Кыргыз гезиттери


п»ї

  Азыркы замандын Ормон опузасы…

Бакиевдин "санитар" балдары
Шайлоо мына-мына аз калды деген сайын кошомат чылардын "кошогу" күчөп, бир адамдын этегине сыйынуу өзгөчө боек алды. Айтса-айтпаса төгүнбү, башка талапкерлерди мүмкүн болгон жерде сөз менен ур-токмокко алуу аздык кылдыбы, көчөдө чапталган сүрөт-плакаттарга чабуул башталды. "Бакиев" деген жазуусу бар кийимди баса кийгендер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү күн сайын сыйрып жыйноого өтүштү дешет. Мисалга алсак, Мырзаке кыштагынын айыл башчысы БЭКтин талапкеринин жарнактарын илип койгон жеринен жулгандан, кайра илсе, жыртып салгандан чарчабайт экен. Колу колуна, буту-бутуна тийбей кыймылдап…
Айрым айыл өкмөттөрү башка талапкерлердин штабын сүрүп чыгарып, "Ак жол" партиясын, белин бүгө тосуп алышканынан да кабардар болуп жатабыз. "Ак жол" фракциясынын жетекчиси Улугбек Ормонов, Улуттук Банктын башкармалыгынын мүчөсү Абдыжапар Тагаев түштүктөгү аймактарда "Бир гана Курманбек Салиевичке добуш бергиле" деп жүрүшсө, мамлекеттик органдар СДПК, "Ата Мекен", "Ак шумкар" партияларынын участкалык шайлоо комиссияларына кирген мүчөлөрүн коомдук жумушунан баш тарттыра албай убара тартып жатышыптыр. "Апей, Бакиев өтпөсө уят да" деген сөз, буйрук алганынын да, жагымпозунун (азыр ушундай кесип пайда болуптур) да мээсине орноп алгандай. "Баары таза, адилет өтүп жатат" дегенден башка айтылбайт…
Жалгыз талапкер үчүн баары садага чабылат. Эл үмүтү, эл назары, эл каалоосу… "Ата Мекен" партиясынын добушун уурдагандай эле уурдашат дешет, эчак эле жасалып, уурдалып бүткөн… "Тамчы да таш жаргандай, бир добуш дагы тагдыр чечет, шайлоого барыш керек" дегендерди угуп, "бали" дейсиң. Барыш керек, болбосо сенин добушуңду башкага берип коеру турган иш. Андыктан, бардыгыңар шайлоого активдүү катышкыла!
Назира СААЛИЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
Аксай - Арпа жайлоосун Салымбеков сатканбы?
Анын жүзүн Суваналиев ачканбы?

2-бет
"Той да болот, тойдун эртеси да болот"
3-бет
ЖӨН КЕЛГЕН ЖОКСУҢ, ЖИГИТ
4-бет
ПАНСИОНАТТАРГА САЛЫК САЛЫНДЫБЫ?
5-бет
КЫРГЫЗСТАНДЫ КОЛОНИЯГА АЙЛАНТУУНУН "РУБИН" ДОЛБООРУ
6-бет
Мирослав Ниязов, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Шайлоолордун эң ыпласы жакындап келатат"

7-бет
КЫРГЫЗСТАН ЭМИ-"КЫЗЫЛ КАМЧЫ" ӨЛКӨ
8-бет
Аксай-Арпа жайлоосу жең ичинен чечилгенби?
10-бет
Шайлоого катышасызбы жана кимге добушуңузду бересиз?
11-бет
Чондорду чочуткан Салижан
12-бет
Кайрылуу
13-бет
Бакиевдин "санитар" балдары
14-бет
Көзү ачыктар төлгө кылат: кетет... кетпейт... калат
15-бет
Түнкү коштошуу










??.??