Кыргыз гезиттери


п»ї
  Эл тараза, эл сынчы

Шайлоого катышасызбы жана кимге добушуңузду бересиз?
Кыргыз Республикасынын президентин шайлоого эки гана күн калды. Албетте, ар бирибиз бул шайлоо кампаниясы кандай өтөрүн, кандай жыйынтыкталарын чыдамсыздык менен күтүп жаткан учур. Ал эми биз болсо, элдин маанайын жана ой-пикирин билүү үчүн ушул суроо менен өлкө жарандарына кайрылдык.

Майрамбек Токталиев,
Нарын облусунун тургуну:
- Мен Бишкекке балдарымды окууга өткөзөйүн деп келгем. Шайлоодо жашаган жеримен добуш бергенге үлгүрүп калсам экен деп жатам. Анткени шайлоодо биздин келечегибиздин тагдыры чечилет эмеспи. Мен кимге добуш бере тургандыгым сыр деле эмес. Башынан эле Темир Сариевге добуш берүүнү чечип алгам. Анын программасын окуп чыгып, дал ушул талапкерди шайлайм деп. Анын үстүнө мага өзү адам катары да, саясатчы катары да жагып келет. Дал ушул талапкерди менин добушума татыктуу деп эсептейм.

Валерий Александрович,
фирма кызматкери:
- Албетте, бул президенттик шайлоого барам. Өлкөбүздүн, айыл-шаарларыбыздын, тууган-туушкандарыбыздын жана жеке инсан катары өзүбүздүн да келечегибиз чечилип жатат. Ал эми шайлоого барбай коюуну келечегибизге кайдыгер мамиле жасоо деп билем. Кимге добушумду берерим азырынча сыр бойдон калса дейм. Анткени бирөөгө өз пикиримди таңуулаганым туура эмес болуп калат го.

Динара Медетбекова,
жеке ишкер:
- 23-июлда өлкө-бүздүн тарыхында чоң иш-чара өткөнү турат. Биз үйбүлөбүз менен чогуу, добуш берүүчү участкабызга барабыз. Шайлоого катышып, өз добушубузду татыктуу талапкерге берүүнү атуулдук милдетибиз деп ойлойм. Ал эми кимге добушубузду берерибиз белгилүү, бирок, үйбүлөбүз эки жаат болуп талашып жатат. А мен болсо, Атамбаевге добушумду берем.

Гүлбайра Аксакалова,
бухгалтер:
- Жакында өтө турган президенттик шайлоого катышып, кимге добушумду береримди чечип койгом. Мен бул шайлоодо Темир Сариевдин талапкерлигин колдойм. Анткени, менин көз карашым боюнча, бул талапкердин айткан сөздөрү менен кылган иши дал келет жана башка саясатчыларга караганда өтө принципиалдуу көрүнөт. Кылган жаман иштерин уга элекмин. Ошондуктан мен ушул талапкерге добуш берем.

Венера Назаралы кызы,
жеке ишкер:
- Шайлоого барып, өз добушумду бергенге аракет кылам. Негизинен шайлоо акыйкат өтүп, тынч болсо экен. Бардыгыбыздын эсибизден мурунку акыйкатсыз шайлоолордун кесепетинен келип чыккан 24-марттагы жагымсыз окуялар кете элек. Ошон үчүн 23-июлдагы шайлоо акыйкат өтсө экен дейм. Добушумду болсо, Темир Сариевге берем деп турам. Мага Сариевдин программасы жакты, өзү дагы ишеничтүү адам көрүнөт. Бирок, эң негизгиси, баарыбыз эле шайлоо мыйзам нугунда өтсө экен деп турабыз.

Алишер Кубатбек уулу,
абитуриент:
- Ачыгын айтсам, шайлоого катышпайм. Себеби, президенттикке ат салышкан талапкерлердин бири дагы мындай чоң даражалуу такка татыктуу эмес. Менин оюм боюнча, президент деген А.Акаевдей болушу керек. Эгерде Акаев келе турган болсо, жеке өзүм аэропортко барып тосуп алмакмын. Эсиңерде болсо, ал: "мени бир күнү эңсейсиңер" деп айткан эле. Ошол заман мына башыбызга келип түштү.

Чынара Касаболотова,
үй кожойкеси:
- Шайлоого барам. Бирок, азырынча кимге добуш берерим боюнча бир чечимге келе элекмин. Бардыгынын эле сүйлөгөн сөздөрү жакшы угулат, иш жүзүнө келгенде эле таптакыр башка чыгып жатпайбы. Эч кимисине ишене албайсың. Бирок, канткен күндө да, шайлоого сөзсүз барам. Кыргыз жараны болгондон кийин мындай чоң иш-чарага катышуу - атуулдук милдетим.

Майрамбек
Салахидинов,
студент:
- Шайлоого барамбы же барбаймбы, азырынча белгисиз. Эгер бара турган болсом, Темир Сариевге добушумду бермекмин. Мага бул адамдын бир позицияны кармап, ошол позициясын бербегендиги жагат. Мурунку оппозиционерлердин көбү бийлик тарапка өтүп кетишкен. Бул адам болсо бир калыпта өз позициясын бербей эмгектенип келет. Эгерде шайлоо акыйкат өтө турган болсо, дал ушул талапкер жеңишке жетет деп ойлойм.

Айзада Таштанбекова,
официантка:
- Албетте, шайлоого барып, татыктуу талапкерге добушумду берип келем. Азырынча мындай татыктуу адам Темир Сариев деп ойлойм. Бул адамдын бир да жаман иши тууралуу уга элекмин. Билбейт да экенмин. Өзүн алып жүрүшү дагы лидерликке татыктуу. Акылдуу, маданияттуу, принципиалдуу инсан көрүнөт. Биз азыр ушундай талаптарга жооп берген саясатчыга абдан муктаж болуп жатабыз. Ушундай сапаттарды эске алып, мен ушул талапкерге добушумду берем.

Гүлбарчын Якубова,
журналист:
- Президенттик шайлоо жакындаган сайын УТРК Бакиевди мактаганы мактаган. "Суу көбөйдү" деп күндө айтат. Сокулук районундагы айрым жерлеринде болсо, свет өчүп жатат. Шайлоо алдында мындай көрүнүш болгон сон, эртеси кайра эле "Мамайдын көрү" башталабы деп ойлойсун. Свет өчкөндөн бери светсиз өткөн былтыркы кышты эстеп, кайра Нурлан Мотуевди шайласамбы деп ойлоп атам, эч болбосо көмүр бекер болуп калабы деп үмүттөнүп…

Суроо салган
Данияр Өсөров








кыргыз тилиндеги гезит "Назар"
email • архив • редакция 
21-июль, 2009-ж.:
1-бет
Аксай - Арпа жайлоосун Салымбеков сатканбы?
Анын жүзүн Суваналиев ачканбы?

2-бет
"Той да болот, тойдун эртеси да болот"
3-бет
ЖӨН КЕЛГЕН ЖОКСУҢ, ЖИГИТ
4-бет
ПАНСИОНАТТАРГА САЛЫК САЛЫНДЫБЫ?
5-бет
КЫРГЫЗСТАНДЫ КОЛОНИЯГА АЙЛАНТУУНУН "РУБИН" ДОЛБООРУ
6-бет
Мирослав Ниязов, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
"Шайлоолордун эң ыпласы жакындап келатат"

7-бет
КЫРГЫЗСТАН ЭМИ-"КЫЗЫЛ КАМЧЫ" ӨЛКӨ
8-бет
Аксай-Арпа жайлоосу жең ичинен чечилгенби?
10-бет
Шайлоого катышасызбы жана кимге добушуңузду бересиз?
11-бет
Чондорду чочуткан Салижан
12-бет
Кайрылуу
13-бет
Бакиевдин "санитар" балдары
14-бет
Көзү ачыктар төлгө кылат: кетет... кетпейт... калат
15-бет
Түнкү коштошуу










??.??