Эр энеден туулуп, эл үчүн өлөт

Жигиттер
Былтыркы жылдын август айында Бээжинде өткөн XXIX дүйнөлүк Олимпиада оюндарында кыргыз жигиттери бир топ алгылыктуу ийгиликтерди жаратышкан эле. Грек-рим күрөшүнөн Канат Бегалиев Бээжин олимпиадасынын алгачкы күмүш медалын тагынса, Руслан Түмөнбаев коло медалдын ээси болуп мекендештерин кош кубанычка бөлөшкөн. Муну менен алар Кыргызстандын атагын дүйнөгө дагы бир ирет даңазалашкан болучу. Көз ачып-жумганча эле калайыкты кубандырган ал ийгиликтерден бери бир жыл өтүп кетиптир. Бүгүн биз артка кылчайып, ал күндөр туурасында сөз кылууну ылайык көрдүк.


Алгачкы коло медаль 60 кг. салмакка чейинки балбандар менен күрөшкөн Руслан Түмөнбаев дүйнөнүн эң мыкты чеберлеринин чеберлери менен кармашты. Адегенде ал эл аралык спорттун чебери, көптөгөн ири мелдештердин жеңүүчүсү, дүйнөнүн чемпиону финдик балбан Ала Хуку Жаркону утту. Андан кийин ал Өзбекстандын атлети, дүйнөнүн 2001-жылдагы чемпиону Дильшод Ариповду курч таймашта жеңди. Финалга чыгуучу кармашта Руслан россиялык Исламбек Албиев менен күрөшүп, андан 10:0 эсебинде утулуп, коло медаль үчүн кармашуу укугун алды.
Жеңилүү ызасын тарткан Р.Түмөнбаев бүткүл күчүн, эркин акыркы таймашка жумшады.
Атаандашы кубалык Роберто Мондозду партерден үч жолу оодара ыргытууга жетишти. Натыйжада Руслан 7:1 эсебинде Робертону утуп, коло медалдын ээси болуп калды.
Кийин Руслан Түмөнбаев: -"Лондондон алтын медаль тагынып келүүгө умтулабыз" деген бийик максаттары менен ой бөлүшкөн эле. Жакында эле Украинада өткөн "Азовмаштын" кубогунда Р.Түмөнбаев дагы коло медалдын ээси болуп, ийгилик жаратты.
Кыргызстандык балбан, Азия чемпиону Канатбек Бегалиев финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынууда өзүнүн таңкалаарлык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн. Украиналык Армен Варданянды, андан соң Болгариялык Николай Греговду жеңип, финалга карай катар ийгиликтерди багындырып келди. Акыр аягында, балбан Канатбек Бегалиев франциялык Стив Гуен менен алтын медаль үчүн күрөшкө чыккан. Ал бул таймаштын аягына чейин өзүнүн артыкчылыгын көрсөтүп, франциялык балбанга үстөмдүк кылып отурган. Баш байге үчүн талапкер болгон. 66 кг салмактагы олимпиада чемпионунун алтын байгеси үчүн Канат Бегалиев таймаштын биринчи бөлүгүндө чүчүкулак атаандашына түшүп, бир упай менен алдырып жиберсе, экинчи бөлүгүндө калыстар атайын чүчүкулакты французга түшүрүшүп, артыкчылыкты оодарып коюшкан. Калыстар Канаттын 2 упайын эсепке албай, жеңишти атаандашына ыйгарып жиберишкен эле. Буга кыргызстандыктар гана нааразы болбостон, башка өлкөлөрдүн абройлуу спортчулары да, франциялык балбандын жеңиши талаштуу болгонун жана эсептөөдө так эместиктер кетирилгенин билдиришкен.
Канатбек Бегалиев болсо, ал ийгилигин жергиликтүү гезиттердин бирине мындайча бөлүшкөн эле:
- Менин жеңишим - Кыргызстаныма, кыргыз элиме кылган жакшы белегим. Абдан жакшы маанайдамын, толкундануу сезими күчтүү. Айрыкча, бизди мекендештерим, ата-эне, бир туугандарым, досторум жогорку деңгээлде тосуп алганы кубандырды. Мен мындайды күткөн эмесмин.
Ачыгын айтканда, төрт жылдан бери алтынды багындырсам деген изги ойдо жүргөм. Тилекке каршы, ал максатыма жетпей калдым. Буга биринчи кезекте калыстардын калпыс мамилеси себепкер. Финалдык таймаштын кандай өткөнүнө бардыгыңыздар күбө болдуңуздар. Эл аралык күрөш сүйүүчүлөр федерациясынын президенти Рафаэль Мартиэнетти француз экен...
2008-жылдын 3-сентябрында балбандарга уюштурулган салтанатта, грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалды жеңип келген Канатбек Бегалиевге 100 миң доллардын, коло медалды утуп келген Руслан Түмөнбаевге 75 миң доллардын,эркин күрөш боюнча 5-орунду алган Базар Базаргуруевге 15 миң доллардын, 8-орунду ээлеген Арсен Гитиновго 10 миң доллардын сертификаты тапшырылган.
Баасы 38 миң доллар турган эки "Mitsubishi Pajero" автоунаасы К.Бегалиев менен Р.Түмөнбаевге берилген. Канатбектин автоунаасынын мамномери В 82 00 J, ал эми Русландыкы В 83 00J. 8 ушул жылды, 2 экинчи орунду, 3 үчүнчү орунду билдирет.
Мындан тышкары, кыргыз спортуна кошкон салымдары эске алынып, экөө тең "Даңк" медалы менен сыйланган.
Алардын кажыбас аракети менен Бээжин олимпиадасына катышкан 205 өлкөнүн ичинен Кыргызстан 65-орунду ээлеген эле. Бул мурдагы жылдарга караганда алда канча бийик көрсөткүч.
Аларга кыргыз эли өз баталарын берип, ыр арнагандары да болгон.
" Эр Манас: "Элим үчүн жаным курман!"
Деп айтып, ар-намыска бекем турган.
Канатбек, Руслан да бабасындай,
Ар-намыстуу өтүштү улуу сындан!
Көкүрөктө көп кылым өчүп калган,
От жанып рухтагы чагылгандан!
Кеткенин дүйнө көрдү ушул жолу,
Кыргыздын ДАҢАЗАСЫН жүрөк жарган!"
Бүгүн дагы бул балбандар тынымсыз машыгуу менен түрдүү эл аралык мелдештерге катышып, 2012-жылда болуучу Лондон олимпиадасында да кайталап ийгилик жаратууну самашууда.
Даярдаган
Заирбек Бактыбаев