Эстутум

Кечээ кыргыз-казак элинин учу - кыйырына кадиксиз таанылган, кайда барса да урмат-сыйга бөлөнгөн, бир кылымда бир жаралчу, кыргыздын намысын сактап, туусун желбиреткен кеменгер, төкмө акын Майра Керим кызын шум ажал арабыздан алып кетти. Майра эжебиздин шатыра- шатман мүнөзүн, омоктуу ойлорун, көмөкөйүнөн төгүлгөн ыр саптарын эстеп, ичибиз ачышып, көзүбүзгө жаш алып олтурабыз. Майра эженин айткан сөздөрүн, берген маектерин тизмектеп, "дартым рак болгону менен, өнөрүм брак эмес" деп өнөрдүн баасын билип, берген маегинен бир үзүм берүүнү туура көрдүк..
"Дартка чалдыгып, турмуштун дагы бир сыноосун башымдан кечирип жатам. Дартты жеңем, өмүрдүн калган бөлүгүндө түмөндөгөн ийгиликтерди багынтам деген улуу сезим менен күн кечирип жатам.
Алгач "рак" деген бүтүмдү укканда чочуп кеттим. Операция үстүндө ак халатчандар кейип турушту. Профессор Мамбет Мамакеев агабыз реанимацияда жаткан абалымды көрүп, "неге мынча кеч келдиң?"-деп дубалды эки-үч ирет коюп-коюп жиберип, өкүнүп жатты" деген эле.
Майра эжебиздин оптимистик көз караштагы "дартымды жеңем" деген жакшы үмүтүн эстегенде ичиң сыйрылып, көзүңө жаш албай кое албайт экенсиң. Сөздүн кудурети адам баласын сындырганы менен, жаныңды жай алдырбаган дартты сындыра албайт тура...
Эженин кайра жаралгыс талантына таазим кылып, жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун деп жакындан билген адамдар менен ой бөлүштүк.


Түгөлбай Казаков, акын, композитор:
" Майраны оору сындырып кетти"
- Түгөлбай мырза, коомчулукта Майра Керим кызы экөөңөрдүн чыгармачыл байланышыңар, анын таламын талашып жүргөнүңүз көп айтыла калат. Майра эженин төкмөлүк талантын, ой-чабытынын бийиктигин алгач кайдан байкагансыз?
- 1989-жылы Алматыга казактардын курултайына бардык. Бизди бир боз үйгө киргизишти. Анын сол капталында казактар шарактап олтурушуптур. Алар салам-алиги жок эле арабыздагы домбура кармаган кызга асылып киришти. Майранын казак экенин укканда катын тебетей кийген бирөөсү(үкүлүү) домбурасын ала коюп, көктөгү жемин жерден көргөндөй качырып сала берди. "Эр табылбай калгансып, кыргызда тентип жүрөсүң" деп, Майраны негрге тийгендей омуроолоп кирди. Ошол жигит казакты көккө чыгара албай, кыргызды жерге киргизе албай көпкө убара болду. Домбурасын ит кууган тооктой тыпыратып, өзү андан ашып айгайлап, далайга адыраңдап барып токтоду. Боз үйдө олтурган казактар тиги жигитти жоо сайып келгендей кубаттап калышты.
Майранын ким экенин, кандай акын экенин ошондо көрдүм. "Өзүң жиндисиң" принцибине салып пастыкка түшкөн жок. Улуу акындардын салты менен казактарга саламдашып, курултайы менен куттуктап, эки элди көтөрө ырдап, анан барып тиги жигитке катыра жообун берди.

Казактан камчыга сап жигит таппай,
Кеткенмин төкмөлөрдүн мекенине -

деген эки сапты ыгы келген жерден кошуп, кайталап жатты. Ошондо тиги жигит Майранын ким экенин чындап билди көрүнөт. Бутуна чөгөлөп, "апай, кечир" деп жатып араң токтотту. (Казактардын апай дегени эже деген сөз). Майранын төкмө акындык деңгээлин көрүп, казактар аябай таңкалышты. Ошондо Майранын майдаланбаган ойлорду сулп-сулп таштаган чоң, чыныгы акын экенин билдим. Андан кийин Майра 1992-жылкы чоң айтышка чыкты. Калыстар тобу казак дедиби же эски көз караштарга алдырып ийдиби, айтор, салттуу, маңыздуу ойлорду камтыган ыр Майрада эле болсо дагы, ага байгелүү орун беришкен жок. Майра жеңүүчү болбой калганда калыстар тобуна барып, "эмнеге жеңүүчү болбой калды? Каерден жаңылды? Кимге жеңилди?" деген суроолорду бергем. Бирөө дагы унчуга алышкан эмес. Көрсө, Майраны казаксынтып коюшуптур. А бирок, Майра чоң акын экенин көп жерден далилдеди.
- Сиз таламын талашкандан кийин эле Майра эже менен чыгармачылык байланышта болуп калдыңызбы?
- Ошол айтышта калыстар тобу менен талашып-тартышып жатканымда Майра залда олтурган экен. Менден башка анын таламын эч ким талашкан да, коргогон да эмес. Балким, чыгармачыл адамдар катары жылдызыбыз ошондо табышып калгандыр. Анткени, Майра мамилени, сөздү баалаган, адамды терең түшүнгөн, оптимист, кабагым-кашым дебеген, эч нерсеге чөкпөгөн, кайраттуу адам болчу. Өзү аял киши болсо дагы үй бүлөнүн да, чарбасынын да түйшүгүн кабагым-кашым дебей көтөрө билчү. Ал эч нерсеге сынчу эмес. Өкүнүчтүүсү, Майраны оору гана сындырып кетти.
- Демек, Майра эже сиздин айтканыңызды эки дечү эмес. Бир ооз сөзүңүз үчүн былтыркы эгемендик күнүнө арналган айтышка катышкан деген сөз чын турбайбы?
- Ооба, чын. Былтыркы чоң айтышта Майра ооруп, химиялык терапия алып жүргөн. "Ушул айтышка намыс үчүн, чыдап туруп катышып бер" деп өтүнгөнүмдө "ооруп жатам" деп жатып албай, жаны кыйналып жатса дагы катышып, эч нерсе болбогондой, алты саны аман, дени соо балдардан да өйдө ырдап, кыргыздын намысын коргоп, казактарга Каркырадан бери айтып, кыргыздын туусун көтөргөн Майра гран-приге ээ болгон. Майраны эл ушунчалык жакшы көрөөрүн ошондо билдим. Ал химиялык терапия алып, ырдап жатат дегенди укканда залдагылардын көбү ыйлап жиберди. Ахыбалы оор болуп, жаны жер тартып, кыйналып турса дагы чыдап, ошондо төкмөлүк өнөрдү бийик тутуп, 100 жылда бир жаралчу сейрек талант экенин далилдеди. Анын бул дүйнө менен эртелеп коштошуп кете бергени үй бүлөсү, аны жакшы тааныган тааныштар үчүн эле эмес, кыргыз эли үчүн да чоң арманга айланып олтурат. Анын кадырына жеттикпи, жеткен жокпузбу ал башка кеп. Жалгыз төкмө кызыбыздан айрылганыбыз кыргыз үчүн орду толгус чоң күйүт.
- Эми кеч болсо да, эмгектери эске алынып, сыйлыктарды берүү боюнча маселе көтөрүлөбү?
- Маданият тармагындагылар Майранын кайталангыс талантын, үлкөн-үлкөн эмгегин эске алып, көзү тирүүсүндө татыктуу наамга ээ болбосо дагы, көзү өткөндөн кийин сыйлыктарга көрсөтөт деген ишеничтемин. Анткени, ал бир гана төкмө акын эмес, обончу да болчу. Ырларды да дээрине жеткире ырдачу.
- Ал бул дүйнөдө эмнеге үлгүрбөй калды?
- Майра өлүмгө кыйчу жан эмес эле. Аман болсо чоң-чоң ийгиликтерди, жеңиштерди багынтмак. Кыргыз эли үчүн дагы кызмат кылмак. Өмүрү кыска экен, бул дүйнө менен эртелеп коштошуп кетти. Сыйлык, наамдарды айтпаганда дагы, ал китептерин чыгарганга да үлгүрбөй калды. Майранын сейрек жаралчу талант экенин баалап, кыз-келиндердин арасынан чыккан жалгыз төкмө акын экенин эске алып, Кыргызстандагы мыкты ишкерлер демөөрчүлүк кылып, китебин деле чыгарып беришкен жок. Менин бир чоң арманым да ошол болуп жатат. Жок дегенде бир китеби жарык көрүп калса,эл үчүн, кийинки муун үчүн да мурас болмок.





Муратбек Бегалиев, Улуттук консерваториянын жетекчиси, композитор:
"Майраны кыргыздын кеменгерлеринин катарына кошушубуз керек"
- Муратбек агай, өнөрлүү адамдардын арасында жүрөсүз. Кечээ эле чын дүйнө менен коштошкон төкмө акын Майра Керим кызы кандай киши эле?
- Майра караңгыда жол тапкан, капилеттен сөз тапкан чечен, кеменгер, айкөл, эч нерсеге жулунбаган жөнөкөй, аялзатына тийиштүү бардык касиеттерге эгедер аял эле. Чын айтсам, кыргыздан Майрадай эрки күчтүү аялды көргөн эмесмин. Ал өнөрүнүн өлбөстүгүнө ишенчү. Колуна комузду да, домбураны да алчу. Жамандык айтып келбейт экен да. Мындан эки жума мурун эле бир жерде чогуу конокто болгонбуз. Ошол жерден жакшы нуска сөздөрүн айтып, ал тургай жамакташтырып ырдап, элдин да, өзүнүн да көңүлүн ачып жакшы олтурган. Ал менен чогуу олтуруп калган жерлерде "бул жөнүндө сөз болду, тигил жөнүндө сөз болду. Эми эмнени ырдайт экен?"- деп күтүп калчумун. Майра "кыргыздын келинимин, мени казак дебегиле, каным да, жаным да кыргыз. Бирок, казактын кызы экенимди унутпайм" деп өзүнүн таржымалын айтып, анан бийик адамкерчилик тууралуу сөз кылып, олтургандардын баарын камтып, куюлуштуруп ырдаар эле. Анын талантын чын дилимден баалачумун. Төкмө акындардын эң бир күчтүү корифейлеринин бири Майра болчу. Майрага казак - кыргыз эбак эле "эл акыны" деген наамды берсе болмок. Кыргыздар төкмөлүк өнөрүн аздектеген жалгыз кызына мамлекеттик сыйлыктарды эле берип чектелбей, кыргыздын түркүгү болгон Ч. Айтматов, Б. Бейшеналиева, Б. Миңжылкыев, Д. Садырбаев, Э. Турсуналиев, А. Айталиев жана башка кеменгерлердин катарына кошушубуз керек. Менимче, бул залкарлар кыргыз жер үстүндө жашап турганда эч качан унутулбайт.
- Майра Керим кызына жатакана берип, ооруп жатканда сизди гана көмөктөшкөн деп жүрүшөт. Кандайча жардам берип калдыңыз эле?
- Мындан бир жыл мурун "атайын келдим, агатай. Менден улуусузбу-күчүүсүзбү билбейм. Бирок, сизди сыйлап, кичүү болсоңуз дагы агатай дейм" деп жамакташтырып ырдаган эле. Жардам керек экенин билип, "мен ачык кишимин, ачык эле айта бер" - десем, "Бир ооруга чалдыгып, анча-мынча сыркоолоп аттым эле" деп жаман дартка кабылганын айтып, "Сокулуктан бери ооруканага келе албай, жолдон кыйналып жатам. Консерваториянын жатаканасын жакшы ремонт жасаткан экенсиз. Ооруканага жакын экен, бир бөлмө бере турасызбы? Бир күнбү, он күнбү же жүз күн турамбы, Кудай берип, оңолуп кетким бардыр"-деди. "Оңолуп кет, сакайып кет"- деп жакшы тилегимди билдирип, орун жок болсо дагы сыйлыгыштырып жатып бир бөлмө бергем. "Комендант деген бар да, тыйынын канча төлөймүн?" дейт. Кеменгерлигин, табылгыс өнөрүн баалап, сендей талантка жардам беришибиз керек. Ал жагынан кам санаба дегем. Ыраазы болуп кеткен. Андан кийин бир- эки жолу майда иштери менен кайрылды. Оору менен алп урушуп жатканын көрүп, анда да чын жүрөгүмдөн жардамымды бергем. "Кудайга шүгүр, жакшы болуп калдым. Компакт-диск чыгарууга аракет жасап жатам" деп мени кубантып, "Агатай, мага көз эле тийип кетти окшойт" деген эле.
-Топурак салганга барган жоксузбу?
- Мага бирөөлөр айтат го деп ойлогом. Тилекке каршы, эч ким айткан жок. Кеч уктум. Аржак-бер жакка чалсам, "тааныбайбыз" дейт. Ошол жакта инилерим бар эле, телефон чалсам, "эртең эртең менен коебуз" деди. Кеч угуп, топурак салганга жетише албай калдым. Болбосо топурак салып, ызаат көрсөтчү адам эле. Эжебиздин жаткан жери жайлуу болуп, жараткан жаннатынан жай берип, топурагы торко болсун.





Табылды Актанов,
КРнын эл артисти,
төкмө акын:

Тоңдуруп муздай көңүлдү,
Томсортуп күлгүн өмүрдү.
Домбура, комуз шолоктоп,
Добушсуз калсын дедиңби?
Алсырап турам арга жок,
Айта албай эмне дээримди.
Суутуп демди суук сөз,
Сур жылаан болуп сезилди.
Жылдызды кантип өчүрдү?
Жылаажын үнүн угалбай,
Жыя албай турам эсимди.
Кири жок мүнөз, ай жаркын
Ким улайт улуу көчүңдү?


Тактоо
Акыркы күндөрү Кыргызстандагы "Токтогул атындагы мамлекеттик барктуу, баалуу сыйлыктын лауреаты деген наам коррупциялышып кетти. Татыксыз адамдарга эле берилип жатат" деген сөздөр коомчулукта арбын айтылып калды. "Аталган сыйлыкты берчү комиссиянын мүчөсү, композитор Муратбек Бегалиев Казат Акматовдун сыйлык алышына жалгыз каршы болуптур" деген имиштер арбын экендигин айтып, Майра Керим кызы тууралуу баарлашып жатканыбызда суроо узаткан элем. Муратбек мырза, "аталган сыйлыкты берчү комиссиянын курамынан чыкканым чын. Бирок, ал мен талкуулоочу маселе эмес" - деп сыпайы жооп берип койгон эле. Гезиттин 21.08.09 күндөгү санында анонско туура эмес жазылып калганы үчүн Муратбек агайдан кечирим сурайбыз.


Перизат ИМАНКУЛОВА