Гендер - теңдер эмес

Аялдар статусунун абалы кандай?
Адам болуп жашаган соң баары - аял эркеги, жаш-карысы "тең укуктуу"-деп какшап-сайраганыбыз менен баары бир эркек жолдоштордон бир карыш төмөн түшүп турганыбызды кимден жашырабыз? Ал эле эмес, илимдүү-билимдүү эле адамдарыбыз "гендердик теңчилик" десе эле аялзатынын теңчилик издеп, өйдө умтулганын түшүнүп турары бештен белгилүү. Дал ушул жерде гендердик теңчиликтин өзү - аял-эркектин бирдей саясый абалда экени көмүскөдө калып жатпайбы. А эмне үчүн?
Ушул "Эмне үчүн?" деген бир суроого бир эле Кыргызстанда эмес, башка көптөгөн элдерде, деги эле жалпы коомубузда орун алган көрүнүштөр жооп болуп түшөт. Эмесе, аларга бир аз саресеп салып өтөлү.
Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдарга зордук-зомбулукка каршы күрөшүү Конвенциясына (SEDAW) Кыргызстан 1996-жылы кошулган. Аялдар маселесин дүйнөлүк деңгээлде көтөргөн бул Конвенцияга киргенибизге быйыл көктөмдө он үч жыл толду. Ошол өткөн ондогон жылдарда эмне деген гана иш-чаралар иштелбеди дейсиз, андан бир майнап чыктыбы?-деген мыйзамдуу суроого дагы деле ийинибизди куушуруп жооп табалбайбыз. Балким, кагаз бетиндеги толгон-токой фактыларды бетке кармасак деле болмок. А бирок… колубузду көкүрөгүбүзгө коюп, болгон чындыгыбызды моюнга алсак, анда, дале болсо Дүйшөн агайына корголоп, жаркын жашоону эңсеген Алтынайдын (Чыңгыз Айтматов "Биринчи мугалим") деңгээлинен анча деле көтөрүлүп кетпегендейбиз. Бир айырмачылык - билим деңгээлибиз болсо керек, ал эми тиричиликтин башка сфераларында көздөрүбүздү жалтылдатып, артыбызга аяңдап, айбыгып, муңайып тургандайбыз. Билбейм, мага ушундай сезиле берет. Канчалык тастаңдап, жоолугубузду колго алып булгалап, Акүйгө жулунуп кирип барганыбызга карабай… а балким, дал ошентип аялдарды алдыга коюп курал катары пайдалангандын өзү эле көп нерсени билгизип жатсачы. "Ит өлгөн жерге" аялдарды айдактап, алардын артынан бараткан эркек жолдошторду элестетели…
"Латенттик зордук-зомбулук"-деп коюшат экен эларалык аталышта, аны кыргызчалатканда "жабык түрүндө" деген маанини түшүндүрөт. Эми, кыпкыргызча аныктама бере турган болсок, "баш сынса бөрк алдында, кол сынса - жең ичинде" деген маанини камтып турат. Коңшу Орусиядан 14 миң аял үй-бүлөлүк зомбулукка тушугат"-деген маалымат бар. Ал эми биздин республикада адам өлтүрүүлөрдүн 15%га жакыны жалаң үй-бүлөлүк чатактын негизинде болуп жатканын жашыра албайбыз. Ош регионунда травма алгандардын 80%га жакыны үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендер. Баса, ушул жерден кичинекей балдарга зомбулук көрсөтүү дагы биздин республикада алдыңкы орунда экендигин баса белгилеп коюшубуз керек. Ал эми аялзатын соодалап сатуу, сексуалдык зомбулук көрсөтүү боюнча Кыргызстан алдыңкылардын катарына кошуларын танып кете албайбыз. Сексуалдык зомбулукка кабылган аялзатынын 99%ы жеңилүү ызасын тартып калаары анык. Айрыкча, Жогорку окуу жайларында, о.э жеке менчик ишкана-уюмдарда мындай нерсе күчүндө. Кыргызстандын экс-омбудсмени бул жөнүндө өз кезегинде ачык айткан. Кеп чынынан бузулбаса да, чычалап, асман-айга түйүлүп жаткандарга не дейбиз?! Же баягы "ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" дегениби…
Кыздарды ала качып алуу акыркы жылдарда айыл-кыштактарда гана эмес, шаарларда дагы көбөйгөнү кандай? Ар бир 4-5 кыз өзүнүн тагдырына өзү ээ боло албай, аргасыздыктан башы байланып отуруп калып жатпайбы. Ал эми көп аял алуу- азыр модага айланып калган. Бир официалдуу никедеги жубайы болсо, экинчи же болбосо үчүнчү дагы бирөөнү өзүнчө түтүн булаттырып, балалуу-чакалуу кылып отургузуп коет, шаардын дагы бир жерине. Көмүскөдөгү көп никелүүлүктүн азыр тим эле гүлдөп-өсүп турган убагы белем. Балким, бул деле "кыргыз байыса - катын алат" болуп, чөнтөгү томпое түшкөндөрдүн жасап жаткан ишмердиги эмеспи? Ошондо, аялдарынын алган статусу дагы билинбей, бардыгы купуя сакталып калып жатканы кандай? Андан көрө мурдагы "легендарлуу парламент" мүчөлөрү "эки катын алабыз" деп жулунганда эле мыйзамдаштырып койгондо болмок беле…
Акыркы жылдарда кыздардын турмушка чыгуу курагы да улам жашарып баратканы белгиленүүдө. Эрте эле эрге тийип, үй түйшүгү башына түшүп отуруп калгандар да көп. "Аял-эркек тең укуктуу" деп айгай салганыбыз менен иш жүзүнө келгенде деги эле тескерисинен түшүп калып жатпайбы. Башканы коюп "Манасты" айт дегендей, ЖКнын мурдагы чакырылышын шайлоодо элдин нравасы күзгүгө чагылышкандай чагылышпадыбы, атаң көрү? Эчендеген зор максатты аркалап, эр сайып, эңишке түшчү ургаачыларды тизгинге кагып, соттошуп-оттошуп атып жок кылышты. Анан жалаң кастүм-шым кийип отуруп калган кыргыз парламенти. Дагы кудайга шүгүр, азыркы парламентти гүл жыты аралады.
Баса, анан ааламда бир кемчилик кетсе, аны аялдан көрүп жатып калмай адат каныбызда бар белем… Керек болсо, минтип "итке минип отуруп калганыбызга" бир аялдын олчойгон күнөөсү бар деп догурунуп келишет. Болгон-толгон экономикалык, саясый, социалдык, деги койчу, желп эткен желди дагы бир аялга оодарып, ордодогу ошондогу мырзалар ооздорун куу чөп менен аарчып, колдорун ары-бери ушалап "мен тазамын, мени мажбурлашкан, мен билбепмин" тейде сыртка чыга беришти. Кезинде "эжекелеп, жеңекелеп" жүрүшүп эле, анан эч нерсени билбемиш болуп отуруп калгандарына жол болсун, алардын. Болбосо, ошол мезгилинде эле эмнеге баш көтөрүп "бул айтканыңыз, тигиндей кылганыңыз туура эмес, айым!" деп айтканга жарашкан жок?...
Аялдар канчалык билек түрүнүп эр ишин жасабасын, баары бир ал үйүндө жалтактап турарын ар бир аялзаты ырастай алат. Кезегине райкомдун секретары болуп турган эже менен жакын иштешип калган мезгилдерде ушу нерсени байкагам. Күндөп-түндөп жайлоо-кыштоолорго, малчы-чабандарга барып, ал-абалын сурап, ар түрдүү семинар, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүп, түнгө чейин созулган партбюрго катышып келген эжекем "Виллистен" түшүп үйүнө кирер замат райком сөөлөтүнөн жазып, балдары менен отурган эрине жалтаңдап, кичирейе түшкөндөй көрүнчү… Райком дагы ушинтеби?-дечүмүн өзүмчө таң калып. Анда үй-бүлөлүк турмушту түшүнбөгөн кезим го. А бирок, ошончо ишти бүтүрүп, ошончо кадыр-барк күткөн эркек эшиктен кыйкырып кирмек үйүнө: Мен чарчадым, чаалыктым! Чайың кана, тамагың кана?!-деп. Муну эркек жолдоштор моюнга алса болот.
Аялдар эркектен кем тургай, ашып түшүп жатпайбы?-деп беттен алчулар четтен чыгар. Алар бүгүнкү күндө эркектер үйдө балдар менен отуруп, аялдардын алды Кытай, Орусияга, Казакстанга жетип, арты ордо шаарыбыз Бишкекте соода кылып жүргөнүн айтышар. Бул көрүнүштү - мезгил талабына ылайыкташкан жашоо үчүн күрөш деп баалар элем.
Баса, ушу базар экономикасы турмушубузга агылып киргени, кыргыз аялдарынын баштагы кулк-мүнөзү, психологиясы өзгөрүлдү. Мурдагы назик, уяң, уяттуу ургаачылардан азыр эркектерден беш-бетер сөгүнүп, керек болсо олдоксон кыймылдап, бири-бирин тепкилеп, орой мамиле жасаган аялдар көп. Этиканы сактамак тургай, көп нерсени эрөөн-терөөн албай чыйт түкүрүшүп, жүздөн басып алып жулкунган аялдарды көрсөң да эч нерсе дей албайсың… Эмне, анткендерине өздөрү күнөөлүү дегени турасыздарбы. А менимче, андай эмес. "Ардактап турса, кең мекен, Айчүрөк болуш эмне экен?" деген саптарды кайталап көрүңүзчү.
Бир макала менен аял-эркек маселеси жөнүндө жазып бүтүрө албайсың да. Дал ушул маселелер жөнүндө сиздин да өз ой-пикириңиз бар чыгар, окурман. Кептен кеп улайлы. Аял-эркек теңчилиги, көп никелүүлүк, сойкулук, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жөнүндө айта турган оюңуз болсо, ортого салыңыз.

Нурбүбү БӨДӨШОВА




  Сиздин ой-пикириңиз?

МАХМАНУРОВ Абдыхалык,
дарыгер:
Жалпысынан никесиз төрөө экономикалык оор шартка, жаштардын аң-сезимине жана турмушка туура баа бере албаганынан чыкса керек. Бүгүнкү күндүн курч проблемасы болгон сойкулукту да айтпай койсо болбойт. Мына ушундай көрүнүштөр жана адамдардын өз ден соолугуна кайдыгер карашы никесиз төрөөгө түздөн-түз тиешелүү. Биздин практикада мындай балдардын келечеги жана өсүп жетилиши чоң күмөн ойду жаратат. Ошондуктан мен дарыгер катары баардык жаштарга айтаар элем, никесиз төрөөдөн мурда ойлонуп, үйбүлө курууну туура пландаштырып анан бала төрөлсө кандайдыр бир деңгээлде алардын жашоо шарттарынын жакшырылышына чоң өбөлгө түзүлөөр эле. Эркек да аял да төрөлгөн Баланы эч нерседен кем кылбай, ата-энелик милдеттен баш тартышпай тарбиялап өстүрсө анда эмне үчүн эки аял алууга болбойт. Негизи шариятта төрта ял алууга болот дейт эмеспи. Анын сыңарындай, эркек эки аялды бирдей сүйө билсе алардын муктаждыктарына жооп бере алса жана аялдардын ортосунда туура түшүнүк болсо, эки аял алуу закон ченемдүү нерсе деп ойлойм.


МААТКАЗИЕВА Жумакан,
ардактуу эс алууда:
- Азыркы убакта көп кыздарыбыз никесиз күйөөсү жок төрөп алып бетке чиркөө кайгысынан батышпастан экинчи аял болуп, күйөөгө чыгып төрөп алгандарга жакшы эле го деп ойлойм. Никесиз төрөлгөн балдар да бой жетип чоңойгон соң өзү теңдүү балдардан да ар кандай сөздү угуп психологиясы жактан да жабыркап азыркы учурдагы туура эмес жолдорго баргандарда аз эмес. Ошондон улам айтаар элем кыргызыбыз тың жигиттери эки үйбүлөнү колго алып атасыз бала дедиртпей жакшынакай тарбиясын берип чоңойтсо эмне үчүн болбосун. Менин жеке оюм ушундай. негизинен кыздар күнөөлүү деп эле кыздарга же жаш улан-кыздарга күнөөнүү коюп келебиз. Бирок ушул никесиз төрөлгөн балдардын аркасында жашы улгайып калган адамдарыбыз жок эмес. Ар кандай жакшы сөздөрү менен өсүп келе жаткан жаш кыздарыбызды бура бастырбай жашыруун жашагандары да жок эмес. Мына ушундай жашыруун жашоо деле улам никесиз балдар төрөлүп жатпайбы. Антпей эле ачыкка чыгып "баланчанын кызы" дедиртпей ак никеге туруп эле балдарды жаратса неге болбойт. Коом өзгөргөн сайын адам баласынын да көз карашы өзгөрүлөт окшойт.


АЛИЕВ Арналбек, жеке ишкер:
- Бул суроо абдан туура. Ушул маселинин тегерегинде ар кыл ойлор жаралат. Мени тынчсыздандырганы да ардантканы да биздин жаштарыбыздын турмушту чечмелей көрө биле албагандыгында жана да сабатсыздыгында деп ойлойм. Көзү көрүп, тили сүйлөп, буту басып турса да, туур ой жүгүртө албаган эр жигиттерибиз четен чыгат. Никесиз наристе төрөлсө кантип киши болоорун элестете билсе, мына бүгүнкү оор шартта турмуштук кыйынчылыктарды жеңе билсе, анда жаштарыбызда да мыйндай көрүнүштөр аз болот эле. Туура эмес иштердин дээрлик көпчүлүгүн жаштарыбыздын социалдык жактан караңгылыгынан үйбүлө, сүйүү деген аруу сезимдерден алыс экендигинен келип чыгат. Албетте бул жерде ичкиликтин орду белгилүү. Бирок жаштар деп күнөөнүн баарын жаштарга оодара сала берүү да туура эмес. Кээ бир капчыктуу эркектерибиз өз кыздарыбыздын келечегине балта чаап утурумдук кыйынчылыктардан алаксытыштын айласы кылып машина же там сатып берген учурларда кезикпей койбойт. Мына ушундай учурда экинчи аялдыкка алып ачыкка чыгып никелүү балдарды жаратса неге болбойт эле. Төрөлгөн балдардын да келечекте жүзү жарык толук кандуу үйбүлөнүн балдары деп айтылат.
Суроо салган Кайыргүл НУРАЛИЕВА