Президенттикке талапкер Темир Сариев:

"Бакиевдин заманы да бүтөт бир күнү..."
Темир Сариев "Азаттыкка" келип интервью берип, аны бийлик менен тымызын келишип алып, бирдиктүү оппозицияны бөлүп-жаруу үчүн өз алдынча шайлоого аттанганы жөнүндө сөздөрдү "чынга окшогон калпка" чыгарды. Таза шайлоо болсо 100 пайыз жеңишке жетерине ишенерин, бийликке ашкере кошоматчылардын салтты тепсеп жатканына жаны күйгөнүн, экс-президент Аскар Акаевди тирүүсүндө алып келип сыйлап алуу туура чечим болорун баса белгиледи.
Бизге кереги жок, өлүп калгандан кийин сөөгүн алып келип анан баатыр кылабыз деген. Ошол тирүүсүндө биз алып келип сыйлап алышыбыз керек.

- Темир мырза, мына өткөн күндөрдө президенттик шайлоого талапкер катары өлкөнүн бир топ аймактарын кыдырып келген экенсиз. Ушул үгүт иштеринде сиз эмнени таптыңыз? Эмнеге өкүндүңүз?
- Эң негизгиси, биз Кыргызстандын алты дубанын толук кыдырып бүттүк, эл менен жолугуштук, маанайын көрдүк. Биринчиден, элдин турмушун көрдүм, пикирлеш, бизди жактырган адамдарды таптым. Экинчиден, мен ушуну улам-улам эле айта берем, өзгөчө мага таасир калтырган Бишкектен 1100 км алыс турган Пулунду деген айыл болду. Ошол жерде карыялардын кыргызча нукура асыл сөзүн уктум, калыс сөзүн, акыл ойлорун уктум. Биримдикке, ынтымакка чакырган, баарын туура түшүнгөн, меймандос сөздөрүн айткан кыргыздын нукура абышка , байбичелерин көрдүм. Мен үчүн бул абдан чоң кубаныч.
Кээ бир саясатчылар, коом таануучулар мени түштүктө көп тааныбайт деп айтышчу эле. Бул төгүнгө чыкты. Албетте, курч маселелер болду, курч суроолор болду, айтылып аткан айың-ушактар айтылды. Өкүндүргөнү - бир гана ушул Таш-Көмүрдө жергиликтүү бийликтин ашынган кошоматчылыгы өкүндүрдү. "Азаттык" бул окуяны биринчилерден болуп берди. Жолугушуу бүтүп, кечкисин келип бир жеке менчик үйгө сүйлөшүп мейман болуп калып, төшөккө жатып уктап жатканыбызда жергиликтүү бийлик, финансы полициясынын жергиликтүү башчылары келип, коркутуп бизди түнкүсүн он бир жарымда төшөктөн тургузуп, кетирүүгө мажбур кылышты. Бул биздин эч качан маданиятыбызда, үрп-адатыбызда, салтыбызда болбогон нерсе. Мына ушундай ашкере кошоматчылык абдан өкүндүрөт. Бул бизди гана эмес, жалгыз Сариевди гана эмес, кыргызды сое турган нерсе.
- Ушул үгүт иштериндеги тоскоолдуктар жөнүндө бир топ талапкерлер айтып атышат. Алардын ичинде сиздин шайлоо штабыңыз дагы жанагындай маалыматтарды таратты. Ушул бийликтин кысым көрсөтүү механизмине туруштук берүүнүн кандай аргасы бар, сиздин оюңузча?
- Бул жолу бирөө, муну 2005-жылы март окуясын көргөздү. Бирок, дагы тайкы жол да. Эгерде бийликти күч менен алмаштыруу болсо, акыры кайра эле айланып келип ушуга түшөт. Биз каалайбызбы-каалабайбызбы, улут болгондон кийин, мамлекет болгондон кийин ошол демократиялык принциптерди терең кабыл алгандан кийин, мыйзамдуу бийлик алмаштыруу жолуна өтүшүбүз керек. Ошондо гана биздин өсүшүбүз, багытыбыз туура болот да. Бирок муну бийлик өзү түшүнүш керек да. Түбөлүк эч нерсе болбойт, Бакиевдин да заманы бүтөт бир күнү. Бүгүн бүтпөсө, эртең бүтөт, эртең бүтпөсө, бүрсүгүнү бүтөт.
- Президенттик кызмат үчүн күрөштүн жаңы ыкмасы катары ушул жолку президенттик шайлоодо парапсихология деген нерсе пайда болду. Азырынча бирди жарым өз көзүм менен көрдүм деп айта албайт, бирок ушул жөнүндө абдан көп айтылып атат. Сиз кандай дейсиз ушул жөнүндө?
- Мен бул ушактардын бири деп эсептейм. Эч ким эч кимди "окутуп", эс-акылын жоготтуруп койгон жок. Андай боло турган болсо, Кыргызстандын баары "окуп" отурат анда. Бул жөн эле өзүн алып жүрүштүн айласын таппай, кичине бир напсисин тыйбаган адамдардын ойлоп чыгарып атканы да. Мен ошондой деп жооп берет элем атын айтпай туруп.
- Президенттик шайлоого БЭК менен эмес, өз алдыңызча кеттиңиз, бул жөнүндө абдан көп сөздөр жүрүп жатат. Сиздин ушул кетишиңиздин бир себеби катары бийлик менен келишип кетти деген сөздөр айтылып атат. Эмне айта аласыз бул боюнча?
- Мен бир гана нерсени айтам да, бул боюнча бир топ жооп бердим ."Калпты чындай айтса, чын чычалап чыга берет" дейт, калп айтканды токтотсок. Ушул мамлекет башына барам деп жүргөн адамдар өздөрү ушак сөздөрдү чыгарып жүрөт, бул уят эле нерсе. Эми бардыгын убакыт көргөзөт.
Маектешкен
Бурулкан Сарыгулова