Кыргыз гезиттери


п»ї
  Ким элек, ким болдук?!

КЫРГЫЗСТАН ЭМИ-"КЫЗЫЛ КАМЧЫ" ӨЛКӨ
(Укук коргоочу Төлөйкан ИСМАИЛОВА менен маек)
- "Фридом Хаустун" 2008-жылдагы жыйынтыгы боюнча Кыргызстан эми "демократиянын аралчасы" болбой, авторитардык "кызыл камчы" өлкөгө айланыптыр. Кыргызстандын бийлиги, анын ичинде Акыйкатчы институту бул берилген баага макул эмес. Сиз эмне дейсиз?
- Орустар карама-каршылыктан чындык жаралат деп коюшат. Авторитардык өлкөлөр өздөрүн канчалык актабасын, "эл демократияны түшүнбөйт, ал Америка, Европага 200-300 жылдап анан орногон" деген аныктамалар менен бетин жаап келишет. Бул жеринде туура эмес. Анткени 21-кылым, глобалдык саясат ар бир үйгө таасир этип, жашоонун бардык чөйрөлөрүн камтыды. Ал экологияга да таасир этүүдө. Чет элдик көптөгөн укук коргоо институттары Кыргызстан аябай уникалдуу мамлекет, анткени табигат берген ресурстары көп деген бааларын беришет. Ошондуктан өлкөнү гуманитардык жактан гана эмес, экологиялык жактан да сактап калышыбыз керек. Анткени улуттар аралык ар кайсы компаниялар, мисалы, алардын бири канадалык "Камеко" Кумтөрдүн алтынын канча жылдан бери Швейцарияга, Канадага алып кетүүдө. Чет элдиктер ошондой эле канчалаган жогорку деңгээлдеги чиновниктерди да тойгузушат. Алардын ичинде Акаев баштаган мурунку жана азыркы чиновниктер бар. Алардын катарында оппозицияга кирген саясатчылар көп. Экинчиден, укук коргоочулардын өз ара жолугушуулары биз үчүн аябай маанилүү, анткени бул жерде Ирандан келген Акыйкатчы өздөрүнүн позициясын өздөрү үчүн пайдалуу кылып айтып жатышпайбы.
- Акыйкатчылардын бул форумунда адам укуктарынын эң башкы түркүгү - жарандардын шайлоо укуктарынын бузулушу жөнүндө сөз козголбой жатат го.
- Ооба. Бирок биз мындан кийинки талкууларыбызда Кыргызстанда таза шайлоо өткөрүүгө тоскоолдуктар түзүлүп жаткандыгы жөнүндө сөзсүз айтабыз. Таза шайлоо Кыргызстанга гана керек эмес. Бул дүйнө жүзүндөгү фундаменталдуу, универсалдуу укук. Ар бир өлкө өзү жайгашкан ошол аймакка, улутка ылайыктап, "шайлоо мындай болушу керек, андай болушу керек" деп философиялык аныктама берип башкалардын башын айлантпашы керек. Себеби дүйнөдө жалпы адамзат тутунган бирдиктүү гана адам укуктары, бирдиктүү шайлоо эрежелери бар. Кандай гана адам болбосун, жарык дүйнөгө эркиндиктери, укуктары менен кошо жаралат жана жакшы жашоого укуктуу. Ошондуктан ар бир өлкөдө мыйзамдуулук сакталышы керек. Айрым өлкөлөрдөн келишкен акыйкатчылар адамды кыйноолорго каршы улуттук механизмдерди киргизиш керек деген сунуштарды айтып жатышат. Ошондуктан чет элдик акыйкатчылар менен тыгыз иштешкенге биз аябай кызыкдарбыз. Жабык мекеме деп эсептелген түрмө, убактылуу кармоочу жайларда адамдарды кыйноо болбошу керек.
Коррупция биздин турмушубузга ушунчалык тереңдеп жайылып кетти. Керек болсо адам куну, өмүрү чиновниктердин же милиционерлердин, жабык мекемелердеги врачтардын коррупциялык жол менен киреше табуучу булагына айланууда. Адам өмүрү ачык эле сатылып калды. Ошондуктан мындан арылыш үчүн жакырчылык, жумушсуздук, мигранттардын укугу, бардыгын чогуу караганда гана ишибиз жемиштүү болот деп ойлойм. Албетте, өкмөт бизди көргүсү келбейт. Бирок биз жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирдикте фундаменталдуу укуктарды сактоо аракетин көрүп келгенбиз жана көрө беребиз.
- Кыргызстандагы адам укуктары жаатындагы соңку окуялар боюнча пикириңиз...
- Ноокатта журналист Алмаз Ташиевдин милиционерлер тарабынан урулуп-сабалып өлтүрүлүшү биздин тартип сакчылар кандай гана кылмышка аралашпасын же өздөрү кылмыш кылбасын - бири да жоопко тартылбагандыгынан улам болуп олтурат. Ошол эле Ноокаттагы айт күнүндөгү окуяларга байланыштуу коомчулукка билдирүү таратылды. 32 жарандын адилетсиз кесилгендиги, алардын артында 100гө жакын бала ата-энесиз калгандыгы чын. Терроризмге каршы күрөш операциясы учурунда динге ишенген ыймандуу карапайым адамдарды атып салышты. Ошол операциядан кийин чининен, кызматынан жогорулагандар болуп, айрымдарына акчалай сыйлыктар берилгендигин угуп жатабыз. Бул уят иш. Коомду, адамдарды алдап саясат жасоо болбойт, себеби биздин эл сабаттуу. Искра, Петровка, Ноокаттагы окуяларды басууда этникалык мүнөздөгү туура эмес саясат ишке ашырылып, бул да сексенден ашык улут өкүлү жашаган Кыргызстанда нааразылык жаратты.
Кыргызстан авторитардык режимге түшүп калганы биз үчүн аябай өкүнүчтүү. Бийлик президенттик шайлоого административдик ресурс пайдаланылган жок деп канчалык мактанбасын, мындай ресурс бир гана адамдын пайдасына теледен да, радиодон да, башка жерлерден да колдонулду. Биз шайлоого көз салуу үчүн үч миңден ашуун көз карандысыз кыска мөөнөттүү байкоочуларды участокторго коебуз. Шайлоонун эртеси добуш берүү, аларды саноо, жыйынтыгын чыгаруу мыйзамдуу болгонун же болбогонун элге жарыя кылабыз.


Машакбай РАХМАНКУЛОВ





  Адам укугу - улук

Укук коргоочу Азиза Абдырасулова:
"ЭКИ БИР ТУУГАН АК ЖЕРДЕН КҮЙДҮ"
- Кыргызстан эларалык укук коргоо уюмдарынын иликтөөлөрүнөн кийин авторитардык өлкөлөрдүн катарына кошулуп калыптыр. Ал эми Кыргызстандын Акыйкатчы институту өткөргөн эларалык форумда өкмөт башчы өлкөдө адам укуктарын сактоо жаатындагы абал "ашка-тойго баргыдай" таризинде баяндама жасап, келген сырт коноктордун кулагына "кесме" илип койгон жокпу?
- Англия, Франция, Германия сыяктуу чакырылган демократиялык көп өлкөлөрдүн акыйкатчылары Кыргызстанга келишпептир. Анын себептерин, албетте, сыпайгерчилик менен "объективдүү себептерден улам баралбай калдык" деп кыйытып коюшат алар. Алардын келбей койгонунун себеби эле Кыргызстандын жарым-жартылай демократиялык өлкөдөн авторитардык өлкөгө айланганы да. Алар мындай өлкө менен байланышууну каалашпайт.
- Жалал-Абад, Өзгөндө террористтер деп өлтүрүлгөндөрдүн айрымдары террорист эмес, катардагы эле жарандар болгон деген ырастооңуз менен КР Акыйкатчысы Турсунбек Акун макул эместей…
- Турсунбек Акун өз пикирин генералдык прокуратуранын, Улуттук коопсуздук кызматынын маалыматтарына таянып айтып жатат. Мен болсо окуяны жеринде иликтеп, ошол окуяга күбө болгон адамдарда сурамжылап келген адам катары айтып жатам. Өлтүрүлгөн террорчулардын ичинен экөөсү расмий маалыматтарда айтылгандай Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөлөрү жана Өзбекстандын жарандары эмес болуп чыгышты. Бир тууган Абдысамат жана Абдыкаримжан Сатыбалдиевдер Кыргызстандын эле жарандары экен. Бири 1965-жылы, экинчиси 1967-жылы туулган.Террордук операция аяктагандан кийин экөөнүн аялдарын да камап коюшкан, бирок биз барган күнү кичи келинди бошотушуп, улуусу чыгарыла элек экен. Эки бир туугандын артында тогуз бала жетим калды.
- Эки бир тууган террорчуларга кайсы жерден кошулушуптур?
- Бул балдар, алардын ата-энеси да оокаты тың, бирок ислам динин карманган, намаз окуган үйбүлөлөрдөн экен. Балдардын атасы өмүр бою пахта заводунда мастер, диспетчер болуп иштеп жүрүп эс алууга чыккан экен. Эки баласы мектепте жакшы окуп, Советтик Армияда кызмат өтөп келишкен. Бирок намаз окугандыгына байланыштуубу же башка илинчек табышканбы, айтор коопсуздук кызматкерлери эки жыл мурун "силерден жардыргыч зат табылды" деп кармап кетишип, кийин ири суммадагы акча алып, кое беришиптир. Ошондон бери булардын үйбүлөсү чекисттердин көзөмөлүндө болгон окшойт. Ал эми окуя болгон күнү бул эки бала атышуу болгон жерде эмес, атасы менен пияз талаасында иштеп жүрүшкөн. Атышуу башталгандабы же аяктагандабы, айтор пияз талаасына автоматчандар келе жатканда экөө качышкан. Эки бир тууганды ошол жерден атып өлтүрүшкөн. Бирок алар "өздөрүн-өздөрү жардырышты" деп коюшкан. "Булардын колунда тапанча, автомат болгон" деген айыптар айылдаштарынын айтканы боюнча жалган болуп чыгууда.
- Демек, террордук акты болгон жерде бул эки бир тууган жок турбайбы?
- Ошол атышуу болгон үй да Жолдошаалы деген жетим балага тиешелүү экен. Ата-энеси каза болгондон кийин ал бала бир-эки жыл ал жерде жашабай, кийин кайра келип, "Келечек" деген фирмада кароолчу болуп иштеп жүргөн. Ишинен келсе, үйүндө жанагыдай атышуу болуп жатыптыр. Аксы окуясынан кийин мен иликтөө комиссиясынын курамына кирип, окуя болгондон бир апта кийин барганда да он беш мүнөт ок жерден гильзаларды, патрондорду тапканбыз. Ал эми беш сааттай атышуу болгон жерден кийин бир да гильза же патрон табышкан эмес.

Маектешкен К. МОЛДОКУЛОВ,
Редакциядан: өзгөндөгү бул окуя боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүүгө кириштик. Анын натыйжаларын кийинки сандарыбызда окуй аласыздар.





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
Аксай - Арпа жайлоосун Салымбеков сатканбы?
Анын жүзүн Суваналиев ачканбы?

2-бет
"Той да болот, тойдун эртеси да болот"
3-бет
ЖӨН КЕЛГЕН ЖОКСУҢ, ЖИГИТ
4-бет
ПАНСИОНАТТАРГА САЛЫК САЛЫНДЫБЫ?
5-бет
КЫРГЫЗСТАНДЫ КОЛОНИЯГА АЙЛАНТУУНУН "РУБИН" ДОЛБООРУ
6-бет
Мирослав Ниязов, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Шайлоолордун эң ыпласы жакындап келатат"

7-бет
КЫРГЫЗСТАН ЭМИ-"КЫЗЫЛ КАМЧЫ" ӨЛКӨ
8-бет
Аксай-Арпа жайлоосу жең ичинен чечилгенби?
10-бет
Шайлоого катышасызбы жана кимге добушуңузду бересиз?
11-бет
Чондорду чочуткан Салижан
12-бет
Кайрылуу
13-бет
Бакиевдин "санитар" балдары
14-бет
Көзү ачыктар төлгө кылат: кетет... кетпейт... калат
15-бет
Түнкү коштошуу










??.??