Будамайлоо…

Петровкада тартылган видео тасмаларды ким жок кылды?
Петровкада чыккан чырга тиешелүү делип, камакка алынган Эркин Булекбаев, Уран Рыскулов, Сапар Аргынбаевдин тергөө иши аяктап, КР КЖКнын 166-беренесинин негизинде айып тагылып, иш Москва райондук сотунда каралууда. 27-июлда башталган сот иши 5-августка жылдырылган. Сот процессине эл көп келип жаткандыктан Москва райондук сот залы тар болуп,процесс Петровка айылдык маданият үйүндө өттү.


Үч айдан ашык камакта отурган Эркин Булекбаев, Сапар Аргынбаев, Уран Рыскулов өңдөрүнөн азып, кыйналып тургандарын билгизишпестен, соттон калыстыкты, адилеттикти күтүп жатышты. Мамлекеттик айыптоочулар- Малдыбаев, Турдумамбетов, Чукулдаев. Ишти караган судья- Феликс Марлес.
Судья Марлес ишти баштаганда эле журналисттердин сүрөткө, тасмага тартуусуна, диктофонго жаздыруусуна тыюу салып койгону абдан кызык болду. Ачык сот процессинде судьялардын мындай кадамга барышын бир нече себеп менен түшүндүрүп жүрүшөт. Биринчиден, судьяга үстүнөн кысым болуп, иш боюнча калыс чечим чыгара албасы ага алдын ала маалым болгондо. Экинчиден, процесс учурунда соттук териштирүүнү тескери нукка буруп жиберүүчү жаңы жагдайлардын келип чыгуу коркунучун сезип калышканда. Адатта ушундай жагдайларда кызыктар тараптардын адвокаттары судьянын мындай чечимине расмий каршылык көрсөтүүгө алсыз болуп чыгышат.
Сот процессинде айыпталуучуларга сөз берилип, алардын сүйлөгөн сөздөрү судьяны кызыктырбагандай, айтылган сөздөр бекерге кетип жаткандай таасир калтырды. Жактоочулардын камактагы Эркин Булекбаевдин, Уран Рыскуловдун, Сапар Аргынбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, убактылуу камактан чыгаруусун судьядан өтүнгөн өтүнүчтөрү канааттандырылган жок.
Баарынан дагы эң негизги далил - видео тасмалардын жок болуп кетиши ойлондурбай койбойт. Петровкада баш аламандык башталганда тартылган тасмалар жок кылынганы белгилүү болду. Демек бул жерде иш будамайланып,чындыктын сыртка чыгышын каалабаган тараптардын ич ара сүйлөшүүлөрү болуп жатат деп ойлоого аргасыз болосуң. Сот процессинде өзүнчө эле цирк болуп жаткандай, судья эчак эле жыйынтык чыгарып койгондой таасир калтырды. Анткени ал айыпталуучулардын, алардын жактоочуларынын, укук коргоочулардын жан далбастап айтып жаткан сөздөрүн кулак сыртынан кетирип жаткандай сезилди. Тыныгуу учурунда прокурорлор Эркин Булекбаевди уулу менен сүйлөштүрүүгө тыюу салышты. Бул боюнча Булекбаев жактоочусу менен судья Марлеске кайрылышты. Тилекке каршы, Марлес мырза прокурорлорго эскертүү дагы берип койгон жок. Залда отурган адамдар жана айыпталуучулардын жакындары соттун жүрүшүнө нааразычылыктарын билдиришти.

Уулболсун Аргынбаева - Сапар Аргынбаевдин апасы:
- Уулумдун камакта жатканына үч айдан ашык убакыт өттү. Эң негизги далил видео тасма жок болуп кеткенден кийин, соттун адилет чечим чыгараары күмөн болуп калды. Тартылган тасма бекер жерден жок кылынган эмес. Бул жерде түздөн-түз бир адамдын буйругу аткарылып жатканы белгилүү болууда. Биздин Кыргызстанда акыйкаттык деген нерсе кулакка жат угулуп калды. Камактагыларды убактылуу бошотуп коюшса, алар качып деле кетишпейт болчу. Ишти караган судья прокурорго көз каранды экенин ачык билдирди. Бирок, ал бала кандай болгон күндө да акмакчылыкка барбаса эле болду.

Кузьмина Антонино:
- Булекбаев, Аргынбаев, Рыскулов бейкүнөө айыпталып жатышат. Анткени Петровкадагы баш аламандыкты алар уюштурган эмес. Жергиликтүү бийликтин кайдыгерлигинен эл тажап, акырында толкундоолор башталган. Анткени айыл тургундарынын күрттөрдөн жапа чегип, жазган арыздары өз убагында каралбастан, көмүскөдө калып келген. Чындыгында, күрттөр орустарга кылбаганды кылышат. Алардын балдары мектептен келе жаткан кыздарды жолдон тосуп алышып, кордошот. Мындай фактылар көп жолу болгон. Бирок, укук коргоо органдары жабырлануучуларга жардам бере алышкан эмес. Ошол себептүү күрттөрдөн кордолгон кыздар унчукпастан, күйүттөрүн ичтерине катып келишкен. Митингге чыккан элди Аргынбаев биринчилерден болуп мыйзамдуулукка чакырган. Булекбаев эки күндөн кийин келген. Анан кантип аларды күрттөр менен баш аламандыкты уюштурду деп жатышат? Сот процессинин жүрүшүнө нааразыбыз. Бул башталышы гана. Эми аягы кандай болоорун күтө туралы.
Алты саатка созулган сот процесси аяктаганда коомдук жактоочу Анвар Артыковду маекке тарттык.

Анвар Артыков,
экс-губернатор:
- Анвар мырза, Петровкадагы жаңжалдан улам камакка алынгандардын иши сотто каралып баштады. Сиздин оюңузча сот процесси калыс жүрүүдөбү?
- Бул иш үч айдан ашык атайы созулуп тергелип, анан сотко өттү. Бүгүнкү сот процессесинде эле судья адилеттиктен алыс экенин билдирип койду десем болот. Анткени, айыпталуучулардын адвокаттары судьядан камактагыларды убактылуу бошотуу жөнүндөгү келтирген өтүнүчтөрү прокурорлордун каршылыгы менен аткарылган жок. Бул сунушту канчалаган эл сурады. Бирок, прокурор каршы болгондуктан, судья прокурордун сөзү менен чечим кабыл алып койду. Процессти судья эмес эле, ошол жерде отурган прокурорлор башкарып жаткандыгы сезилип эле турду.
- Сот залында отурган прокурорлор ич ара макулдашып, атайын даярдалган нукта сүйлөп жаткандай болушту.
- Ооба. Алар соттук процессте эки тараптын бири экендиктерин унутуп калышып, залдын ичинде команда берип жатышты. Айыпталып жаткан Эркин Булекбаевди баласы менен сүйлөштүрүшпөстөн, милиционерлерге "Алдагы баланы кармап алып чыгып кеткиле" деген буйрук беришти. Бул жерде прокурорлор судьянын үстүнөн тебелеп өтүп, одоно түрдө мыйзам бузууга барышты деп айтууга болот. Бул боюнча айыпталуучу Булекбаевдин адвокаты судьяга ходатайства берип, чара колдонуп коюусун суранды. Бирок, судья алардын билдирген өтүнүчтөрүн карап да койбостон, оозеки дагы эскертүү берген жок.
Сапар Аргынбаевдин адвокаты Асел Аргынбаева "ошол окуя болгон күнкү тартылган сүйлөшүүлөрдү алып келип бергиле" деди эле, сот аны дагы кабыл алган жок. Менин көз карашым боюнча сот жыйынтык чыгаруу үчүн далилдөөчү фактыларды көбүрөөк чогултуш керек эле. Тилекке каршы, сот мыйзамды одоно түрдө бузуп, прокурордун басымы астында иштеп жатат. Дагы бир таң калычтуусу - сотко келип түшкөн материалдардын ичинде негизги далил боло турган видео тасмалар жок болуп кеткен. Кандай жол менен, кантип жоголуп кеткенин изилдеген деле киши жок. Фантазиялуу тергөө иштеринин туура эмес көрсөтмөлөрүн аныктап берүүчү эң негизги далил жок болуп кеткени иштин тескери нукка бурмаланып жатканынан кабар берет.
Мындан сырткары айыпталуучулар мыйзамсыз эки-үч күн сотто отуруп калган күндөрү болгон. Айта берсе арман көп дегендей, бүгүнкү сотто УПКнын көптөгөн беренелери одоно бузулгандыгы биринчи эле процессте ачык көрүндү. Судья "Бир гана прокурордун айткандарын чын, айыпталуучулардыкы жалган. Мен эч нерсе укпайм" дегендей абалда өзүн көрсөттү. Анын кылган иш - аракетинен улам, ал атайын даярдалган машинадай элес калтырды. Процессти алып барган судья прокурорлорго эскертүү бере албагандан кийин, өзүнүн судьялык милдетин эркин пайдалана алган жок деп эсептейм. Бул жерде ал өтө чоң ката кетирип койду. Ошондуктан биз сотко ишеним көрсөтпөгөнгө аргасыз болдук.
- Балким сотко бийлик тарабынан көрсөтмө берилгендир?
- Негизинен бизде бир нерсе болсо эле саясатка аралаштырасыңар деген нааразычылыктар айтылат. Такталбагандан кийин, бул жерде бийлик түздөн-түз үстөмдүк кылып жатат деп айтуудан азырынча алысмын. Бирок, саясий боек бар экени көрүнүп турат. Жогору жактан буйрук болбогондо деле биздин прокурорлор, ички иштер органдары, сот кызматкерлери бир нукка түшүп алышкан. Бул сот процессинде оппозициялык маанайдагы адамдар айыпталып жатат. Ошондуктан булар жогору жакка жагыныш үчүн калыстыктан четтеп, адилеттиктен баш тартып отурушат. Башкача айтканда, кошоматчылыктын аркасы менен өз креслолорун бекемдеп, сактап калууга аракет жасашат. Бирөө айтат: "Бул байкуштарды деле түшүнүш керек. Анткени, булар оппозициялык маанайдагы адамдарды каралашпаса, эртең жеп жаткан нандарынан айрылып калат" деп. Мен буга макул эмесмин. Анткени, мындай нерсе адамкерчиликке жатпайт. Себеби, сен сот болуп иштеп, үй - бүлөңдү багып, нан таап жеп жаткандан кийин, ошол нанды дагы актап жеш керек. Эмне үчүн бир бейкүнөө адамдын эсебинен тиричилик кылышың керек? Эгер намысың болсо, бирөөнүн убалына калгандан көрө ишиңди таштап чыгып кет. Бирок, бизде эч убакта адилеттик үчүн ишин таштаган соттор болбойт. Анткени алар Кудайдан коркушпайт.
- Анвар мырза, бул жерде негизги далил боло турган видео тасмалар кимдер тарабынан жок кылынган деп ойлойсуз?
- Албетте, органдар тарабынан. Алар "сапаты начар болгондуктан сотко өткөрүлгөн жок" деген шылтоо айтышты. Эч убакта андай болбойт. Органдын колунда турган далил зат буюм жоголуп кетиши мүмкүн эмес. Ал видео тасма айыпталуучулардын акталышына себеп боло турган негизги далил болгондуктан, өздөрү жок кылып коюшту. Эгер айыпталуучуларды каралоочу тасма жоголсо, жоготкондорго катуу жаза берилмек. А бул жерде жаза берилмек тургай, чымын чакканчалык да көрүшкөн жок. Негизи ким, эмне үчүн жоготту - ошону изилдеш керек. Бул ишке ким кызыктар болгон? Эң башкысы, мына ошону таап чыгуу керек. Керек болсо сот дагы жоопко тартылышы керек.
Менин оюмча бул иш атайын жасалган. Сот процессинде булардын туура эмес айыптоолору жокко чыгып кетпөө үчүн эң негизги далилди кыянатчылык менен жок кылышкан. Тасмада орган кызматкерлеринен жабыркаган карапайым адамдар дагы тартылыптыр. Ошол себептүү күч органдары өзүлөрүнүн керт баштарынан коркушууда.
Дагы бир айта кетчү нерсе - сотто прокурор "Сот имиштерди угуп чечим чыгарган" деп байкабай айтып албадыбы. Биздин соттор имиштерди угуп алып чечим чыгарып коюшат экен. Мына, бул сот системасынын бузулгандыгын далилдейт.
- Демек, камактагылардын акталышы күмөн экен да?
- Бул сот процессинин перспективасы жок. Камактагылар сөзсүз түрдө акталышы керек. Күчкө салып, ортодон оюн кылышып, бир нерсени токуп ийишпесе, сотто далилдүү эч нерсе деле жок.
P.S. Бул иш боюнча сот процессинин кандай нукта жүрүп жатканын коомчулукка билдирип турабыз. Анткени татаалданган процесс мындан ары дагы бир топ созулаары айкын болууда.
Назгүл МАМЫТОВА,
Москва району