Кыргыз гезиттери


п»ї
  Бизге ким келди?

Чондорду чочуткан Салижан
Учурунда көпчүлүктүн көңүлүн ээлеген
"Чалкан" коомдук-саясий журналына "чыгарып салбаса экен" деп кызматтуусун да, кызматсызын да титиреткен Салижан Жамгырчиев бүгүн биз менен кызматташууда. Бул "чымчып" тартылган каррикатуралык сүрөттөр да агайдын калеминен жаралган.
Баарлаша келсе, өзү да, баскан жолу да өзүндөй жөпжөнөкөй. 57 жаштагы агайыбыз анжияндык мундуздардан болот. Ал Ош облусундагы Кара-Суу мектеп-интернатында тарбияланган. Ташкенттеги театр-сүрөтчүлүк институтун 1974-жылы аяктаган. Ошол мезгилден бери Бишкекте жашап, эмгектенип келет. Кыргызстан журналисттер союзунда чыгармачылык фотостудиясында, "Ленинчил жаш" газетасында, "Кыргызстан", "Кыргызмамбас", "Адабият" жана "Кесип" басмаларын да иштеген.
Кесиби - китеп сүрөтчүсү. 400дөн ашуун түркүн китептерди көркөмдөгөн. Үч тилде (кыргыз, орус, өзбек) эркин сүйлөй да, жаза да билет.
Үйбүлөлүү. Бир уул, бир кыздын атасы.
- Агай, ушул күнгө чейин сүрөт тартып келесиз. Баш-аягы канча сүрөт тарттыңыз?
- Студент кезде эле "Ташкент окшоми", "Правда Востока" гезиттерине сатиралык сүрөттөрдү тарта баштагам. Бүгүнкү күнгө чейин 5000ден ашык сүрөттөрүм жарыкка чыгыптыр. Чет өлкөлөрдө чыккандары да бар. Москва, Габрово, Стамбул, Тайпей шаарларында өткөн сатиралык көргөзмөлөргө катышкам.
- Биринчи алган гонорарыңыз эсиңиздеби?
- Албетте, Кара-Суу мектеп-интернатында окуп жүргөндө директор райкомго жөнөтүп калды. Анда мен 5-класста окучумун. Райкомго барсам, "сен сүрөт тартасыңбы?" деп күлүп калды. Көрсө, алар кайсы бир дүкөндүн витринасына сүрөт тарттырышмак экен. "Болуптур эми" деп, сүрөт кандай темада тартылышы керектигин түшүндүрүп беришти. Колумдан келишинче, "Ээнбаш", "Аракеч", "Чайкоочу" ж.б. аталыштагы сүрөттөрдү тартып берсем, жактырышты. Мени сыртка узатып чыккан райкомдун инструктору "гонорарыңа муну ал" деп эки дарбызды колума карматты. Окуучу кезде тапкан биринчи гонорарым ошол болуп, эптеп көтөрүп кеткеним алигүнчө эсимден кетпейт. Ал эми студент кезде "Ташкент окшоми" гезитинен 21 рубль 50 тыйын алгам. Ал кезде мындай акчага тамак-аштан тышкары кийим-кече алчусуң да…
- Совет доорунда чоңдор "Чалкан" журналына чыккандан коркушчу эле. А азыр чиркей чаккандай да көрүшпөйт. Заман күнөөлүбү же адамбы?
- СССРдин саясий идеологиясы убагында күчтүү болчу. Цензура толук орногон. 135 миң нуска менен чыккан "Чалкан" коомдук-саясий журналы ошол доордун энциклопедиялык барактарына тете. Ага сүрөт, аңгеме, ыр даярдоо ар бир авторго өзгөчө сыймык катары каралган. Ар бир тема кайчылаш чыгармачылык электен өткөн, бааланган, жалпы журттун колдоосуна ээ болгон.
Бүгүнкү күндүн басма маалыматтарында сатира жанрына болгон мамиле анын реалдуу күчүнө, мүмкүнчүлүктөрүнө кайдыгердей. Анын майданына толук чыгармачылык шык менен аттангандардын басмайылы да боштой.
Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан, канча ооз көптүрсөк да, кыргыздын келечегине алигүнчө чыныгы жарык чачыла элек . Экономикадагы ойрондук, билим, маданият тармактарындагы башаламандык, территория, чегара маселелеринде кетирилген кыянаттыктар элдин кыжырын козгоп, жакшы үмүттөрүнө суу себүүдө.
- Чоңдорду азил-чынга салып көп тарттыңыз. Сын көтөрө албагандары, коркутуп-үркүткөндөрү болсо керек?
- 1990-жылы коомдук ишмер Өмүрбек Абдырахманов "Депутаттык азилдер" аттуу китепчени 40 000 нуска менен чыгарган. Анын ичинде СССР эл депутатынан колхоздун башкармасына чейин ырлар арналып, сүрөттөр менен коштолгон. Ырларын Өмүрбек жазып, сүрөттөрүн Абдысалам Абдыракман уулу экөөбүз тартканбыз. Китепче элге бир жуманын ичинде эле тарап кеткен. Ошондо опузалагандар болгон. Саясаттагы сынды көтөрө албагандар үйүмө телефон чалып, коркутушкан. Сатирага, юморго түшүнгөн адам мындай жолго барбайт. Кемчилигин сезбеген, көрө билбеген адам гана чычалайт.
- Азыр эмне көп, партия көп. Аларга кандай баа бересиз?
- Өлкөбүздөгү бүгүнкү саясий партиялар жайнаган кичи базар, камокторду элестетет. Программа, максаттары, багыттары менен таанышсаң, коендун бөжөктөрү менен ойногондой болосуң. Ошондуктан элдин чыныгы максатын туу кыла турган, пайдубалы тың партия али көтөрүлө электей. Калганын убакыт көрсөтөт.
- Оппозицияга ой-пикириңиз кандай?
- Оппозиция деген өнүккөн өлкөлөрдө саясий барометр катары кабылданат. Аны алдаса да, азгырса да болот, бирок менчиктей албайсың. Ал элдин кызыкчылыгын көтөрүп чыгуучу, ар дайым алдыңкы сапта жүрүүчү авангард күч болууга тийиш. Эл менен бийликтин ортосунда турган трамплин. Анын кубаттуулугу, уюшкандыгы аркылуу саясий чөйрөнүн, дипломатия жана финансынын, экономика деңгээлин аныктаса болот.
(Уландысы 12-бетте)





кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
Аксай - Арпа жайлоосун Салымбеков сатканбы?
Анын жүзүн Суваналиев ачканбы?

2-бет
"Той да болот, тойдун эртеси да болот"
3-бет
ЖӨН КЕЛГЕН ЖОКСУҢ, ЖИГИТ
4-бет
ПАНСИОНАТТАРГА САЛЫК САЛЫНДЫБЫ?
5-бет
КЫРГЫЗСТАНДЫ КОЛОНИЯГА АЙЛАНТУУНУН "РУБИН" ДОЛБООРУ
6-бет
Мирослав Ниязов, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Шайлоолордун эң ыпласы жакындап келатат"

7-бет
КЫРГЫЗСТАН ЭМИ-"КЫЗЫЛ КАМЧЫ" ӨЛКӨ
8-бет
Аксай-Арпа жайлоосу жең ичинен чечилгенби?
10-бет
Шайлоого катышасызбы жана кимге добушуңузду бересиз?
11-бет
Чондорду чочуткан Салижан
12-бет
Кайрылуу
13-бет
Бакиевдин "санитар" балдары
14-бет
Көзү ачыктар төлгө кылат: кетет... кетпейт... калат
15-бет
Түнкү коштошуу










??.??