Жатакананын башын ким ачат?
КРнын президенти К.С.БАКИЕВге
Жумабек көч. № 119 мейманкана тибиндеги
үйдүн жашоочуларынан
Арыз

Урматтуу Курманбек
Салиевич!

Биз, Бишкек шаарынын Жумабек көчөсү, № 119 мейманкана тибиндеги үйдө жашайбыз.
2009-жылдын 18-майында Премьер-министр кимдир бирөөнүн сунушуна ылайык биз жашаган үйгө "Цирк артисттеринин конок үйү" деген статусун берүү жөнүндө №298 токтомго кол койгон.
Биздин өлкөдө мыйзам чиновниктер үчүн жазылбагандыгын мурунтан эле билебиз. Биз Сизден, биздин Президент катары, бул мыйзамдар алгач чиновниктер тарабынан качан аткарылаарын сурагыбыз келет.
Эмне үчүн Премьер-министр мыйзамды бузуп, жогоруда аталган токтомду чыгарды жана ким бизди көчөгө чыгарып коюуга далбас уруп, аны даярдап берди?
Качанга чейин биздин Кыргызстанда алдуу-күчтүүлөр карапайым калкты тепселей берет? Жогорудагы токтом менен Кыргызстандын мыйзамдары эле бузулбастан, бийликтин кадыр-баркы да кетип жатат.
Биз бул үйгө Кыргызмамциркинин администрациясынын макулдугу менен киргенбиз, алар бизден ай сайын 500 сомдон чогултуп турушкан, аны кайда жумшаганы бизге белгисиз.
Ушул жерден дагы бир нерсени баса белгилеп кетмекчибиз. Биз жашап жаткан үй башында кандай абалда эле, азыр кандай абалда?! Мындан 4 жыл мурун "Цирк артисттеринин конок үйү" деп аталган имарат ээн калган үй эле. Эшик, терезелери жок, сойкулар жашап калган болчу. Биз аларды кууп атып араң кетиргенбиз. Тазалап, сырдап, актап, ремонттоп кирип алгандан кийин "чыккыла" дегендери акылга сыйбаган нерсе. Бизди келишим менен киргизген жетекчилер өздөрү болчу.
Бул үйдө жашаган жарандардын жалпы чогулушу менен бул үйгө турак үй статусун берүү жөнүндө чечим кабыл алынган.
Биздин Бишкек шаарынын мэриясына жазган 2009-жылдын 26-мартындагы турак үй статусун берүү жөнүндө жалпы чогулуштун протоколунун түп нускасы жана чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелген арызыбызга Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы 2009-жылдын 7-апрелинде баш тартуу менен жооп берген (№ М-98).
Бишкек шаарынын мэриясы мейманкана тибиндеги үйгө турак үй статусун берүү жөнүндөгү арызыбызга негизсиз баш тарткандыгына байланыштуу, биз Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна бул баш тартуунун жараксыздыгын таануу жөнүндө доо арыз менен кайрылганбыз.
Мындан кийин, буга мыйзамдык укугу жок болуп турса да, биздин доо арызды кароо мезгилинде Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2009-жылдьы 18-майында Кыргыз мамлекеттик циркинин администрациясынын сунушу менен "Цирк артисттеринин конок үйү жөнүндө" № 298 токтомун чыгарган, муну менен Жумабек, 119 көчөсүндөгү мейманкана тибиндеги үйгө "Цирк артисттеринин конок үйү" деген статус берилген.

Бул токтом төмөнкү негиздер боюнча мыйзамсыз деп эсептелет:

1) Токтом "Кыргыз Республикасындагы турак жай фондун менчиктештирүү жөнүндө" мыйзамынын 2-статьясына каршы келет, ага ылайык "мейманкана тибиндеги үйлөрдө жашаган тургундардын жалпы чогулушунун чечими менен жергиликтүү мамлекеттик администрация аларга турак жай статусун берет. Бул учурда менчиктештирүү ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин балансындагы турак жайларды менчиктештирүү тууралуу ушул мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт"

2) 2009-жылдын 24-мартында бул үйдө жашаган жарандар жалпы чогулуш өткөрүп, Бишкек шаарынын Жумабек көчөсүндөгү №119 мейманкана тибиндеги үйгө турак үй статусун берүү тууралуу чечим кабыл алганбыз, ал эми 2009-жылдын 26-мартында Бишкек шаарынын мэриясына бул үйгө турак жай статусун берүү жөнүндө арыз менен кайрылганбыз. Мындан кийин Кыргыз Республикасынын өкмөтү да, башка бир орган да үйгө турак жай статусун берүүдөн тышкары эч кандай чечим кабыл алганга укуксуз эле.

3) Мыйзамдын жогоруда аталган нормасы сөзсүз аткарууну талап кылат жана Бишкек шаарынын мэриясын биздин чогулуштан кийин, биздин үйгө турак жай статусун берүүгө милдеттендирет жана бул фактыны иш жүзүндө каттагандан кийин Кыргыз Республикасынын өкмөтү турак үйдүн статусу жөнүндө кандайдыр бир чечим кабыл алганга укуксуз.

4) Талаш туудурган бул токтом биздин турак жайга болгон конституциялык укугубузду, биздин жогоруда аталган үйгө болгон укугубузду коргогон Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 29-статьясы жана "Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 29, 113, 114- статьяларын түшүндүрүү жөнүндө" КР мыйзамынын 1-статьясын бузуп жатат.

5) "Цирк артисттеринин конок үйү" сыяктуу мындай статусу Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинде же башка турак жай мыйзамдарында каралбайт, анткени үйлөр аныкталган статустарга гана ээ: жатакана статусу, мейманкана тибиндеги үй статусу, турак жай статусу, үй-интернат статусу ж.б. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул үйгө жаңы аталышты ойлоп таап, бирок статусу жөнүндө маселени чечкен эмес.

6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө КР Турак жай кодекси жана КР "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" мыйзамына ылайык Бишкек шаарынын Жумабек көчөсүндөгү №119- үйдүн статусу жөнүндө маселелерди чечүү укугу берилген эмес, анткени бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына кирбейт. Үй Кыргызмамцирктин пайдалануусунда жана КР Өкмөтүнүн балансында эмес.

7) Өкмөт өзүнүн токтому менен "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Конституциялык мыйзамынын 3-статьясын бузду, анткени бул жерде адамдын укугун жана эркиндигин камсыз кылган мыйзамдуулуктун негизги принциптери бузулуп жатат.
Өкмөт бул мыйзамдын 11 -статьясындагы өзүнүн ыйгарым укуктарын бузуп жатат, анткени бул норма боюнча жоопкерге үйдүн статусу жөнүндө маселелерди чечүү укугу берилбейт, себеби "Кыргыз Республикасындагы турак жай фондун менчиктештирүү жөнүндө КР мыйзамы мындай ишке жол бербейт.
Бизди пикетке чыгууга, эл аралык уюмдарга кайрылууга мажбур кылууда. Элдин маанайын чөгөрүш үчүн жарык атайылап өчүрүлүп, сегиз жарым айдан бери эч негизсиз берилбей жатат. Бул элдин нааразычылыгын туудуруу үчүн цирктин директору К.Исанаев тарабынан атайын бир максатта уюштуруп жатышы мүмкүн.
Өкмөт эмне үчүн Кыргызстан мыйзамдарын бузуп жатканын териштирип берүүңүздү өтүнөбүз.
Бардыгы 27 адам
кол койгон.
Р.S. "Цирк 49 жылга арендага кетип жатат" деп бирөө редакцияга телефон чалганынан барып иликтесек, такыр башка маселе экен. Мейманкана тибиндеги үйдүн жашоочуларынын чыр-чатагы эмнеден башталып, сегиз айдан бери эмнеге жарыксыз олтургандарын эмки саныбыздан чечмелейли десек, гезит даярдалып жаткан учурда жарык берилгендигин сүйүнчүлөп телефон чалышты.