Кыргыз гезиттери


п»ї
КЫРГЫЗСТАНДЫ КОЛОНИЯГА АЙЛАНТУУНУН "РУБИН" ДОЛБООРУ
Бул макаланы кыска жана жөнөкөй жазганга аракет кылдым. Финансылык терминдерден колдон келишинче алыстоого, кээ бир өлкөлөрдөгү саясый абалдарды баяндоону кыскартууга туура келди. Антпесе, макаланын көлөмү өтө эле көбөйүп кетчүдөй. Эгерде окурмандар суранып, гезит макул болсо, бул долбоор жөнүндө толук жана кеңири жазып бергенге макулмун. Эмесе, сөз башынан болсун.

Долбоордун башталышы
2007-жылдын кышында (12-февралда) Россия Федерациясынын Президентинин кароосуна Россия Федерациясынын Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматынын жетекчиси В.Зубковдун колу коюлган маалымкат (кызматтык справка) келип түшкөн. Бул маалымкат "Эл аралык уюмдардын 2006-жыл боюнча ишинин натыйжаларын талдоо жана ФАТФ, ЕАГ, МАНИВЭЛ жана ЭГМОНТ боюнча келечектүү багыттарды аныктоо" деп адамды зериктирээрлик аталган. Бирок, анда камтылган маалыматтар жана сунуштар келечекте дүйнөлүк саясатка өз таасирин тийгизди. Эң негизгиси, биздин өлкөнүн саясатына, экономикасына олуттуу таасир берди.
2007-жылдагы ушул маалымкаттын өзөгүн эмне түзгөн? Биринчиден, АКШдагы финансылык - резервдик системанын доллардын наркын ылдыйлатуу боюнча аткарылуучу иштери, экинчиден, АКШдагы финансылык системанын эң талуу жери болгон ипотекалык финансы системасынын абалы, үчүнчүдөн, Кытай Эл Республикасынын улуттук валютаны (юанды) камсыздоонун доллардык системасынан баш тартуу боюнча аткарып жаткан иштери камтылган. Мындан тышкары, төртүнчү болуп, Россиядагы таза эмес доллардын көбөйүшү (нефти-доллар) айтылган. Бул фактыларды талдоонун негизинде Зубков жана анын командасы "Рубин" долбоорун иштеп чыгууну жана ишке ашырууну сунуш кылган.

Бул долбоордун өзөгү эмнеде?
Биринчиден, жакынкы келечекте региондук бирдиктүү валютага өтүүнү ишке ашыруу; экинчиден, бул бирдиктүү валютаны чыгаруунун негизин Россия тарапка өткөрүп алуу; үчүнчүдөн, энергия булактарын сатып алууда ошол региондук валютаны колдонуу боюнча сунушту ишке ашыруу.
Мындай олуттуу иштерди жүргүзүү жалгыз эле Финансы министрлигинин колунан келбестиги баса көрсөтүлгөн ушул маалымкатта. Ал үчүн бул кызмат финансы министрлигинин карамагынан чыгарылып, Өкмөттүн карамагына берилиши керек. Ошол маалымкат алынган күндөн баштап Россия Президентинин тапшырмасы менен адистердин корутундулары даярдалып, алгачкы маселе чечилген.
2007-жылдын сентябрында Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызмат Өкмөттүн карамагына өткөрүлөт. Ал эми В.Зубков Өкмөттүн төрагасы болуп дайындалып, анын катчылыгына В.Зубков менен бирдикте "Рубин" долбоорун иштеп чыгууга катышкан Ю.Чиханчин дайындалат. Ошентип, "Рубин" долбоорун даярдоонун алгачкы кадамы башталат. Өкмөттүн катчылыгы "Рубин" долбоорунун негиздерин 2008-жылдын май айына чейин даярдап бүтүшөт. Май айында "Рубин" долбоору негизги фазага өтөт. Ошол учурдан баштап Ю.Чиханчин Финансылык мониторинг боюнча федералдык кызматты жетектеп калат, ал эми В.Зубков Өкмөттүн төрагасынын (В.Путиндин) биринчи орунбасары болуп дайындалат. Ошентип, "Рубин" долбоору толугу менен ишке киргизилет. Эми ошол "Рубин" долбоорунун негиздери жөнүндө кыскача жана элге жеткиликтүү кылып айтка кетсек. Ансыз маселенин өзөгүн түшүнүү өтө кыйын.

Долбоордун маани-маңызы
Оболу акча маселесин тактап алалы. Дүйнөдө азыр АКШ доллары алтынга теңдештирилген эки валютанын бири (англиялыктардын фунт стерлингин кошкондо) болуп эсептелет. Болжол менен 35 АКШ долларына 12 грамм (1 унций) алтын туура келет. Бул эмнени билдирет?
Биринчиден, калган акчаларды (мисалы, рублду, сомду, теңгени ж.б.) чыгаруу үчүн алгач доллардык камсыздоо болушу керек. Алсак, Кыргызстан кошумча 100 сом чыгаруу үчүн 100 сомдун наркындагы долларды сатып алып, аны сактоого коюшу керек. Ошондо 100 сомдун наркы алтынга бааланат.
Экинчиден, АКШ каалаган суммадагы акчаны чыгарып, аны башка өлкөлөргө бере алат. Башкача айтканда, өзүндөгү ашык акчаларды бөтөн мамлекеттерге берет, бирок ошону менен эле бөтөн мамлекеттердеги кендерге, жер-сууга ээ гана болбостон, эң негизгиси, инфляцияны бөтөн мамлекетке жөнөтөт. Алсак, АКШдан биздин өлкө 100 долларга карыз алса, анда биз болбогон жерден проценти менен кошкондо 120 доллар карыз болобуз. Анткени, алар 100 долларды гезит баскандай эле басып чыгарып туруп колубузга карматып коюшту. Анын айынан өлкөбүздө инфляция көбөйөт жана, анысы аз келгенсип, карыз бойдон калабыз. Айла жок жер-сууну күpөөгө коюуга туура келет. Үчүнчүдөн, АКШ нефтини жана газды доллар менен сатып алат. Бул эмнени билдирет? Бекер нефти жана газ дегенди билдирет. Себеби, 100 баррель нефтини сатып алуу үчүн 1000 доллар керек болсо, анда АКШ 1000 долларды жөн эле басып чыгарып туруп нефти саткан өлкөлөргө төлөп коёт (Россиянин башын ооруткан "нефти- доллар" деген балээ ушул). Бүттү, америкалыктар бекер нефти, газга ээ болду да калды.
Төртүнчүдөн, АКШ келечекте акча басып чыгарабыз деген убада менен мамлекеттик баалуу кагаздарды сатат. Ошентип, доллар алтынга тең болгондуктан, башка мамлекеттер аргасыз ошол баалуу кагаздарды сатып алганга мажбур.
Азыркы учурда АКШнын мамлекеттик баалуу кагаздары 8 триллиондон ашык доллар суммасына сатылган. Бул киреше болбой эмне? Ал эми эң негизгиси мына мында: ушул системада олуттуу ролду ойногон АКШ долларын басып чыгаруу жана анын көлөмүн контролдоону жеке менчик кызмат жүргүзөт. Башкача айтканда, АКШнын бийлиги ошол жеке менчик ээлеринен акчаны карызга сурайт. Демек, бул системадан кутулуу үчүн ошол жеке менчик системаны бузуу керек.
Ошондо гана АКШнын бийлиги эл аралык сүйлөшүүлөрдө ийкемдүү боло баштайт. Маселенин түйүнү ушуга келип такалат.

Долбоордун ишке кириши
"Рубин" долбоорунда АКШнын ээлеген абалын бузуу үчүн эки багытта иш алып баруу сунуш кылынат: 1) АКШнын ипотекалык (турак-жайды) кредиттөө системасына кийлигишүү; 2) региондук валюта түзүү. Муну эртелетпесе, кытайлык финансисттер да ушул багытта иштеп жаткандыгы тууралуу ишенимдүү маалыматтар бар. Себеби, Кытайдын финaнcылык мүмкүнчүлүгү абдан олуттуу.
Мына ушундан баштап россиялык жалган банктар АКШдагы ипотекалык (турак-жай) кредит системасына кеңири аралаша баштайт. Бул кандайча жүрөт? Жалган банктар ипотекалык карыздарды күргүштөтүп сатып алып, кайра сата баштайт. Натыйжада АКШда тобокелдүү ипотекалык документтер көбөйүп, мунун акыры мамлекетте финансылык кудуретсиздикти жаратат (бул кантип ишке ашат, аны жазган жокпуз, анткени ал дээрлик кеңири бир макаланын көлөмүн талап кылат). Бул өз жемишин берип, АКШнын бийлиги абалды илгиртпей түшүндү: эгерде ички финансылык маселелер курчуганда кошумча долларларды басып чыгара берсе, анда алар товардык наркка ээ болбой калат, себеби дүйнөлүк товар өндүрүүнүн олуттуу көпчүлүгү Кытайга, Индияга жана Европага туура келсе, нефти менен газды өндүрүү Араб өлкөлөрү, Россия жана Түштүк Америка өлкөлөрүнө туура келет. Бирок, алар АКШ долларына анчалык муктаж эмес, себеби аларда олуттуу суммадагы ашыкча долларлар жыйналып калган. Ошондуктан алар АКШ жаңы басып чыгарган долларды карыз катары албайт. Ал эми Африка өлкөлөрү жана Азиянын өнүкпөгөн өлкөлөрү бул долларларды товардык наркка айлантууга күчү жетпейт. АКШ нефти менен газдын баасын төмөндөтүп да көрдү, бирок күтүлгөндөй натыйжа болгон жок. Себеби, нефтини жана газды экспорттоочу өлкөлөр мурда жыйналган нефти-долларларын ишке киргизгенге үлгүрүп калышты. Демек, кандайдыр бир бөлүгүн таза акчага айлантууга жетишти (өздөрүнүн авто өнөр жайына, калктын ипотекалык карызынын мөөнөтүн узартууга, социалдык жардам иретинде төлөп жаткан пособие-пенсияларына, бюджеттик мекемелер үчүн турак жайларды курууга, мамлекеттик заказдарды кеңейтүүгө Россиянын Өкмөтү коротуп жаткан акча мына ушул финансылык окуялардын натыйжасын колдонуу менен жүгүртүүгө киргизилген таза эмес "нефти-долларлардын" бир бөлүгү болуп эсептелет).

(Уландысы кийинки санда)
Кален СУБАНОВ,
публицист
P.S. Ушул макалага байланыштуу сунуш пикирлер болсо, гезиттен орун берүүгө даярбыз.





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
Аксай - Арпа жайлоосун Салымбеков сатканбы?
Анын жүзүн Суваналиев ачканбы?

2-бет
"Той да болот, тойдун эртеси да болот"
3-бет
ЖӨН КЕЛГЕН ЖОКСУҢ, ЖИГИТ
4-бет
ПАНСИОНАТТАРГА САЛЫК САЛЫНДЫБЫ?
5-бет
КЫРГЫЗСТАНДЫ КОЛОНИЯГА АЙЛАНТУУНУН "РУБИН" ДОЛБООРУ
6-бет
Мирослав Ниязов, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Шайлоолордун эң ыпласы жакындап келатат"

7-бет
КЫРГЫЗСТАН ЭМИ-"КЫЗЫЛ КАМЧЫ" ӨЛКӨ
8-бет
Аксай-Арпа жайлоосу жең ичинен чечилгенби?
10-бет
Шайлоого катышасызбы жана кимге добушуңузду бересиз?
11-бет
Чондорду чочуткан Салижан
12-бет
Кайрылуу
13-бет
Бакиевдин "санитар" балдары
14-бет
Көзү ачыктар төлгө кылат: кетет... кетпейт... калат
15-бет
Түнкү коштошуу










??.??