Офицердик көз караш

Мирослав Ниязов, коопсуздук кызматынын экс-катчысы:
"Биздин өлкө - кылмышкерлер өлкөсүнө айланууда"
- Мирослав мырза, президенттик шайлоонун өтүшү жана жыйынтыгы тууралуу сиздин жеке пикириңизди билсек…
- Бийлик административдик ресурстарды колунан келишинче колдонуп, акылы жоктугун, уяты жоктугун дагы бир жолу далилдеп көргөздү. Мындай ыплас шайлоону көрүп отуруп адам өзүн дагы ыплас сезип калат экен. Айыл өкмөттөр, акимдер, губернаторлор баш болуп өздөрүнүн деңгээлин, моралдык жүзүн, пастыгын эл алдында жайып салышты. "Балык башынан сасыйт" деген сөз элде бекер айтылбаса керек. Ушул сасыган баштарды жок кылыш үчүн жер-жерлерде өзүн-өзү башкаруу системасына өтүшүбүз керек. Ошентип, кылмыш жасоо жолу менен утурумдук "утушка" ээ болгон бүгүнкү бийлик кыргыздын келечегин бууп отурат.
Бул шайлоодо эл тараптан эч кандай активдүүлүк болгон жок. Шайлоо өтө ыплас иштер менен башталып, ыплас көрүнүштөр менен аяктады. Мындай шайлоо жалпы кыргыз элинин келечегине мерчемдүү үмүттөрдү алып келе албайт. Себеби, шайлоонун өтүшү, жергиликтүү шайлоо комиссияларынын жүргүзгөн иштери жеке эле жергиликтүү байкоочулар эмес, чет жактан келген байкоочулардын да көңүлүн ирээнжитип койду. Бул шайлоо, менин оюмча, КМШ өлкөлөрү боюнча балиттиги, мыйзам бузуучулугу жагынан эң ыплас шайлоо өткөндүгү болду десек жаңылышпайбыз. Мына ушундай шайлоодон улам элдин бийликке болгон ишеними жоголуп, бүгүнкү саясий-экономикалык оор абалдан чыгууга, келечек муундун татыктуу жашашына үмүт биротоло өчтү.
- Шайлоо кап ортологондо А.Атамбаев менен Ж.Назаралиевдин өз талапкерлигин алып салышын кандай түшүнсөк болот?
- Эки талапкер, эл атынан ат салышып жаткан соң, шайлоонун аягына чыгышы керек эле. Эл ишеничин акташ ар бир талапкердин милдети болуп жатпайбы. Бирок, шайлоо жыйынтыгын күтпөй эки талапкердин өз талапкерлигин алып салышына шайлоо жөнүндө мыйзамдын бузулушу, административдик ресурстун кеңири колдонулушу себеп болду го деп ойлойм.
Бийликти жамандап кыйкыргандын баары эле оппозиция тарапка өттү дегенге болбойт. Оппозициянын лидерлерин элибиз көрүп-билип жүрөт дегендей, эл тааныган лидерлердин бүгүнкү күндө ынтымагынын жоктугу, албетте, ойлондурбай койбойт. Ошол эле убакта, ошол эле адамдардын ичинде татыктуусу, акылы, ою тереңи, эл деген чыныгы эр-азаматтарыбыз да аз эмес.

- Эл менен оппозициянын ортосундагы бүгүнкү байланышты кандай баалайсыз жана шайлоо жыйынтыктарынан кийин элдин оппозицияга болгон ишеними боюнча эмне айта аласыз?
- "Баарына эл тараза" демекчи, бүгүнкү оппозициянын жүзү элибизге белгилүү болду. Бирдиктүү иш алып барууга жөндөмсүз, алсыз, биримдиги жок топко айланды. Оппозициянын айрым лидерлери жеке иш алып баруу менен өлкөдөгү бириккен оппозициялык күчтүн түзүлүшүнө терс таасирин тийгизүүдө. Албетте, мындай көрүнүштөр оппозициялык күчтөрдүн алсызданышына жана ыдырашына алып келет.
Оппозициянын ичиндеги интригалар айрым лидербиз деген адамдардын да бетин ачып койду. Ошондуктан эл өзү өтө кыраакы болушу керек. Эл азыр эч кимге ишеним артпай, тиги жээкке да кошула албай, бул жээкке да кошула албай, эки ортодо калды. Ошондон улам биз кандай мамлекетте жашап жатабыз деген суроо туулат. Мыйзамдын тебелениши, ыплас иштердин көнүмүш адатка айланышы биздин өлкө кылмышкерлердин өлкөсүнө айланууда дегенди билдирет. Мындай эгемендүүлүк бизге жакшылык алып келбейт.
- "Назар" гезити жаңы муундун саясатчысын көтөрүп чыгуу идеясын баштоо алдында турат. Элдин жаш саясатчылар маселесине сиз кандай карайт элеңиз?
- Бул маселени көтөрүп чыксаңар, Кыргыз тарыхында силер чоң иш кылган болосуңар. Бүгүнкү оппозиция жөнүндө көп сөздөр айтылууда. Азыр жаңы күч чыкпаса болбой калды. Учур дагы, шарт дагы ушундай жагдайга такалды. Бирок, бүгүнкү оппозицияга менин каалоом, тайманбай иштеп, болгон кемчиликтерден жыйынтык чыгарышса дейт элем.
- Элдик толкундоолор башталса, нааразычылык күчөсө, бийлик тарап күч колдонот дегенге кандай карайсыз?
- Буларда башка жол жок. Күч колдонбосо, бийлигин тарттырып жиберишет. Күнүмдүк оокаты менен жашап келе жаткан бийликтин бүгүнкү күндө акыбалы өтө оор. Ошол сыңары, офицерлерге бир кайрылуум, "Бийлик үчүн жер шыпырбай, эл менен бололу" деген принципти кармаса жакшы болоор эле. Орусча айтканда, "офицерская честь" деп коет, эгерде, офицерлердин эрки болсо, намысы болсо, абийири болсо, бийлик үчүн жер шыпырып туруп беришпей, Ата мекен үчүн кызмат кылып берүүлөрү керек.

- Шайлоонун жыйынтыгы чыкпай жатып өлкө башчысына куттуктоолордун келишине сиздин оюңуз...
- Бул абдан туура суроо болду. КМШдан келген байкоочулар президенттик шайлоону таза өттү деп билдиришти. Ал эми ОБСЕнин өкүлдөрү өткөн шайлоонун жүрүшү, жыйынтыгы туура эмес деген нааразычылыгын жарыялашты. КМШ байкоочулары толугу менен өзүлөрүн дискредитация кылды. Ушундай КМШнын кереги бар беле? Булар элдин кызыкчылыгын ойлобой, бийликтин кызыкчылыгы үчүн ар кандай туура эмес иштерге барып жатышат. Мен ойлойм, тажрыйбасы көп уюм катары ОБСЕнин жүргүзгөн иштеринен үлгү алышыбыз керек. Анткени биз демократияга жете элекпиз. Демократия дегендин жүргүзгөн жолун азыркы бийлик казып коюптур. Ал эми ОБСЕ болсо көп жылдар бою демократиялык жолдо калыптанып, анын принциптерин сактап келүүдө.
Ар кайсы өлкө башчыларынын жаңы шайланган президентти куттукташы, албетте, өз иши дечи, бирок, биздин өлкөдөгү кырдаалдын стабилдүү болушун каалаган коңшу өлкө башчылары шайлоонун жыйынтыгы чыга электе Курманбек Бакиевди Кыргызстандагы боло турган толкундар коңшу мамлекетке да сабак болуп кетпесин дегендей шашылыш куттукташты. Шайлоо жыйынтыгын чыгарууда нааразычылыктардын бирин да эске алган жок. Менин оюм боюнча, бүгүнкү президенттин иш алып баруусу оңойго турбайт. Себеби, эл бийликке толугу менен ишенбей калды. Жада калса, өткөн шайлоонун жыйынтыгы да көпчүлүктө ишенбестикти жаратты. Эми ушундай нааразычылык күчөп турган кезде өлкөнү кантип башкарса болот? Кудайдан да коркпогон адамдын элге жакшылык алып келээрине ишенбейм.
Сөзүмдүн акырында айтаарым, кеч болуп кала электе балдарыбыз үчүн, неберелерибиз үчүн жапа тырмак күрөшпөсөк болбойт. Эл топтолуп өзүнүн чыныгы жүзүн көргөзгөн бийликке түз карап айтышы керек. Мындай жол менен президент, Жогорку Кеңеш, Конституциялык сот жана башка жогорку бийлик өкүлдөрү жетелеме уюм катары гана таанылып калат. Булардын бийликке келиши да, парламентке келиши да ыплас жолдор менен жүргүзүлгөнүн эл билип эле турат. Мыйзамсыз бийлик бутагы эч качан элибиздин тагдырын чечип бере албайт. Мындай башкаруу системасын, орустар "уродливая система" деп коет. Биз мына ушундай системаны түзүп алдык.
Маектешкен
Кайыргүл Нуралиева