Кыргыз гезиттери


п»ї
ПАНСИОНАТТАРГА САЛЫК САЛЫНДЫБЫ?
"Президенттик шайлоодо каражат жагынан каржалып жаткан талапкер К.Бакиевди колдоо үчүн көгүлтүр Ысык-Көлдүн күңгөй-тескейиндеги эки жүздөй санаторий, пансионат, туристтик база, эс алуу үйлөрүнүн ар бирине 20000 (жыйырма миң) сомдон салык салынып, ар бирине 23-июль шайлоо күнүндө экиден автоунаа чыгарылышын талап кылып, элди добуш берүүчү участокко ташып келесиңер деген тапшырма берилиптир" деген каңырыш кеп угулган. Бул такталбаган маалыматтардын чын-төгүнүн Көл өрөөнүндөгү атайын кабарчыбыз аныктап берди. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда пансионаттардын жетекчилери кимдир бирөөнөн коркуштубу айтор так маалыматтарды бергенден баш тартышыптыр. Ошондой эле эс алуучу жайлардан акча өндүрүү биринчи жолу эмес экенин жабык эшик артында айтышкан.
Ажобузга жан тарткан вазирлеринин мындай ыплас иштери бир гана өзүлөрүнө эмес, Бакиевдин дагы дарегине шек келтирүүчү жагдайларды жаратып жаткандыгына толук түшүнүшөт болду бекен? "Вазир жакшы хан жакшы" дегендей вазирлердин кейпи ушундай болсо, ханыбыз кантет?

Россиядагы кыргыздарга акча таратууда
Редакциябызга Санк-Петербургдан телефон чалган жердештерибиз, ал жактагы кыргыздардын шайлоого кантип катышып жатканын кабарлашты. Алардын айтымында, Питерде да мөөнөтүнөн мурда шайлоо жараяны башталып, шайлоого баргандарга акча берүү менен азыркы президентке добуш бердиртип жатышыптыр. Ошондой эле, Мирбек Атабеков, Алихан ж.б. кыргыз ырчыларынын коштоосунда бекер концерт да уюштуруп беришкен. Мындай мыйзам бузуулар бир гана Питерде болуп жатпаганы белгилүү деңизчи. Мукар Чолпонбаевдин "Бакиев сыртта жүргөн бир миллион элдин добушун чөнтөгүнө салып алды" дегени чындыкка айланууда.




Акаев менен Бакиевди ким элдештиргени жатат?
Республикага кошоматчылыгы менен белгилүү болгон Мелис Эшимканов толгон-токой идеяларга бай экенин деле билебиз. Дайыма жаңы идея көтөрүп турганы турган. Бул жолу тээ оппозицияда жүргөндө Бакиевге жакшы сунуш кийригендигин, Бакиев сунушун ойлонуп жаткан "жакшы" адам экендигин баса белгилеп жакында эле гезит бетине жарыя салды. Мааниси мындай: "Журт атасы катары кичи пейил, кечиримдүү жан экенинизди билдирип, Кыргызстандын кадырман карыларын, илимпоз академиктерибизди, боордошторубузду чакырыңыз. Алыста элин-жерин сагынып жүргөн Аскар Акаевди жана Исхак Раззаковдун кызын, Апсамат Масалиевдин баласын, Турдакун Усубалиевди чакыртып, мал союп, дүнгүрөтө той жасаңыз" деген экен. Эң кызыгы, Бакиев бул аябай кызыктуу сунушка азырынча даяр эместигин билдириптир. Чынында эле жакшы ой, талаш жок. Бирок, "бул сунуш өзүңүз жактан чыктыбы же бирөөлөр сиздин оозуңуз менен айттырып жатабы?" деген собол чыгып жатат…




  Акмактар гана уурдабайбы?

Кыргызстан кантип сатылууда?
Кыргызстанда акчаны көзө-мөлдөгөн жаңы оюнчулар пайда болгонун буга чейин жазган элем. Эми ошол оюнчулар накта ишке киришти десек болчудай. Эң негизгиси, Кыргызстанды бөлүп-жарып сатуунун алгачкы этабы башталды. Буга өкмөт башындагылардын аң-сезими жетпей жатабы же атайылап ушундай кадамдарга барып жатабы, айтор, билген киши жанынан түңүлөт. Аны силер да билип койгула.
Азыркы заманда акча ээлери тымызын иштегенди, элге шардана кылбай иш жүргүзгөндү эреже тутушат. Кыргызстанды акча жагынан азыр эки ири өлкө ээлеп алды десе болот. Ушул эки жаат бири-бири менен кармашып жаткан учуру. Булар - Россия жана Кытай. Өлкөбүздү сатып алуу мына ушул эки өлкөнүн акча мыкчыгерлери - олигархтары тарабынан жүргүзүлө баштады.
Бул долбоорду алгач кытайлык акча ээлери өздөрүнүн мамлекеттик бийлиги менен бирдикте иштеп чыгышкан. Бирок, Кыргызстандагы акыркы окуялар ушул долбоорду россиялыктар да колдонууга аракет кылып жатышкандыгын каңкуулап жатат. Долбоор "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу деп аталат. Анын маани-маңызын, ал кантип жүзөгө ашырылаары жөнүндө жөнөкөй сөз менен айта кетели. Мисалы, бир чөлкөмдө төрт өлкө бар болсун. Алардын бири ("Кыргыз" өлкөсү) абдан начар өнүккөн өлкө, экинчиси ("Казак" өлкөсү) орто өнүккөн өлкө, үчүнчүсү ("Өзбек" өлкөсү) акырындап өнүгүп жаткан өлкө, төртүнчүсү ("Кытай" өлкөсү) өнүгүп калган өлкө дейли. "Кытай" өлкөсү өзүнүн элин багыш үчүн жаңы жер-сууга ээ болууга умтулат. "Казак" менен "Өзбек" өлкөлөрү "Кытай" өлкөсүнө акча жактан көз каранды эмес. Ал эми "Кыргыз" өлкөсү көз каранды. Бирок, дүйнөлүк коомчулуктун алдында бир өлкөнү кантип зордукка салып басып аласың? Анын үстүнө ал өлкөдө башка финансылык оюнчулар да бар. Алар өз таасирин азайтканга деги эле макул болушпайт. Ошондо "Кытай" өлкөсү абдан сонун долбоорду ойлоп табат. Ал "Кытай-Кыргыз-Өзбек" темир жолун салууну сунуш кылат. "Кыргыздардын" кээ бир бийлиги калпагын көккө ыргытып макул болот. "Өзбектер" да макул. Бирок аларга темир жолдун анчалык кереги жок. Болгону алар да ушул долбоорду пайдаланып калууга аракет кылышат. Эми "Кытайлар" темир жол салып жатабыз деген түр көрсөтүп, өз өлкөсүндө иштей башташат. "Өзбектер" да өз өлкөсүнөн темир жолдун бөлүгүн салып баштагандай түр көрсөтүшөт. "Кыргыздардын" бийлиги "темир жолдун өлкөбүздөн өтө турган бөлүгүн курганга акчабыз жок" деп жыртык чөнтөгүн көрсөтөт элге. Мына ушул жерден "Кыргыздардын" бийлиги "Кыргыз" өлкөсүн "Кытай" өлкөсүнө сатууга белсенип киришет. Кантип дебейсиздерби? "Темир жолду курганга акча жок болгондугуна байланыштуу темир жолдун биздин өлкөдөн өтө турган бөлүгүн "кытайлар" курсун. Биз алар короткон акчанын ордуна кен байлыктарыбызды беребиз" дейт "кыргыздардын" бийлиги. Бүттү, кыргыз кендерин сатуунун эң жөнөкөй жана жүзү каралык жолу ишке ашат да калат. Бирок, оюнга күтүүсүз жерден "Орус" деп аталган өлкө кийлигишет. Ал өлкөнүн акча ээлери "Кытай" өлкөсүнүн ошол чөлкөмдөгү таасирин азайтууга аракет жасай башташат. Натыйжада теңдешсиз акча согушу жүрөт. "Кыргыз" бийлиги согуштун аягын күтүп калат. Аларга кимге сатса да баары бир эмеспи, ким акча көп ыргытса, ошол кожоюн болот. Ушундай долбоорлордун кыргыз мамлекетинде ырааттуу жүргүзүлүп жаткандыгы жанды кашайтат. Кыргыз жерин, кен байлыктарын сатуу боюнча ушундай жүзү каралык долбоордун бир гана мисалы: "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралынын кыргыз участогун курууга инвестицияларды тартуу максатында деген бет тырмарлык сөз менен Жалал-Абад облусунда жайгашкан "Терек", "Тереккан", "Перевальное" алтын кендерин, Нарын облусунда жайгашкан "Сандык" нефелин сиенит кенинин "Чечекти" участогун, "Жетим-Тоо" темир кенинин "Дангы" участогун бөтөн мамлекеттин акча мыкчыгерлерине өткөрүп берүү боюнча даярдык иштер жүргүзүлүүдө. Ал тургай, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 1-августундагы № 305 "Алтын кендеринин Терексай тобун өздөштүрүүнү тездетүү жөнүндө" токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 23-июнундагы № 401 токтому менен күчүн жоготту деп табылды. Башкача айтканда, кыргыз бийлиги бул алтын кендерин сатуунун "мыйзамдуу" жолун издөөдө. Бул кендердин келечеги кандай болот белгисиз. Анткени эки өлкөнүн акча ээлеринин "согушу" али аяктай элек. Ал эми кыргыз бийлигинде папке кучактап отурган куу чирендер акча үчүн керек болсо жанын саткан соодагерлерге айлангандыгын эл ансыз деле билип калды.

К. Жапаров,
Банк кызматынын ардагери





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
Аксай - Арпа жайлоосун Салымбеков сатканбы?
Анын жүзүн Суваналиев ачканбы?

2-бет
"Той да болот, тойдун эртеси да болот"
3-бет
ЖӨН КЕЛГЕН ЖОКСУҢ, ЖИГИТ
4-бет
ПАНСИОНАТТАРГА САЛЫК САЛЫНДЫБЫ?
5-бет
КЫРГЫЗСТАНДЫ КОЛОНИЯГА АЙЛАНТУУНУН "РУБИН" ДОЛБООРУ
6-бет
Мирослав Ниязов, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Шайлоолордун эң ыпласы жакындап келатат"

7-бет
КЫРГЫЗСТАН ЭМИ-"КЫЗЫЛ КАМЧЫ" ӨЛКӨ
8-бет
Аксай-Арпа жайлоосу жең ичинен чечилгенби?
10-бет
Шайлоого катышасызбы жана кимге добушуңузду бересиз?
11-бет
Чондорду чочуткан Салижан
12-бет
Кайрылуу
13-бет
Бакиевдин "санитар" балдары
14-бет
Көзү ачыктар төлгө кылат: кетет... кетпейт... калат
15-бет
Түнкү коштошуу










??.??