ТОПЧУБЕК ТУРГУНАЛИЕВ - КАЙРАДАН ТҮРМӨДӨ
29-июлда "Таза шайлоо" тынчтык жүрүшү башталып-башталбай жатып эле ага келаткан адамдарды Беш-Күңгөй айылынан милиция күч менен кармап, Бишкектин убактылуу кармоочу жайларына, батпаган жарандарды Кудайберген базарынын жанындагы коргоо министрлигинин изоляторуна камашкан. Алдын ала даярдалып коюлган Ленин райондук сотунун судьясы кара чепкенин кийе салып, жарандарды, демократ Токтогул ырдагандай, "ак жерден торго чалышты". БЭКтин саясий Кеңешинин мүчөсү, айтылуу Топчубек Тургуналиев 15 күнгө кесилди. Ага кошулуп дагы 10 чакты жаранга ушундай жаза берилди. Бир топ адам 7 күнгө кесилди. Далайлары айып пулга кириптер болушту. Милиция улуу-кичүүгө, митингге тиешеси бар-жогуна карабай эле көчөдө жөн жүргөн жарандарды четинен машинеге жүктөп келген экен, жашы жетелек бир нече өспүрүмгө эскертүү берилди. Жалпысынан 29-июлда кармалгандардын саны 100гө чамалаган.
Шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык акциялары Талас, Нарын шаарларында да өттү. Бирок ал жактарда адамдарды абакка четинен салып кетүү болгон жок.




ТАЛАСТА АТ МАЙДАН ТАРДЫК КЫЛДЫ
"Таза шайлоо" деген ат менен өтө турган нааразылык акциясы Талас шаарынын чыгышындагы Р.Алканов атындагы 2-3 миң адам сыя турган ат майданда өтмөк. Бирок негедир ал жерге келгендерди, БЭКке тымызын жан тартканыбы - жергиликтүү бийлик "бул жерге батпайсыңар" деген таризде уруксат бербей кубалап, натыйжада эл шаардын чок ортосундагы "Ата Мекен" партиясынын штабына чогулушту. Нааразы болгон эл шайлоодо кандай мыйзам бузуулар болгондугун өз ара талкуулашып, шайлоо Кодексин бузуу ушунчалык массалык мүнөзгө ээ болгондуктан, Акүйдү ээлемейинче адилеттик орнобой турганын жан кейип айтышты.




Укук коргоочулар коңгуроо кагышууда
Укук коргоочу Азиза Абдырасулова, Төлөйкан Исмаилова кечээги укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган тынч митингинин катышуучуларынын абалы тууралуу журналисттерге билдиришти. Алардын айтымында, шаардын эки четинен кармалган тынч митингдин катышуучуларды мыйзамсыз түрдө аскердик бөлүктөргө жеткирип, ал жерден одоно мыйзам бузуу менен жоопко тартышкан. Кармалуучу жайга жеткирилген адамдарды милиция кызматкерлери ур-соккуга алышып, күндүзгү 12.00дөн түнкү 22.00гө чейин ачка, сыз жерде кармап, түн ортосунда алардын үстүнөн сот ишин жүргүзүшкөн. Укук коргоочулардын айтымында, кармалган адамдар эч кандай мыйзамды бузушкан эмес. Ага карабай аларды кылмышкер катары бармак издерин түшүрүшүп, жеке жарандык намысына шек келтиришкен. Ошондой эле Азиза Абдырасулованын айтымында, соттор Конституция боюнча көз карандысыз бийлик бутагы болгону менен, иш жүзүндө күч структураларына баш ийип, алар айтканды кылып калышыптыр. Бул болсо бийлик бутактарын башаламандыкка алып келүүчү жагдай. Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, Беш-Күңгөй айылынан 22 адам кармалып, 15и мыйзамсыз түрдө 3 суткадан 15 суткага чейин камакка алынышкан. Садыгалиева - Ден Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинен укук коргоо кызматкерлери тынч митингиге чыккан 45 адамды зордук-зомбулук менен автобуска салып, 29уна 3 суткадан 15 суткага чейин камакка алуу сот чечими чыккан. Ал эми Балыкчы шаарында 23-июлда шайлоонун өтүшүнө нааразы кармалган 22 адамдын ичинен ону Каракол шаарындагы №3 убактылуу жайга жеткизилип, одоно мыйзам бузуу менен үч берене боюнча айыптап жатышат. "Азыркы бийлик тоталитардык режимге айланып күч структуралары аркылуу элди коркутуп-үркүтүп жатат" дейт укук коргоочулар.


Бакиев барымтадабы?
Бир айдан бери Максим Бакиев жөнүндө ар ким ар кандай сөз айтып отуруп, акырында жарык дүйнө менен да кош айттырып ийишти. "Жок, Кытайда барымтада экен" деп талашкандар да болду. Айтор, жанында жүргөндөй сөз кылып жатышат. Бир билсе, узун кулак журналисттер билет деп бизди ортого салып калышты.Сырттан сүйлөгөн ээн баштык болбосун деп президенттин маалымат катчысы Алмаз Турдумаматовго кайрылсак, ал бардыгын жокко чыгарды. Акыркы маалыматтарга таянсак, Максим мырза "Витязь" пансионатында эс алып, күнгө күйүп, кыздарга көз салып, Ысык-Көлдө чалкып жаткан кези экен…


БИШКЕК-БАЛЫКЧЫ ЖҮРҮШҮ ТОКТОТУЛДУ
30- июлда БЭКтин штабынан Балыкчыга жөө жүрүшкө катышуучулардын алдына республиканын башкы прокурорунун орун басары Сумар Насиза чыгып, ЖККУнун саммити астында митинг, жүрүштөрдүн болбогону туура деп эскертти. Ушундай эле эскертүүнү оппозиция лидерлери менен чогулган элге ички иштер министринин орун басары С.Курманалиев да айтты. Алар оппозиция лидерлерин жүрүш, митингдерди саммит бүткөнчө уюштурбоого чакырышты. Ошондон көп өтпөй эле чогулган элдин алдына СДПнын лидери А.Атамбаев чыгып, Балыкчыдагы балдарды бошотууга оппозициядагы айрым лидерлер гана бара турганын айтып, элди тарай берүүгө чакырды. Балыкчыда шайлоо күнү жазыксыз 14 жаран камалган эле.


БИЙЛИКТИН КӨӨНҮ САММИТТЕ…
Бүгүн Чолпон-Атада Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) кирген өлкөлөрдүн президенттеринин галстугу жок жолугушуусу башталды. Бул саммитке Орусия, Казакстан, Белоруссия, Армения, Өзбекстан, Тажикстандын мамлекет башчылары жана ЖККУнун башкы катчысы Николай Бардюжанын катышуусу да болжолдонууда. Саммитте Кыргызстандын түштүгүндө ЖККУга тиешелүү деп айтылып жаткан кыргыз-россиялык аскердик-машыгуу борборун ачууга жол ачуучу документке кол коюу болжолдонуп жатат. Бирок борбордун ачылышына Өзбекстан чү дегенде эле каршы пикирин айтып чыкты эле, Ислам аке бу сапар да "ёк, кул куйбойман" деп чыгабы же аны бурчка такашабы, көрө жатарбыз.