсыздап, бардар турмушка жетет экенбиз...
Андан ары Курманбек Салиевич конституциялык реформа, башка бийлик институттарынын жаңыланышы, жарандык коомдордун ишинин жанданышы күтүлөөрүн сөз кылып, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун төрагасы Ж.Соареш Кыргызстанды Борбордук Азия аймагындагы көп партиялуу системага ээ жападан-жалгыз өлкө деп мактаганын кошумчалай кеткен. Эми ал киши бизде мындай системанын аты бар да, заты жок экенин билсе дагы, жөн эле Кыргызстандын шагын сындырбайын деп көтөрмөлөп айтып койсо керек да. Ажобуз дагы түшүнөт аны, көп партиялуу системага акыйкат өткөн болсок, бирөөнүн пикирине муктаж болмок эмес.
Кыскасы, Кыргызстан өзүн дүйнөлүк алака күтүүдө "ишенимдүү жана сөзүнө турган өнөк катары" көрсөтө алыптыр. Улуттук кызыкчылыгыбыз дагы, укугубуз дагы зыян тартпаптыр, өзүбүз дагы, өзгө дагы сүйүнө турган пайдалуу иштерге жетишиптирбиз. Ал эми ал жетишкендиктердин негизи - коомдогу пикир келишпестик эмес, "улуттук биримдик менен ынтымак " экен. Мындан нары эч бир жараныбызды турмуш шарына жөн таштап коюшпайт, "...Биздин түпкү максатыбыз - өлкөбүздүн бардык жарандары өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрү менен, керек кезде мамлекеттин жардамын алып, сапаттуу билимге ээ болушуп, саламаттыгын чыңдашып, турак-жай алышып, жетиштүү киреше алууга жетишишинде турат" дейт сүйүндүрүп. "Ан үчүн 2011-жылы ар бир жанга ИДП өндүрүмү 1600 АКШ долларын түзүп, 2008-жылдын деңгээлинен 64%га ашышы керек" деп келип, ошентсе да "советтик адамдар эңсеп келген "кайгы-капа билбеген, жаркыраган келечекти" убада бере албайм" дейт. "Үмүттүн шооласы үзүлбөйт" эмеспи, күтө туралы...