Жаңы долбоор

Саясатчы+ырчы = Кош жылдыз

Жакында Кыргыз телевидениесинин жетекчилигинин демилгеси астында "Ибарат" маданий-агартуу борбору көрүүчүлөргө жаңы долбоор сунуштамакчы. Долбоор "Кош жылдыз" деп аталат. Аты айтып тургандай ырчы менен саясатчылар түгөй болуп чыгышып эл алдына өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы. Ырчыларды го көрүп жүрөбүз, ал эми саясатчыларды саймедиреп ырдап жатканы баарыбызга эле кызык болот болсо керек. Долбоордун уюштуруучуларынын да негизги максаты- ошол саясатчыларды эл кубаттап, аларга алакан чаптыруу. Азыркы биздин заманбап заманда дайыма эле бүрүшүп кабинетте отура бербей, саясатчыларыбыз дагы маданиятка ушундай болсо да салымын кошсо деген долбоордун уюштуруучуларын тилектери орундалганы калды окшойт. Бирок, биздин угушубузга караганда, бир топ аттуу-баштуу чиновниктер "ишибиздин көптүгүнө байланыштуу" деп баш тартышыптыр. Алардын катарына Жогорку соттун экс- Төрагасы Курманбек Осмонов, Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиев, Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев кирет. Болбой эле "Биринчи турду көрүшкөндөн кийин, кийинки турга катышып беришээр"- деп уюштуруучулардын үмүттөрү өчпөй турат. Айрым иштей дагы, ырдай дагы билгендер макулдугун берип, азыр алардын ырлары аранжировкаланып, оркестрдин коштоосунда да жазылып бүтүп калган чагы. "Кош жылдыз" долбоорун уккандар орустардын "Две звезды" шоу-концертин элестетет болушу керек, а бирок негизи ошол көрсөтүүдөн алынган менен, калган деталдар өзүбүздүн менталитетке ылайыкташтырылып даярдалган. Долбоор үч тур менен өтөт. Биринчи турда кыргыздын классикага айланган: Абдылас Малдыбаевдин "Ырдап жүр", Жүмамүдүн Шералиевдин "Анда сен", "Кыштак четинде", Аксуубай Атабаевдин "18 жаш", Жолболду Алыбаевдин "Жүзүңө күлкүң жарашып", Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр", "Алтын балалык", Айбек Карымовдун "Сүйүү сезими",Элдик ыр "Көрүнүп койсоң болбойбу" деген, ошондой эле Муса Баетов, Атай Огонбаев, Ашыралы Айталиев, Сардарбек Жумалиев сыяктуу таланттардын ырлары жаңырса, экинчи турда соңку жылдардын шлягерине айланган кыргыз-орус ырлары: Каныкей Эралиеванын "Ырдалып бүтпөйт махабат", Сыймык Бейшекеевдин "Күзгү нөшөр", Эрнист Абдыжапаровдун "Ак кептер", Ильич Шамбетовдун "Жоогазын", Кубик Калыковдун "Кут", Игорь Крутойдун "Незаконченный роман", Елена Птичкинанын "Эхо любви" ж.б. ырдалмакчы. Концерттин биринчи туру 28-августта Кыргыз Филармониясында өтсө, Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүк күнү 31-августта эфирден көрсөтүлмөкчү. Долбоордун автору- Калипа Сейдалиева. Башкы демөөрчүсү "Жусупбек Бакиев атындагы фонд", Башкы урааны- "Ынтымак-ырыскынын желеги желбиресин". Алып баруучулар- Кыргыз Республикасынын эл артисттери Тамара Жаманбаева жана Кыргызбай Осмонов. Ал эми экинчи студиянын алып баруучулары -Темирлан Сманбеков жана Калипа Сейдалиева. Калыстар тобунда Керим Турапов менен Гүлнур Сатылганова.

Даярдаган Астра Жапаркулова