Кыргыз гезиттери


п»ї

 Китепкана

Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевге
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Айтибай Тагаевге
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиевге
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Турсунбек Акунга

Кайрылуу
Биз, Ысык-Ата районунун жашоочулары, аксакалдары, уулубуз, Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Шаботоевдин дайынсыз жоголуп, 10 айдан бери бир кабары чыкпаганына тынчсызданабыз. Президенттин жеке көзөмөлүнө алынган издөө иштери жүрүп жатса да, эч тыянактуу натыйжа болбой жатат. Укук коргоо органдары илинчек чыкпай жатат дешти эле, президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев "Азаттык" радиосуна берген маегинде, аны баскан "Супер инфо", "Эл сөзү" гезиттеринде "Р.Шаботоев криминалдашып кеткен бийликтин курмандыгы болуп калган", "Руслан эчак өлтүрүлгөн" деген маалыматты таркатты.
Эмнеге Алмазбек Атамбаевден "Руслан криминалдашкан бийликтин курмандыгы болуп калгандыгы" суралбайт? "Ким өлтүргөндүгүн да билем" дейт, Атамбаев алардын аттарын атап айтып берсин. Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Коопсуздук комитети иликтөөнү кечеңдетпей тергөөгө алсын. Бул учурда бийликтин унчукпагандыгы Алмазбек Атамбаевдин айткандары чын экен деген ойду жаратууда. Укук коргоо органдары А.Атамбаевдин президенттикке талапкер статусунан улам жоопкерчилик сурабай жаткандыгын түшүнүп эле турабыз. Бирок, мыйзам бардыгына бирдей да. Жалпы кыргыз журту билип, тынчсызданган бул маселе кулак сыртында калып кеткенине кейийбиз. Кандай болгондо да Алмазбек Атамбаевдин айткандары териштирилишин, жалган болсо, адам тагдырын шайлоого байланыштырган кара пиарынын, жакындарын сыздаткан ташбоордугунун жоопкерчилиги суралышын талап кылабыз.
Алмазбек Атамбаев буга чейин эле "Бишкектен Көлгө кеткен айланма жолдун четине бирөөлөр көмүп коюшуптур" деген сөздү чыгарган. Жакындарына билгизбей ал жерди карап, шектүү казылган бир жерди көрбөдүк. Ушунда бир жалганчылыгына нааразы болдук эле, эми Алмазбектин он айдан кийин адам тагдырын шайлоого байланыштырып "билем" деп айтканына, анын чын-жалганы териштирилбегенине нааразыбыз.
Дагы бир өкүнгөнүбүз: Руслан Шаботоевдин дайыны чыкпай жатса, анын ордуна башканы депутаттыкка дайындаганга камданышканы болду. Бул маселе аныгына жеткенден кийин гана чечилсе адамгерчиликке жатат эле го?
Президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев жоопкерчиликти сезбей оозуна келгенди айтса, иликтөөнү жеке көзөмөлүнө алган учурдагы президент, президенттикке талапкер Курманбек Бакиев ак-караны териштирип көз карашын билдирбесе, эл арасында ар кандай уу-дуу сөз болот экен.
Русландын ысык-аталык жердештери, аксакалдар жогоруда айтылган маселелердин териштирилишин, коомчулукка ачык маалымдалышын талап кылабыз.

Руслан Шаботоевдин
ысык-аталык жердештери, аксакалдар
А.Токтоналиев айыл округунан:
Акматов А.
Сулайманов Байыш
Мыктыбеков Мирбек
Бардыгы 24 адам кол койгон.
Сын-Таш айыл округунан:
Дунганов Кенжегул
Кенжебекова Жанна
Эшимбеков Эсенбек
Бардыгы 29 адам кол койгон.




  Чоңдорду чочуткан Салижан

(Башталышы 11-бетте)
- Сүрөт тартуудан чарчап-чаалыккан жоксузбу?
- Чыгармачылык менен алпурушкандардын негизги максаты - өз ой жүгүртүүсүн, өнөрүн окурманга жеткирүү. Анын чыныгы кадырын аздар гана түшүнөт.
Сатира өнөрүнө кызыкканым - анын кыска, жеңил, мазмундуу формасында окурманга чагылгандай тез жетишинде. Элибиздин көркөм сөз, ой мурасы ушул кызыгуумду такай толтуруп, жаңыртып турат. Коомубузда, турмушубуздагы ар бир кыймыл, өзгөрүшкө таамай баа берүүгө, жаңы, калыс, оригиналдуу ой жүгүртүүлөргө үндөйт. Ар бир улуттун философиялык-психологиялык ой жүгүртүүсүнүн өзгөчөлүгү - сатира жана юморго болгон мамилесинде, диапозонунда. Бул жагынан кыргыз элинин да өзгөчөлүгү бардыгын белгилеп койсок болот. Куйручуктун, Шаршендин жоруктары, Байдыке, Мидин, Райкандын ыр саптары эл арасына кандай тараганын чечмелөөнүн кажети барбы?. Мындай жөндөмгө ээ акын-жазуучуларыбызды тизмелесек көп убакыт кетет.
- Бүгүнкү сатира сүрөтчүлөрүнөн купулуңузга толгону барбы?
- Учурда сатира өнөрүн өнүктүрүп жаткан сүрөтчүлөр саналуу гана. Атай турган болсок: Т, Карыкеев, Б.Избасаров, Р.Бляхов, Э.Валитов, М.Томилов. Алардын чыгармалары окурмандарга басма булактарынан тааныш.
- Ыр жазсаңыз керек?
- Ыр жаратууга шыгым болбосо да, поэзияга кызыгам. Бир топ акындарыбыздын китептерин басмага даярдап жатып поэзия таза абага, жарык нурга муктаж экенин сезем. Азыркы учурда жакшы ыр окуп калсам, жан дүйнөм башкача боло түшөт. Жолон акын айткандай, "узун өмүрдү ырга берсин, ыр окуган элге берсин".
- Өнөр жолунда эки адам - устат, шакирт ээрчишпей койбойт да…
- Убагында чыгармалары менен таанышып, бирге иштешип калган сүрөтчүлөр деп А.Турумбеков, К.Сейталиев, Б.Жумабаев, Ж.Жумабаев, М.Томиловду атасам болот. Алар өз кесибинин чеберлери болушкан, алар менен бир топ тажрыйба алмаштым, өстүм, көз карашыма таасири болду дегендей.
Ал эми сатира сүрөт чөйрөсүнө бирөөнү ээрчитип кире албайсың. Кызыккандар болсо, бул өнөрдүн көп кырдуу экенин, кандай ыкмалар менен жасалуусу керектигин түшүндүрсөң болот. Бул жагынан менде аяна турган эч нерсе жок.
Маектешкен
Назира СААЛИЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
Аксай - Арпа жайлоосун Салымбеков сатканбы?
Анын жүзүн Суваналиев ачканбы?

2-бет
"Той да болот, тойдун эртеси да болот"
3-бет
ЖӨН КЕЛГЕН ЖОКСУҢ, ЖИГИТ
4-бет
ПАНСИОНАТТАРГА САЛЫК САЛЫНДЫБЫ?
5-бет
КЫРГЫЗСТАНДЫ КОЛОНИЯГА АЙЛАНТУУНУН "РУБИН" ДОЛБООРУ
6-бет
Мирослав Ниязов, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Шайлоолордун эң ыпласы жакындап келатат"

7-бет
КЫРГЫЗСТАН ЭМИ-"КЫЗЫЛ КАМЧЫ" ӨЛКӨ
8-бет
Аксай-Арпа жайлоосу жең ичинен чечилгенби?
10-бет
Шайлоого катышасызбы жана кимге добушуңузду бересиз?
11-бет
Чондорду чочуткан Салижан
12-бет
Кайрылуу
13-бет
Бакиевдин "санитар" балдары
14-бет
Көзү ачыктар төлгө кылат: кетет... кетпейт... калат
15-бет
Түнкү коштошуу










??.??