Бышыксынган БШК

"Уялбаган кыз уялган кыздын бетин тырмайт"
(Башталышы 4-бетте)

Адат катары шайлоонун дүңүнөн алып баалашып, жыйынтык чыгарышат. КМШ мейкининде, кандай шайлоо болбосун, алдын ала даярдалып койгон токтом менен баа берүү алардын жедеп көнүп алган адаттарынан. Шайлоодо мыйзам бузуулар арбын болдубу же салыштырмалуу таза өттүбү, аларга баары бир - жыйынтыгы коендой окшош: шайлоо мыкты уюштурулган, ойлогондон да сонун болуп чыкты деп турганы турган. Ошого жараша токуган токтомдору куюп койгондой окшош. Айырмасы - шайлоо болуп өткөн убактысы (числосу) менен шайлоо болгон өлкөнүн дарегинде. Калгандары бири-биринен айрып алгыс. Бирдей тыянак чыгарышат да, коюшат.
КМШ менен ШОС миссиясы ким бийликте турса, ошонун сөзүн сүйлөөрү башынан белгилүү. 23-июлдагы президенттик шайлоодо ШОСтун миссиясынан деп жети кишиден турган (анын көбү Казакстандан экен) карлик топ катышты. Шайлоо башталаар алдында, 18-июлда келип 23-июлга дейре байкоо жүргүзүштү. Шайлоону өткөрүү үчүн ачылган 2 миң 330 шайлоо участогунун Бишкекте жайгашкан 39 участогуна баш багышыптыр. Ошону менен байкоо аяктады. Анткен менен, чыгарган жыйынтыктар кыйла олуттуу-шайлоо калыс жана ачык өттү деп турушпайбы. БШК демекчи, "жетиштүү фактынын, конкреттүү байкоонун негизинде" эмес, өз билгенинче тыянакка келүү деп мына ушу ШОСтун миссиясын айтпаганда, кайсыны айтабыз? Ачык айтканда, мындай байкоочулукту көз боемочулук деп аташат эмеспи.
Ал эми, ОБСЕге келсек, мактабайлы, алардын шайлоо процессинин үстүнөн байкоо жүргүзүүсү дыкаттыгы менен айырмаланат. Алар үчүн КМШ же ШОС сыяктуу жең учунан мамиле кылуу, дүңүнөн алып баа берүү деген чоочун көрүнүш. Ар адамдын шайлоо укугу, ар бир адамдын добушунун мааниси чоң. ОБСЕ жети өлчөп бир кесип, фактынын негизинде жыйынтык чыгарууга көнгөн. Субъективизм кезикпейт. Ошондуктан аларга жөнсүз асылуу куру кырчаңгылык, "обужок катын оорсок уй саагандай" осол көрүнүш катары кабыл алынат.
Адамдын шайлоо укугу анын фундаменталдык конституциялык укуктарынын бири экени белгилүү. Ошондуктан адамдын эркин шайлоо укугунун бузулушу чоң күнөө катары кабыл алынат. Эгер шайлоодо өз эркинче добуш берүү укугунан ажыратылса, анда ал адам биротоло тоталитардык системасынын күнкор кулуна айланат дегенге тете. Ошондуктан эларалык демократиялык орчундуу институттардын бири катары ОБСЕ шайлоонун калыс жана ачык-айкын өтүшүнө ынтызарлык менен өзгөчө маани берип келгени бекеринен болгон жок.
Көп узаган жок, ОБСЕге каадаланып сын тагып жаткан БШКнын абийири айрандай төгүлүп эле жатып калды. Ал мындайча болду. Адегенде БШК 25-июлда жергиликтүү убакыт боюнча саат 12.00дө 97 бюллетень саналганда К.Бакиевге шайлоочулардын 82,71ы добуш берди деп жарыялаган эле. Андан көп өткөн жок, 26-июль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 00:40 болгондо, БШК мурдагы билдирүүсүнө тактоо киргизди - эми К.Бакиевге берилген добуш 1 821 168 добушка, ал эми саат 22.00дө ал цифра 1 720 421 добушка чейин азайып, 77,81га чейин түшүп кеткени ачык болду. "Voice of Freedom" уюмунун айтымында айырма 104 миң 624 добушка туура келет. Ошол эле "Voice of Freedom" уюму мындай казустун келип чыгышын БШК ГАС "Шайлоо" системасына шилтеп чаргыткан сөздөн башка тыңгылыктуу комментарий берүүгө жарай албаганын белгилейт. Табышмактуу бул окуянын себебин кандайча түшүндүрсө болор эле. Анын эки себеби болушу мүмкүн: биринчиси, а дейсиңби, бу дейсиңби, кандай гана шайлоо болбосун анын тагдырын бир гана БШК чечет, шайлоо ошонун колунда, БШК кааласа өзү билгендей добушту 82,71 кылып көтөрүп чиймелей салат же, тескерисинче, 77,81 деп түшүрүп сүрөттөйт, ошондуктан шайлоо өткөрөм деп убара болуунун кажети деле жок, шайлоону БШКга тапшыр, ал өз билген жыйынтыгын чыгарып колуңа карматат да коет. Ошону менен иш тамам болот да калат. Бул бир. Экинчи себеби, БШКнын профессионалдык деңгээли төмөн, ишке жөндөмсүз, компетенттүүлүгү жетишпейт. Эптеп сүйрөлүп оокат кылып жүргөн уюм. Жогоруда сыпаттаган мисалдардын негизинен жыйынтыктап айтканда, БШК "уялбаган кыз уялган кыздын бетин тырмайт" болуп жатканы анык.

Үсөн Касыбеков,
эркин журналист




  Телесуфлер сүйлөдүбү же жүрөкпү?

"Чеккер" коргонуу ыкмасы ишке ашты…бы?!

Шайлоо спектаклинин көшөгөсү дагы деле жабыла элек. Оюн уланып жатат, башкы кейипкерлер - баягы бийлик, аны коштогон жан-жөкөрлөр жана оппозиция. Башкы каарман Курманбек Бакиев бул жолу да өзүнө "ишеним арткан элдин" "жардамы" менен утушка ээ болдум деп 28-июлдагы кайрылуусунда баса белгиледи. Чо-оң ыраазычылык билдирди. А, оппозиция… Алар утулду-утулган жок дегенден мурун, ал барбы же жокпу деген суроо жаралып, дегеле анын бизге жугуму жок окшойт, аты эле болбосо, тарпы эле калгандай деп калдык. Себеби, бир күч болуп чыкканга мүмкүнчүлүгү чоң болгон оппозиция, Крыловдун тамсилиндеги каармандардай, талашы эмне болгону белгисиз, айтор, бийлик өкүлдөрүнө кошулуп элди туш келди тарткылаган абалга жетти. Бирок, алар, буга чейин сымаптай жылып турма позициядагы Назаралиевди азыр оппозиционер деп атай турабыз го, "ыпылас шайлоодон" баш тарткандан башка бир нерсени кыйратканча бийлик тарап өзгөрүү демилгесин колго алды. Алгач мэрия митинг өткөргөнгө башка жерди чегерди, темир жолду тейлеп жүрүп кызматка келген Нариман мырза эски кесиптештеринин сейил багын аянган жок, атайын токтом менен берилди. Эски ордун - М.Горькийдин эстелигинин оңдойбуз, көркөмдөйбүз деген шылтоо менен. Өткөрөм десең, мурункудай алдын ала уруксат сурабай деле кой дегендей кылышты. Анан Өлкө башчысы 28-июль күнү элге орусча, кыргызча кайрылуу менен чыкты. БШК берген шайлоо жыйынтыктарынын мыйзамдуулугун тастыктаган бүтүмдү Консот чыгарганча ажобуздун бул кылганы туурабы же жокпу деп күдүктөнсөк, "действующий президент" катары чыга берет дешти.
Эске түшүрсөк, ушул жыл эсебинен ал элге экинчи ирет кайрылып отурат. Жыл башында, 28-январда, эми 28-июлда… Айрым аттуу-баштуулардын пикиринде, биринчисиндеги жаңылык - катчылыкты түзгөнү болгон. Мунусундагы жаңы эмне сөз болгонуна токтолгонго чейин К.Бакиевдин экрандан көрүнгөн олуттуу жүзү башканы эске түшүрдү… Дүйнөлүк практикада айла-амалын таппай калган кызмат адамдарынын ушинтип эл алдына чыгып актанганын, жагынганын "Чеккер" коргонуу ыкмасын колдонду деп коюшат экен. Анын башталыш тарыхы 1952-жылы сенаторлук кызматта отурган Ричард Никсонго барып такалат. Анын талапкерлиги вице-премьерликке көрсөтүлүп, бирок ага шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө пара алган деген айып тагылат. Саясат тарыхында биринчи жолу ал - түз эфир аркылуу элге түшүндүрүү сөзү менен чыгат. Камера алдында аны айыптаган сөздөрдөн жапа чеккендей түр кармап, Америка элинин алдында тапкан жана коромжу кылган ар бир цент үчүн жооп берерин, аялы байкуш кымбат баалуу тон эмес, жөнөкөй республикачыл аял катары жупуну пальто кийип жүргөнүн, бул айыптоо либералдардын табылгасы экенин, алар болгону кокер-спаниель породасындагы Чеккер (Checker - англис тилинде шахмат доскасы) деген темгил итти белекке алганын көбүртүп-жабыртып жатышканын айтып келип: - Баштарына кандай ой келсе, айта беришсин, баары бир итти өзүмө алып калам, - деп айбанаттарга да, үйбүлөсүнө да аяр мамиле кылган камкор адамдай элес калтырып, кийинки тагдырына чоң таасир эткен эл колдоосун тапкан.
Айтайын дегенибиз, башкысы - Курманбек Бакиев, телесуфлердон окудубу же жүрөктөн чыккан сөзүбү, кагаз караган жок, анан, эми эмне өзгөрөрүн, кийинки жашоо кандай болорун чечмелеген, элди такка отургандан оозандырып келаткан убадалар камтылган өз сөзүн айтып жатканда азыркы абалга кейигендей түр жасады. Анын жеңишин көрө албагандардан бут тосуулар, нааразычылыктар болот деди… Нааразы болгондор өзү башкарууга алып жаткан өлкөнүн эле жарандары - карапайым эл экенин, аларды добуш берүү, эркин ой айтуу укугунан 100 ажыратып койгонун билсе да, силердин пикириңер менен айрымдар эсептешпей жатат дегендей кылды…
А эртеси, нааразы элди топтолуп турган жеринен ОМОНу, милициясы басып жыгылды… Аны биздин телеканалдар көрсөткөн жок, кошуна Казакстандын бир каналы бутунан башына чейин куралданган биздин тартип сакчылар, коргоочулар элин кандай кордоп салып кеткенин жаңылык катары берди…

Салима
ЖАКШЫЛЫК кызы