Кыргыз гезиттери


п»ї

  Ишенсең, койсоң, өзүң бил...

Көзү ачыктар төлгө кылат: кетет... кетпейт... калат
ХХ кылымдын айтылуу экстрасенси Вольф Григорьевич Мессинг өмүрүнүн акырында алдын ала сезип-көрө билүүнүн жүгү канчалык оор экендигин баса белгилеп: "… менин жөндөмдүүлүктөрүмдүн эч бири эч кандай өзгөчөлүү артыкчылыктарды бербейт. Эгерде, албетте, алардын ээси чынчыл жана өз жөндөмүн жеке пайдага, алдоого, кылмышка жумшабай турган адам болсо. Бирок мындай учурда деле ийгиликке жетишпейт, себеби жөн гана жаза экендигин акырында сезет… Сөзсүз! Ошондуктан көз артпагыла" деген экен. А адам баласы болсо, тээ жаралгандан "Киммин? Кайдан келгем? Кайда барам? Эмне болом?" соболдоруна жооп издегени издеген…

Көзү ачыктар тууралуу алгачкы маалыматтар байыркы грек-рим жазылмаларында айтылат. Аларда Дельфтеги Аполлон, Фивадагы Амон, Додондогу Зевстин алдын ала айтуучулары (оракул) деген аймактык айырмачылыктар болгону берилет. Алардын кызматынан бийликте тургандар, аскер башчылары, майда кызматтагылар жана карапайым эл да пайдаланган. "Страх порождает богов" дегендей, көп нерседен кабары аз караңгы калк үчүн алардын сөзү таасирдүү болгон. Эл алдына бир жылда бир гана жолу чыгып, аларга жердеги кудайлар катары мамиле жасалган. Айрым учурда алдына бийик даражалуу адам келсе да, каалашпаса, унчукпай кое алышкан. Маселен, Александр Македонский сураганына жооп алалбай кеткен, бирок өлөрүндө: "тагдырдын бир чындыгы - адам жарыкка ааламды алаканына батырчудай муштум түйүп келип, кетерде алакан жайып гана кетет тура" дегендей сөз калтырган.
Баса, эртеңкини билүү касиети байыркы доордун ойчулу Сократта да болгон. Оң натыйжа алып келбеген иштерден оолак болууну алдын ала эскерткен белгисиз үн бала кезинен коштоп жүргөн...

Булар эскертүү алышкан...
Александр Пушкин
Александр Сергеевич Пушкинге ошол учурдагы белгилүү төлгөчү Александра Филипповна Кирхгоф, болжол менен 1817-1818-жылдары, аны алдыда жакшы акча, эки сүргүн, үйлөнүү, таанымалдуулук күтүп турганын айтып, узак жашашы мүмкүндүгүн, бирок өмүрүнүн 37-жылында узун бойлуу, акбоз аттуу жана ак саргыл адамдан сак болушун эскерткен. Пушкин алгач көп элес албай, кийин айтылгандар четинен аткарыла баштаганда, ак саргыл адам аттуу менен кичине кагыша түшсө да, чатакты бир аз ырбатып, тагдырын сынап көргүсү келген... Пушкин бир катар эрөөлдү башынан өткөргөн. Акыры 37 жашында узун бойлуу (180 см), ак саргыл, ак мундир кийген кавалергард офицери Дантестен катуу жараланды... Кызыгы, төлгөчүнүн акбоз ат дегени, Дантестин полкундагы аттардын бардыгы ушундай өңдө болгон. Узакка жашашы мүмкүн дегени, өлөрүнөн бир аз күн мурун Пушкин бир таанышына Россиядан кетүү оюн билдирген…

Сергей Муравьев-Апостол
Декабрист Сергей Иванович Муравьев-Апостол да Сен-Жермен аймагында Сивилла аты менен белгилүү төлгөчү Мария Анна Аделаида Ленорманга алдыда аны эмне күтүп жатат деп кайрылган. Бул окуя орус аскерлери Наполеондун качкан армиясынын артынан келип, Парижге жетип токтогон кезде болгон. Төлгөчү С.И.Муравьев-Апостол чогуу келген досу экөөнү жаман өлүм күтүп турганын айтып, Муравьевге: "Сиз даргага асыласыз!" деп кошумчалаган. 18 жаштагы боз улан Муравьев орус дворяны катары андай өлүмгө туш болбостугун айтып (ал учурда дворян өкүлдөрүнө өлүм жазасы каралган эмес), төлгөгө ишенген эмес. Бирок… он эки жылдан кийин даргага асылган беш декабристтин бири Сергей Иванович Муравьев-Апостол болгон.

Николай Бухарин
Николай Иванович Бухариндин жубайы А.М. Ларина "Он хотел переделать жизнь, потому что он ее любил" деген макаласында Бухарин 1918-жылдын жайында Брест тынчтык келишимине байланыштуу документтерди даярдоо үчүн Берлинге барганында мурда кулагы чалган төлгөчүгө кайрылып, андан өз өлкөсүндө жазага тартыларын укканын жазган. Бухарин "совет бийлиги кулайбы?" деген суроо берип, "кайсы бийлик учурунда экендигин айта албайм, Россияда көз жумарыңыз анык" деген жооп алган.

"Сен кетесиң учуп-сызып..."
Учкуч-сыноочу Григорий Яковлевич Бахчиванжи 1942-жылы 15-майда БИ-1 реактивдүү учакта биринчи сынак-учуусун өткөрүп, октябрь айында ошол эле самолетту дагы сынап конгондо куттуктоо айткан досторун угуп бүтүп, "Досторум, мага узак жашоо каалаганыңарга ыракмат. Бирок мен билем - мен ушул самолетто жарылам" деген. Айтканындай эле, 1942-жылы 27-мартта, ошол самолет менен жетинчи жолку учушунда каза болгон.

Алар
эскертишкен...
Чындыктын ачуу даамы...
Кечил-алдын ала айтуучу Авель 1757-жылы карапайым үйбүлөдө төрөлгөн. Екатерина II жана Павел Iнин өлөр күнүн саатына чейин, француздардын басып киришин жана Москванын өртөлүшүн алдын ала айта коем деп бир канча жолу түрмөгө түшүп, баш-аягы 20 жыл отуруп чыккан. Анын ачуу чындыгы император Николай Iге да жакпай, атайын буйрук менен өмүрүнүн акырына чейин болгон Спас-Ефимьев чиркөөсүнө жөнөтүлгөн. Авель зор өкүнүү менен "чындыктын даамы ар дайым ачуу болот" деген...


Гануссен Эрих Ян
Башта айтылгандай, алдын ала айта билгендерге бийлик башчыларынын кызыгуусу күч болгон. Адольф Гитлер да элге таасир этүү боюнча насаатчыларынын бири Гануссен Эрих Янга катуу ишенген. Анткени анын дүйнөнү багындырам деген максатына байланышкан божомолдорунун көпчүлүгү кийин туура чыккан. Бирок 20-кылымдын иликтөөчүлөрү Эрих Янды 100 авантюристтин тизмесине киргизишкен.
Вольф Григорьевич Мессинг
Анын кайталангыс касиети жөнүндө сураган адамга: "жөн адамда ички туюм 20%га, кооптуу жана жооптуу иштегилердики 100 же 300%га иштесе, меники 1000% иштеп жатат" деп жооп берген. Анын адамга таасир этүү, алдын ала билүү жөндөмү 4 жашында эле, өзү "өмүрүмдөгү эң кайгылуу окуя" деген, поезд контролерун ичинен айтылган ою менен вагондон секирип жан беришине себепкер болгондон тартып байкалган. Альберт Эйнштейн, Зигмунд Фрейд, Иосиф Сталин ж.б. таанымал инсандар анын айтканына кулак салып, иш кылышкан.

Жуно Давиташвили
Салттуу эмес медицина менен алектенген Жуно оң-терс пикирлерди жараткан экстрасенстерден. СССРдин кулашын, Чернобыль АЭСиндеги кырсык, Ельциндин (бул кишинин Георгий Рогозин деген жеке астрологу болгон) биринчи бийликке келишинде төрт добуш артыкчылык менен жеңишке жетишерин алдын ала айткан Евгения Ювашевнаны алдамчы-авантюрист деп да чыгышкан. Анын кардарлары Леонид Брежнев, Рим Папасы Иоанн Павел II, Жульетта Мазина, Роберт де Ниро, Марчело Мастрояни, кинорежиссерлор Андрей Тарковский жана Федерико Фелини ж.б. дүйнөгө таанымал инсандар болгон деген маалыматты төгүнгө чыгаруу аракеттери да болгон.
Айтмакчы, Андрей Арсеньевич Тарковский өзү да аян түштөрдү көп көргөн. Өз күндөлүгүндө баарын баяндап келип, айтылуу Рерихтин үйүндө болгон кандайдыр бир сеанста анын төрт тасма гана жаратчудай өмүрү калганы маалым болгонун да жазган...

Бизде эмне дейт?
Таласка барып калганда, өзүнчө кобурап бир нерселерди айта берген бир жаш бала эске түштү. Бул дубандын тургундары аны жакшы билет. Баягы "Бакиев кетсин, кетиребиз" деген митингдер учурунда ал: "Канча аракет кылышса да, ал кетпейт. Аягына чейин отуруп, кайра келет ордуна. 2010-жылы бийлигин өткөрөт же кокустук болот" деген экен. Бул сөздүн айтылганына көп болгону менен, азыр ошол 2010-жыл боюнча ар кыл кеп жүрүп жатат. Биз болсо, шайлоодон кийинки жашоого үмүт артып, өзүбүзчө бир нерсени төлгө кылып... "Андай болот, мындай болот" деп божомол кургандардын кебине кулак төшөп...

Мелис мырза айтты эле...
Буга чейинки башчыларыбыздын көзү ачык-төлгөчүгө кайрылган-кайрылбаганы бизге белгисиз, а бирок Курманбек Бакиевдин күчтүү төлгөчүсү бар экени мурда-кийин айтылып да, жазылып да келди. Бул тууралуу алгач УТРКга келгенге чейин Мелис ЭШИМКАНОВ "Де-факто" гезитине (2007-жыл, 29-март), "Бакиевдин көзү ачык аялы Москвада" деп сөз кылган.

(Уландысы 16- бетте)

(Башы 14-бетте)

Бакиевдин өз астрологунун анын мамлекет башына келерин, март окуясын, Акүйдүн талкаланышын айткандарынын чын чыкканына шок болгонун, "жакын адамыңдан айрыласың" дегени агасы Жусуп болгонун айтып, Москвага он саясатчынын сүрөтүн (алардын арасында Ф.Кулов, А.Атамбаев, Ө.Бабанов... болсо керек деп түкшүмөлдөп калдык. Себеби, Акүйгө кирип чыкканы да болду, учурда момпоюп отурганы да бар - ред.) жөнөткөнүн, алардын катарында сындан өткөн Мелистин карьералык да, финансылык да өсүшү Курманбек Салиевич менен достошууга байланыштуу экенин саймедиреген. Анан эмне болду, ажобуздун "мен жакка өт" дегенин Мелис байкебиз акыры түшүндү...

Дагы бир кеп...
"Комсомольская правда" гезитине (2007-жылы 27-апрель) Таро картасы менен бал ачкан Владимир Эдуардовдун Курманбек Бакиев боюнча төлгөсү жазылган. "...Бакиев жашыруун интригаларды баштайт. Ал бийликтин маңызын түшүнүп калды, эми жакында өлкө саясатына жаңылык алып кирет. Аны бир нерсе кармап турат. Жакында дүйнөлүк державалардын биринин колдоосуна ээ болот жана ишенимдүү кадам таштайт. Бирок айланасындагы көп пикирлештеринен (Исмаил Исаков, Медет Садыркулов ж.б. болсо керек - ред. ) ажырай баштайт. Ошого карабастан ал бийлигин күч менен кармап турууга чамасы жетет. Курманбек Бакиев 2010-жылга чейин бийликте турат. Ошол жылы бийлик тынч жол менен алмашып, ордуна башка киши келет". "Шамал болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" дегендей, акыркы кездин күбүр-шыбыры болгон: "Курманбек Салиевич бир гана миссияны аткарып жатат, бул шайлоодон өтүп, даярдалып жаткан мураскерге (Адахан Мадумаров же Жаныш Бакиев деп жатышат), эмки жылы бийликти өткөрүп берет" деген айың сөз бекеринен эместигин тастыктагандай.
Буга чейин биринчи ажобуздун келиш-кетишин, экинчи ажо кантип тактыга отурарын айтып берип, үчүнчү ажону да сүрөттөгөн табып, парапсихолог Мелис Карыбековдун сөзүн Шайлообек Дүйшеев үч (2000-ж. "Чабалекей доор" гезитине (№3), кийин "Агымга" ( соңкусун 2006-жылы 25-апрелде) жарыялап чыгарса, үчүнчү президент тууралуу айтканы жогорудагы божомол кепти толуктап тургандай сезилгенинен биз дагы берип көрөлү деп чечтик.

Биринчи ажобуз...
- Аркалык болот, керең болбойт,
Ак көңүл болот, терең болбойт.
Түптөлөт эл-журт ошол кезде
Түндүк же Түштүк деген болбойт.
Иш көзүн издеп аягына чыкпайт,
Ишинин бирок аягына чыкпайт.
Өз кишилерин өйдөгө сүйрөп,
Өзүнүн тааныш-таягына ыктайт,
Ушинтип бир жаңылат.
Президент болот жатагы менен,
Президент болот азабы менен.
Бийликтен кетет бир күнү ал дагы
Бир аялдын чатагы менен.

Экинчи ажобуз...
- Көрүп турам чуу болот,
Көк тумандап буу болот.
Көздөн жоолук чечилип,
Көлдө-чөлдө дуу болот.
Көлкүлдөгөн саз жүрөт,
Көчөлөрдөн таш күйөт.
Көөдөнү пас бир адам
Көпчүлүктөн ат минет.
Ал бир келген жан болот,
Аты баспай кар болот.
Алган көчү түзөлбөйт,
Акыр-өрү тар болот.

Үчүнчүсү...
- Үчүнчүсү жаш болор,
Ишке тыкан, маш болор.
Ченебеген чечкиндүү
Чебер болор, так болор.
Өндүрүштү өстүргөн,
Өтө катуу таш болор.
Мүнөзү анын кырс болор,
Душмандары жык болор.
Каны түштүк, а бирок,
Калкын бөлбөй, нык болор.
Тегерегин курчаган
Терең жандар жыш болор.
Өлкө өнүгүп, өзгөрөр,
Эл жыргалды көп көрөр.
Кыргызстан чыгарган
Машинаны көз көрөр.
Жүрө-жүрө ал дагы
Өзүмчүлгө айланып,
Кайра келбес шайланып...
Р.S. Эл арасына "бул ким деп ойлойсуз" деген собол салып көрдүк, кызыгы - "Искра айлындагы кыргыз-дунган чатагында "Дагы кайталанса, задавим" дегени, "бизде мыкты мыйзамдар бар, аларды иштеткенге сталиндик режим керек" деп айтканы бар Адахан Мадумаров сүрөттөлүп жаткандай го..." дегендер болду... Ким билет? Баарыбыз Алланын колунда дейбиз, ошентсе да...
Даярдагандар Назира СААЛИЕВА,
Салима ДЕРБИШ кызы





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
Аксай - Арпа жайлоосун Салымбеков сатканбы?
Анын жүзүн Суваналиев ачканбы?

2-бет
"Той да болот, тойдун эртеси да болот"
3-бет
ЖӨН КЕЛГЕН ЖОКСУҢ, ЖИГИТ
4-бет
ПАНСИОНАТТАРГА САЛЫК САЛЫНДЫБЫ?
5-бет
КЫРГЫЗСТАНДЫ КОЛОНИЯГА АЙЛАНТУУНУН "РУБИН" ДОЛБООРУ
6-бет
Мирослав Ниязов, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Шайлоолордун эң ыпласы жакындап келатат"

7-бет
КЫРГЫЗСТАН ЭМИ-"КЫЗЫЛ КАМЧЫ" ӨЛКӨ
8-бет
Аксай-Арпа жайлоосу жең ичинен чечилгенби?
10-бет
Шайлоого катышасызбы жана кимге добушуңузду бересиз?
11-бет
Чондорду чочуткан Салижан
12-бет
Кайрылуу
13-бет
Бакиевдин "санитар" балдары
14-бет
Көзү ачыктар төлгө кылат: кетет... кетпейт... калат
15-бет
Түнкү коштошуу










??.??