Үн кошуу

Акын Түмөнбай САРИЕВ:
"Оппозицияга да, жаштарга да нааразымын…"
"Учурдун саясат чөйрөсү жаңы агымга муктаж" деген өңүттөн карап, таптаса, канаттарын кыркпаса, эл-жер үчүн иштеп берчү жаштарыбыздын "Жаш саясатчылар клубунда" башын кошуу демилгеси менен чыкканбыз. Кудайга шүгүр, колдоо таап жатат. Жол-жобосун, шартын, программасын, максат-милдетин, жаш даражасын сурап кайрылгандардын катарында атайын редакцияга келген Түмөнбай мырза жаштарда жетишпей жаткан сапаттардан, оппозициянын кемчиликтеринен сөз кылды.



- Биринчиден, жаштарды колдоп жакшы иш баштапсыңар. "Акыл жаштан, асыл таштан" дейт, бул - жакшы жөрөлгө. Жаштар эми "Бир жакадан баш, бир жеңден кол" чыгарып ишти алып кетишсе жакшы.
Экинчиден, гезитке бир катар жаштарды чыгардыңар, Гүлшайыр, Каныбек, Мирхамид менен баарлашууңарды окудум. Жалпысынан учур тууралуу аларда колдоого аларлык дурус ой жүгүртүү бар экен. Идиреги бар жаштар экени көрүнүп турат. Бирок, "бизге маяк болушсун" дептир, улуу агасы катары сын-пикиримди айтсам, угушар. Мисалы, Гүлшайырдын "Ар бирибиз өзүнчө бир уюмдун лидерибиз" деп айтканын туура көргөн жокмун. Себеби, өзүн "лидермин" дегендер алыска узабайт. Мисалы, мен "лидер" дегенди "жол башчы, эл башчы" деп түшүнөм. "Мен эки чогулушка катыштым, үч жерде сүйлөдүм" деп эле алдыңкылардан болуш мүмкүн эмес. Жаштар азыркы дөө-шаа саясатчылардын кемчиликтерин кайталабашы керек. Мисалы, эл ишенип ээрчиген Кулов, Атамбаев эмне болду? Кулов Акүйгө барып отуруп алды, Атамбаев "денсоолукка байланыштуу" деп Түркияга кетип калды. Булардын эмнеси лидер? Ырас, денсоолукка караш керек, бирок, элди да ойлош керек да. Жаштар сабак ала турган көрүнүштөр акыркы учурда көп болуп жатат. Эң башкысы - көкүрөк какпаш керек, бир уюмга лидер болуу деле балким кыйындыр, эл баасына татыган лидерликке жетиш андан кыйын.
- Бийлик тизгинин алганга жаштык кылышат деп эсептейсизби?
- Жо-ок. Бүгүнкү саясатта жаңылануу сөзсүз керек. Оппозициясында деле, позициясында деле баягы эле Акаевдин учурундагы саясатчылар жүрөт. Алды 70 жашка таяп, арты деле аларды кууп барып калды. Жарытылуу кеп айтып, иш кылбагандан кийин небере жыттап, үйдө эле отурсун. "Карыганда жаш баладай" дегендей эле бала болуп калышты. Кайсы тарабына таарынса, каршы тарабына өтүп кетмейди адатка айлантып алышты. Бул бир.
Экинчиси, айткан сөзүнө турбаган эркек саясатчыларыбыз арбыды.
- Маселен…?
- Президенттик шайлоодогу айрым талапкерлерди жана алардын тарапкер-колдоочу саясатчыларын эле алалы. Эмне деп айтышты да, эмне кылышты?
Биринчиден, бирикпей, бөлүнүп ат салышты. Бир кыймылга баш кошуп, анан кайра андан чыгып… Атамбаев болсо "23-июлда жеңишти майрамдайбыз, 100 миң кишини ээрчитип барып, добушту санатып алам" деген эле. Эл үмүтүн жандырып туруп, ара жолго таштап койду. Анан шайлоодон кийин жөө жүрүш кылабыз деп, элди дагы кандай убарага салды?
- Бекеринен "оппозициясы да, бийлиги да курусун, татыктууларга орун берип кетсин" деген нааразычылык болгон жок да…
- Түптүз эле "кет" дегенден алысмын. Түшүнгөн кишиге, турмуш мыйзамында "сен кет, сен кел" деген нерсе жок. Оппозиция саясаттан кетип калса, анда бийлик жаштардын канатын кыркып, белин бат эле сындырып коет. Жаштар жаштыгын кылат. "Чабал өрдөк эрте учат" дегендей, даярдыксыз эрте учуп, жарым жолдон мертинип калса, эмне болот? Ага ишенген эл эмне болот? Андыктан, алар саясатка али быша элек, дагы-дагы өсүш керек. Болгону-улуу муундагы саясатчылар аларга кеп-кеңешин айтып, жол-жобо, максат-милдетти түшүндүрүп жардам беришсин. Бирок, тилекке каршы, жаштарга үлгү болуп, алдыга сүйрөп кетчүсү өтө эле аз болуп жатат.
- Жаштардан кимди даярдаса болот?
- Жалпысынан "Мен ишенбейм!" кыймылынын жаштарын колдойм. Бирок, алардын арасынан дагы сымаптай жылма позициядагылар да сөзсүз чыгат. Жеке абийир, ыйман, өзүңө сын көз караш болуш керек мындай учурда. Бүгүн бирди айтып, эртең башканы сүйлөгөндөрдү илгери "э, жолуң болгур" деп коюшса, ошол сөзгө эле жыгылып беришкен. Азыр андай жок. Уялып койбойбуз, намыс деген жок калгандай. Казактар: "мынча кыргыз кулум бар" дешет, дунганың: "каалаган кыргызды сатып алам" дейт, Искра айылындагыдай болуп уруп-сабайт.
Улуттук барк, нарк жаңы муунга жарды абалда өткөнү турат. Эгемендик алгандан тилибиз кордолду, тээ баскынчылык жылдардан аман калган жерлерибизди сатып жатабыз. Бардыгына кайдыгербиз. Мунубуздан пайдаланган башка улут кылтыйып баш көтөрүп жатат. "Кыргызстан - биздин жалпы үйүбүз" деп Акаев өлтүрүп кетти эле, бирок, анын ордун басканы кемчиликтерди жоймок түгүл, бийлигин тартып албаса экен деген санаа менен алек. Көрө албастык, бут тосконду токтотсун, ойлонсун, ойгонсун (!), кыргыз баласы дейм.
- Жаштарга кандай кеп-кеңешиңиз бар?
- Жаштарыбыз колдон келишинче тандаган жолдорунан тайбасын, ойт бербесин! Келечекке бир эле багыт бар: эл-жерди ойлоп, Ата Мекенди душмандан коргоо. Кандай кызматка отуруп, кандай даражага жетишсе дагы, биринчи АДАМ болуп, анан КЫРГЫЗДЫН УУЛ-КЫЗДАРЫ экендерин унутушпасын. Таза болуп, таза бойдон сакталышсын!
Назира СААЛИЕВА