Ата Мекен коркунучта!

"Таза шайлоодон" кийинки келечек

23- июлдагы шайлоодо К.Бакиев "жеңишке" жетишти. Маселе - Бакиевдин жеңишинде, оппозициянын жеңилишинде эмес. Маселе - өлкөбүздүн келечегинде. Биз кандай заманды тандап алдык? Ушул суроого жооп берели.

Биринчиден, Бакиевдин жеңиши орус акча мыкчегерлеринин жеңиши.
Экинчиден, Бакиевдин жеңиши менен Кыргызстанда, дегеле Орто Азияда акча саясатынын бир этабы аяктап, экинчи этабы башталды. Мурдагы макалаларда Кыргызстандагы акча күрөшүндө орус финансисттери жеңгенин айтып, жазып жаттым. Бул эми тарыхта калды. Келечекте боло турган акча күрөшү кандай болот, ушул күрөштүн алкагында биздин мамлекетти кандай тагдыр күтүп турат? Азыркы мезгилдин эң башкы суроосу ушундай. Ушул суроого колдо болгон маалыматтарга, материалдарга таянып жооп берүүгө аракет кылалы.
Кыргыз бийлиги кандай жолду тандап алды? Албетте, өзүнүн билимсиздигинин айынан өлкөбүз үчүн абдан татаал, тобокелдүү жолго кадам шилтеди (кыргыз бийлигинин билиминин төмөндүгүн экономикалык өнүгүү жана соода министри А.Жапаровдун Бириккен Евразиялык эксперттер тобунун отчётуна каршы берген жообу дагы бир жолу далилдеп турбайбы). Учурда кыргыз бийлиги кандай кадамдарга барып жатат? Ал кадамдардын негизгилерин мисалдар менен аныктап берели.
Биринчиден, мыйзам чыгаруу ишине чет элдик эксперттердин тийгизген таасири күчөп, Кыргызстандагы мыйзам чыгаруу ишин чет элдиктер каржылап да, башкарып да алды. Биздин кемпай парламент болсо, анын төрагасы А.Тагаевдин оозу менен "кабыл алып бере турган мыйзамдар калбай калды, жаңы мыйзам долбоору болсо тез жөнөтпөйсүңөрбү" кыязында кыргыз өкмөтүн шаштырат имиш? Ал эми ошол парламентти чет элдиктер мурдуна чүлүк салып жетелеп алганга бир эле мисал, жакында иштелип чыгып, колдонууга киргизилип, экономикабызга олуттуу зыян келтирген, улам өзгөртүлүп олтуруп "жамаачыга" айланган Салык кодексин иштеп чыгууга ким демилгечи болуп, ким акча төлөгөн дебейсиздерби? Американын USAID деген уюму. Ойлонуп көрүңүзчү окурман, мамлекетибиздин акча системасынын бир негизи болгон салыкты бөтөн эле улуттун өкүлдөрү түп тамырынан бери өзгөртүп жатат. Жаныңдын кашайганы - бул өзгөртүүлөр тээ өткөн кылымда Латын Америкасынын өлкөлөрүнө колдонулган "ЕРР" принцибинин негизинде жүргүзүлүүдө. Бул принциптин мааниси кандай? ЕРР деген "бай-кедейине карабай ар бир адам төлөшү керек" дегенди түшүндүрөт.
Эми муну биздин элдин түшүнүгүнө жакын кылып айтып берели. Мисалы, "кыргыз" деген бир урууда беш үй-бүлө бар дейли. Бир үй-бүлөнүн, уруунун аксакалында он тубар кою бар болсун, экинчисинде- беш, үчүнчү үй-бүлөдө- үч, төртүнчү үй-бүлөдө эки, бешинчи үй-бүлөдө бир тубар кой бар дейли. Эми кышында ушул урууда жем-чөп жетишпей, жут боло турган болду. Ошондо, уруу аксакалы жем-чөп сатып алуу үчүн ар бир үй-бүлөгө бирден тубар кой салык салды. Калган төрт үй- бүлө ыйлап-сыктап бирден тубар кой салык төлөштү, бир үй- бүлө көзгө баскан жалгыз тубар коюунан кол жууду. Эң кызыгы-ошол салыкка сатып алынган жем-чөптүн көбүн ким колдонот? Албетте, он тубар кою бар уруу аксакалы.
Окурман муну жөн гана жомок дээр. Бирок, мисалды алып көрөлү: жаңы салык Кодекси ар бир ишкерге, жада калса бильядр ойноочу столго, турак үйгө чейин салык салдыбы? Салды. Макул дейли. А бирок ошол каражаттар кайсыл жакка жумшалууда? Карапайым элдин жумушсуздугун азайтуугабы? Жаңы конуштардын, айылдардын жолдорун, суу, электр берүүчү тармактарын оңдоогобу? Ишкерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүүгөбү?
Жок! Алар мына буларга жумшалууда: ири капиталдарды коргоого (карапайым калкта каяктагы ири капитал?), финансылык шылуундардын ири долбоорлорун каржылоого, Кыргызстандын финансылык тармагын бөтөн өлкөлөрдүн карамагына өткөрүүгө, чет элден келген импортту финансылык жактан камсыздандырууга (А.Жапаров кытайлык импорттун бир жарым эсе өскөнүн айтып мактанып олтурат).
Экинчиден, финансылык шылуундар кыргыз мамлекетинин атынан ири шылуундук иштерди жүзөгө ашыруу үчүн негизги жаңы тармактарды, негизги жаңы акча агымдарына ээ болууга жетишти. Бир мисал. Россиядан бөлүнгөн акчанын негизинде түзүлгөн Өнүктүрүү фондун ким жетектеп калды? Кайдагы бир А.Елисеев деген адам. Ал өзү "АзияУниверсалБанк" АКнын Директорлор кеңешинин төрагасынын орунбасары, ошол эле учурда "V.I.P. Consulting" аттуу жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору болуп иштеген. Эми "АзияУниверсалБанк" жөнүндө маалыматты "Улуттук банк улуттун душманыбы?" аттуу макалабызда айтканбыз, ага кайрылып олтурбайлы. Ал эми "V.I.P. Consulting" аттуу жоопкерчилиги чектелген коом эмне менен алектенет? Албетте, аты айтып тургандай, бизнес жүргүзүүнү жакшыртуу үчүн кызмат көрсөтөт. Бир сөз менен айтканда, бизнестин жеңил жолдорун кантип тапса болот дегенди тактап берет. Ал эми эң негизгиси, www.centrasia.ru маалымат сайтындагы билдирүүгө караганда, А.Елисеев Максим Бакиевдин оң колу болуп эсептелет. Жыландын башы кайдан кылтыйып жаткандыгын баамдаган чыгаарсыз, окурман. Бул биздин финансы системасында карапайым элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы деген маселе коюлмак тургай, ал ойго да келген жок.
Үчүнчүдөн, элди финансылык системадан обочолонтуп кармоо ырааттуу түрдө, атайылап жүргүзүлүүдө. Демек, кыргыз акча айдыңындагы топтор карапайым элди акча булактарына жолоткусу келбейт. Мисалы, 2007-жылдан берки абалды алганда "Электр станциялары" ААКнын акцияларынын 0,33 пайызы, "Улуттук электр тармактары" ААКнын акцияларынын 0,07 пайызы, "Түндүк электр" ААКнын акцияларынын 0,11 пайызы, "Кыргызтелеком" ААКнын акцияларынын 7,77 пайызы, "Манас" эл аралык аэропорту" ААКнын акцияларынын 1,2 пайызы гана жалпы сатып алууга чыгарылган. Демек, пайданы эл эмес, башкалар көрүп жатат. Электр энергиясына деп карапайым эл төлөгөн акчадан түшкөн пайданын дээрлик 99 пайызын биз билбеген адамдар, топтор жеп кетүүдө, эң кызыгы, кимдер экени белгисиз. Чет өлкөдө ар бир олуттуу ишкананын,компаниянын акцияларынын 30 пайыздан кем эмеси жалпы сатыкка түшөт. Бул карапайым эл 30 пайыз пайданы алууга укуктуу дегенди билдирет, мындан тышкары акция ээлери тууралуу толук маалыматтар берилип турат. Бизде болсо финансы шылуундары Президентиңди да уруп ойнобойт. Ушул маселени чечүү үчүн 2009-жылдын 10-февралында "Мамлекеттик мүлктү башкарууну өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыккан. Ошондон бери эч кандай иш аткарылган эмес. Бул шылуун топтор өзүнчө мамлекетке айланып кеткен.
Төртүнчүдөн, биз үчүн эң эле коркунучтуусу жана жан дүйнөңдү эңшерип жатканы - азыр биздин бийликти кол бала кылып алган бөтөн улуттун акча ээлери "кальвиндик" акча системасын Кыргызстанга таңуулап жатышат. Мунун өзү жөнөкөй айтканда, акчаны топтоону жана финансылык институттарды өркүндөтүүнү түшүндүрөт. Мындай учурда акча элдин бир ууч гана өкүлдөрүндө, негизгиси шылуундарга топтолот, алар акча жүгүртүүнү өз колдоруна алышат. Бул бизге эмнени берет? Кедейлер ого бетер жакырланып, байлар ого бетер байыйт. Бул кандайча жүрөт? Мисалы биз жогоруда атап кеткен "кыргыз" уруусун алалы. Андагы он тубар койлуу аксакал кышында жем-чөп сатып алышы керек. Жем-чөптүн баасы 3 сом дейли. Ошондо аксакал келе жаткан жазда туула турган үч козусун 1 сомдон баалап (жазында базарда ал козулар 1 сом 70 тыйындан өтөт дейли) үч баалуу кагаз чыгарат да, ошол баалуу кагазды сатат. Анан баалуу кагаздан түшкөн 3 сомго жем-чөбүн дайындап алат. Ал эми калгандарычы? Анте алышпайт. Анткени баалуу кагаз чыгарганда баалуу кагаздын суммасы 3 сомдон кем болбошу керек. Антпесе, аны сатып алуу пайда алып келбейт. Беш тубар кою бар үй- бүлө баалуу кагаз чыгарышы мүмкүн, бирок калган үч үй- бүлөгө жем-чөп жетишпей жутта калып, бирден кой сатууга мажбур болушат. Ошондо, бир киши болжол менен 6 баш козу пайда тапты (байыды), дагы бир үй- бүлө болжол менен 1 козу пайда тапты (баягы эле абалында калды), ал эми калган үч үй-бүлөнүн экөөсү бир койдон чыгашага учураса, бир үй-бүлө таптакыр итке минип калды.
А бирок, уруунун эсепчиси биздин уруу байып жатат деп айтат. Себеби, мурда урууда 21 тубар кой болсо, азыр жалпы алганда 25 баш кой бар, демек биздин уруунун жалпы кою (ички дүң продукциясы, же орусча жазганда ВВП) 4 башка көбөйдү деп таңдайынан чаң чыгара далилдейт ал. (А.Жапаровдун жооп каты мына ушул эсепчинин деңгээлинен жогору көтөрүлгөн эмес). Маселенин талуу жерин баамдап жаткан чыгаарсыз, окурман. Ошол бир ууч топто кыргыз улутундагылар бар болсо аргасыз ага макулдук берет элек, бирок андай болбой жатпайбы, анткени кыргыз улутундагы финансисттер дээрлик жокко эсе. Биздин ишкерлер жөнөкөй алып-сатуунун гана алкагынан чыга албай жатышпайбы. Бакиевдин бийлиги ушундай олуттуу коркунучтардын алдын алуунун ордуна, жогоруда жазып кеткен "кальвиндик" системаны жан үрөп колдоодо. Бул система саясий жактан алганда тоталитардык башкаруу ыкмаларын талап кылат. Ансыз акчаны бир ууч топтун колунда сактап калуу кыйын. Андыктан, Бакиевдин бийлиги күчтү мындан да болуп көрбөгөндөй колдонгонго өтөт. "Бийликти саясий жактан жеңсе болот" деген оппозициянын сөзү болбогон кеп. Алгач мына ушул "кальвиндик" системаны жеңүү зарыл. Ошондо гана Бакиев өзүнүн күчүнөн айрылат. Таза айла кетсе, экономикалык маселелерди чечүүнүн, экономикалык чечимдерди кабыл алуунун борборун өзгөртүү керек. Демек, келечекте карапайым элдин кызыкчылыгын көздөгөн күчтөр бийлик менен саясий жактан гана күрөшпөстөн, эң негизгиси экономикалык оппозицияны күчөтүүгө тийиш. Бир сөз менен айтканда, жакынкы келечекте бийликтин баскынчылыгы, зордугу күчөп, коомдо жакыр катмар менен бай катмардын ажырымы абдан тереңдейт. Мындан чыгуунун жолдору бар, бийлик менен күрөшкөн күчтөр ошол жолду туура тандап алабы, кеп ошодо. Ал үчүн абдан терең билим, улуттук ар-намыс жана темирдей бекем позиция жана биздин газета бул маселени жазып баштагандай, улуттук жаңы, жаш лидер керек.
Кален Субанов,
публицист.