Тагдыр

Гүкүнтай
Белгилүү себептер менен окуядагы каармандардын аты-жөнү өзгөртүлүп берилди.

- Ал, алып жибер!
- Алам эле, албаганда ташы калдыбы! Хи-хи-хи! Тим эле өзүң алып берип жаткансыйсың да…
Ыстыкан көтөрүлүп барып көмкөрүлдү. "Кулк" этип жутканы угулду. Үх-үх-үх!
- Ачуу бекен?
- Тим эле бул турмуштун өзүндөй ачуу!
- Философсуң го.
- Оо, окуп бүтпөдүкпү бүт баарысын. Мына бу алды-артыбыздан, жаныбыздан агылып жаткан адамдарды көрдүңбү? Ар бири өзүнчө дүйнө менен жашайт. Өз тагдыры, өз турмушу… Өх!
- Кой, үшкүрүнбөчү Гуля. Эмнеге кейийсиң. Өзүң айткандай ар кимдин өз жашоосу бар. Бирөөлөрү байпагы манат болуп жөө басуудан эринет, бири - жөн жай жашоо кечирсе, дагы бири - мына биз.
Тиги олбурлуу эркек жанында турган аялдын маңдайында сөөмөйүн кезеп сүйлөп атты. Ыргалат. Чачы-башы уйпаланып, бети кара-көк тартып кеткен. А берки аялдын желкесинен ылдый түшкөн чачы түйдөктөлүп, качан жууганы белгисиз. Үстүндөгү кийген көйнөгүнүн кызыл гүлдөрү да кирден көрүнбөй майланышкан күрөң түскө айланган. Өзү жаш эле көрүнөт, а бирок оозундагы бирин-серин калган тиштери аны картаң көргөзүп турду. Беттеринде да эрте түшкөн бырыштар. Ал деле кара-көк тартып жанындагы эркек түспөлдөнүп бараткандай.
- Ошол,-берки аял бир окуяны улантып айтып жаткансыды,-күнүгө ушул жерден канча адам өтсө, ошончо тагдыр көтөрүп жүрөт алар.
- Акылдуусуң го. Анан ушунча акылың менен ушул күнгө түшүп калдыңбы?! Эркек какшыктай күлдү.
Аял мостое түштү.
- А сен мени какшыктагың келеби же өзүңдү менден өйдөмүн деп ойлоп атасыңбы?!
Аял мышыктай секирип барып эркектин жакасын муунта кармады.
- Ай, кантет? Мен сага жаман айттымбы?-деп жакасын бошотууга аракеттенди эле, ансыз деле көйнөк деген кедеринен кетип турган немеси дал-далынан айрылып түштү.
- Какшыктайсың ээ! А менин качан эле какшып калганымды билбейсиңби! Уу-уу!
Аял долуланып ыйлап кирди. Базарга агылган адамдар кыйма-чийме өтүп жаткан жолдун как ортосуна отуруп алып ыйлап атты. Буркурап ыйлады. Өтүп аткандар "алкаш, мас болуп алып ыйлап жатканын кара" дешип айланып өтүп жатышты. Масы го - мас эле. Бирок аял чындап ыйлап жаткан…

***
У
шул аялды бир кезде Гүкүнтай-Гүкүнтай деп өзүнүн Гүлмайрам деген атын да айтышчу эмес. Анда үч-төрт айылдын чок ортосундагы жалгыз "Темир дүкөндү" кармачу. "Темир дүкөн" деп - чарбалык буюмдар (орусча айтканда "хозтовары") сатылганынан улам аташчу. Эмнелер сатылбайт бул дүкөндө: казан, чөмүч, күрөк, чалгыдан тартып, хрусталь, велосипед, мотоциклге чейин келет. Анан ким Гүкүнтай дебейт. Эл жебеген кулжебести жеген да ушул алкым болчу, эл кармабаган хрусталдарды кармаган ушул колдор болчу.
Элдер аташкандай, Гүкүнтайдын күйөөсү анчалык чакчаңдабаган, жоош-момун адам эле. Ошонусуна жараша жакшылык-жамандыкты деле биле бербеген, күнүмдүк көр тирилик менен алпурушкан пендечилиги бар. Андыктан, бул үйдө Гүкүндүн айтканы айткан, дегени деген. Улуусу - кыз, кичүүсү - эркек. Биринин артынан бири бой тиреп өсүп чыкты. Эненин тарбиясы күчтүү болгондуктанбы, кызынын эркин өскөнү байкалат.
- Апа,-деди ал бир күнү. -Мен турмушка чыгам. Сүйгөнүмө.
Ошентип, кызы жүрөгү сүйгөн адамына турмушка узады. Төрт айылга аты алынып, эчендерди "Ии байкуш" деп эликтеген аял оңойбу, кудаларынын колунда бары-жогуна карабай кызын аккуудай кийиндирип, нике тоюн өткөрдү.
Бардыгы эле өзү ойлогондой өтүп жаткан байманалуу жашоосу кантип башка нукка бурулуп кеткенин өзү да байкабай калбадыбы. Бир күнү эле төрт милиционер алардын үйүнө кирип келсе болобу. Анча-мынчаны көзүнө илбеген аял аларды алгач тоготподу.
- Силер эмнеңерди жоготтуңар эле менин үйүмдө?-деп эки колун бөйрөгүнө таянып чакчырылды.
- Азыр көрөбүз да,-деп өзүн токтоо кармаган капитан жанындагы үчөөсүнө буйрук берди.
- Шектүү жердин баарын тинткиле!
Алар издеген нерсе бат эле табылды. Огороддогу суу чыгарабыз деп былтыр эле казылган чуңкурдан пакетке салынган анча чоң эмес нерсе алып чыгышты.
- Силердин күйөө балаңар Байыш көптөн бери наркотика сатып жүрөт. Мына, акыры колго түштү. Эми эч кайда буйтай албайт,-деп зекий сүйлөдү капитан. Аңгыча дарбаза ачылып кызы боздоп кирип келди.
- Апа, эми эмне кылабыз? Байыш түрмөгө кетет го…
Айы-күнүнө жетип турган кызы боздосо жанына киши туралгыс. -Апа, бир айласын таба көр, ал түрмөдөн киши болуп чыкпайт да. Мен эми жашымдан жайран каламбы?!
Көп нерсени өзү чечип-билип калган Гүлмайрам дарбазаны шарт-шурт ичинен беките салды.
- Токтогула. Мен силердин деле жашооңорду беш колдой билем. Акча керекпи, алгыла. Бирок күйөө баламды камабагыла.
- А муну эмне кылабыз? Далилзатты биз жогото албайбыз.
- Мына, мени алпаргыла. Ошол алып барчу жагыңарга!
Ошентип жабык дарбазанын ичинде, үйдүн да эшиги бекем жабылып, олуттуу сүйлөшүү болуп өттү. Келгендер чөнтөктөрүн томпойтушуп "үч жарым килограмм наркозатты Аскерова Гүлмайрам үйүнө катып алыптыр" деген документ жазышты. Кызын аяган эне күйөө баласынын ордуна соттолуп, түрмөгө кете берди.

***
Т
үрмөдө эмне, мезгил токтоп калмак беле? Өтүп жатты ачуу-таттуусу менен. Чындыгын айтуу керек, Гүлмайрамды түрмө бузган жок. Бардык балекеттин бардыгы эркиндикте калган өзүнүн эң жакын адамдарынан чыкпадыбы.
- Сенин апаң түрмөдө,-деп кичинекей баласы менен отурган келинчегин ызаалачу болчу эри.
- Апаң түрмөдөн жыргап кайтмак беле. Өз тарткылыгын өздөрү тартыш керек болчу. Эми минтип бозоруп отурабыз,-деп баласына кейийт атасы. Мурда май көл-сүт көлдө жашагандарга жашоонун кыйынчылыгы эми сезилди. Көрсө, бир тыйын да бекер келбейт тура. Ал үчүн эмгектениш керек экен. А эмгектенүү үчүн эрк керек. Ушул жагынан бул адамдар күчсүз болуп чыгышты. Улам жыл өткөн сайын алар түрмөгө барып-барбай отуруп, акыры куш тилиндей кабар дагы жазып коюуга жарашпады.
- А мен кимдер үчүн башымды баталгага тостум?!
Эми аялдын көкүрөгүндө ушул суроо пайда болду. Ага жооп табылбады. Эгер, ошол өз жыргалчылыгынан өйдө көргөн жакын адамдары ага жылуу мамиле жасаса, анда ал бул күнгө кабылбайт эле го. Абактан бошонгон соң акыркы үмүт менен үйүнүн дарбазасын какты. Баары башкача. Үйү комсоо, айылы комсоо, айылдаштары андан айланып өтүп, жүз буруп кетишип атты. Жадакалса, жыйырма-отуз жыл чогуу өмүр сүргөн эри, карачечекей уулу да негедир андан көздөрүн ала качышат. Кантет? А кызы менен алгачкы күнү эле айтышкан.
- Колко кылбай эле кой, апа! Анте турган болсоң башында эле өзүн мойнуңа албай койсоң болмок,-дебеспи кызы.
Күйүп кетти. Кызы дагы чындыкты бетке айтты. Аныкы да туура. Бирок… Гүлмайрам баары башкача жол менен чечилет деп ишенген. Көрсө, андай окуя индиялык кинолордо эле болот экен. Бакыттын баштыгы бир жеринен тешилсе, ошол жерден бардыгы куюлуп түшүп калат окшобойбу. Оо, шордуу башы, бардык нерсени өз колу менен жасап алган сыяктуу болуп жүргөн күндөрдө аны түшүнбөптүр. Көрсө, бул дүйнөдө эч кимге ишенич жок турбайбы.
Ыстыкандын артынан ыстыкан, бөтөлкөнүн артынан бөтөлкө бошоп, баары күйүткө, ызага себеп болуп ичиле берди.
- Менин сендей апам жок,-деди бир күнү кызы.
- Менин сендей апам жок,-деди дагы бир күнү уулу.
- Биздин үйбүлөнү шерменде кылбай жогол,-деп эри көкүрөгүнөн түртүп дарбазадан чыгарды.
Аял кете берди. Башы оогон жакка басып кетти. Акыры Ош базарынын айтылуу "аллеясына" келип калганын деле билген жок. Өзүнө окшош аял-эркектер бир топ, он-он бешке жетет. Ар кимисинин өз арманы бар. Алгач армандап, күйүт тартып ичсе, улам кийин ыстыканды жөн эле бошото турган болуп калды. Өткөн турмушун эстегиси да келбейт. Эсине түшсө эле минтип өңгүрөп ыйлап кирет. Ошондуктан эскербейт.

***
Ы
йлап аткан аялды көрүп өтүп бараткан бирөө аярлай түштү:
- Ай, Гүкүнтай сенсиңби?
Аял селт дей түштү. Көп жылдардан бери аны минтип Гүкүнтай дебей калышкан. Бет маңдайында турган адамды тээ алыстан карагансып колун серепчилей карады.
- Сен кимсиң? А Жолдошбексиңби? Кандай?
Өмүрү алынбаган ороктой тырмактары менен жер тытмалагансып кир болуп турган капкара колдорун алга сунду. Бир кездеги назик колдор… Көргөн көзүнө ишенбеген тиги киши аргасыздан кол берди.
- Ой, мен муну менен он жыл чогуу окугам. Бир партада отурчубуз,-деп жанындагы өзүнө окшош саксайган адам менен тааныштырды. -Эмесе, жолугушканыбыз үчүн бир нерсе дебейсиңби. Хи-хи-хи…
Калжактай күлгөн аялга төш чөнтөгүнөн акча алып сунду.
- Жүрү кеттик. Жүз граммдабай эле бөтөлкө алалы. Закүскөсүн да… Аял шарт бурулуп саксайган адамды колдон алып экөөсү узай берди.
Тигил адамдын кулагына базардын бир бурчунда коюлуп жаткан санат ыры угулду:
…Үйүм-үйүм дейсиңер ой,
Үйүң токой чырпыгы…
Малым-малым дейсиңер,
Малың тоонун чымчыгы…

Нурбүбү Бөдөшова