Атактуулардын турмушунан...

Леди Динин өлүмүнүн сырлары
Британия канышасы

Диана Френсис Спенсер тагдыр сыноолоруна толгон өмүрдү башынан кечирген. Ата-энеси жети жашында ажырашып кеткенде өмүр бою кыйноого салган булимия оорусуна кабылган. 16 жашында турмушка чыккан Британия канзаадасы Чарлзга Уильям, Гарри деген эки баланы тартуулап, бирок үйбүлөлүк бакытты сезген эмес. Себеби, Чарлз Диананы сүйгөн эмес, жактырганы - азыркы жубайы, ал учурда башы бош эмес Камилла Паркер Боулз эле. Дианага атасынын талабы, үйбүлөнүн абройу үчүн баш кошконун кыйытып айтканын уккандар бар. Жубайларда айырмачылык көп эле: Дианадан он эки жашка улуу Чарлз ат үстүндө көп болуп, аңчылыкка, полого, анан китепке, Диана болсо, бийге, музыкага жакын болуп, канышага ылайыксыз делген - үй кызматкерлери менен чай ичмей, сүйлөшүп отурмайды адат кылып алган. Бирок ал өмүрлүк жолдошунан сүйүү болбосо да, моралдык колдоо издеген. Биринчи уулу боюна бүткөндө көңүлү айнып, тамакка табити тартпай кыйналганын, алтүгүл өлгүсү келгенин билдирсе дагы, Чарлз бир да жолу жооткотуп көңүлүн алган эмес. Анын көңүлкоштугуна чыдабаган Диана бир жолу жыгач тепкичтен боюн таштап да жиберген. Бактыга жараша өзү дагы, ичиндеги баласы дагы жабыркаган эмес. Бирок тун уулу төрөлгөндө Чарлз аталык мээримин аянбай төгүп, жубайына мамилеси аз да болсо жумшарган. 1984-жылы 15-сентябрда экинчи уулу Гарри жарыкка келгенде, тескерисинче, "дагы эркек бала, болгондо да сары" деген катуу сөз айтып капаланткан. Кыскасы, 1980-жылдардын ортосунан орун алган араздашуулар акыры өз-өзүнчө жашоого, 1996-жылы толук ажырашууга алып келген.

Ажырашкандан кийин

Кийинки жылы гезит беттерине башы бошогон Диананын египеттик миллиардер Мохамед-аль-Файеддин уулу Додинин кучагында турган сүрөтү басылып чыгып, алар сенсация издеген ММКнын, коомчулуктун жана Британия бийлигинин иликтеп-жиликтөөсүнө кабылган. "Комсомольская правда" гезитинин Лондондогу корреспонденти Михаил Озеров Диана балдарын Парижге алып барганда Додинин яхтасына салып сейилдеткенин мурунку үйбүлөсү катуу сынга алып турганда кезигип, Диана: "Өз жашоомду кимдир бирөөнүн буйругу алдында тургузууну каалабайм. Аткарбайм дагы..." деп айтып келип, "Эми өзүм тынчыйм же тынчытышат" дегенин жазган. Бир жумадан кийин - 1997-жылы 31-августтагы автокырсыктан Доди экөө тең каза болгон.

Күнөөсүз "күнөөлүүлөр"

Алгач мотороллерлер менен Диана отурган "Мерседестин" артынан түшкөн репортерлорду Париждин Альма туннелиндеги автокырсыкка күнөөлүү, алардын бири авариялык жагдайды пайда кылып, жыйынтыгында "Мерседестин" айдоочусу көпүрөнүн бетон устундарын сүзүп алган деп чыгышкан. Бирок бул окуяга күбө болгон адамдардын айтымы боюнча, репортерлор "Мерседестен" бир топ эле артта келишкен. "Мерседес" кирип кеткен туннелге бир нече секунддан кийин гана жетип келишкен. Сот да аларды "автоунаа ичиндегилерди өлүмгө алып келген автокырсыкка катышы жок" деп актаган.

Табышмактуу "Фиат Уно"

Иликтөөдө илинчек издеген топ талкаланган "Мерседестен" алыс эмес жерде башка машиненин сыныктарын, кырылган сырын табышкан. Автокырсык болгондон аз өтпөй туннелден ак түстөгү "Фиат Уно" унаасы чыкканын айткан күбөлөр да болгон. Бирок полицияга машиненин техникалык мүнөздөмөсү, түсү, жылы, ал түгүл айдоочусунун өң?келбети дайын болуп, өлкөдөгү "окшош" деген унаалардын баары текшерилгени менен, машине да, айдоочу да табылган эмес. "Көрдүм" деген күбөлөр дагы баштапкы көрсөтмөлөрүнөн чаташып баштаган. Кызыгы - башка машина тууралуу полиция эки жумадан кийин гана жарыя кылган.

Атайын кызмат аралашканбы?

"Мерседес" туннелге киргенде адам көзүн караңгылаткан күчтүү жарык жанганын көргөн адамдар болгон. Алар өздөрү да бир топко сокур адамдай абалда калышканын, болгону - дөңгөлөктүн чыйкылдаганын, бир нерсени сүзгөндөй добушту угушканын айтышкан. Британиянын МИ-6 кызматынын мурдагы агенти Ричарда Томплисон"Диананын өлүмү британиялык атайын кызматтын Югославия президенти Слободан Милошевичке даярдаган - туннелде жарык менен тынчытуу планына окшошуп жатат" дегенден кийин, бир канча айдан кийин британиялык жана франциялык гезиттер: "Альма туннелинде күчтүү лазердик курал колдонулган болушу керек" дегенин жазган соң чын-төгүнүн билүү аракети күч алган. Бул божомол ошол учурда да, кийин да далилденген эмес. Автокырсык болгон жердеги жол кыймылына байкоо салган видеокамералар белгисиз себептер менен ал күнү иштебей калган.

Баягы "Фиат Уно"

Бул маалыматтан соң коомчулуктун эсине сыныктары табылып, өзү табылбай кеткен автоунаа түшүп, бул кырсыкты жөнөкөй унаа-жол кырсыгы катары көрсөтүү максаты болгон деген пикир жаралган. Атайын кызмат ак түстөгү "Фиаттын" ошол түндө туннелде болоорун билишкен деп чыгышкан. Мындай автоунаа айдаган, бирок демейде машинесиз жүрбөгөн белгилүү папарацци Жеймс Андансон ошол күнү "Ритц" мейманкасына жөө келип, Диана менен Додинин отелден чыгышын күтпөстөн кетип калган. Кырсык учурунда анын туннелде болгону маалым болуп, кырсыкка катышы бар деген шекшинүү жаралып, Додинин атасы ал атайын кызматтын агенти болгон деп чыккан. Туннелде анын машинесине окшош, бирок номери башка "Фиат" да токтоп турганын, Жеймс эл чогулуп баштаганда тез эле кетип калганын айтышкан. Ал бир нече сааттан кийин Париж-Корсика багытындагы учактан орун алып, барган жагынан машинеде өрттөлүп өлгөнү маалым болгон. Анын офисинен Диананын өлүмүнө байланышкан материалдар толугу менен уурдалып кеткен. Жеймс керексиз күбө катары же өкүмдү ишке ашыруучу катары жок кылынган дешет. Ал эми августтагы каргашалуу окуя болгон жерге барган, кийин аны жеке иликтөөгө алган дагы бир репортер Жеймс Кит 1999-жылы сентябрь айында Париждин бир госпиталында көз жумган. Ал тизесине жасала турган жеңил эле операцияга кирип баратып досторуна: "Кайра кайтпасымды сезип турам" деген. Ал өлгөндөн кийинки бир нече саат ичинде жарыяласам деген материалдар жайгашкан интернеттеги веб-баракчасы жок кылынган.

Айдоочунун айыбы

Эки жылдан кийин (!) дүйнөлүк гезиттердин көпчүлүгүнө автокырсыкка "Мерседестин" айдоочусу, өлгөнгө чейин Диана акыркы жолу түнөп-конгон "Ритц" мейманканасынын коопсуздук кызматынын башчысы болгон Анри Поль күнөөлүү деген иликтөө бүтүмү жарык көргөн. Тергөөчүлөр рулга өтө мас абалында отурган, ал учурда күчтүү дарыларды ичип жүргөн деп айыптап чыгышкан. Додинин үйбүлөсү болсо, "Эгер анын мас экени билинсе, Доди эч жакка бармак эмес" деп билдирген. Аны тирүүсүндө мас экенин көрдүм деген эч бир адам болгон эмес. Эксперт-токсикологдордун жыйынтык протоколундагы бүтүмгө пикир айткан көз карандысыз эксперттер ал бүтүм боюнча Анри машина айдамак түгүл, бутуна да тура алмак эмес дешкен. Аль-Файеддин үйбүлөсү анализ атайын же кокустан алмашылган деп чыгышкан. РЕН ТВ каналы жеке иликтөөлөрүнүн негизинде алкоголь жана көмүр иси табылган кан Анри Полго тиешелүү эмес экенин далилдешкен. Бул ишти иликтөөгө алган полиция да Анри Полдун анализи башка пробирка менен алмашып кеткенин моюндаган.

Анри Поль ким болгон?

Анри Полду таанып-билгендер анын көп ичпегенин, анан дагы жеңил учактарды башкаруу клубунда мүчө экенин айтып бергенден кийин трагедия болордун алдында Анри учуу лицензиясын узартуу үчүн медтекшерүүдөн өткөнү, кан тапшырып, анын курамынан эч нерсе табылбаганы жазылган дарыгердин бүтүмү ачыкка чыккан. Ал өлгөндөн кийин анын счетунда өтө чоң суммадагы акча пайда болгон. Айрым адистердин айтымы боюнча, Анри Поль МИ-6нын штаттагы агенти болгон. "Ритц" мейманканасынын коопсуздук кызматынын башчылыгына жөн коюлган эмес, себеби аталган жайга ар кыл мамлекеттин жогорку кызматтагы адамдары көп токтошкон. Дагы бир маалымат - 1997-жылы 31-августтагы кырсыкка чейинки кырк мүнөттө Диана алар Додинин жансакчысы Кен Уингфилддин башкаруусундагы машинеге эмес, Анри Полдун унаасына отурушарын билген эмес. Унаа алмаштырууга машиненин бузулушу себеп болгон дегенди сегиз жыл кийин Уингфилд төгүндөгөн. Анри Поль ага отелде калууну буйруп, Диана менен Додини өз машинесине отургузуп, башка жол багыты менен алып кеткен. Коомчулук кызыккан Уингфилд ушунча жыл эмне унчуккан эмес, кимден корккон деген суроолор ачык бойдон калып келет.

Эпилог

Айдоочунун жанынан орун алган Диананын жан сакчысы Тревор Рис-Джонс аварияда аман калып, бирок акыл-эсин жоготуп койгондуктан, жарытылуу маалымат бере алган эмес. Ал ооруканага тез жеткирилип, Дианага орто жолдон тез жардам машинесинин ичинен эле жардам көрсөтүлүп башталган. "Кан токтобой жатат, жүрүп баратканда эч нерсе кылалбайбыз" деп машине да токтотулган. Негизи Диананын ооруканага тез жеткирилишин кимдир бирөө каалаган эмес дешет. Атайын рейс менен Лондонго дароо эле жөнөтүлмөк болгон Диананын сөөгү Париждеги британиялык клиникага жеткирилип, бальзамдалган. Айрым маалыматтар боюнча, бул Британия элчилигинин тапшырмасы боюнча аткарылган. Элчиликке ким экени такталбаган бир адам буйрук кылганы тууралуу сөздөр да айтылган. Кыскасы, ким болсо да, бальзамдалган адам денеси кайталап экспертизадан өткөрүүгө жарабай калаарын билген. Додинин атасынын айтканы боюнча, Диана Додиден боюнда болгону үчүн өлтүрүлгөн, аны билдирбес үчүн денеси бальзамдалган...