Дүмбүл дүйнө

"Талап-тономойго бүгүн бөгөт койбосок, эртең кеч болуп калат"
Биздин редакция жаш саясатчылар менен тыгыз иштеше баштагандан бери, өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабаган жаштарыбыздын көп экенине күбө болдук. Жайкы аптапта биздин жамаат касиеттүү Ысык-Көлгө эс алууга барып, ал ортодо саясатка кызыккан, жаңыдан өсүп келе жаткан патриот жаштар менен жолугуштук. Алардын учурдагы абалын кененирээк билүү максатында Бостери айылдык кеңешинин депутаты, "Бостери жаштар" уюмунун жетекчиси Ишенбеков Турат Жолдошевич менен маектештик.



- Турат, "Бостери жаштар" уюмунда канча бала бар?
- Бостеридеги жаштардын баарысы биздин уюмдун мүчөлөрү. Учурда биздин багытты, максатты көздөгөн жаштар биринин артынан бири агылып келишүүдө. Уюмдун негизги иштерин жүргүзгөн беш жаш жигитпиз.
- Кандай иштердин үстүндө иштеп жатасыңар?
- Ысык-Көлдө жайкысын гана иштеп, сезонду пайдаланып калышыбыз керек. Ошол себептүү, учурдагы эң негизги максатыбыз жаштарды жумуш орундары менен камсыз кылуу. Жаштарга колдоо көргөзүү. Мамлекеттик кызмат болбосо дагы көчөдө бош жүргөндөн көрө ар кандай курулуш иштерине иштөөсүнө шарт түзүп бергенге аракет кылабыз. Биз өзүбүз аракет кылбасак, азыркы учурда жаштарга жардам бермек тургай, ойлогон да адам жок. Ошондуктан жаштар арасындагы конфликттерди да чечип, саясатка да аралашып келебиз.
- Айылда аты чыгып, таанылып калган жаштарга өз көйгөйүн айтып кайрылган адамдар болобу?
- Албетте, мындай учурлар көп кездешет. Бостериде эл эң биринчи жаштар менен кеңешмейинче, эч кандай иш башталбайт. Башкача айтканда, биз катышмайын маанилүү иштер алдыга жылбайт. Биздин жаштар Бостери айылына көптөгөн ийгиликтерди алып келген жана дагы алып келебиз деген жакшы ойлор, тилектер бар. "Бостери жаштары" деп башын баштап, түптөп берген байкелерге да ыраазыбыз. Бул демилгени Бакы Оңкобаев деген байке көтөргөн. Биз ал адамдын баштаган ишин улантып келе жатабыз. Буюрса жаман эмес, жакшы. Көздөгөн максаттарыбыз ишке ашып жатат.
- Өткөн шайлоо боюнча көз карашың кандай? Силер шайлоо таза өттү дегенге ишенесиңерби?
- Шайлоо боюнча айтсам, Бакиевдин беш жылдык президенттик мөөнөтүн толук өтөп бүтө электе, экинчи мөөнөткө аттанганы өзүнчө бир чоң саясат. Бийликтин укуругу узун дегендей, бийлик өз максатына жетти. Ал эми оппозиция шайлоодо өзүнүн этек-башын жыйнай албай калды. Мен да оппозициялык маанайда жүргөн жигитмин. Башкача айтканда, "Ата Мекен" партиясына мүчөмүн. Бирок, кийинки күндө оппозициядан да көңүлүм калып, ирээнжий баштадым. Азыркы жаштар ар кайсы партиянын башкы куралы болгондон көрө, өзүнчө жаштар партиясы болуп түзүлүп, баштарын бириктирсе деген оюбуз бар. Көп түкүрсө көл болот эмеспи. Ошондуктан мен Кыргызстандагы жаштарды биригүүгө чакыраар элем. Бийликке дагы, оппозицияга дагы аралашпастан, өз ой - пикирибизди ачык айтып, өлкөбүздүн келечегине салым кошуп, биздин үнүбүздү ошол эле бийлик, оппозиция, ошону менен бирге эл уккандай болсо эң жакшы болоор эле. Азыркы бийлик менен оппозициянын адамдарына окшоп, бири - бирибиздин көзүбүздү чукубай, талап-тонобой, бир нукка түшүп алсак деген тилек бар. Бул тилекке жетиш үчүн жаштарды колдоп, биримдикке чакырган акылдуу инсан керек.
- Турат, эгер сыр болбосо, шайлоодо кайсы талапкерге добуш бердиңер?
- Сыр эмес. Аны жашыруунун деле кереги жок. Поезд кетип баратса, ал поездден калып калмак белек. Ошол эле кетип бараткан поездге отурдук. Чындыгын айтканда, "Ак жол" партиясына иштедик. Биз "Ак жолду" колдобосок болбойт болчу. Анткени биздин жаштар бийликке көз каранды. Азыркы оппозицияны колдоо - бул "куру намыс баш жарат" дегендей эле кеп. Анткени, биздеги оппозиция алсыз. Айткан сөздөрү жасаган иштери менен айкалышпайт. Мына, Ысык-Көлдө шайлоодо камакка алынган адамдарды камактан чыгарууга бирөө дагы аракет кыла элек.
- Турат, сен оппозицияга да, бийликке да ишенбейбиз дедиң. Калдайган Каркыра жайлоосу менен 4 пансионат казактарга кетти. Анан эмнеге шайлоодо Бакиевге добуш бердиңер?
- Кыргызстандагы жерлер мурдатан эле бийлик тарабынан сатылып келген. Көз алдыбызда Бостериден 3 килейген пансионат казактарга кетти. Албетте, жүрөгүбүз сыздады. Бирок, бул пансионаттарды казактарга бербей кармап отурганда деле эч кандай жыйынтык чыкпайт болчу. Анткени ал пансионаттарды жогорку деңгээлде иштетип, элди жумуш менен камсыз кыла турган адам болгон эмес. Мына, "Алтын Кум" пансионаты өзбектердики. Бул жерде биздин 500 дөн ашык жаштарыбыз жумуш орундары менен камсыз болгон. Казактарга кеткен пансионаттарга үч жаңы беш жылдыздуу отель салынат деп убада беришкен. Муну жергиликтүү эл өзү талап кылып жатат. Анткени, эскирип кеткен пансионаттарды профсоюздар иштете албай жатышат. Эскилиги жетип, жараксыз болуп калганча казактар иштетип, убайын көрө берсин.
Бул пансионаттарды казактарга берээрде аким жаштарды, аксакалдарды чогултуп кеңешкен. Ошондо биз 60% биздин өзүбүздүн эл иш менен камсыз болсун деген талапты койгонбуз. Өзүбүздөн бычакка сап жигиттер чыгып, эскилиги жеткен пансионаттарды иштетип, элди иш менен камсыз кыла турган азаматтар чыкпагандыктан, үч пансионатты казактарга карматтык. Бул айла жоктун иши да. Бизде, кыргызда, көралбастык деген ооруу күч алган. Анткени, өзүбүздүн жигиттер бизнес кылып, ити чөп жеп баштаса, аны көралбай, бизнесин тартып алышат же өлтүрүп коюшат. Же болбосо бизде деле пансионаттарды иштеткенге күчү жете турган жигиттер жок эмес эле.
Ошондуктан менин айтаарым - азыркы жаштар "сатып ийиптир" деп ушак кылып жата бербестен, өз жерибизди көздүн карегиндей сактап, саттырбаганга аракет кылсак жакшы болоор эле. Мындай нерселерди алдын ала билип, дайыма кабардар болуп турсак. Башкача айтканда, ар ким өз түйшүгү менен алек болуп отура бербестен, өлкөбүздүн келечегине кам көрүүбүз керек. Биз бүгүн талап - тономойго бөгөт койбосок, эртең кеч болуп калат.
- Демек, учурда жаштар аракет кылышы керекпи?
- Албетте. Бийликти көрдүк. Аларга сөз да жок. Оппозиция аңырайып эч нерсе кыла алган жок. Жерлер сатылгандан кийин "сатып ийди" деп элди чогулта беришет. Алар жердин сатылаарын алдын ала билишет да. Жер сатыла электе элди ойготуп, иш алып барса болот да. Бардыгы түштөн кийин көзүн ачат.
Ошондуктан, менин айтаарым - жаштар биригишсе эң сонун болоор эле. Ынтымактуу жаштардын сөзү курч, өтүмдүү болот. Бизде ички дүйнөсү таза, патриот болуп өсүп келе жаткан, жакшы иш кылса үйүнө кубанып барган жаштар көп. Ал эми тескерисинче, биздин чиновниктер жакшы иш кылса, коркуп үйлөрүнөн чыкпай, кайсы күнү атып кетет деп жашынып отурушат.
- Учурда Кыргызстанда жаштарга колдоо кандай деңгээлде?
- Жаман айтсам да, жакшы айтсам да, бардыгы көзгө сайгандай ачык көрүнүп турат. Жаштарды колдогон эч ким жок. Чын-чынына келгенде, биздин жаштар эптеп бир иштин жолун таап, бир чиновникти кысып, жардам сурап, өзүбүздүн баштаган ишибиздин аягына чыгып жатабыз. Жергиликтүү бийлик деле жаштарга шарт түзүп берип, акыл-кеңешин айткан эмес. Биз суранып барган ишти эптеп чоюп атып бүтүрүп беришет. Ал эми өзүлөрүнүн каалоосу менен жардам берүү ойлорунда да жок. Мына, жакында шайлоонун алдында акимчиликтен "жаштарды колдойлу" дешип, бизге аз да болсо көңүл буруп калышты. Анын себебин билесиңер да. Шайлоого жаштарды пайдаланыш керек болду.
Шайлоонун алдында чогулуш болуп, аким жаштарды колдоо боюнча өз сөзүн берди. Анын сөзүн жаздырып алдык. Айткан сөзүнө турабы же баш тартабы - аны убагында көрөбүз. Бирок биз чиновниктер көзүн ачып, жаштарсыз иш болбосуна көзү жеткиче, болгон аракетибизди жасай беребиз. Биз менен дайыма эсептешкенге, кеңешип иш кылганга мажбурлайбыз.
Анткени, жергиликтүү бийлик биз менен эсептешпейт. Биз аларга сурамчылардай болуп барабыз. Чын - чынына келгенде, ушул кезге чейин алар бизге эч кандай жардам берген эмес. Качан керек болгондо гана жаштар деп калышат. Шайлоонун алдындагы чогулушта мен аябай таң калдым. Себеби, ал жерден мага атайын сөз берилди. Бул үч уктаса түшкө кирбеген нерсе болду.
Өлкөбүздүн тагдырын жан дүйнөсү менен сезген жаштарыбыз мамлекетибиздин өнүгүшүнө салым кошолу деп жатканда билмексен болуп жаткан бийликке нааразы болосуң. Учурда жаштарыбыздын ички дүйнөсү ойгонуп, курчуп турганы эң жакшы көрүнүш. Кыргыз эли, жери үчүн күйүп, патриоттуулук сезими күч алган, өлкөбүздүн келечегин ойлогон жаш улан - кыздарды биз менен байланышууга чакырабыз.


Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА