"Үркүнбү" же "Улуу Көтөрүлүшпү?"
1916-жылдагы эл оозуна сиңген Үркүндү мындан ары "Улуттук Көтөрүлүш" эле деп атоого бир топ жүйөөлүү негиздер бар экенин тарыхчылар, жазуучулар далилдеп жатышат. Орус падышачылыгынын 4-чакырылышынын Думасы Түркестандагы боштондук көтөрүлүштөрүнүн чыгуу себептерин иликтөө боюнча атайын комиссия түзгөн экен. Ал комиссияны ошол учурдун белдүү саясатчысы Керенский жетектеген. Бир топ иликтөөлөрдөн кийин ал комиссия көтөрүлүштүн чыгышына Россия бийлиги күнөөлүү деп бүтүм чыгарат. Муну тарыхчы Турдубек Шейшеканов жакшы иликтеп чыккан.
Бирок "Үркүн улуттук трагедия, эч кандай улуттук-боштондук кыймыл эмес" деген "Абыке Көбөшович" деген тарыхчылар, адабиятчы, илимпоз адамдар да жок эмес. Андайлардын бири- Акылбек Жуманалиев.
ЖК депутаты Бейшен Абдрасаков ар жылы өтүп туруучу иш чараларды ата-бабалардын арбактарынын алдындагы милдетти аткаруу деп эсептейт.
Кыргыз коомчулугу өткөн жылы мындай иш чараны биринчи жолу өткөргөн. Анда Кытайга качып жөнөгөн кыргыздардын көбү кырылып калган (150-200 миң адам деген божомол айтылып келүүдө) Бедел ашуусуна барышып, 90 жыл бою ислам эрежеси менен жерге көмүлбөгөн адамдардын сөөктөрүн жашыруу тажиясын өткөрүп, Бедел ашуусунда Жана Боом капчыгайында эстелик ачып келишкен. Быйыл бул иш чара ЖКнын токтомуна ылайык экинчи жолу өткөрүлдү.

тарыхында кара так менен жазылат"
1916-жылы кыргыз элинин башына кара түн түшкөнү , тарыхта кара так менен жазылып калганы көп китептерде мындайча эскерилет. "1916-жылдын жай айларында Орус падышасынын аскерге алуу амирине каршы Кыргызстан менен Казакстанда эл көтөрүлүп, элдин каршылыгы падышанын армиясы тарабынан ырайымсыздык менен басылган. Кыргызстандын Чүй,Нарын, Ысык-Көл аймагындагы кыргыздар өлбөстүн аракетин көрүп, ТОО аралап, бир бөлүгү кытайга качып, ач-бел, куу жондо карышкырга, чөөгө жем болуп кырылган"-деп. Ушул окуя дээрлик чын болгону үчүн Аалы Токомбаев да "Кандуу жылдар" деген романын жазгандыр. Кыргыз адабиятында "Кандуу жылга" катарлаш чыккан эл жүрөгүн ооруткан бир топ чыгармалары да бар.
Үркүндөн аман калгандар ал күндөрдү көздөрүнөн ачуу жашын агызып эскеришчү экен. Үркүндүн катышуучусу Бурул апанын кызы Канымжан апанын айтканына караганда орус аскерлери кыргыздарды ит аткандай атып, сулуу кыздарын зордукташкан. Аскерлердин ырайымсыз мамилесинен корккон апамдын ата-энеси Бурул апамды кийгизге ороп аман алып калышкан экен. "Балким, ата-энем болбогондо мен байкуштагы орустардын курмандыгы болуп калмактырмын. Үркүндөгүдөй кардуу окуяны, ошондогу азаптуу күндөрдү душманыма дагы каалабайм" дечү дейт Канымжан апа.
2006-жылы Президент К. Бакиевдин жарлыгы менен Үркүндүн 90-жылдыгын белгиленген. Ошондой эле Кытайга баратып эл кырылган Бедел ашуусуна экспедиция барып, ата-бабаларыбыздын сөөктөрүн жыйнап кепинге ороп, жерге жашырышкан. Боом капчыгайынын бооруна 41 жаңы конуштун тургундары 1 сомдон чогулутуп, Үркүн курмандыктарына арнап, эстелик тургузушкан. Өткөн жылдын апрель айында Кыргызстандын парламенти август айынын биринчи жума күнүн Үркүндө шейит кеткендерди эскерүү күнү катары белгилөө чечимин кабыл алышкан. Кыргызстандын тарыхында бул күн экинчи жолу белгиленип жатат. Алгач улуттук тарых музейинде Үркүн боюнча көргөзмө ачылды. Эстелик тургузулган Боом капчыгайында кыргыздын салты боюнча , куран окулуп, бозүй тигип, улуу көтөрүлүштүн курмандыктарына аш берилген иш-чара өттү.


"Үркүндүн курмандыктарынын көбүнүн сөөгү табылбай калды"
Биз парламенттен Үркүндө шейит кеткендерди эскерүү күнү белгиленсин деп демилге көтөргөн депутат Бейшенбек Абдрасаковду кепке тарттык.
- Бейшенбек мырза, айрым саясатчыла, тарыхчылар 1916-жылы кыргыздарды массалык кыргынга учуратканы үчүн Россия азыр моралдык жактан жооп берүүгө тийиш деп айтып жатышат. Сиз ушул пикирге кошуласызбы?
- Ал маселе айтылып келатканы чын. Бирок, азыркы Орусия мурдагы падышалыктын кардуу иштери үчүн жооп бербейт да. Ошон үчүн бул маселе көп жылдан бери чечилбей келе жатат. Биздин милдет аларды күнөөлө, жоопко тартуу, Орусия менен мамилени бузуу эмес, тескерисинче, эң биринчиден атуулдук милдетибизди аткарып, адамдык парзыбыздан кутулуп, 1916-жылкы үркүндө каза болгон ата-бабабыздын арбагын куран окутуу деп эсептейм. Ошондой эле мындай жакшы жөрөлгө өсүп келе жаткан жаш муундарды патриоттук сезимде тарбиялоого өбөлгө болоорун айткым келет.
Жөрөлгө экинчи ирет Кыргызстаныбызда эл кырылган каргашалуу күндөр болбосо экен, деген тилекте жасалып жатат.Жарыбай жүргөнүбүздүн кесепети да арбактарды ыраазычылыгын албаганыбызданбы деп да ойлоп кетем. Анткени, 90 жыл бою ата-бабабызды эстеп, куран окутпадык. Кыргынга учураган ата-бабаларыбыздын сөөктөрү жерге көмүлбөй, ачык асман алдында жатты. Кудайга шүгүр, эстелик тургузулуп, сөөктөр жерге берилгенден бери бир топ жакшы нерселер болду. Ата-бабалардын арбактары бизди колдоп жатат го деп ойлойм. Менин өмүрүмдөгү эң бактылуу күнүм Үркүндө шейит кеткендерди август айынын биринчи жумасында эскерүү күн болсун деп чечим чыккан күн болду десем болот. Ошондо коллегарымдын баарына демилгемди колдоп бергенине ыраазы болгом.
- Бейшенбек мырза, Азыр дагы ашууда миңдеген сөөктөр көмүлбөй жатат деген кептер бар. Парламент тарабынан дагы ошондой сөөктөрдү жыйноо демилгеси болуп жатабы?
- Эки жылдан бери биз дагы ошол маселени карап жатабыз. Сөөк жаткан ашууларды, элдер кырылган жерлердин баарын кыдырып, көрүп келдик. Көп жыл өтүп кеткендиктенби сөөктөр калбай калыптыр. Былтыр барганда көбү малдын сөөгү болуп, адамдын сөөгү аз чыгып калды. 90 жыл деген оңой эмес экен. Кар жаап, күн жайт дегендей. Ошол учурда көпчүлүк сөөктөр эзилип да кетиптир. Топоздор да сөөктү аябай жейт экен. Ушундай көрүнүштөрдөн улам сөөктөр калбай калыптыр. Ата-бабабыздын сөөктөрүн коромжуга учуратпай 90 жыл эмес, 20-30 жылдан кийин эле сөөктөрүн жерге жашырып коюшса жакшы болмок экен деп калдым.
- ТарыхтаҮркүн тууралуу аркандай маалыматтар айтылып жүрөт. 1916-жылкы көтөрүлүштө канча кыргыз кыргынга учураганы тууралуу сизде так маалымат барбы?
- Мен үркүнгө байланыштуу болгон баардык китептерди окуп чыктым. Так саны жок. Ар биринде ар башка жазылыптыр. Орто эсеп менен алганда 150-170 миң киши кырылган деп жүрөт. Менимче, андан көп киши кырылган. Үркүн болбосо кыргыздын эли учурда 10 миллионго чейин барып калмакпыз. Муну бир эле фактыдан билип койсок болот. Дегеним, Чүйдө, Көлдө, орус улутундагы адамдардын атынан коюлган айылдардын көптүгү. Чүй, Нарын, Ысык-Көл облусунун 60-70% ы орустардын огунан, Кытайга жөө баратып, келатып, ачарчылыктан, жырткычтардан, эпидемиядан дээрлик көбү кырылып калган.
Орус падышачылыгы отчетун берсе, баарын кошуп эсептеп көрсөк анан так саны чыгат эле.
Перизат Иманкулова