Өлгөндүн өз шорубу?

Бишкектеги авиа кырсыктын
жыйынтыгына кимдер кызыкдар?

Былтыркы жылдын 24-августунда Бишкек-Тегеран багытына учкан №6895 каттамдагы Боинг -737 самолету кырсыкка учураган эле. Бул кырсыктын сыры (чыры) али күнчө ачылбай келет. Өткөн жума күнү Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунда судья А.Турдалиевдин жетекчилигиндеги биринчи сот отуруму болуп, анда кырсыкка күнөөлүү деп Бишкек-Тегеран каттамын жүргүзгөн "Итек Эйр" компаниясынын Гончарев Юрий Анатольевич баштаган учкучтары табылды. Бирок, мындай жыйынтык менен жабырлануучулар макул эмес. Эмне үчүн тергөө иштери мынчалык узакка созулду? Жабырлануучулардын бири, ошол кырсыкта алмончоктой кызы Гүлнур Сырдыбаевадан айрылган Шайымбүбү Акматованын өтүнүчүн эмнеге эч кимиси - Президент К.Бакиев, Генералдык прокурор Э.Сатыбалдиев, анын орун басары К.Асангелдиев, Башкы прокуратуранын өзгөчө кылмыш иштери боюнча бөлүм башчысы У.Каримов, кырсыкты изилдеген тергөө тобунун жетекчиси Ж.Исмаилов, Премьер-министр, авиа кырсык боюнча өкмөттүк комиссияны жетектеген И.Чудинов жана башкалар бүгүнкүгө чейин угуп коюшпайт? Эмне үчүн маселени чечүүгө түздөн-түз тиешелүү болгон жогорудагы адамдар боор этинен жаралган кызын жоготкон эненин энелик укугун тебелешип, анын келтирген далилдүү фактыларын көз жаздымында калтырышууда? Бул жерде кимдин буйрутмасы жана кызыкчылыгы бар?
Шайымбүбү Акматова: - "Менин адамдык, энелик укугум тепселип жатат. Кызымдын сөөгүн алган жокмун. Себеби, мага сунуш кылышкан сөөктөр менин кызыма окшобойт. Мен өз кызымды, анын денесин абдан жакшы билем, Өзүмдүн жеке кызыкчылыгым үчүн, "чындап эле менин кызымбы же жокпу - бир жыйынтыкка келейин, кайрадан көз карандысыз экспертиза жүргүзөлү, материалдык чыгымын деле өзүм көтөрөйүн" десем да макул болушпай, үч айдан кийин - 30-ноябрда эч бир экспертиза кылышпай туруп эле башка өлүктү көрсөтүштү. Ал биринчи өлүккө такыр окшобойт, тиштери жулунган. Анын үстүнө, ушул күнгө чейин мага ар кандай телефон чалуулар болууда. " Чалган телефондордун тизмелерин, "ИМЕЙ" коддорун бергилечи" деп суранган элем. Алар алгач распечаткаларды, "ИМЕЙ" коддорду таап чыгышкан, кийин эле тынчып калышты. Алгач, алардын табылганын өкмөттөн уктум, ал жерден "бул ишке түздөн-түз тийешеси бар адамдардан укпасаңыз, башкалардын айтканы куру сөз болуп калат" деп кеңеш беришти. Анан мен Башкы прокуратуранын өзгөчө кылмыш иштери боюнча бөлүм башчысы Учкун Каримовго барсам, ал мени суратпай туруп эле өзү "сиздин кызыңыздын телефонунан үч түрдүү симкалар менен телефон чалуулар болгон" деп сүйүнчүлөгөн. Кийин эле ал эч нерсе болбогондой, мага ал сөздөрдү такыр айтпагандай эле болуп, "ГУУРдун балдары жаңылып калса керек, алардан сурап, тактап берейин" деп тайсалдай баштады. "Айланайын, Учкун, сен өзүң айтпадыңбы" десем, "сиз мени туура эмес түшүнүп калдыңыз окшойт" дейт. Кийин алар мага сүйлөшүүлөрдүн тизмесин беришти, бирок, аларга мен ишенбей жатам, өздөрү эле жасап коюшкандай. Эми буларды түшүнүп жатам. Кимдир бирөөлөр көрсөтмө берип жатат.
Ошондой эле телефон чалуулар тууралуу жакшылап териштирүүнү суранып, Асангелдиевге да кайрылсам, "Эмне, өлгөндөр телефон чалып жатат деп ойлойсузбу?" деп кайра мени шылдыңдайт. Кыскасы, футбол тобундай кылып, мени ары - бери эле тепкилешүүдө. Алар ушунун баарын мен өз оюмдан чыгарып жаткандай мамиле кылып жатышат. Менин кызымды самолет жарылгандан кийин көргөндөр болгон. Эки адам ушул күнгө чейин айткандарынан тана элек. Алардын бири - училищеде окуган жаш кыз: "Эже, мен турмуштан көп кыйынчылык көргөм. Кандай гана кыйынчылык болбосун сиздерге жардам берүүгө даярмын" деп бүгүнкү күнгө чейин көргөндөрүн айтууда. Дагы бир киши: "Силер бала деп жүргөндөй эле биздин да балдарыбыз бар. Бизди эле көрдү деп айта бербеңиздерчи. Бизди да жүдөтүп жатышат" деп суранды. "Кызыңарды көрдүк" деген башка адамдар болсо, кийинчерээк бир нерсе айтуудан баш тартып калышты. Көрсө, укук коргоо органдары аларды суракка алууда ар кандай опузаларды жасап, коркутушкан экен.
Тергөө да толгон-токой кемчиликтер менен жүргүзүлдү. Мисалы, самолетто 12 аял болгон дешип, алардын сөөгүн өлүкканадан мага көрсөтүштү. Анан эле эки ирандык аял Иранга 11-сентябрда учуп кеткенин билдим . Аларды мен "Достук" мейманканасынан өзүм көргөн элем. "Силер мага өлүкканадан 12 аялдын сөөгүн көрсөтпөдүңөр беле? Булар эмне, тирилип кетиштиби?" десем, "сиз ал маалыматты кайдан алдыңыз?" дешип, кайра менден сурашат. Тергөөнүн жүрүшүндө самолеттун бортунда канча адам болгондугу жана алардын канчасы ошол жерде өлгөн, канчасы тирүү калган - бул да талаштуу маселе. Кээ бирөөлөрдүн айтымында, самолеттогу адамдар өздөрү аэропортко келип калган экен. Бирок, алардын так аттары айтылбайт. Транспорт прокурорунун милдетин аткаруучу М. Таалайбековдун 24-августтагы билдирүүсүндө: "самолеттун бортунда 83 жүргүнчү, 6 экипаж мүчөсү жана бир менеджер болгон." Демек, 90 болот. Бирок, "66 адамдын сөөгү каптарга салынып кетсе, 25 адам ооруканага жеткирилди" деп айтылат. Санасак 91 адам болууда.
Ал эми ИИМдин орун басары Д.Федоровдун 31-декабрда Элмира Ибраимовага берген билдирүүсүндө: "самолеттун бортунда 83 адам болгон. Анын ичинен Кыргызстандын жараны 24, Ирандыкы 52, Түркияныкы 1, Канаданыкы 2, Казакстандыкы 3, Кытайдын бир жараны жана 6 экипаж мүчөсү болгон" деп жазылган. Дагы санап көрөлү-89 адам.Мындантышкары,"самолет жарылгандан кийин 66 адам ошол жерде өлгөн жана 22адам ооруканага жеткирилген" деп айтылат.
Башкы прокурордун орун басары К.Асангелдиевдин мага берген жообунда болсо, "90 адам болгон, 64 адам ошол жерде, бир адам - Касымалиев кийин ооруканадан өлдү, баардыгы 65 адам өлдү" деп жазылып жүрөт. Буга чейин эле "66 адам өлдү" деп айтылып келбеди беле.
Э.Сатыбалдиевге, И.Чудиновго кирейин деген аракетимен эч майнап чыккан жок. К.Бакиевге кирип жолугайын деп кат жөнөтсөм, ал катымды Секретариаттан тосуп алып, кайра прокуратурага жөнөтүп коюшууда."
Дагы бир кызыктуу жагдай, окурман, ушунча узакка созулган тергөөдөн кийин күнөөлүү болуп учкучтардын табылып жатышы. Балким, чындап эле, күнөө учкучтардадыр. Антсе дагы, башында кырсык самолеттун эскилигинен жана ага жүктөлгөн жүктүн ордугунан болду деген пикирлер айтылып жаткан болучу. Биринчи эле соттук кароодо учкучтардын күнөөнү өз моюндарына дароо ала салышы, ишти эртерээк жаба салуунун бир ыкмасы болуп жүрбөсүн?! Себеби, буга чейин "Итек Эйр" компаниясы ишти эртерээк жабуунун жандалбасы менен жабырлануучуларга бир ымалага келүүнүн түрдүү жолдорун сунуштап көрүшкөн. Алар жабырлануучуларга сотко чейин өз ара келишип алуунун жолун айтышып, алдын ала атайын даярдалган документке кол коюп берүүнү суранышкан. Алар даярдаган документ 1929-жылдагы Варшава конвенциясына таянган. 1929-жылдан бери 80 жыл убакыт өткөндүгүн,бул аралыкта авиа байланыштарда миңдеген өзгөрүп- өнүгүүлөр болгондугун айтып отуруунун кажети деле жоктур. 80 жыл мурда жазылган конвенцияны колдонуп, ишти бүтүрүүгө болгон аракети менен "Итек Эйр" жоопкерчиликтен гана качпастан, жабырлануучуларга жасаган шылуундугу жана шылдыңы эмеспи.
Александр Макарчук
(Авиа кырсыкта уулунан
ажыраган):
Эмне үчүн алдап жана жасалма документтерди даярдашууда? Эмне үчүн бир камсыздандыруу компаниясынын жоопкерчилигин башкага жүктөп жатышат? Эгер биз сотко чейин атайын даярдалган документке кол койсок, 20000 миң доллардан беребиз деген шарт коюшту. Ал документ 1929-жылдын 12-октябрындагы "Варшава конвенциясына" негизделип түзүлгөн экен. Бирок, биз ал документке кол койгондон кийин авиа кырсык боюнча эч жерге арыздана албай калабыз. Алар атайын бизди ушуга мажбур кылышууда. Москва шаарындагы Малая Сухаревская көчөсүндө жайгашкан "Малакут" камсыздандыруу агенттиги "Аскердик камсыздандыруу компаниясы" (Военная страховая компания Лтд. Москва.) "Max avia" (Кыргызстан) ,"Max avia LLC" (Бириккен Араб Эмираттары) компанияларын, кошумча "Itek air", "Iran aseman air", "Pamir air", "Nas air", Charter international FZC (Эл аралык чартер) компанияларын камсыздандырган. Анда, кырсык боло турган болсо, ар бир каза болгонго же жабырлануучуга 100.000 СДР төлөнүшү керек деп жазылган. Бул доллар менен алганда эң аз дегенде 50000 доллар. Мындай камсыздандыруу бар болсо, эмнеге алар бизге башка документке кол койдурууга аракет кылып жатышат? Биз кол койгон да, акчасын алган да жокпуз. Бизге чындык керек. Жогорудагы башка компанияларды билгенибиз менен "Max avia" эмне болгон компания экени белгисиз. Жабырлануучулардын баарынан "Max avia" эмне болгон компания экенин билесиңби десем, эч ким билбейт экен.
Шайымбүбү Акматова: -Мындай болуп жатат: "документке кол койсоңор, компенсация аласыңар, койбосоңор жок". Ал эми кол коюп, компенсация алгандан кийин, эч жерге арызданууга болбойт.
Александр Макарчук: -Анан дагы көп документтерди самолет жарылгандан кийин жасай салышкан. Бизге көптөгөн адамдар келип, "силерге мындан да көп төлөнүшү керек" деп жатышат. Кимдир бирөөлөр Кыргызстанды жана кыргызстандыктарды өнүкпөгөн акыркы 5-10 өлкөнүн катарына кошкулары келүүдө. Ошол эле "Iran aseman air" компаниясынын адамдары айтып жатат: "Мисалы, силер үч тыйын алып жатасыңар, ирандыктар 20 сом алат. Эгер силер бул документке кол койсоңор эле ишти жапканы турушат" деп.
Жабырлануучулардын айтымында, бардык документтерде самалеттун бортунда бир менеджер болгондугу жазылган. Кийин тергөө иштерине чакырылганда, жана башка иликтөөлөрдө да менеджерди көрө алышкан эмес жана ал такыр эле эскерилбей калган. Менеджердин ким болгондугуна кызыгып изилдеп көрүшкөн соң, ал Данияр Усеновдун аялы, ошондой эле "Итек Эйр" Данияр Усөновдуку болушу мүмкүн деген тыянакка келишкен. Биз тактоого аракет кылып, учурда "Итек Эйрдин"генералдык директору Перелыгина.В.Н деген айым экендигин билдик.
Редакциядан: Авиа кырсыкка байланышкан бул соттук териштирүүлөргө мындан ары да катышып, окурмандарды кабардар кылып турмакчыбыз. Ошондой эле ар кандай тактоолорду жана кайчы пикирлерди айтабыз дегендерге маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык гезиттен орун берүүгө даярбыз.

Заирбек Бактыбаев