Антикризистик имитациялар

Эпчил козу менен шүдүңгүт козу
Глобалдык финансылык кризис жаңыдан башталганда атка минер чиновниктер "Кыргызстан дүйнөлүк экономикага интеграцияланган эмес, ошондуктан сырткы капсалаңдын (вызов) таасири бизге тийбейт" дешип элди жайгарышкан болчу. Арийне, дүйнөлүк кризис Кыргызстанды кыйгап өтпөй турганы аныгына чыккандан кийин алар башкача сайрай башташты. Глобалдык кризистин таасирине карабай кыйынчылыктан чыгып жатышканы жөнүндө жаңы жомок ойлоп табышты. Эми дүйнөлүк кризистин таасиринин өзгөрүшүнө байланыштуу шашылыш түрдө антикризистик чараларды кайрадан карап, түп тамырынан бери өзгөртүп чыгуу муктаждыгы жөнүндө саймедиреп киришти. Анын мисалы катары кыйла узакка созулуп кеткен дүйнөлүк кризистин терс таасирин жеңилдетүү боюнча 4-6- августта өкмөт менен ишкерлердин биргелешкен конференциясын көргөзсө болор. Тышкы рыноктун айкын эместиги, ички рыноктун өнүкпөгөндүгү, улуттук экономиканын дарбазасынын ачыктыгы, экономика секторунун негизги фондусунун ишпалдасы чыгып эскирип кеткендиги, ошондой эле, өндүрүш инфраструктурасынын жайсыз абалы оперативдүү түрдө иш - чараларын көрүүнү шарттап, жаңы антикризистик аракеттердин зарылдыгы пайда болгондугунан улам атайы конференция чакырылып жаткандыгы расмий түрдө билдирилет. Конференциядагы талкуунун жүрүшүндө дүйнөлүк финансы кризисинин шартында иштиктүү антикризистик чараларды иштеп чыгуу максаты коюлганына басым жасалды. Арийне, кризистин жаңы фазасына карата жооп деп ооз толтура аталган конференция өкмөттүн колунда антикризистик чараларды жүргүзүү боюнча кеңири масштабдагы маневр жасоого мүмкүнчүлүгү аз, чама- чаркы чектелүү экендигин көрсөткөнүн белгилөө керек. Буга Кыргызстан толук кандуу көз каранды эмес улуттук экономикага эгедер эмес экендиги айкын далил..
Кыргызстан эгер акыркы жылдары банкрот өлкөгө айланбай, аман-эсен жашоосун улантып келаткан болсо, ал ички финансылык-экономикалык факторлорго эмес, тышкы финансылык агымдардын эсебинен болуп жатканын байкоо кыйын эмес.
Өкмөт бүгүнкү учурдагы экономикалык тышкы фонду (макроэкономикалык параметрлерди) канчалык түзүк кылып көрсөтүүгө аракет кылбасын, абал күн өткөн сайын кедеринен кетип баратканына күбө болобуз. Болгондо да өлкө түзүүчү (странообразующие) делинген прибор куруу, машина куруу сыяктуу жогорку технологиялык тармактар иштебей, ишин токтоткон. Ал эми бул ишканалардан кол жуугандан кийин республика өз алдынча экономикага ээ, көз каранды эмес өлкө болуп аталуусунун өзү жөнсүз. "Бечелге жөтөлдүн не кереги" демекчи, 2009-жылдын аралыгында өнөр жайы 20%ке чейин төмөндөп кетти. Жумушчуларын убактылуу отпускага жиберип, ишин токтоткон, демек келечеги тумандуу ишканалардын катарында Токмоктогу "Интерглас" айнек заводу, Кант цемент-шифер заводу, Кант шифер комбинаты, Таш-Көмүр жарым өткөргүч заводу, Майлуу-Суу электрлампа заводу ж.б. бар. Биринчи вице-премьер Ө.Бабановдун айтымында, өндүрүштүн кескин түшүп кетиши кийим тигүүчү, кайра иштетүү жана тамак- аш өнөр жай тармактарында байкалууда. Буга былтыркы жылдан бери созулуп келаткан энергетикалык кризис өзүнүн терс таасирин тийгизгени айкын.
Мындан тышкары сыртка чыгарып сатуучу товарларга-экспорттук товарларга болгон талаптардын кескин кыскарышы өнөр жайга өзүнүн бүлүндүрүүчү таасирин тийгизгени талашсыз. 2009-жыдын 27-июлуна карата экономикалык өнүгүү министрлигинин билдирүүсүнө караганда, тышкы соода товар айлануусу биринчи жарым жылдыкта 1 миллиард 573,8 миллион долларды түздү. Анын ичинен экспорттун көлөмү 7.7 процентке, ал эми импорттун көлөмү 24,3 процентке чейин төмөн түшүп кеткени аныкталды. Ал эми, республиканын бажы структурасынын статистикасына караганда, Кыргызстандын тышкы соода товар айлануусу 2009-жылдын март-январь айларында өткөн 2008-жылдын ошол учурунан алып караганда 17.2 процентке кыскарып, ал 874.6 миллион долларга туура келип калган. Бул товар чуркатып сатуудагы мындай жайсыз абал өлкөнүн экономикасынын кедеринен кетип баратканынан кабар берери айтпаса да белгилүү.
Кыргызстандын экономикасы эмгек мигранттарынын өз өлкөсүнө жиберип жаткан акча каражаттарына көз каранды экени белгилүү. Мисалы, 2008-жылы эмгек мигранттары өз өлкөсүнө--Кыргызстанга бир миллиард долларга жакын акча каражаттарын жиберишкен. Бул болсо республиканын бүтүндөй бир жылдык бюджетине туура келе тургандай акча каражаты болуп эсептелет. Асыресе, экономикалык өнүгүү министрлигинин билдирүүсүнө караганда, тыштан эмгек мигранттары жиберип жаткан акчанын кескин кыскарып, 30 процентке чейин түшүп кеткени белгиленет. Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, эмгек мигранттарынын Кыргызстандын экономикасына кошкон салымы кризиске чейин 1,2 млрд долларга чейин барып, ВВПнын ( ички дүң продукциянын) 23,5%ын түзгөн эле. Арийне, 2009-жылдын биринчи кварталында ал каражат 26%ке чейин кыскарды. Бул болсо эптеп ыргалып араң турган экономиканы эңшерип кете тургандай оор сокку болгону талашсыз.
Бирок, ошого карабай, чала жан болсо да улуттук экономика өлбө жаным өлбө деп аман- эсен сакталып келе жатканына күбөбүз, "анын сыры", себеби эмнеде деген суроо туулбай койбойт. Баамыбызда, анын сыры жөнөкөй. Кыргызстандын экономикасы тышкы финансылык жардам аркылуу, эл аралык финансылык институттардын колдоосу жана донор өлкөлөрдүн эсебинен башы бүтүн аман сакталып келүүдө. Эгер келечекте чет элдик кредиторлордун, инвестордун булагы соолуй турган болсо, өлкө биротоло сызга отурары айкын. Айтканыбызды далилдеш үчүн бир "кызыктуу", т.а. бийлик жаа бою качып, оозуна алгысы келбей жаткан ыңгайсыз бир фактыга кайрылып көрсөк. Ушул жылдын апрель айында "24. kg" информагентствосу шериктеш өлкөлөрдүн мамлекеттер аралык статистикалык комитетинин отчетуна таянып 2009-жылдын январь-февраль айларынын жыйынтыгы боюнча маалымат жарыялаган эле. Анда Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн эңшерилип төмөндөшү боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен лидерлик орунда турганы билдирилген болчу. Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн кыскарышы 25.1%ке туура келери тастыкталган. Ал маалыматта Кыргызстан өнөр жай өндүрүшүнүн төмөндөшү боюнча Молдова (26,3 процент) менен Украинадан (32,8 процент) кийинки, Беларусия (2,3 процент) менен Азербайжан (2,6 процент), Казахстан (кыскаруусу 3,2 процентке барабар), Тажикстан (6,6 процент), Армения (8,7 процента) жана Россиянын (14,6 процент) алдындагы орунду ээлегенин кабарлаган эле. Ошондой эле ВВПнын көлөмүнүн кыскарышы Армения менен Казахстанда 3,7 процентке, Россиияда 11,6 процентке туура келери катталганы белгиленип, тескерисинче, Тажикстанда (3,9 процент), Азербайжанда (3,4 процент) жана Беларусияда (2,3 процент) өсүшү байкалганы айтылган эле. Ал эми, Кыргызстанда болсо эки айдын ичинде ВВП 1,1%ке чейин түшкөнү билдирилген болчу (http://www.24.kg/cis/2009/04/02/110865.htm). Андан бери бар болгону беш айга чамалаган мезгил өттү. Капысынан, чочуп кеткендей болуп десең, улуттук статкомитетинин июль айындагы билдирүүсү боюнча экономика кедеринен кетпей эле, кайра былтыркы жылдагы деңгээлдеги 7,5%тик өсүштөн алып караганда 0,3%ке чейин жогорулаганы, ал эми улуттук банктын билдирүүсү боюнча 2009-жылдын жети айдын жыйынтыгынан алганда ВВП 1,5% ке чейин өскөнү жарыяланып жатпайбы. Дүйнөлүк кризис бүт өлкөлөрдү чулгап алып, күн сайын тереңдеп бараткан шартта, бардык өлкөлөр (Кытайдан башкасы) экономикалык кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан учурда Кыргызстан артка кетпей эле, алдыга жылып, өнүм берип жатат дегениң чоң ишеним туудуруп жибербеси айкын. Кыргызстандын улуттук экономикасы, жогоруда айкын болгондой, 2009-жылы терең кризиске кабылып, өсүп- өнүгүүнү мындай кой, биротоло чөгүп кетпей, араң турганда, буга кошумча чиновниктердин арасындагы коррупция болуп көрбөгөндөй коолоп-чайлап кеткен кезде кайдан эле 0,3 жана 1,5% өсүш келип чыкты деген суроо туулары айкын. Бул кантсе да чиновниктер ойлоп тапкан, ашмалтай болуп бүткөн демейдеги жел статискасы менен жел цифралары болушу мүмкүн дебей кое албайсың. Эгер чындап эле экономикада өнүгүп- өсүү болсо, ал ички ресурстардын кыймылга келиши менен антикризистик программалардын майнабынан табууга болбос. Анын табышмагы баамдап көргөндө кантсе да башкада- донор өлкөлөрдүн финансылык колдоосунан, биринчи кезекте Россиянын баш- аягы 2, 15 миллиард доллардык жардам пакети, анын ичинде 150 миллион грант түрүндөгү, андан тышкары 300 миллион доллардык финансылык колдоосу менен түшүндүрүлөт. Январь-февраль айларында ВПП 1,1%ке чейин түшүп кетсе, кийинки айлары кайра "жанданып" 1,5% чейин өсүшү Россиялык 450 миллион доллардык финансылык жардам келип түшкөн апрель айына туура келгенин баамдоо кыйынчылыкка турбас. Бул да болсо улуттук экономика биротоло сызга отуруп калбай, жашоосун улантып жатышы тышкы жардам аркылуу кармалып тургандыгынын күбөсү.
Кыргызстан ички ресурстарын активдештирип, улуттук экономикасын өстүрүүнүн ордуна, кубаттуу донор өлкөлөрдүн жана эл аралык финансы институттардын колун карап оокатын өткөрүп калганын көрүү кыйынчылыкка турбайт. Тышкы финансылык жардамдардын ийнеси биротоло отурганы азыр чоң күмөн күдүктү жаратпай калды. Кыргызстандын бийлигинин эс - дартынын баары эле тышкы жардамга көз артуу болуп калганы жашыруун эмес. Экономикалык саясаттагы иш- аракеттеринин баарысы өлүмтүгүн артса да башкалардан--бардар өлкөлөрдөн финансылык жардам өндүрүп алууга барып такалат. Жада калса өлкөнүн тышкы саясаты, эл аралык мамилелери бир гана финансылык кызыкчылыктарга багындырылып калды деп айтса болор эле. Америкалыктар жайгашкан "Манас" авиабазасынын эки жолу сатылышы-адегенде Россияга 2,15 мллиард доллардык финансылык пакетке, андан соң кайрадан америкалыктарга 60 миллион долларга аренда төлөмү менен аэропорттун инфраструктурасын өркүндөтүү үчүн корой турган 120 миллион долларга бааланып сатылышы буга айкын күбө. Кыргызстандын бийлиги "кылым соодасын" баштаганда, республиканын эл аралык бедели түшүп жатканына, башка өлкөлөрдүн ишениминен чыкканын да караган жок, утурумдук финансылык кызыкчылык баарынан артык дешти. Азыркы режимдин кай бир кошоматчы эксперт сөрөйлөрү бийликтин Манас авиабазасы боюнча болгон эки жүздүү соодагерчилигин көп вектордуу тышкы саясатты тутунуу, Кыргызстанды эл аралык мамилелердин субьектиси катары башка улуу державалар эсептешип калганы менен түшүндүрүштү, атүгүл кай бир жасакерлери "эпчил козу эки эмет" деп бийликтин "кылыгын" мактоого алганга чейин барышты. Асыресе, Кыргызстан ошол кезде эл аралык коомчулуктун алдында биротоло бедели түшүп, ишеними жок шүдүңгүт козуга айланганын капарына алышпагандыгы өкүндүрбөй койбойт.

Үсөн КАСЫБЕКОВ