Ак ийилет, бирок сынбайт...

Петровка башаламандыгынын сыры качан чечилет?
Ү
стүбүздөгү жылдын жаз айында Москва районуна караштуу Петровка айылында наристе кыз Настяны 21 жаштагы күрт улутундагы Абдулла кордогону ачыкка чыккан. Настянын таенеси болсо белгисиз себептер менен кимдир бирөөнүн колунан өлтүрүлгөн деген имиштер дагы айтылган. Көчөт кызды кордогон зордукчул Абдуллага укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик өз убагында чара көрбөгөндүгүнөн улам, күрттөрдүн чектен чыккан каракчылыктарына чыдамы түгөнгөн Петровканын эли түп көтөрүлүп, көчөгө чыгышкан. Нааразычылыктан улам күрттөр менен айыл элинин ортосунда кагылышуу болуп кеткен. Мына ошол башаламандыкты уюштурган деген айып менен "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев, "Болуш" коомунун лидери Сапар Аргынбаев, укук коргоочу Уран Рыскулов камакка алынышкан. Алардын камакта жаткандарына үч айдын жүзү болсо да эч кандай жыйынтык чыкпай келет.
УККнын тергөө тобу камактагылардын айыбын угузуп, ишин сотко өткөргөн. Сот процесси Москва райондук сотунда 27-июлда баштамак болуп, соттун алдына 300 дөн ашык адам чогулган. Райондук сот залына 300 эмес, 30 адам дагы батпасы белгилүү. Алгач башаламандыктын күбөсү катары милициялар менен күрттөр суралаары белгилүү болгон. Эл арасынан айтылган сөздөргө баам салсак, камакта жаткан күрттөр менен Булекбаев, Аргынбаев, Рыскуловдун башаламандыкка таптакыр тиешеси жок экендиги белгиленүүдө. Чыныгы "башаламандыкты баштап, уюштургандар айылда ээн-эркин басып жүрөт" деп айтылууда. "Калк айтса, калп айтпайт" эмеспи.
Даярдыгы жок сот процесси башталып, камактагыларды сот залына алып киришти. Ишти караган судья айыпталуучулардын жактоочуларын толуктаган соң, сот процессин 5-августка жылдырды. Муну уккан эл ызы- чуу түшүп, камакта жаткан күрт улутундагы 30-35тер чамасындагы жаш келиндин апасы кызынын күнөөлүү эмес экенин кан какшап кыйкырып, эсин жоготуп жыгылды. Нааразы болгон эл "Кыргызстан, позор" деп кыйкырып жатышты. Учурда камактагылардын тагдыры сот органдарынын колунда болгондуктан алардан иштин адилет чечилишин күтөбүз. Кыскасы, шайлоодон кийин Бакиев баарын камактан чыгарат деген элдин ишеничи жокко чыгып калчудай. Кандай болгон күндө дагы соттун акыйкат жыйынтык чыгараарынан үмүт үзбөй туралы.

Назгүл МАМЫТОВА




  Шайлоонун чаңы...

"Бул шайлоо абдан оор өттү"
Шайлоо жакындаган сайын Москва районунда оппозициялык маанайдагы лидерлер жеңишке жетишээрин баса белгилеп айтып, эгер өз талапкерине берген добушун сактап кала албаса, эл көтөрүлүүгө даяр экендигин билдирип келишкен эле. "Той да болот, тойдун эртеси да болот" дегендей, шайлоо өттү. Бирок, эмнегедир эл ыплас шайлоого каршы тура алган жок. Анын себебин билүү максатында айылдык кеңештин депутаты, "Болуш" коомунун активдүү мүчөсү Баялы Саркуловду маекке тарттык.

- Баялы мырза, КТРден шайлоо таза жана жогорку деңгээлде өттү деген маалыматтарды тынымсыз беришүүдө. Дегеле, болуп өткөн шайлоо боюнча оюңуз кандай?
- Бизде эч качан шайлоо таза өтпөйт, өткөн дагы эмес. Чындыгын айтсам, бул шайлоо мурдагы шайлоолорго караганда алда канча оор өттү. Жыйынтыгы эл күткөндөй болгон жок.
Биринчиден, бардык бийлик ресурстары бир адамга - К.Бакиевге толук иштеди. Ар бир шайлоо участкасында аким, айыл өкмөтү баш болуп, Бакиевдин добуш алышына болгон аракеттерин жумшашты.
Экинчиден, түш оогон мезгилде президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев менен Назаралиев шайлоодон баш тартышаарын билдиришти. Атамбаевдин шайлоодо катышып отурган байкоочулары жана комиссия мүчөлөрү өздөрүн жоготуп коюшту. Бардык байкоочулар шайлоо участкаларын деманстративдүү таштап чыгып кетишти. Ошондон улам участкаларда көзөмөл таптакыр болбой калды. Атамбаев шайлоодон баш тарта элек учурда добуш берүүчүлөр 50га дагы жете элек болчу. Атамбаев шайлоодон баш тартып, байкоочулары шайлоо участкаларын таштап кеткенден кийин, бир заматтын ичинде, эл добуш берүүгө келбесе дагы, добуш бергендердин саны 75-80дан ашып кетти. Демек, бул жерде ачык эле мыйзам бузуулар болду.
- Сиз Атамбаевдин күтүлбөгөн кадамга барышын туура деп ойлойсузбу?
- Жөнөкөй шайлоочу катары айтсам, туура эмес. Себеби, шайлоочулардын көпчүлүгү Атамбаевге ишеним көрсөтүп, анын талапкерлигин колдоп, добуш беришкен. Атамбаевдин элдин ишеничинен баш тартышы баарыбызды ойго салып койду. Эмне дегенде, биринчиден, Атамбаев шайлоо жүрүп жатканда күтүлбөгөн кадам жасады.
Экинчиден, бул жерде оппозиция бирдиктүү бир талапкерди колдоп алып чыккандан кийин, эмне максат менен күтүлбөгөн мындай кадамдарга барышканын айтуу кыйын. Балким, өздөрүнүн көздөгөн башкача пландары болгондур. Кыскасы, бул күтүлбөгөн окуя болду.
- Буга чейин оппозиция тууралуу ар кандай сын-пикирлер айтылып келген. Шайлоодогу күтүлбөстүктөн улам оппозиция элдин ишеничинен биротоло кол жууп калды деген сөзгө кошуласызбы? Балким, мындан ары бизге жаңы оппозиция керек болуп жүрбөсүн?
- Мен бул тууралуу дайыма айтып келем. Чындыгында биздин бүгүнкү бийлик дагы, оппозиция дагы өзүнүн ишин аткарып бүттү десек болот. Азыркы оппозиция өз максатына жетүүгө аракет кылганы менен, аягына чейин чыга алган жок. Жаңы оппозициянын пайда болушун, кечээги шайлоодон кийин эл да кубаттай баштады.
- Оппозиция лидерлери элдин өз талапкерине берген добушун сактап кала албаса нааразычылык акциялар башталаарын катуу айтып жатышкан. Бирок, тилекке каршы, кыргызстандыктар мындай кадамга барышкан жок. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Эл шайлоодо берген добушун сактап калууга, баарысы болбосо дагы, кандайдыр бир деңгээлде даяр болчу. Бирок, талапкер өзү шайлоодон баш тарткандан кийин, элде добушун сактап калууга негиз жок болуп калды десек болот. Ошону менен жалпы эл токтоп калды.
- Эл ишенген оппозиция өз деңгээлин көрсөттү. Эми дагы беш жыл азыркы бийликтин эзүүсүндө болобуз. Ошол себептен өз максатыбызга жетип, башка нукка багыт алуу үчүн кандай кадамдарга баруубуз зарыл?
- Бардык нерсе Кудайдан деген сөзгө мен ишенем. Шайтан эч убакта бейиштен үмүт кылбайт. Ошол себептүү, үмүтсүздүк бул шайтандын иши. Биз деген элбиз. Жакшы нерседен үмүт кылышыбыз керек. Ошол үмүттүн аркасы менен биз жакшы жыйынтыктарга жетишебиз. Бүгүнкү күндө оппозиция бардык ресурстарын, мүмкүнчүлүгүн жоготуп койду дегенден алысмын. Азыркы оппозицияда, бийликте дагы татыктуу, Кыргызстандын келечегин ойлогон инсандар бар. Биздин максат бир адамды же бир күчтү ээрчип кетүүдө эмес, бизге ийгилик алып келе турган туура жолду тандоо. Биз буга чейин бардык шайлоолордо дайыма бир адамды шайлап жүрүп көп жаңылыштык кетирдик. Биз дайыма ошол талапкердин алып бара турган жолун, аткара турган миссиясын эмес, талапкердин өзүн тандап алабыз. Башкача айтканда, биз адам тандап жатабыз. Ошондуктан бүгүнкү күндө адам эмес, жол тандап, жол башчыны шайлашыбыз керек. Алдыга өнүгө турган туура жолду тандабай туруп, ал жолго баарыбызды алып чыга турган жол башчыны койбой туруп, биз эч убакта жеңишке жетише албайбыз.
- Туура жолду тандап алуу үчүн эмне кылышыбыз керек?
- Изденишибиз керек. Учурда жалпы эл жаңы күчтү талап кылып жаткандан кийин сөзсүз түрдө аракет көрүүбүз зарыл. Бирок, жаңы күч карапайым калк арасынан чыккан, калк кадырын түшүнгөн адамдар болсо жакшы болмок. Жаштарга колдоо көрсөтүп, жаңы багытка үндөө керек. Азырынча жаштардын ичинде президенттикке татыктуулары көрүнө элек.
Биз кандай жол менен ийгиликке жетишээрибизди тандап алган соң күч топтошубуз керек. Учурда калк арасында бул максатты көздөгөн бир топ лидерлер бар. Ийгиликке бир гана азыркы оппозиция жетиши мүмкүн дешкен. Ушул кезге чейин оппозиция бир топ жакшы идеяларды айтып келди. Бирок, оппозициянын артынан эл ээрчимейинче ийгиликке жетүү оңойго турбайт. Ушундай эле көрүнүш 2005-жылы да болгон. Курманбек Бакиевдин артынан баарыбыз ээрчип келгенбиз. Бирок, тилекке каршы, максаттарыбыз орундалган жок. Бул өтө өкүнүчтүү көрүнүш. Ошондуктан менин айтаарым, биз адам тандап жаңылбашыбыз керек.
- Баялы мырза, шайлоодон кийин Петровкадан чыккан жаңжалдан улам камакка алынган Аргынбаев, Булекбаев, Рыскулов бошотулат деп элдин баары үмүт кылган эле. Бирок, УККнын тергөө ишинен улам, иш калыс каралаары күмөн болууда.
- Буга чейин камактагылар шайлоого чейин кармалып турушат деген сөздөр болгон. Азыр бул боюнча айтуу кыйын болуп калды. Бардыгын сот чече турган болгондон кийин, соттордон акыйкаттуулукту талап кылып, күтүшүбүз керек. Негизги маселе сот камактагыларга акыйкат чечим чыгарабы же чыгарбайбы, кеп мына ушунда болууда. Ошондуктан бүгүнкү сот процессине эл агылып көп келди. Сот процессин 5-августка жылдырып койгонуна караганда, элдин көптүгүнөн чочулап, коркушту көрүнөт. Азыркы сот органдары менен бийлик элдин ишеничинен кеткен.
Маектешкен
Назгүл Мамытова