Кыргыз гезиттери


п»ї
Мирослав Ниязов, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Шайлоолордун эң ыпласы жакындап келатат"
- Мирослав мырза, талапкерлердин баардыгы "Кыргызстанды өркүндөтүп, өстүрөбүз"- деп үстөккө-босток убадаларды беришүүдө. Сиздин сөз карашыңызда мамлекетибиздин азыркы абалы кандай?
- Кыргыз мамлекетибиз бүгүн өтө оор абалда. Жасалма, чабал экономикабыз, эптемей жашоо-шартыбыз менен алыска бара албайбыз.
Азыркы тапта өлкөнүн сырткы товар жүгүртүүсү 5 млрд долларды түзөт. Анын 3,5 миллиардына импорттоп товар алып келебиз да, өзүбүздөн 1,5 млрд доллар гана экспортко чыгарабыз. Демек, биздин соода балансыбыз эки миллиард долларга тескери айланууда. Аны менен эч кимдин иши жок. Президентибиз "Экономикабыз көтөрүлүүдө" деп, кайдагы жомокту айтып, элди жооткотумуш болгону менен иш жүзүндө теңирден тескери.
Кыргызстан башка элдердин экономикасынын таасири менен гана жашап жатат. Суу башында туруп кошуна мамлекеттерден дан-эгинди, мөмө-жемиштерди эле 120 млн долларга алып келет экенбиз. Анын баары биздин сууга өстүрүлгөн. Анан кантип ичибиз ачышпайт? Союз учурунда Кыргызстан 273 миң тонна кумшекер чыгарып, өзүбүздөн ашканын коңшу мамлекеттерге да жөнөткөнгө жетип турса, бүгүнкү күндө сырттан 100 миң тонна кумшекер сатып ичип жатабыз. 30 миллиард тонна көмүр запасыбыз турса, Казакстандан 1 млн тонна көмүр алдык.
Бул эмне деген саясат? "Өлалбай жатып өлөң айтат" деген ушулбу? Колубуз куру болсо бир жөн. Кыргыз эли алтындын үстүндө басып жүргөн эл. "Колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, даяр ашты чайнай албай, дагы канча мезгил көрүнгөндөн кайыр сурап жалдырайбыз?
- Кантсе да, коопсуздук кеңешин жетектеп калбадыңызбы. Азыркы тапта Кыргызстанда кооптуу деп эсептелген жагдайлар барбы?
- Бүгүн кыргыз элине "Камбар-Ата-2" ГЭСИнин кандай зарылдыгы бар эле? Орду менен пайдалансак өзүбүздө өндүрүлүп жаткан электр энергиясы ички муктаждыгыбыздан эки эсе жогору. Демек, жергиликтүү элге ашыгы менен жетмек.
Ойлонулбай кетип жаткан каражаттын ордуна түштүккө темир жол курса, элге да, мамлекетке да өтө зарыл эле. Анткени, Фергана өрөөнү дүйнө жүзүндө калк эң жыш жайгашкан аймакка киргендиктен, ал жакта жер да, суу да тартыш. Жергиликтүү тургундар жалаң эле пахта айдап күн көрүп жатканы аз келгенсип, үч өлкөнүн мамлекеттик саясый режиминен эзилип кетти. Экстремисттер, террористтерден да коркунуч бар. Бомбадай жарылчу өтө кооптуу абалга келип жетти. Эгер Кыргызстандын бүтүндүгүн, тоо койнундагы байлыгыбызды, элибиздин биримдигин сактап калгыбыз келсе, эң биринчи кезекте түштүк менен түндүктү тыгыз байланыштырган темир жол керек.
Кокус, чыр-чатак чыгып кетсе, ошол темир жол менен элди эвакуациялап, борбордон коргоо күчтөрдү, техникаларды жөнөтмөкпүз. Тфу, тфу. Анын бетин ары кылсын. Бирок, "Сактыкка кордук жок" деген ошол.
Колдон келсе, темир жол бардык облустарга курулса жакшы болмок. Миллион тонна көмүрдү казактардан ташыбай, түштүктөгү Таш-Көмүрдү башка облустарыбызга вагон менен оңой жөнөтмөкпүз.
Дагы бир эң коркунучтуу жагдай, кыргыз элинин тиричилиги мал чарбасына байланыштуу болсо да, мамлекет тарабынан малдын жугуштуу ооруларын алдын алуу боюнча алгылыктуу иш-аракеттерди көрбөдүм. Кайдыгерликтин айынан малдын сибир жарасы, ящур, эхинококк, бруцеллез ж.б. түрлөрү күч алды.
Дүйнө жүзүндө бруцеллез менен жүз миң адамдан беш киши ооруса, бизде, Нарын облусунда жүз миң кишиден жүз сексени бруцеллез дартынан жапа чегет. Ысык-Көлдө-148, Таласта-135, Жалалабатта-114. Мындай көрсөткүч менен бүгүнкү бийликтин президенттик шайлоого катышканга кандай укугу бар? Оорунун алдын алалбай, кыргыз элин тирүүнүн өлүгүнө айлантып, тукумуна доо кетирип жатканы үчүнбү?
Бруцеллез оорусу кыргыз элинин генофонду үчүн өтө коркунучтуу. Анткени, биринчиден, адамдын күч-кубатын алсыздандырса, экинчиден, нерв системасына таасир берет, үчүнчүдөн, аялдарды да, эркектерди да тукумсуздукка алып келет. Аталган оорудан айыл тургундары гана эмес, малдын этин, сүтүн, майын, сырын сатып алган шаардыктар да жапа чегүүдө. Ал эми рак, кургак учук, инфаркт, инсульт оорулары боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы тизмеде турат. Эмне себептен оорулар көбөйүүдө? Элибиздин социалдык абалы кескин начарлагандыктан, адамдардын организми ооруга туруштук бере албай алсыз болууда.
Бүгүнкү бийликтин элин коркунучтуу оорудан коргоп калайын деген ою да, ниети да жок. Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бир кадам да оозго аларлык иш жасала элек. Бардык структураны коррупционерлер башкарууда. Бийликте намыс-ардан, патриоттук сезимден кур жалак калган, Кыргызстанды түптамыры менен сатып жибергенге даяр, акчанын кулуна айланган пенделер гана олтурат.
- "Үмүтсүз бир гана шайтан" дегендей, Кыргызстанды кризистен чыгарып, элди ээрчитип кете турган лидер барбы сиздин оюңузча?
- Тилекке каршы, бизде улуттук лидер жок болууда. Бүгүнкү расмий бийликтин колунан эч нерсе келбей калды. Бизди кризистен алып чыгуу үчүн жаңы күч керек. Оппозициядан деле андай инсандын башы көрүнбөйт.
Акаев жөнөкөй эле пенде экен. Пендечилик менен күн көрдү. Бакиев деле саясатчы да, мамлекеттик ишмер да боло албады. Аны да жүргөн бир пенде деп койсок болот.
- Бизде саясатчылар көп болгону менен мамлекеттик ишмерлер аз сыяктуу. Саясатчы менен мамлекеттик ишмердин айырмасы барбы?
- Саясатчы деле мамлекеттик ишмер. Бирок, ал элди өзүнүн кызыкчылыгына иштетет. Мамлекеттик ишмер деле саясатчы. Бирок, ал өз башын эл-жер үчүн сайып иштеп берет" -деп Франциянын бир президенти айткандай. Бүгүн бийликке баргандын баары өзүн саясатчы сезгени менен, алардын арасында мамлекеттик ишмерлер жок.
Ошондуктан, кыргыздар өз жерибизде башыбызды көтөрө албай, конок катары кайдыгер жүрө берсек, Бакиевби, башкасыбы, элди көзүнө илбей, билгенин кылат.
- Сиздин баамыңызда, алдыдагы шайлоо кандай өтөт?
- Кыргызстан эгемендикке ээ болгону, шайлоолордун эң ыплас өтө турганы жакындап келатат десем жаңылбайм. Анткени, Бакиев фальсификация жолун кеңири колдонбосо, экинчи мөөнткө кала албайт. Чындыгында, шайлоочулардын 50 пайызы да шайлоо участкаларына барып добуш бербейт. Себеби, өткөн шайлоолордо алардын берген добушу эске алынбай калган. Бийликте олтургандар добуштарды будамайлап билгенин жасаарына көздөрү жетип турат.
Муну көрүп турган эл шайлоодон кийин бүгүнкү бийликтен биротоло түңүлүп, кыжыры кайнап, жалпы элдик нааразычылык күчөйт.
"Эл толкуса - сел" деп бекер айтылбайт. Кыргыздын намысы ойгоно элек. Эгер чындап ойгонсо, элдин толкунун токтотуу кыйын. Эч кандай күч менен токтотууга мүмкүн эмес.
Ошентип, Бакиев утумуш болгону менен, элинин ишениминен биротоло ажырап калат. Таянаар эли жок бийликтин тамыры куураган дарактан эмне айырмасы бар? Менимче, бул бийликтин келечеги жок. Балким, дагы 1-2 жыл тырышып турушу мүмкүн. Андан узак тура албайт.
- Эгер бийлик элдин тандоосуна жол бербесе, андай бийликти кантип алмаштырат?
- Бийликти алмаштырганга Чыгыш мамлекеттеринде эки эле жол бар. Биринчиси, бийлик башында турган адамдын өлүмү; экинчиси, эл революциялык жол менен сүрүп чыгат.






кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
Аксай - Арпа жайлоосун Салымбеков сатканбы?
Анын жүзүн Суваналиев ачканбы?

2-бет
"Той да болот, тойдун эртеси да болот"
3-бет
ЖӨН КЕЛГЕН ЖОКСУҢ, ЖИГИТ
4-бет
ПАНСИОНАТТАРГА САЛЫК САЛЫНДЫБЫ?
5-бет
КЫРГЫЗСТАНДЫ КОЛОНИЯГА АЙЛАНТУУНУН "РУБИН" ДОЛБООРУ
6-бет
Мирослав Ниязов, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Шайлоолордун эң ыпласы жакындап келатат"

7-бет
КЫРГЫЗСТАН ЭМИ-"КЫЗЫЛ КАМЧЫ" ӨЛКӨ
8-бет
Аксай-Арпа жайлоосу жең ичинен чечилгенби?
10-бет
Шайлоого катышасызбы жана кимге добушуңузду бересиз?
11-бет
Чондорду чочуткан Салижан
12-бет
Кайрылуу
13-бет
Бакиевдин "санитар" балдары
14-бет
Көзү ачыктар төлгө кылат: кетет... кетпейт... калат
15-бет
Түнкү коштошуу










??.??