Кыргыз гезиттери


п»ї
  Тагдыр

Түнкү коштошуу
Каалга беймаал тарсылдады. Катуу уйкудан чочуп ойгонгон Жайнанын жүрөгү түрсүлдөп кетти. Уйкусураган тейде каалга түбүнө жетип:
- Бул ким?-деп кардыккан үнүн чыгарды.
- Мен... Жайнаш, мен эле...
Сырттагы үндү укканда Жайнанын каалганын илгичине көтөрүлүп бараткан колу катып калды. Селейген калыбында бир нече секунд, балким бир нече мүнөт турдубу. А сырттагы адамга бул көз ирмем тим эле учу-кыйырсыз убакытка созулуп кеткендей болду.
- А сен эмнеге келдиң?-Жайнанын үнү тоңдоосун тартты. Бирөөдөн өтө көңүлү калып, аргасыз гана баарлашып аткан адамдын үнү ушундай чыгат.
- Коштошоюн деп келдим. Кетип атам... Кечки поездге түшөбүз...
Үйдүн ичинен эч жооп болбоду. Караңгы түндө сөлөкөтү да көрүнбөгөн адам бир саамга жооп күтүп турду. Анан:
- Аман бол, Жайнаш. Мен сенин көңүлүңдү калтырайын деген эмес элем. Ушундай болуп калды. Түшүнсөң, кичине эмессиң да. Баары биз ойлогондой, биз каалагандай болбоду. Башта жөн эле классташтай элек... Анан, алыс жер, алыс элде өзүнөн-өзү эле башталып кетти. Мен деле түшүнбөй калдым...
Каалга тымтырс.
- Мейли, мени кечирип кой. Кайыр кош. Балдарга айт, мен алардын алдында күнөөлүүмүн.
Шырп-шырп эткен кадам иңирге сиңип кетти. Караңгы үйдө каалгага сүйөнгөн Жайна солкулдап ыйлап турду.
***
Ушул караңгылыкта Жайнанын көз алдынан өз башынан кечирген турмушу кинотасмасындай түрмөктөлүп өтүп жатты. Азыр эле үнсүз-сөзсүз узаткан адам анын ак никелүү жары Эргеш болучу. Экөө университетте бир факультетте чогуу окуп калышты. Эчен айлуу түндөрдө арзуу толгон жүрөктөр кыналышып, акыры тилегине жетишти. Арзышкан эки жаш баш кошуп, ата-энелерин да кубантышты. Окууларын бүтүп айылга мугалим болуп келишкенде Эргештин апасынын сүйүнгөнүн айтпа.
- Кагылайын, Эргешим менен Жайнашымдын ээрчишип келатканын карабайсыңарбы,-деп кошуналарына мактанып үйүнө жүгүрчү. Уул-келини үйгө киргенче чайын кайнатып, дасторконун жайнатып отуруп калчу. Мындайда келини да жетине албай:
- Апа, мен өзүм эле, сиз отура бериңиз,-деп шыпылдап калчу.
Анан жалгыз уулунун балдарын жыттап, неберелерин бооруна кысып бакытка балкыган чоң энелик муратка да жетти. Эмнеси болсо да бу эне уул-келининин колунан сый көрүп, а дүйнөгө сыяпаттуу узады. Бул аралыкта Эргеш менен Жайна дагы кырктын кырына барып, балдары мектепти аяктап эресеге жетип калышкан.
***
Экөө ийри отуруп түз кеңешип ушул чечимге токтолушту. Тээ мурдагы - алар жаш чагындагыдай заман жок. Анда баары даяр беле же адамдардын баарынын жашоосу бир тегиз беле? Айтор, бүгүнкүдөй кымкууттук жок эле го. Беймарал жашоо болучу анда. Өкмөттүн айлыгы баарына жетчү.
Мына бүгүн мугалимдик маяна жеп-ичкенге да дурустап жетпей, балдар-кыздары биринин артынан бири бой тиреп, ичкен-жегени менен кийгени улам көбөйүп баратканы буларды түйшөлтчү болду. Күндөн-күнгө жону жукарып баратканына Эргеш өзгөчө тынчсызданчу. Ошол эле маалда айылдагылардын бир баары алыскы Орусияга, Казакстанга барып иштеп, үйлөрүнө акча жиберип, жыл маалы болгондо белине акча түйүп кайтып келип жатышкан. Жакында эле Эргештин классташы Дайыр Екатеринбургдан келди. Оо, бир топ байып алган өңдөнөт, дегеле демдүү.
- Айылда олтурсаң - отуруп каласың. Мектепти эмне кыласың? Ансыз деле азыркы балдар окубайт. Мейли, балдарыңа баш-көз болуп Жайна калсын. Сен мени менен жүр. Улуу кызың мектепти бүткүчө бир топ акча топтоп аласың. Анан аның окуйм десе да кыйналбайсың,-деп акыл айтып, колунан келген жардамын аябасын билдирди.
- Баланчасында кайра кетем. Ошого чейин паспортуңду даярда. Ал эми акча жактан кам санаба.
Дайырдын мындай сунушу Жайнага да жакты. Чын эле экөө тең мугалим болуп өмүр бою иштеп эмнени тапты? Андан көрө университетти бүтпөй эле, Орусияга барып келген мобу Дайырдын үй шарты бир топ оңоло түшпөдүбү. Ушул келиште уулуна машина алып берди.
Ошентип, Эргештин "КМУнун тарых факультетин бүтүргөн" деген диплому чемодандын түбүнө катылды. Дайыр экөө Бишкекке келип, андан ары алыскы Екатеринбургга сапар алышты.
Азыр эмне, ар бир адамда бирден сотка деген бар эмеспи. Каалаган маалда сүйлөшүп, ал-жай сурашып турасың. Эргеш дагы бала-чакасына, Жайнага байма-бай чалып, эки айдан кийин эле каттагандардан акча берип жиберүүгө үлгүрдү. Жайна мунусуна шүгүрчүлүк кылып, ээрчишип эле айылда жүрө бербей, эбак ушинтип аракеттенсек болмок экен деп балдарына айтып калчу болду.
- Апа, атам акча берип жибериптир,-деп келди бир күнү кичүү уулу Эрнис,-мына. Кагазга оролгон тутам акчаны апасынын колуна кармата Эрнис кайра эшикке шашылды.
- Кое турчу, балам, кимден берип жибериптир?-деп баласына суроо узатты.
- Асылтай эжеден, тиги кошуна айылдагычы. Атамдын классташычы...
Эшикте күтүп турган досторуна шашылган бала чуркап жөнөдү. Акчаны кармаган бойдон Жайна туруп калды.
- Асылтай дейби? Ал дагы ошол жакта бекен? Заматта аялдык кызгануу сезими "дүрр" этип таманынан чачынын түбүнө чейин жетти. Кайра "койчу эми, каяктагы 30-40 жыл мурунку эмени ойлонбой" деп өзүн токтотту. Антсе да Асылтайдан күйөөсүн кызганып турду.
Ооба, 7-8-класста окуп жүргөндө Эргеш өзүнүн классташы Асылтай деген кызга ашык болгонун уккан. Экөө тең алгачкы балалык сүйүүсүн баштан өткөрүп махабат отуна жанышкан. Асылтай 8-классты бүтүп, шаарга техникумдан окуп кетет да, ошол жактан жигит таап, турмушка чыгып балалуу-чакалуу болгон. Бирок мындан үч-төрт жыл илгери "Асылтайдын күйөөсүн шахтада иштеп жатканда көмүр басып калыптыр. Издеп-издеп, сөөгүн алты айдан кийин таап жерге беришиптир" деп уккан. Бир жыл болду го дейм, үй-жайын бүт атасыныкына көчүрүп келип таштап, өзү шаарга кеткенине. Балдары болсо өзү менен өзү болуп чоңоюп калышыптыр. "Мектептеги кездеринде экөө бирин-бири жактырышчу" деген айыл-ападан уккан сөзгө Жайна анчалык терикпейт болучу. Эмне, балалык ууз сүйүү кимде болбогон? Адамды таанып билүү, өзүңдү таанып билүү, жек көрүү, сүйүү деген сезимдердин өрчүшү - адамдын кулк-мүнөзүнүн калыптануусу эмеспи. Педагогиканы, психологияны окуган жогорку билимдүү мугалимге чынында эле Эргештин ууз сүйүүсү мыйзам ченемдүү табигый көрүнүш болучу. Бирок дагы бир нерсе болбосо аны ичи ачышпайт эле.
... Өткөн жылы Эргештердин мектепти аяктаганына жыйырма жыл болуптур. Азыр 10-20-30, керек болсо кырк-элүү жылдык болуп деле чогулушуп жатпайбы. Эргештин классташтары да "Арноо концертине" дембе-дем жарыя беришип, айылдагы мектепке чогулушуп кече өткөрүшкөн. Оу, тим эле бир жума майрамдашты бейм. Балдар келинчектери менен, кыздар күйөөлөрү менен келишип, жылкы союшуп, мектепке компьютер алып беришип, биринчи мугалимине, окуткан агай-эжелерине алтын тагышып, сыйлап эле жатып калышты. Албетте, жыйырма жылдан кийин бир кездеги бир кылка өскөн балдар арсак-терсек бөлүнө түшкөнүн да көргөн. Бирөөлөрүнүн жашоосу карапайым болсо, бирөөсү - күркүрөгөн депутат. Бирөөсүнүн жону жука болсо, бирөөсү - чириген бай. Алаканга салгандай эле билинет экен баарысы. Ошол кечеде Асылтайдын алтынга бөлөнүп кийинип келгенин көргөн. Улам бир жерге барганда көйнөк, туфли жаңыртып кийип, ага жараша сөөлөттүү сүйлөп келберсийт. Ак саргылынан келген сулуучымал Асылтайга деги эмне кийип, эмне сүйлөп жатса да жарашып турган. Классташтарынын баары "Асыла" дешип, анысына бир аз көтөрүлө түшүп, айрымдарын теңсинбей жаткандай да көрүнгөн. А бирок, айылдын карапайым мугалими Эргешке баарынан башка мамилеси көрүнүп эле турду. Балким колу-жолу бош Асылтай атайын эле ошенттиби, ким билсин. Окуучулук кезиндеги окуяларды эске түшүрүп отурушканда бүткүл классташтарынын ортосунда Эргешке болгон ууз сезимин айтып, анысы өөрчүбөй жалп өчкөнүнө өзүн өмүр бою күнөөлөп келерин айтып, буркурап ыйлап да алган. Бардыгы алагүү болушуп турганда тамаша сыяктуу сезилгени менен, ошондо Жайнанын жүрөгү жарылып кетчүдөй түрсүлдөгөн. "Кантсе да улгайып баратпайбызбы, койчу эмне болуп турамын" деп өзүн-өзү араң токтоткон. Кече бүткөнчө Асылтайды шынаарлап белинен кучактай бийлеп жүргөн күйөөсүнө таң кала караган. Ошол бойдон эстен чыгып кетиптир бардыгы. Эми бүгүн минтип жүрөгү бир нерсени сезгендей какканын карасаң.
(Уландысы кийинки санда)
Нурбүбү Бөдөшова








кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
Аксай - Арпа жайлоосун Салымбеков сатканбы?
Анын жүзүн Суваналиев ачканбы?

2-бет
"Той да болот, тойдун эртеси да болот"
3-бет
ЖӨН КЕЛГЕН ЖОКСУҢ, ЖИГИТ
4-бет
ПАНСИОНАТТАРГА САЛЫК САЛЫНДЫБЫ?
5-бет
КЫРГЫЗСТАНДЫ КОЛОНИЯГА АЙЛАНТУУНУН "РУБИН" ДОЛБООРУ
6-бет
Мирослав Ниязов, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Шайлоолордун эң ыпласы жакындап келатат"

7-бет
КЫРГЫЗСТАН ЭМИ-"КЫЗЫЛ КАМЧЫ" ӨЛКӨ
8-бет
Аксай-Арпа жайлоосу жең ичинен чечилгенби?
10-бет
Шайлоого катышасызбы жана кимге добушуңузду бересиз?
11-бет
Чондорду чочуткан Салижан
12-бет
Кайрылуу
13-бет
Бакиевдин "санитар" балдары
14-бет
Көзү ачыктар төлгө кылат: кетет... кетпейт... калат
15-бет
Түнкү коштошуу










??.??