Таласта оппозицияга катуу эскертүү берилди
Таласта "Ак шумкар", "Ата Мекен" партияларынын өкүлдөрүн прокуратурага чакырып, шайлоодон кийин каршылык акцияларына чыкпоо жөнүндө эскертүү берип жатышат.
Мындай көрүнүштү Талас районунун тургуну Кундузбек Жанузаков 1937-жылдагы репрессияга окшоштурду.
- Прокуратурага барып эскертүүгө кол коюп койгула деп айтышты. Окуп көрдүм. Алар мындай деп түшүндүрдү, "кетмен-күрөк алып шайлоо убагында же шайлоо өткөндөн кийин элди үгүттөп, жамандыкка барбагыла". Ооба дедим. Эгерде таза шайлоо болсо, эч ким кетмен-күрөк алып барбайт. Эгер шайлоо таза эмес болсо, эл андан да бөлөгүн алып чыгышы мүмкүн. Элди эч ким токтото албайт. Азыркы шайлоодо президент өзү агитацияда жүрбөйбү. Анан кантип эл токтонот? Кызматын өткөрүп коюп, мыйзам менен болсо, эл ага макул болот.
Талас шаардык прокуратурасынан эскертүү алган "Ак шумкар" партиясынын мүчөсү Эсен Малабеков эскертүү бардык партияларга бирдей берилсе, бийликти күнөөлөп, кыйкырып чыкпайт элек дейт.
- Бийликтин бир четинен страховка кылып аткандагысыбы же эртеңки күнү буларды камасак, кийинкилери коркуп калат дегениби. Андай ишке барбашыбыз керек эле да. Эмне үчүн жалаң эле оппозициядагы партияларга эскертүү берип, "Ак жол", Коммунисттер партияларына бирдей эскертүү бербейт.
Талас районунун Үч-Эмчек айылынын тургуну, "Ата Мекен" партиясынын бир жыл мурун кайтыш болгон өкүлү Сиязбек Курамаевдин үйүнө укук коргоо кызматкерлери барышып, анын баласы Азиз Курамаевди авто унаага салып кетишкен. Азиздин "Азаттыкка" айтканына караганда, ал атасынын жолун жолдогону үчүн куугунтукка кабылып жатат.
- Кызыл унаа менен келип, салып кетишти. "Эмне болду" десем, "Анаша айдаптырсың" дешти. "Мен эч нерсе айдаган жокмун" десем, "сен үйүңдө штаб ачыптырсың, Атамбаевдин сүрөттөрүн илесиң" дешет. "Илгенде ал менин өз тиричилигим" десем, "Плакаттарды алгыла" дешти. Атам дагы "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү болчу, мындан бир жыл мурун кайтыш болгон. Мен да атамдын жолун жолдоюн деп чечтим.
Талас облустук прокуратурасынын мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Муктар Айдарбеков жогоруда айтылган эскертүү бардык партия жана талапкерлердин жактоочуларына мыйзамга ылайык берилип жатканын айтууда.
- Бул жерде оппозицияга гана берилип атат деп атасыз. Андай эмес, шайлоону даярдоо иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз чыгарылган чечимдердин баарына протесттер келтирилип атат. Эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуу фактылары болсо, жер-жерлерде район прокурорлору аларды жоюуга өздөрү чара көрөт. Эгер кимдир бирөөгө эскертүү же талап берилген болсо, ошол талаптардын мазмунунда мыйзам бузуулар көрсөтүлгөн, ошол жерден тактап алсаңыз болот.

Уланбек Эсенгелди




Спортчулар чагым чыгаруу куралыбы?
Коомчулукта шайлоо боюнча нааразылык акцияларына чыккан элге атайын даярдалган спортчулар каршы коюлат экен деген пикирлер айтылууда.
Саясый серепчи Табылды Акеровдин баамында, эгерде шайлоонун жыйынтыктарына каршы эл нааразы болуп көтөрүлсө, бийлик тарабынан Кожомкул атындагы спорт сарайында, "Дельфин" бассейнинде жана башка спорт жайларда атайын даярдалган спортчулар коюлушу мүмкүн.
- 2005-жылдын 24- мартында дагы "ак шапкечен" спортчулар таяктар менен чогулган элди коркута турган болгондо, митингиге чогулган эл күчтүү дем менен келгендиктен, аларды кайра кууп, Ак үйгө чейин кирип барып, ыңкылап болгон. Президент Аскар Акаев болсо качып кеткен. "Ак шапкечендер" ыңкылаптын катализатору болушкан... Учурдагы бийлик дагы элге каршы спортчуларды тукурса, ошондой кырдаал түзүлгөндөй болуп турат. Спортчуларды бийлик да, оппозиция дагы өз кызыкчылыктарына пайдаланбашы керек. Алардын милдети эларалык деңгээлде өлкө намысын коргоо болуп саналат.
Мындай пикирге шахмат боюнча уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөнтегиндин устаты Төлөн Исаев да кошулуп, Бишкекте бийлик спортчуларды атайын чагым чыгаруу үчүн даярдап жатканын айтты.
Бишкек шаардык спорт комитетинин жетекчисинин орун басары Даулет Досалиев мындай маалыматтарды төгүндөп, спорт жайларда эч кандай спортчулар даярдалбай турганын айтты.
Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитовдун айтымында бүгүнкү президенттик шайлоодо коопсуздукту сактоого милициянын күч-кубаты жетет.
- Бул үчүн беш миңден ашуун милиция кызматкерлери шайлоо участокторуна бөлүнүп, аларга ыктыярдуу элдик кошуундардын мүчөлөрү жардам беришет. Президенттик шайлоонун коопсуздугун камсыз кылууда милициянын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү.
2005-жылдын 24-мартында нааразычылык акциясына чыккан элге каршы чыккан "ак шапкечен" спортчуларды экс-президент Аскар Акаевдин уулу, ошол учурдагы бокс федерациясынын президенти Айдар Акаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, маркум Жыргалбек Сурабалдиев, Бишкектин учурдагы мэри Нариман Түлеев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Иманалиев ж.б. уюштурган деген божомолдор айтылганы менен, алигүнчө аныгы билинип, укуктук-саясый баа бериле элек.
Учурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин эки уулу Марат Бакиев менен Максим Бакиев жана бир нече министр спорт федерацияларын жетектеп турушат. Маселен, президенттин тун уулу Марат ок атуу жана дзю-до спорт федерацияларынын президенти, кичүү уулу Максим өлкөнүн жалпы күрөш федерациясында жетекчиси. Ал эми иниси Адыл каратэ-до федерациясына президент.
Булардан сырткары мамлекеттик жогорку кызматтагы Акылбек Жапаров, Марат Султанов, Тажикан Калимбетова, Молдомуса Конгантиев, Элмурза Сатыбалдиев, Айбек Алыбаев, Абдубакыт Халмурзаев, Акматбек Келдибеков, Курманбек Темирбаев ж.б. спорт федерацияларына жетекчиликти да аркалашат.
Ага жараша, мамлекеттик чиновниктер каражат жагынан спорт тармагын колдоого алып келаткандыктан, спортчулар аларга көз каранды болуп, айткандарын аткарып, аргасыздар саясатка аралашып келатышат деген пикирлер да калк ичинде айтылып жүрөт.

Кабыл Макеш




Баткен: чек арада чыр чыкты
Баткендин Чарбак айылындагы кыргыз чек арачыларына өзбек жарандарынын кол салуу аракети чырга айланып, тополоңдон эки кыргыз жараны жабыркады.
20-июль күнү кечке маал Баткен районунун Чарбак айылы менен Өзбекстандын Сох районуна караштуу Хушяр айылы чектешкен жерде кыргыз чек арачылары менен өзбек атуулдарынын ортосунда чыр чыкты. Мындан улам тиреш күчөп, эки тараптан үч жүздөй эл топтолуп, анын арты таш бараң урушка айланды. Абалды жөнгө салуу үчүн чек арачылар ок чыгарууга мажбур болушту.
Бул окуя боюнча Кыштут айыл өкмөтүнүн башчысы Сейитмурат Матраимов буларга токтолду:
- Биздин Чарбак айылындагы көзөмөл постубузга Өзбекстандын эки жараны мас абалда келип, бейбаштык уюштурушкан. Анан чек арачылар менен өзбек жарандарынын ортосунда жаңжал болуп, эки тараптан тең эл чогулду. Тополоңдо биздин эки жаранга таш тийип жабыркады. Алар ооруканага жеткирилип, абалы азыр жакшы болуп калды. Биздин чек арачылар, милиция Өзбекстандагы кесиптештери менен сүйлөшүп, кырдаалды жөнгө салышты.
Окуя тууралуу кабар район жетекчилигине түшөөр замат тиешелүү кызматтар менен Баткен районунун акими Дастан Ходжаев Чарбак айылына барып, Өзбекстандын жергиликтүү бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Район акими өзбек тарап башаламандыктын себепкери болгон эки атуулун кармап, жоопко тартаарын жана тирешүү учурунда жабыркаган суу түтүктөрүн калыбына келтирүүнү өз моюндарына алышканын айтат.
- Мага жеткен маалымат боюнча эки-үч өзбек атуулу мас абалда биздин чек арачыларга кол салууга аракет кылышкан. Биздин чек арачылар эскертүү огун асманга чыгарууга аргасыз болушкан. Баш аламандыктан биздин эки жараныбыз жабыркады. Өзбекстандын тиешелүү кызматтары менен сүйлөшүүдө өзбек тарап толугу менен күнөөнү моюнга алышты. Мас абалда жаңжал уюштургандарды кармап жоопко тартуу иши башталды. Тополоңдо биздин суу түтүктөрүбүздү бузуп салышкан эле, ошол замат оңдоп, сууну беришти. 25-июлда дагы эки тараптан ондон аксакал, жергиликтүү депутаттар болуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Азыр чек ара толугу менен көзөмөлдө.
Ошол эле учурда айрым жергиликтүү тургундар мындай тирешүүлөрдү өзбек тарап көралбастыктан улам атайылап уюштуруп жатат деген пикирде. Андай пикирдегилердин бири - Урмат аттуу жигит ага акыркы мезгилде Кыргызстан көп жагынан кошуналарга көзкарандылыгын чектетип жатканы себеп болгонун жүйөө тартат.
- Чарбак айылындагы окуялар атайын уюштурулган иш. Өзбек тарап азыр Кыргызстандын өз алдынча айланма жолду курганын да көралбай жатат. Анан алар бизге суу боюнча көз каранды бойдон калышууда. Ошондуктан, менимче, кошуналар чыр чыгаруу үчүн ушундай кадамга барышууда.
Урмат айтып жаткан Өзбекстандын Хушяр айылын айланып өтүүчү Согмент-Таян жаңы жолу кыргыз өкмөтү тарабынан курулуп, өткөн жумада пайдаланууга берилген.
Ошентип чек арадагы кырдаал калыбына келтирилди. Эми тараптар бул маселе боюнча 25-июлда жолугушуп дагы бир жолу сүйлөшмөкчү.

Жеңиш Айдаров