Ата Мекен коркунучта!

Аксай-Арпа сатылганбы?
(Башталышы өткөн санда)

Бул буйрукта эч кандай Азия өнүктүрүү банкы жана Кредиттик макулдашуу жөнүндө сөз жок. Демек, ушул учурда маселе башка өңүттө өнүгүп кетсе керек. Албетте, ошол учур Кыргызстанга Россиянын акча мыкчегерлери ээлик кыла баштаган кез болчу. Кытайлык күчтөр кыргызстандан сүрүлө баштаган. Биринчи вице-премьер-министр Ө.Бабановдун бул маселени чечүүгө жигердүү катышканы айтылганды далилдеп турат. Андыктан, чындыктын учугу келип мына ушул жерге такалат. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калды. Канчалык изилдесек да Ө.Бабановго келип такалабыз. Бирок ал башка күчтөрдүн өкүлү. Эми башкы оюнчуларды тааныштыра кетейин окурман.

Башкы оюнчулар кимдер?

Башкы оюнчуларга менин божомолумда (Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиевдин жана экс-президент А.Акаевдин бул ишке кандай тиешелери бар экенин тактай албадым, ачык маалыматтар жок болууда, ал эми көмүскөдөгүнү текшербей туруп колдонуу мүмкүн эмес, ошондуктан төмөндө аталгандарды жөн гана "аткаруучулар" деген түшүнүк менен карайлы) Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы Мамытов Токон (Токтокүчүк) Болотбекович, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Суталинов Мурат Абдыбекович жана 2005-жылдын 19-январынан баштап 2005-жылдын 13-апрелине чейин Нарын облусунун губернатору болгон Медетбеков Шамшыбек Осмонкулович кирет.
Эми ушул адамдар 2005-жылдын 1-январынан баштап 24-мартына чейин (башкача айтканда Кредиттик келишимге кол коюлган мезгилде) эмне иш менен алектенишкенин салыштырып көрөлү.
1) Азыркы кезде Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын төрагасы Мамытов Токон (Токтокүчүк) Болотбекович, ошол учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орунбасары, Шанхай кызматташтык уюмунун террорго каршы региондук түзүмүнүн кеңешинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болгон.
2) Азыркы кезде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Суталинов Мурат Абдыбекович ошол учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу жана коопсуздук иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы болгон
3) азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү Медетбеков Шамшыбек Осмонкулович 2005-жылдын 19-январынан баштап 2005-жылдын 13-апрелине чейин Нарын облусунун губернатору болгон. Ушул каармандарды эмне бириктирип турат? Бардыгы ошол учурда мамлекеттик коопсуздук органы менен тыгыз байланышкан адамдар. Демек, чек ара маселесине кийлигише алышкан. Бизди өзгөчө кызыктырганы Медетбеков Шамшыбек Осмонкулович болуп эсептелет. Кыязы бул киши ушул маселеде байланыштыруучу звено катары кызмат кылса керек. Эмесе, ушул кишинин өмүр жолундагы кызыктуу жерлерин бере кетели. 1987-1992-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлигинин органдарында иштеген, 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин коопсуздук кызматында, 1993-1994-жылдарда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жардамчысы, ал эми 1999-жылдан баштап "Кыргызнефтигаз" АКнын Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп иштеген. 2005-жылдын 19-январынан баштап 2005-жылдын 13-апрелине чейин Нарын облусунун губернатору болгон. Барынан кызыгы 1994-1999-жылдары кыргыз-кытай акча ээлери түзгөн "Хэнфен ЛТД" Гонконг эл аралык коммерциялык банктын башкы директорунун орун басары, башкы директору болуп иштеген. Кытайлардын ушундай иште пайда болушунун сыры ушул жерде жатса керек. Бул түйүн дагы бир адамга барып такалууда, ал 2008-жылдын 22-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат секторунун башчысы болуп иштеген Касымов Жыргалбек Туратбекович. Ушул кишинин убагында маселе активдүү фазага өтүп баштаган, б.а. постту жылдыруу боюнча долбоорду иштеп чыгуу аткарылган. Эң эле кызыгы бул киши дагы убагында (1994-жылдан баштап) "Хэнфен ЛТД" Гонконг эл аралык коммерциялык банкта иштеген. Бул банк тууралуу олуттуу маалымат табылган жок. Болгону 1994-1999-жылдарда аны жоюу процедурасы жүргүзүлгөн. Жыйынтыгы белгисиз. Банк жөн жерден түзүлбөйт, алгач негизги капитал керек, анын негизин кеп учурда өндүрүш же кызмат көрсөтүү тармактарынан алынган капитал түзөт. Ушул багытта иликтөө жүргүзүп, "Хэнфэн ЛТД" аттуу эки гана компанияны таптым. Биринчиси, Кытайдын Шанхай деген шаарында жайгашкан, ал компания шамалдын күчү менен иштөөчү генераторлорду чыгарат. Кыргызстанда азыркы мезгилге чейин мындай генераторлор кеңири колдонубагандыгын эске алып бул компанияны изилдегенди токтоттук.
Экинчиси, Кытайдын Синьцзянь уйгур автономдуу районунда жайгашып, ал компания кант жана кумшекер алып-сатуу менен алектенет. Ушул компания абдан кызыгууну туудурат. Изилдөө жүргүзүп көргөнүбүздө, "Хэнфен ЛТД" Гонконг эл аралык коммерциялык банкы өз ишмердүүлүгүндө Чүй боорундагы тамак-аш жана азык-түлүк өндүрүү, сатуу боюнча бир катар Кыргызстандык ишканалар менен ишкердик байланыштарды түзгөн. Айрымдары менен соттошуп өзүнүн милдеттенмелерин тындырган (азыркы учурдагы Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин курамында да ушул банкта иштеген адамдар бар). Дагы бир түйүн катары Мамытов Токон (Токтокүчүк) Болотбековичти алсак болот, себеби ал киши ошол учурда Шанхай кызматташтык уюмунда өкүл болгондуктан, анын кытай акча ээлери менен расмий байланыш түзгөнгө олуттуу мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Аксай-Арпа маселеси 2009-жылы көтөрүлүп чыкканда негизги кишилер болуп жогоруда аталган адамдардын (Медетбеков Шамшыбек Осмонкуловичтен башкасы) жүргөнү кандай? Кокустукпу? Олуттуу маселеде кокустук болбойт эмеспи. Чындыкты тактоону абдан татаалданткан нерсе болуп ушул маселенин толугу менен чечилбей тымызын токтотулгандыгында. Андан ары изилдөө эч кандай майнап бербеси бышык. Анткени, чындыктын учугун кармай турган расмий маалыматтар да жабылып калды. Аргасыздан журналисттик изилдөөгө убактылуу чекит коюуга туура келди. Калганын мезгил өзү көрсөтөөр. Көңүлүңдү түйшөлткөнү, бул "долбоордун" акырындап болсо да ишке ашып жаткандыгында. 2005-жылдан бери төрт жылдан ашык мезгил өттү, бирок "долбоор" токтоп калбай жай темпте уланууда. Бүгүн расмий бийлик мындай маселе жок деп бардык шектүү делген маалыматтарды жаап таштады. Болгону убактылуу токтотулду (орусча айтканда "заморожен"). Анан кайсыл бир күнү ушул маселе парламенттин комитеттеринин биринде карала калышы мүмкүн. Ал үчүн "чөнтөк" парламентти түзө коюу алеки сааттын иши да. Кан Манастын Каркырасынан ушинтип эле айрылбадыкпы. Ал маселе эмне, кокустан пайда болуп, асмандан түшө калды дейсизби? Каркыра маселеси да айлап, жылдап олтуруп "бышырылган" долбоор болчу. Аксай-Арпа маселеси да ушул багытка ооп баратканы жанынды кашайтат.
Кален Субанов,
публицист




 "Бөтөнзордукту" окуган соң...

"ҮМҮТСҮЗ ШАЙТАН"
(Шайлообек Дүйшеевге каяша)

Бул макалаңызда бир гана маселе жатат. Бийликтегилерге нааразы экенсиз. Эгер бийликтегилерге, элдин акысын жеп-ичкендерге нааразы болсоңуз, аттарын кашкайта ачык-ачык эле атап, коркпой эле таамай далилдер менен канча миллион акчалар солго кетип жатканын, ким-кимди орго, шорго түртүп жатканын, кимди-ким көрө албай жатканын жазбайсызбы. Окуган эл да "Бали, атаңа рахмат!" дебейби. Анан, беш-алты адамга нааразылыгыңызды бүтүндөй элден чыгарып, жалпы калайык калкты ала жатпай.
"Акча үчүн карачечекей карындашын каракчынын алдына чечип бергенден, акча үчүн карачечекей ата-энесинин башын кесип бергенден кайра тартпаган кыргыздар чыкты бүгүн", - дейсиз. Сиз деле Эшимкановдун анча-мынча акчасынан баш тарта албай, КТРдеги жалаң улуттун нарк-насилин чагылдырып, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон берүүлөрдү жыга чапканга көмөктөшпөдүңүзбү. Алгач, өзүңүздү тарбиялап алып, анан бирөөгө акыл айтыңыз. Анан кыргыздын бай-кедейге биротоло бөлүнүп баратканына кейийсиз. Бул маселе улуттук көйгөй эмес. Кыргыздардын байыганы жакшы эмеспи, башка жактан келген улуттар деле байып алып, куйругун карматпай кетип калып жатпайбы. Ага караганда бай кыргыздарың бир күнү болбосо, бир күнү көкүрөгүндө ыйманы ойгонсо кыргызга жардам берет, жок дегенде төккөн салыгынан деле пайда болот эмеспи. Бул жагынан да көрө албастыкты өзүңүз жасап жатасыз. "Үй-жайсыз балдардын өзүнчө бир үйүр- тобу келатат келечекке… Таштанды күрмө жыттанып, түрмө жыттанып …" дейсиз. Мен антип ойлобойм. Адам турмушука канчалык эрте аралашса, ошончолук бышык болот. Ошол көчө балдарынын ичинде келечектин генийлери, ойчулдары, пайгамбарлары жүргөндүр. Келечекте кайталангыс шедевр чыгармаларды мына ошолор жазаттыр. Анткени, алар накта турмуштун очогунда кайнап, чоңоюп келе жатышат. Алар бирөөнүн акысын жебейт, бирөөгө акысын жегизбейт. Чоңоюшса жетим-жесирге кайрымдуу, арам тамактарга сүкүт кылып жүгүнгөндү билбеген, чиренген мансапкорду өз ордуна койгон адамдар болуп өсөөрүнө көзүм жетет. Ал эми дүйнөнүн бардык жеринде иштеп-окуп жүргөн жаштардын мекенчил армиясынан көптү үмүттөнүп, күтүүгө болот. Мекенчил дегеним, алар мекенинен алыс жүрүп Мекендин барк-баасын жүрөгү менен туюп, сезип, башка жерде жашоонун куну канчалык экенин өз көздөрү менен көрүп жатышат.
Сиздин ар бир сөзүңүздү талдап отурсак сөздүн баркы кетээр. Ошон үчүн сөзүмдү жыйынтыктап жатып, сизге бүт денесин жара басып курттап кетсе, томолонуп түшкөн курттарды кайра ордуна салып койгон Аюб пайгамбарга мүнөздүү сабырдуулукту тилейм. Бир күнү жаранын баары күбүлүп, куландан соо болуп калган Аюб пайгамбар сыяктуу керемет сөзсүз кыргыз элинде болот. Анткени биздин эл арамы жок момун эл, Кудай колдойт, биздин элге акаарат келтиргендер өздөрү кырсыгат. Үмүтсүз шайтан, жакшылыктан үмүт үзбөйлү!

Айым Мамытова,
эркин журналист