ЖӨН КЕЛГЕН ЖОКСУҢ, ЖИГИТ
7-июлда РФнын вице-премьер-министри Игорь Сечин менен коргоо министри Анатолий Сердюков Кыргызстанга жөн келишпептир. Президент К.Бакиев менен жашыруун сүйлөшкөндөрүнүн сыры эми билинди. Көрсө, түштүктөгү үч областтын бирине терроризмге каршы күрөшүүчү россиялык-кыргызстандык борбор ачылат экен. Ал жерде машыгуу иштери болуп турат. Эки өлкөнүн коргоо министрликтеринин адистери ушул тапта борборду түзүүнүн уюштуруу иштери менен алек болуп жатышат.
Россиялык эки жигит капыл-тапыл учуп келип эле биздин президентибиздин эшигин тээп кирип, аны "бурчка такагандыгынын" себептерин президенттик администрациянын да, өкмөт аппаратынын да басма сөз кызматтары "биз катышкан жокпуз, эмне сөз болгонун билбейбиз" деп ийин куушурушкан. Жалпыга маалымдоо каражаттары "катын калп укпайт, каңырыш угатка" салып, Россиянын экинчи аскер базасы ачылат экен деп жамыратып жиберишти. Иш ачык жүрбөсө, имиш-имиштин иши жүрүп кетет да. Буга карата бир окурманыбыз орусча мындай деп билдириптир: "Мы должны прекратить базоманию и остановить воякам других стран топтать землю кыргызов. Наши лидеры не должны быть рабочими других государств, а служить своему народу. Кыргызских лидеров перед глазами всего мира "мочат в сортирах" белых домов, и принуждают открывать ворота Кыргызстана армиям других стран, а народ молчит. Это не нормально!
Эти военные базы всеравно не защитят нас, а наборот растоптают.
Давайте впредь выбирать нормальных людей, которые служат нам, а не подхалимничают президентам других стран". Өзбек кошуналарыбыз болсо, борбор ачылат дегенге "хапа болуяпты".

Жоокерлер кантип добуш беришүүдө?
Мөөнөтүнөн мурда өтөр шайлоону күтүп эле тургансып, аскер бөлүктөрүндө шайлоо шаңына келип турган учуру. Административдик күч учурдагы президент Курманбек Бакиев үчүн иштеп жатат деген дооматтарга БШК канчалык көңүл бурбай коюуга аракет кылбасын, биздин редакцияга болгон телефон чалуулар жана келген адамдар андай окуяларга ишенүүгө аргасыз кылууда. Маселен, Кой-Таштагы аскер бөлүгүнөн чалган Бакыт аттуу жигит, ал жердеги жоокерлерди азыркы президент Курманбек Бакиев үчүн добуш берүүгө ачык эле мажбурлап жатышкандыгын айтты.
Ал эми Бишкектеги милиция академиясындагы курсанттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоого мажбурлашканын курсанттар өздөрү чалып айтышты. Аларды катталган жерлеринен күчкө салып чыгарышып, академияга каттатышып, Свердлов райондук акимиатында добуш бердиртишкен. "Добуш берүү мезгилинде унчукпагыла, эгер сурап калышса, академиянын жер төлөсүндө жашайбыз" деп айткыла дешкен жана аларды учурдагы президент Курманбек Бакиевге добуш берүүгө үндөшкөн. Мындай добуш берүүдөн кийин кантип анан "адилет шайлоо" деп айгайлап жатат жанагы БШКдагылар.
Эгер мындай ыргак менен кете турган болсок, 23-июлга чейин эле "100 тубардан 120 козуну" алып коюу кыйын эмес. Бирок, азыркы бийлик, адам баласынын мыйзамын бузганы менен, Жараткандын мыйзамдарын бузууга мүмкүн эмес экенин эстерине алып коюшса болмок. Дегеним, учурдагы бийликтен да күчтүү тирандар мезгили жеткенде өздөрү титиреп калганына тарых далай ирет күбө болгон.

Бабанов, Карабеков жана Эшимканов
Бизде бир Эшимканов деген "жылдыз" бар, теледен такыр түшпөгөн. Эки жылдан бери кандай гана шайлоо болбосун, оппозицияны каралоодо "атка жеңил, тайга чак" болуп турганы турган. Быйылкы шайлоо алдындагы даяр сценарий менен өткөрүлгөн Мотуев экөөнүн дебаттарын айтпай ак койдук. Ошол Эшимканов жакында УТРКдагы көрсөтүүгө , эски дейбизби же жаңыбы, Бабанов, Карабеков деген досторун ала чыгыптыр. Аларың президенттик резиденциянын (ошондой деп боолголодук) күнөстүү багында отуруп алып, оппозиция деген мына биз деп төш каккан болушту. Көрсө, алардын айтымында, оппозиция деген бийлик менен мамиле түзүп иштеши керек экен. Өнүккөн батыш өлкөлөрүндө ошондой экенинде талаш жок, бирок алардын бийлиги Бакиевдикинен алда канча маданияттуу экенин да айтып коюшса болмок. Болбосо, Тони Блэр же Гордон Браундун Британия оппозициясын сабаганын, тоногонун, жоготконун укпаптырбыз.
Анан да Эшимканов, элге күмүш сырга тагып, Пакистандагы, Афганистандагы жана Синцьяндагы окуялардын Кыргызстанда болуп кетишинен Кудай сактасын деп тилек кылып жатпайбы?! Кудайга антип алакан жайганча, талапкер Курманбек Бакиевге шайлоону таза өткөрөлү деп сунуштаса дурус болбойт беле?! Ал эми Бабанов менен Карабековду УТРКга азыркы оппозицияны каралоо максатында кантип "алдап" алып келишти болду экен? Бул жагы "тапишмак" бойдон калды.



"Манастын урпактары" куугунтукка алынууда
Кечээ Талас шаарындагы стадиондо мищге чукул эл катышкан митинг болуп өттү. Митингди "Жээнбековдорду колдоо"комитети жана "Манастын урпактары" коомдук уюму уюштурушкан.
Ага катышкан элдин талабы Жээнбековдорго карата куугунтуктарды, Равшан Жээнбековго Интерол аркылуу издөө салууну токтотуу жана ага тагылган далилсиз айыпты алып салуу болду. . Митингиге катышкан адамдарды прократура жана коопсуздук кеңешинин кызматкерлери куугунтукка алышып, түрдүү эскертүүлөрдү беришүүдө. Буга чейинки бийликке карата жасалган кайрылууларга эч жооп болгон эмес. Бул талаптар жакын арада аткарылбаса, таластыктар болгон бардык аракеттерге барууга камынышууда. Мындан тышкары, Таластагы күч структуралары оппозициялык маанайдагы талапкерлердин ишенимдүү өкүлдөрүнө жана жактоочуларына карата кысымдарын күчөтүшүүдө. Таластыктар бийликтин мындай адилетсиз иштерине карата, дайыма чечкиндүү кадамдарды жасап келишкен. Бийлик эртерээк эсине келбесе жана жасаган куугунтуктарын токтотпосо, аягы жакшылык менен бүтпөсүн эскерте кетели.


Мөөнөтүнөн мурда добуш берүүдөгү мыйзам бузуулар
Президенттик шайлоонун жүрүшүнө байкоо салып жаткан "Жарандык уюмдар биримдиги" БШКга кайрылуу жолдошту. Ал кайрылууда мөөнөтүнөн мурда, мыйзамдан тыш добуш бердиртүү токтотулбаса, анын жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылышарын эскертишкен. Анткени, 23-июль күнү, ага ылайык, добуш берүү күнү иштеген жарандар, добуш берүүгө катыша албайбыз деп тиешелүү шайлоо комиссияларына кайрылышууда. Бирок, алардын көпчүлүгүнө кысым болуп жаткандыгын аталган уюмдан айтышты. "Кыргызстанда президенттик шайлоо биринчи жолу иш күнү болуп жатпайбы. Ошондуктан азыр бюджеттик мекемелер гана эмес, көз карандысыз ишкана, мекемелерге деле кысым жасалып, алардын жетекчилери өздөрүнчө график түзүп, 23-июлда добуш бере албайбыз, ошондуктан мөөнөтүнөн мурда добуш берүүгө жардам бергиле" деген арызды райондук шайлоо комиссияларына берип жатышат. Анан алар өз кызматчыларын көзөмөлдөп, добуш бердиртип жатышат. Ушунун негизинде 15-июлдан тарта "Кыргызтелеком", "Кател", "Бишкек шаардык телефон байланышы" ишканасы, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу бүт мекемелердин кызматкерлери добуш берип жатышат. Андан тышкары "Бишкек жылуулук тармактар" ишканасынын сантехниктери да. Бул мыйзамды одоно бузуу" деп билдирди "Жарандык коом жана демократия үчүн" коалициясынын президенти Динара Ошурахунова.


Шайлоонун шайтан оюндары
"Азаттык" радиосу "Кыргызстандагы президенттик шайлоо акыйкат өтөөрүнө ишенесизби?" деген сурамжылоо менен интернет кызматын пайдалануучуларга кайрылган. Алардын жыйынтыгын окуп отуруп таңкалбай койбойсуң. Эмесе, өзүң окуп ал, урматтуу окурман!

Ооба
9,5%

Жок
85,7%,

Бир жактуу айтуу кыйын
4,8%

"Назар" пресс
(Уландысы 4-бетте)