"Назар-пресс" билдирет

Жогоку Кеңеш эс алуудан келет
1-сентябрь окуучулар менен студенттер үчүн гана эмес Жогорку Кеңеш үчүн да майрам. Кай бир жактарынан мектеп окуучуларынан анчалык айырмаланбаган "Ак жол" партиясынын депутаттары көпчүлүктү түзгөн кыргыз парламенти эс алуудан келип, өз ишин баштаганы турат. Алар эки ай аралыгында каникулда жүргөндө өкмөттө да бир топ мыйзам долбоорлору бышып калса керек, андайды спикер Айтибай Тагаев айттырбай түшүнөт эмеспи. "Кана, жаңы мыйзам келиптир колдоп берели" деп турганы турган. Анын үстүнө, Президент дагы алардын ишмердүүлүгүн мактап, мурдагы парламент менин иштөөмө тоскоолдук кылып келген деп айтканы бар.
Жогорку Кеңештин каникулдан кийинки биринчи сессиясына Куманбек Бакиевдин катышуусу күтүлүүдө. Анда, учурда белгисиз болуп жаткан аткаруу бийлигиндеги реформалар ачыкталышы мүмкүн. Анан албетте, депутаттар Бакиевди экинчи мөөнөткө президент болушу менен куттукташат.
Учурда болсо, Социал-демократиялык партиянын депутаттарынын позициясы кызык абалда болууда. Айрымдар аларды бекем позицияга туруп, мандаттарын таштап кетүүгө чакырып да жиберишти. Анткени, СДПКнын лидери Алмаз Атамбаев шайлоонун легитимдүүлүгүн тааныбайм деген эле. Бирок, азчылыкты түзгөн СДПКдан парламентте кандайдыр бир кризистин пайда болушу күмөн. Бир жагынан, парламент толугу менен тарайт экен деген да сөздөр айтылып келүүдө.

Бакиев кайрадан
таңкалдыра баштады
Курманбек Бакиев 25-августта Ак үйдө Мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол, президенттин админстрация башчысы Данияр Үсөнөв, Президенттик секратариаттын жетекчиси Оксана Малеваная жана Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров катышкан кеңешме өткөрүп, анда "азыркы боло турган реформа мамлекеттик башкаруу системасын түп тамырынан бери өзгөртүшү керек" деп буга чейинки аткаруу бийлигинде реформалар болот деген сөзүн дагы бир ирет бышыктады. Курманбек Бакиевдин айтымында, мамлекеттик аппарат чакан жана учурдун талабына жооп бергидей болушу керек.
Бакиевдин мындай сөзүнөн кийин айрым министрлер менен жетекчилерде уйку кетип, "ким калат, ким кетет" деген суроо башкы темага айланууда.
Ошондой эле президент К.Бакиев ал кеңешмеде: "Мамлекеттик бюджетти түзүүдө министрликтер жана ведомстволор дайыма алардын чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү талап кылышат. Ошол эле учурда, акчанын кайда жумшалып жатканы белгисиз, өзгөчө бир кайтарымы жок болууда" деп билдирди.
Бул сөзү менен Курманбек Бакиев күнөөнүн баарын министрлерге оодарып, өзүн апакай көрсөтүүгө аракет кылды шекилди. Болбосо, акчалардын жыл сайын өтүп жаткан шайлоо референдумдарга кетип жатканы бешиктеги балага деле белгилүү эмеспи. Муну менен Бакиев "эми ушул мөөнөтүндө иштейттир" деп шайлоодо аны колдогон бир ууч шайлоочунун дагы үмүтүнө суу себип отурат.

Булекбаевдин дагы бир соту бар
"Азаттык" радиосунун "Жашылдар" партиясынын маалымат кызматына таянып жазганына караганда , Башкы прокуратуранын жеке арыз боюнча аталган партиянын лидери Эркин Булекбаевге козгогон иши Бишкек шаардык сотунда кечээ каралмак. Ага Кылмыш Кодексинин 128-беренеси боюнча (Акарат кылуу) айып тагылган. Эскерте кетүүчү жагдай, 2008-жылы 13-декабрда "Жашылдар" партиясынын кеңсээсин прокуратура кызматкерлери тинтүүгө алышып, плакаттарды, каррикатураларды алып кетишкен. Бул боюнча Башкы прокуратура Эркин Булекбаевди "Президент Курманбек Бакиевди кемсинтти" деп, Биринчи май райондук сотуна доо арыз жолдогон. Андан кийин 26-апрелде Петровкадагы окуяга байланыштуу "Жашылдар" партиясынын лидери Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан камакка алынып, ага баш аламандыкты уюштурууга тиешеси бар делип айып тагылган. Э. Булекбаев учурда Бишкектин №1 убактылуу тергөө абагында камакта жатат деп жазат "Азаттык".

300 млн доллар -200 долбоор
Учурда Орусиядан алган 300 млн кредитти бөлүштүрүү башталып, аны алып иштетчүбүз дегендердин саны 200 ашты. Бирок, жогорку кызматтагылар жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн туура маалымат берген эмессиңер, 200 деген бул абдан эле аз, мындан да көп долбоор сунушталышы керек эле деп күнөөлөп жатат. Жакында булардын тизмеси өкмөттүн кароосуна коюлат, ал жерден кандай долбоорлор өтөөрү азырынча белгисиз. Бирок, 300 млн доллардын канчасы калып, канчасы Бакиевдин кайра шайланышына жумшалды болду экен? Көпчүлүк байкоочулар, Бакиев бир жылга мөөнөтүн кыскартып, кайра шайлоого барбайт болчу, эгер Орусиялык бул кредиттер болбогондо деп буга чейин эле айтып келишкен.

Каримовду кыйнай албайсың
Өзбекстандын күч структуралары Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 26-августта башталган комплекстүү аскерий окууларына катышпай турган болду.
Бул аскерий окуулар үч этаптан туруп, Орусия, Белоруссия жана Казакстанда өтмөк. Өзбек туугандар эч бир этабына, ал турсун, жамааттык күчтөрдүн аскерий-саясий аспектилерин иштеп чыгууга да катышуудан баш тартты. Мурдараак бул окуулардын качан өтөөрү Өзбекстандын жашырын позициясынан улам белгисиз болуп келген эле
Айрымдар муну, Өзбекстандын Орусияга карата кыр көрсөтүү саясаты деп баалап жатышат. Анткени, 1-августта Чопон-Атада өткөрүлгөн ЖККУнун бейформал саммитинде Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда Кыргызстандын түштүгүндө аскерий база ачуу боюнча түзүлгөн меморандумга Ташкен чечкиндүү каршылыгын көрсөткөн.
27-августта Орусия федерациясынын Генералдык штабынын башчысы Николай Макаров Кыргызстандын түштүгүндө бир батальондон көп эмес аскер жайгашат деп билдирди. Анын айтымында база болжолу Ош шаарына жакын жайгашышы мүмкүн. Жогорудагы аталган аскерий окуулар болсо, октябрь айында жыйынтыкталат.
Эгемендүүлүктүн 18-жылы
31-август - Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата ар кандай даярдыктар көрүлүүдө. Кыргызстан 18 жылдык эгемендик тарыхында көптөгөн ийгиликтерге жетишкени менен, анын кадыр-баасын али түшүнө электей. Учурдагы Кыргыз бийлигинин жүргүзүп жаткан тышкы саясаты Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө балта чаап жатат, жерлердин, кендердин, стратегиялык маанидеги обьектилердин сатылышы кыргыз элинин сатылышы менен барар эмеспи. Бийлик менен байлыктан көзү каткан бийлик төбөлдөрүнүн саткын саясаты дагы канчага уланат, калайыкты карангылыктан чыгаруучу Ата уулу качан келет деп элдин күтүп аткан учуру.
Босогодо турган Кыргызстандын эгемендүүлүк күнү менен Американын мамлекет башчысы Барак Обама куттуктады. Куттуктоо телеграммасында АКШ президенти 31-август Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулукка эгемендүү кадам таштаган күнү катары белгилүү экендигин билдирип, кыргызстандыктарга майрамдык жаркын маанай каалап кеткен.
Буга чейин Кыргызстанды эгемендүүлүк майрамы менен Өзбекстандын президенти Ислам Каримов куттуктаган эле.