Кыргыз гезиттери


п»ї
 "…Узун чөптүн баарысын, оруп келе жатыр ай"

Бергендин алганы бар

Россия менен Кыргызстандын ортосундагы "Манас" авиабазасына байланышкан өз ара мамилелери чыгыш базарына же мамлекеттик деңгээлдеги бизнестин бир түрүнө айланып кетти. Буга азыркы бийликтин утурумдук кызыкчылыкка негизделген тышкы саясаты менен мурдунун учунан алысты көрө албаган аракеттери шыкак болууда. "Эхо Москвы" радиосунун баяндамачысы С.Бунтман Кыргызстан менен Россиянын ортосудагы мамилелерди төмөнкүчө мүнөздөйт: "История с базами в Киргизии - история простого и ясного вымогательства и обведения вокруг пальца. Утром деньги - вечером убираем "Манас", ночью восстанавливаем "Манас", а следуюңим утром - пожалуйста, - строим и российский центр под вывеской ОДКБ, но за дополнительную плату".
Тилекке каршы "вымогательство" (өлүмтүгүн артуу) саясаты айланып келип акыры Кыргызстандын өз башына тийип жатканы анык. Азыркы бийлик жүргүзүп жаткан тышкы саясаттагы "Кара-Суу базарынын" ыкмасында иш алып баруусу акырындап отуруп өзүнө зыян алып келе баштаганын көрүү кыйын эмес. К.Бакиев 3-февралда президент Д.Медведев менен Москвада өткөргөн сүйлөшүүлөр аяктаар замат атайы пресс-конференция өткөрүп, "Манас" аэропортундагы америкалык авиабаза чыгарыла турганын жарыялаган эле. Чечим Россиянын 2,15 миллиард долларлык ири инвестициялык кредит берери жөнүндө маселенин башы ачылганга кошул- ташыл жарыяланып жатканы америкалык базанын чыгарылышына Москванын геосаясый кызыкчылыгынын тиешеси бар деген божомол-жоромолдорду пайда кылды. Москва менен Бишкек базанын чыгарылышы Россия берип жаткан кредитке эч тиешеси жок экенин жарыша кайталап, төгүнгө чыгарып жатышты. Журналисттер журту Россиянын узун укуругунун таасири болбой койбогонуна басым жасашып, жапырт "маарап" жатып калышкан. Андан көп өткөн жок, К.Бакиев ошондогу убадасынан кайра айнып, 7-июлда "Манас" аэропортундагы коалициялык күчтөрдүн базасында "жүк ташуу боюнча транзиттик борборду" түзүү боюнча америкалыктар менен болгон келишимге кол койду. Келишим боюнча америкалыктар аренда үчүн жылына 60 миллион доллар, андан сырткары 120 миллион долларлык инвестиция салууга убада беришти. Ошентип, беш ай мурун кабыл алынган бир чечим изи суубай жатып теңирден тескери башка чечим менен алмаштырылды.
Москванын К.Бакиевдин бул "коварствосуна" жини катуу келгени анык. Россиялык гезиттерде Кыргызстандын туруксуздугу, эки жүздүүлүгү, принципсиздиги жөнүндө толгон - токой материалдар жарыяланышы айтканды ырастап турат. К.Бакиевдин сызга отургузуп кеткен кылыгына Россия ичинен сызып тим болуп калган жок. Сол колунун ачуусун оң колу менен токтотуп, салкын кандуулук кылуунун далалатын жасады. Кызуулукка алдырбай, күтө турууну эп көргөн шекилдүү. Расмий деңгээлде "транзиттик борбор" жөнүндөгү чечимин көз каранды эмес өлкөнүн ички иши, суверендүү мамлекеттин укугу деп жайкаган фразалар менен чечмеленди. Деген менен империялык амбициясы бийик Россия бул ишти жөн - жайына коюшу кыйын болчу. К.Бакиевдин көз көрүнөө сызга отургузуп кеткенин кечирүү кыйын эле, кайтарымын кайтаруу керек болчу. Москва "сабырдын арты сары алтын, ар бир иш өз жолу менен, өз кезеги менен" деп чечкени байкалат. Өз мерчемин күтүп турууну артык көргөнү баамдалбай койбойт. Көп ой толгоолордон кийин Кыргызстандын Россияга карата колдонгон базар ыкмасын, соодалашуу насилин өзүнө каршы пайдаланууну туура көргөнү сезилүүдө. "Эгер анча эле соодалашкың келип жатса, ага деле каршы эмеспиз, чыгыш базарынын ыкмасында мамиле түзөбүз дейсиңби, пожолюста, ага деле макулбуз" дешти.
Адегенде шайлоо болордун алдында, экономиканы колдоо түрүндөгү 150 миллион доллар, анын артынан 300 миллион доллар жеңилдетилген кредит Кыргызстандын эсебине келип түштү. Ал каражаттар К.Бакиевдин экинчи жолу президент болуп шайланып калышы үчүн чоң тыгынчык болуп берди. Россиялык кредит өлкөдөгү экономикалык жагымдуу фонду түзүүгө, пенсияларды көтөрүүгө , күч органдарынын айлыгын жогорулатууга мүмкүнчүлүк бергени анык. Башкасын айтпаганда да, 23-июлга жуп бир ай калганда пенсиялардын 50% ке көтөрүлүшү жоопкер электорат деп эсептелген пенсионерлердин көңүлүн алып, жайгарып коюуга жол ачты. К.Бакиевге добуш бергендердин көбү пенсионерлер болгону чоң талаш туудуруп жибербес. Ал эми 50 пайыздык кошумча пенсионерлердин реалдуу кирешесинин жогорулашына алып келдиби же жокпу-- бул башка маселе.
Эгер күндөлүк керектелүүчү товарлардын баасынын тынымсыз өсүшү, инфляциянын жогорулашы менен 50 тик кошумча тонолуп- буталып, кумга сиңгендей жок болгонун эске алсак, пенсионерлердин жүгү жеңилдеп кетпегени айкын. 50 кошулгандан кийин пенсиянын орточо эсеби 1800-2200 сомго туура келет, ал эми, бул болсо 45-50 долларды түзөт. Мындай каражат энергияга болгон тарифтердин, күндөлүк пайдалануучу товарларга болгон баанын тынымсыз өсүп жаткан шартында пенсионерлерди куру эле жубатууга тете иш.
Москва Кыргызстанга берген акчанын кайда жумшалып жатканына, албетте, кызыккан жок. "Эмне кылсаңар өзүңөрдүн эркиңер" - деген кыяз көргөзүштү. Деги, кыргыз өкмөтү Кремлди мындай кой, өз граждандарына россиялык кредиттердин кайда коротулуп жатканы боюнча азыркыга чейин ныпым сөз айта элек. Ал азырынча түпкүрдө терең катылган табышмактардын бирине айланган.
Ошентип президенттик шайлоо аяктады. К.Бакиев атаандаштарын караандатпай артка калтырып, 77 менен "утуп" чыкты. "Той да болот, тойдун эртеси да болот" демекчи, шайлоо эйфориясынын ордун күндөлүк экономикалык кыйынчылыктар, дүйнөлүк кризистин каары алмаштырды. Шайлоо бүтүп - бүтө элек жатканда "долг платежем красен" деген макалды эске салып, Россия берген карызын доолай баштаганга кезек келип жетти. Москва Кыргызстандан "соодада достук жок, алганыңарды төлөп бергениңер артыкбаштык болбос эле" дегенди каңкуулап кирди. Алгандын бергени да болот - дешти.
Алгачкы карыздын кайтарылышы катары Канттагы авиабазасынан тышкары Кыргызстандын түштүгүндө бир батальонго барабар кошумча аскердик контингентти жайгаштыруу чечимин көргөзсө болор эле. 1-августта Чолпон-Атада өткөн саммитте ал маселенин башы биротоло болбосо да негизинен ачылды десек болот. Азырынча, иш Кыргызстандын территориясында батальонго барабар аскер күчтөрүнүн контингентин жана аскердик окуу борборун жайгаштыруу боюнча меморандумга кол коюлуу менен аяктады. Ал биротоло чечиле турган нөөмөтүн күтүп жатат. Акыркы, бир жаңсыл макулдашылган келишимге 1-ноябрда кол коюлмак болду.
Андан көп өткөн жок, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Раимкул Аттокуров 5-августта пресс-конференция өткөрүп, стратегиялык ишканалардын катарына кирген "Кыргызгаздын" көзөмөл пакети россиялык гигант "Газпромдун" колуна өткөрүп берилгенин жарыялады. РИА "Новости" "Кыргызгаз" мамлекеттик карыз үчүн "Газпромдун" энчисине өткөрүлүп берилди" деп билдирет. Ошентип бул мындан ары Кыргызстандын калкын газ менен жабдуу бир гана "Газпромдун" эркине жараша болот дегендикке жатат. Мындан кийин россиялык "Газпромдун" колун кароого аргасызбыз. Ырас, "Газпром" кыргыз өкмөтү бекиткен тарифти сактоого убадасын бергени, газ тармагын модернизациялоо, газ магистралдарын реконструкциялоо, жабдууларды алмаштыруу үчүн 400 миллион доллар каражат жумшаары айтылат. Ал убада канчалык деңгээлде ишке ашаары азырынча белгисиз. Тариф саясаты боюнча өзүбүздүн карачечекей өкмөтүбүзгө таасир бере албаган элибиздин бөтөн компаниянын ишине кийлигишип, "кой, ай" деп айтууга алы жетээри арсар.
Россиялык 2,15 миллиарддык пакеттен турган финансылык жардамынын башы ачылаар замат эле Россия Кыргызстандын мал - мүлкүнө ээлик кылуу "чабуулун" баштаган болчу. Адегенде Камбар-Ата-1 ГЭСнин курулушуна сала турган 1,7 миллиард долларлык инвестицияга таянып ГЭСтин акциясы эки өлкөгө--Кыргызстан менен Россияга 50% тен тең бөлүнөөрүн, курулуш ишин колго алган компаниянын беш кишиден турган Директорлор кеңешинин үчөө россиялык экенин, төрагалык да ошолорго таандык экенин жарыялашкан эле. Де - факто, бул Камбар-Ата-1 россиялыктарга таандык экенин билдирет. Ошол учурга оро- пара жогорку технологиялуу делинген "Дастан" заводу Кыргызстандын карызына чегерилип Россиянын менчигине өткөрүлгөн эле. Эми болсо шайлоо аяктагандан кийинки 3-4 күндүн аралыгында кошумча аскер базасы жайгаштырылып, стратегиялык "Кыргызгаз" Россиянын энчисине өткөрүлүп берилди. Дагынкысы дагы болушу ажеп эмес. Ошентип ыгы келсе да, ыгы келбесе да мактаныч кылып айта берчү көз каранды эмес Кыргызстандын көз карандысыздыгы четинен тоноло баштады.
Ошентип Россия акырындап Кыргызстандагы геосаясый таасирин кеңейтип, олуттуу таасир берүү рычагдарды колго алып, Кыргызстанда аскердик-саясый жана экономикалык монополиясын орнотууну көздөп жатканы байкалат. Арийне, ал монополия Кыргызстанда натыйжалуу экономикалык система түзүү, уңгулуу эркиндикти орнотуу, демократиялык институттарды өркүндөтүү,ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы достукту бекемдөө, ишеним атмосферасын түзүү аракеттери менен бекемделеби, ал азырынча табышмак.
Бир сөз менен айтканда, Кыргызстан тышкы саясатта "Кара-Суу базарынын" ыкмасы менен Россияны да, Американы да алдап, сызга отургузуп кетем деген ою ишке ашпай, акыры келип өзү салган принципсиздик кылтагына өзү түшүп берүүгө аргасыз болду деп айтууга толук негиз бар. Тигинисинен да, мунусунан да алчусун алып, суудан кургак чыгып кетем деп жатып эки тараптын ишениминен кетип, эки тарапка тең жаман көрүндү. Бул да болсо азыркы бийликтин мурдунун учунан алысты көрө албаган саясатынын залдары экени анык.

Үсөн Касыбеков






кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
11-август, 2009-ж.:
1-бет
"Үркүнбү же "Улуу Көтөрүлүшпү?"
2-бет
Куш кабарлар
3-бет
"…Узун чөптүн баарысын, оруп келе жатыр ай"
4-бет
База база…ры
5-бет
"Улутун сүйбөгөн, улуту үчүн күйбөгөн хан - хан эмес"
6-бет
Петровкада тартылган видео тасмаларды ким жок кылды?
7-бет
Ата Мекен коркунучта!
8-бет
Тарых тастыктайт
9-бет
Жылдыздар өчөт, жанат...
10-бет
Тил
11-бет
Эл силерди унутпайт
12-бет
Көрдүңөрбү, бизге ким келди?
13-бет
Тарыхтын темгил барактары
14-бет
"МУРЗА ГАПАР - КЫРГЫЗДЫН ЧЕХОВУ"
15-бет
Тагдыр
16-бет
Эр энеден туулуп, эл үчүн өлөт










??.??