Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

  Шайлоо-2009

"Той да болот, тойдун эртеси да болот"
Президенттик шайлоо "марафонун" жүрүшүндө, деги эле ага чейинки камылга учурунда бир гана "улуу урматтуу, түбөлүк Кокон ханына барабар" "кыргызбашы", "накта" К.Бакиев утуп чыгаары алдын ала белгилүү болуп калган. Накта К.Бакиев кандай гана болбосун, шайлоо атаандаштыгында жеңип чыкмак. Милдеттүү эле ага. Бурмалоо жолу менен болобу же башка ыкма мененби - күнкор бюджетниктерди аргасыздандырып жатып болобу, неси болсо да утуп чыкмак. НПОлордун шайлоо боло элек жатканга чейинки үгүт иштери мезгилинде эле шайлоо Кодексинин орой бузулушу жөнүндөгү көп сандаган мандемдүү фактыларды жарыялашы анын кадиксиз "утуп чыгаарынан" шек берип турган эле. Бийлик шайлоодо "керектүү" натыйжаны алуу үчүн бүт болгон амал-айласын пайдалана башташы, ынсап сактап эч бир кысынып-кымтынбай, уялбай да жана тартынбай да калганынан кабар берип турган эле. Политолог М.Казакбаевдин айтымына караганда, К.Бакиев менен анын командасы бийликти колдо сактап калуу үчүн административдик ресурстарды болушунча колдонуудан аянбайт болучу. Политологдун айтканындай эле болуп чыкты. Аны шайлоого болгон даярдыктын жүрүшү ачык көргөзүп бербедиби.
К.Бакиев шайлоодо массалык колдоого канчалык ээ боло албаса, ошончолук орой, осол бурмалоого бараарын болжолдоп билүү кыйын эмес эле. Акүй 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо, азыр эл ичинде дүйнөдөгү кадыр-баркы эң төмөн партиялык фракциядан турган, парламенттеги көпчүлүктү түзгөн "Ак жолду" сүрөп, т.а. сүйрөп өткөргөн сыяктуудай кылып эле накта К.Бакиевди да сүйрөп болсо да өткөрүп алабыз деген ниетте экенин болголоо кыйын эмес болчу. Айткандай эле болуп чыкты. Башкысы өткөрүп алуу керек. Каалаганынын чоң мааниси жок. Эл (шайлоочулар) нааразы болуп күүлдөп жатып акыры тынчыйт, эларалык байкоочулар менен укук коргоочулар деле чуулдап жатышып, акыры чарчаганда унчукпай калышат дешкен. Мындай иш биринчи жолу болуп жаткан жок. Ал гана түгүл акыркысы да эмес экени белгилүү. Авторитардык мамлекеттик түзүлүшкө таандык боло жүргөн демейдеги көрүнүштөрдүн бири. Демек, эмне үчүн 2007-жылдагы парламенттик "ийгиликти" кайрадан президенттик шайлоодо кайталоого болбосун. Арийне, накта К.Бакиев менен анын командасы катуу жаңылышты. Себеп дегенде, накта К. Бакиевдин шайлоону калыс өткөрүп, коомдук маанайга ылайык келбесе, утулуп бергени баарынан артык вариант эле. Ошондо бир ирет оозунан чыгып кеткен тарыхтын барактарында калуу жөнүндөгү сары санаасынан күнү-түнү чыкпай келаткан үмүтү ишке ашмак да, элдин сый-урматтосуна ээ болмок.
"Той да болот, тойдун эртеси да болот"... Шайлоо аяктагандан кийин реалдуу жашоо өз талабын кое баштаары талашсыз. Шайлоо жараяны учурундагы көп сандаган убадалардын, экономика өнүгүп бараткандай түр көргөзгөн иллюзиянын ордун чыныгы экономикалык кыйынчылыктар басаары анык. Глобалдык экономикалык-финансылык кризис каары жакыр өлкөлөрдүн катарында турган Кыргызстанга да келип жеткенин калың калк өз жон териси менен тарта баштаганына ар бир атуул күбө болуп бере алары кажетсиз. Атап айтсак, тышкы мигранттардын кайрадан төгүлүп Кыргызстанга келиши, массалык жумушсуздуктун башталышы, күндөлүк керектөөчү товарларга болгон баанын тынымсыз өсүшү (сезондук фактордун таасирине ылайык баанын бир калыпта сакталып турбай, акырындап болсо да, өсүп баратышы), тез темп менен көтөрүлүп жаткан инфляция (өкмөттүн берген прогнозу боюнча жылдын аягына чейин инфляция 10%-12%га чейин жетет), өндүрүштүн кескин кыскарышы (ал 22%га туура келет), туташ коррупция ж.б.
Мындай шартта азыркы жетекчилик кризиске каршы кое турган натыйжалуу иш-чараларды иштеп чыкканбы деген суроо туулбай койбосу талашсыз. Тилекке каршы, өкмөт антикризистик программаны иштеп чыкканын какшап айтканы менен, чыныгы кризистик сыноо башталганда натыйжалуу түрдө ага каршы такоот бере ала тургандай дыкат иштелип чыккан пландар жок. Жөн эле "дежур" программалар бар. Бекеринен Бириккен европалык эксперттер тармагынын дүйнөлүк кризиске каршы туруу жөндөмү боюнча рейтингинде Кыргызстан (Тажикстан менен бирдикте) КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң акыркы орундарды ээлеген эместир.
Көп экономикалык эксперт-тер "биз кризистин алгачкы гана этабын баштан кечирип жатабыз, кризис акыркы түбүнө чейин али жете элек, оор сыноо быйылкы күздөн башталат" деген ойду айтышат. Кризис бери болгондо 5-6 жылга созулушу мүмкүн деп божомолдошот. Мындайда К.Бакиев менен анын командасы экономикалык кризистин сыноосуна такоот берүүгө даярдыгы барбы деген суроо туулары табигый көрүнүш. Баамыбызда андай камылга аларда жок. Анын себебин, мына булардан көрсө болор эле.
1. Кризистен чыгып кетүү үчүн терең экономикалык-финансылык реформаны баштан өткөрүү керектигин тарых көргөзгөн. Биринчи кезекте кризиске туруштук берүү үчүн экономикалык диверсификация талап этилет. Бул багытта кандай иштер жасалды? Тилекке каршы, эч кандай деп жооп берүүгө туура келет.
2. Экономикалык кризистен адат катары орто жана чакан бизнес алып чыгары белгилүү. Бул багытта чакан жана орто ишканаларга мамлекеттик жардам көрсөтүү иши болдубу? Албетте, жок. Тескерисинче, рейдерликтин күнү тууду. Көбү ошолордун жеми болду.
3. Мамлекеттик коррупцияны ооздуктоо талап этилет. Бул жакта деле кенедей да иш жасалган жок. Тескерисинче, бизде коррупция күн сайын күчөп баратканына катардагы ар бир адам күбө болуп берери шексиз. 4. Тууганчылык-уруучулукка негизденген бюрократияны ооздуктоо зарыл. Бул багытта деле эч жылыштар жок. Мамлекеттик кызматтарды компетентсиз, профессионалдык деңгээли өтө төмөн, анткен менен Акүйдөгүлөргө сөөк-тамырлыгы, жердештиги барлар же профессионалдуу жасакерлер, кошоматчылык менен күн көргөн кызматкерлер ээлеп алышкан. Мындай шартта, мамлекеттик башка-рууга жөндөмсүз чиновниктер үстөмдүк кылган учурда кризистен чыгып кетүү мүмкүн эместиги айтпаса да белгилүүдүр.
Үсөн Касыбеков,
эркин журналист









кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
Аксай - Арпа жайлоосун Салымбеков сатканбы?
Анын жүзүн Суваналиев ачканбы?

2-бет
"Той да болот, тойдун эртеси да болот"
3-бет
ЖӨН КЕЛГЕН ЖОКСУҢ, ЖИГИТ
4-бет
ПАНСИОНАТТАРГА САЛЫК САЛЫНДЫБЫ?
5-бет
КЫРГЫЗСТАНДЫ КОЛОНИЯГА АЙЛАНТУУНУН "РУБИН" ДОЛБООРУ
6-бет
Мирослав Ниязов, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Шайлоолордун эң ыпласы жакындап келатат"

7-бет
КЫРГЫЗСТАН ЭМИ-"КЫЗЫЛ КАМЧЫ" ӨЛКӨ
8-бет
Аксай-Арпа жайлоосу жең ичинен чечилгенби?
10-бет
Шайлоого катышасызбы жана кимге добушуңузду бересиз?
11-бет
Чондорду чочуткан Салижан
12-бет
Кайрылуу
13-бет
Бакиевдин "санитар" балдары
14-бет
Көзү ачыктар төлгө кылат: кетет... кетпейт... калат
15-бет
Түнкү коштошуу










??.??